Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору тарабынан даярдалды

2017-08-16 / Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр

Бул макала Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агентствосу (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Макаланын мазмуну үчүн DAI Global LLC жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.

Кызмат көрсөтүүнү эффективдүү уюштуруу – муниципалитеттин туруктуу өнүгүүсүнүн кепили Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши биринчи кезекте кызыкчылыктарга багынууга тийиш. Ал эми бул кызыкчылыктар бийликтен жашоо шарттарды чындап жакшыртууга багытталган аракеттерди күтөт. Дал ошондуктан кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттыруу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү ЖӨБ органдарынын артыкчылыктуу милдети болуп эсептелет. Бул иштин ийгилиги жарандардын – кызмат көрсөтүүлөрдү түздөнтүз керектөөчүлөрдүн жашоо сапатын жакшыртат.

Узак убакыт бою Кыргыз Республикасында ЖӨБ  органдары инфраструктуралык долбоорлорду кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелерин көңүл сыртында калтыруу менен жүзөгө ашырып келишти. Кыргыз Республикасында “тейлеме” мамлекетти түптөөгө карата жаңы мамиле мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун “инфраструктуралык” мамиледен башка нукка бурууну талап кылууда. Бул, демек, объектти куруп коюу эмес, туруктуу системалык жана сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу дегенди билдирет. Бул кызмат көрсөтүүлөр жарандардын суроо-талаптарына жана керектөөлөрүнө багыт алган.

Буга ылайык USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясынын инновациялык методикасын иштеп чыкты. Стратегия жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде сапаттуу кызмат көрсөтүүнүн туруктуу системасын түзүү боюнча ЖӨБ органдарынын иш-аракеттеринин так алгоритмин көрсөтүп берет. Стратегия жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелерине тиешелүү болгон муниципалитеттин Социалдык-экономикалык өңүгүү программасын (СЭӨП) ишке ашыруу ме- ханизмдеринин бири болуп эсептелет. Жергиликтүү жамааттын артыкчылыктары СЭӨПте калктын структурага салынган суроо-талаптары жана каалоолору түрүндө чагылдырылат. Алар белгилүү бир ресурстар менен камсыздалып, анда алдыга коюлган тапшырмаларды аткаруу боюнча иш-аракеттер көрсөтүлөт. Өнүгүү программасын ишке ашыруунун соңку жыйынтыгы болуп кызмат көрсөтүү эсептелет. Аны уюштуруу үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алат.

Шаардын же айылдын аймагындагы бардык кызмат көрсөтүүлөр жергиликтүү өз алдынча башкаруунун системасында орун алган. Ошондуктан кызмат көрсөтүүлөрдүн олуттуу бөлүгү тигил же бул деңгээлде ЖӨБ органдарынын тикелей жана кыйыр катышуусу менен ишке ашат. Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана колдонуудагы мыйзамдар ЖӨБ органдарынын кызмат көрсөтүүдөгү ролун жана ыйгарым укуктарын аныктайт. Бул болсо белгилүү бир эрежелерди түзөт, ал эреже- лер боюнча ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурушу керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй типтери бар:

  • муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр;
  • чарбалык-өндүрүштүк мүнөздөгү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагындагы кызмат көрсөтүүлөр;
  • өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун алкагындагы кызмат көрсөтүүлөр. Кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк, анын калкка толугу менен жана сапаттуу жетиши көп учурда 

ЖӨБ органдарынын өзүнүн дараметине көз каранды болуп, ыйгарым укуктарды ишке ашыра алуу жөндөмдүүлүгүнө жараша болот. Ушуну менен бирге дарамет өзүнө ЖӨБ органдарынын жөндөмдүүлүгүн жана мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде кызмат көрсөтүү процессин уюштурууда финансылык мүмкүнчүлүктөрүн камтыйт. ЖӨБ органдары көп учурда өздөрү кызмат көрсөтпөй турганын, аны ишке ашы-руу процессин уюштурарын эстен чыгарбоо зарыл.Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүндөгү өзөктүү көйгөйлөр – жа-рандардын күтүүлөрүнө жана керектөөлөрүнө жооп берген сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыздоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүмкүнчүлүгү чектелүү.Көйгөйлөрдүн пайда болуусунун себептери төмөнкүлөр:

  • жарандардынжергиликтүүдеңгээлде “тейлөөсаясатына” катышуусу начар;
  • кызмат көрсөтүүлөрчөйрөсүндө мыйзамдарда кемчиликтербар, башкаруу, сатып алуулар, кызматкөрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөрменен өз ара ара-кеттер чөйрөсүндөЖӨБ органдарынындарамети төмөн;
  • кызматкөрсөтүү процессин уюштуруу, экономикалык турук-туулук, инновациялар ж.б. жаатында кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөрдүн дарамети төмөн;
  • кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу үчүн финансы ресурстары чектелүү. ЖӨБ органдарынын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп турган шарттарда башкаруу усулдарын мүмкүн болушунча көбүрөөк колдонуу маанилүү. Бул бир жагынан кызмат көрсөтүүнүн эң эле натыйжалуу ыкма менен ишке ашырылышын камсыздайт. Ушуну менен бирге тигил же бул кызмат көрсөтүүнүн бардык өңүттөрүн толугу менен эсепке алуу мүмкүн болот.

КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ УЮШТУРУУ СТРАТЕГИЯСЫ Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына башкаруучулук чечимдерди эффективдүү кабыл алууга жардам берген документ болуп эсептелет.Стратегия төмөнкү принциптерге негизделет:

  • кызыкдар тараптардын мүмкүн болушунча кеңири чөйрөсүн камтыш үчүн Стратегияжөнөкөй жана жеткиликтүү болушу керек;
  • сунушталган усулдар, ыкмалар, аспаптармыйзамдардын нормаларына, айыл өкмөтү,
  • айылдык кеңеш жана жарандар ортосундагы ыйгарым укуктар менен жоопкерчиликтерди тең бөлүштүрүп берүүгө негизделиш керек;
  •  жарандар Стратегияны ишке ашыруунун бардык этаптарына катышууга тийиш. Стратегия төмөнкүдөй жыйынтыктарды алууга жардам берет.
  • Жарандар өздөрүнүн суроо-талаптарына жана күтүүлөрүнө негизделген сапаттуу жана туруктуу кызмат көрсөтүүгө ээ болушат.
  • ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүү процессин эң эле эффективдүү ыкма менен уюштура алышат – азыраак каражат сарптап, макси- малдуу жыйынтык алышат.
  • Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөр ЖӨБ органдары менен өз ара пайдалуу ке- лишимдерди түзүшүп, кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууда түшүнүктүү эрежелерди алышат.
  • Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу этаптарын ырааттуу аткаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

 

Окшош материалы: