Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун 16 пилоттук ЖӨБ органында Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын иштеп чыгууда жана жайылтууда жетишилген прогресс

2017-08-25 / Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр

Бул макала Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агентствосу (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Макаланын мазмуну үчүн DAI Global LLC жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.

Стратегияны жайылтуу – бул артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү аныктоого жана аларды жак- шыртуу боюнча аракеттердин так планын даярдоого багытталган көп тепкичтүү процесс. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын жайылтуу боюнча пилоттук ЖӨБ органдары менен тыгыз иш алып барат. Бардык пилоттук ЖӨБдо жумушчу комиссияларды түзүү бул процессте биринчи кадам болгон. Жумушчу комиссиялар калктын бардык катмарларынын кызыкчылыктарын эсепке алуу менен кызмат көрсөтүүлөрдү эффективдүү уюштуруу үчүн жооптуу болушат. Жумушчу комиссиялар айыл өкмөт башчыларынан же башчылардын орун басарларынан, айылдык кеңештин депутаттарынан, бейөкмөт уюмдардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн, ишкерлерден, муниципалитет аппаратынын адистеринен жана калктын түрдүү топторунун кызыкчылыктарын көздөгөн жергиликтүү активисттерден турат. Жалпысынан, ар бир жумушчу комиссиянын курамына 11 адам кирди, ал эми аялдар жана улуттук азчылыктардын өкүлдөрү менен майыптуулугу бар адамдар 50% түздү.

Жумушчу комиссиялар адегенде артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алууга киришти. Жумушчу комиссия кызмат көрсөтүүлөрдү бир нече критерий боюнча баалады. Кызмат көрсөтүү ЖӨБ органынын ком- петенциясына кирип, ЖӨБдүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасын же планын чагылдырып, башка донордук долбоорлордун иш предмети болбошу керек. Мындан тышкары кызмат көрсөтүү бар болгону менен, ал канааттандырарлык деңгээлде болбошу керек. Соңку критерий – кызмат көрсөтүүнү жарым жылдын ичинде жакшыртуу мүмкүнчүлүгү бар болушу керек. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун консультанттары ар бир жумушчу комиссия менен жолугушууларды өткөрүп, Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын жайылтуунун максаттары менен пайдаларын түшүндүрүп, бир же эки артык-чылыктуу кызмат көрсөтүүнү аныктоого жардам беришип, бул кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн алдыдагы иш-аракеттерге анализ жүргүзүштү. Пилоттук ЖӨБ органдарында Жумушчу комиссиялар төмөнкүдөй кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алышты. (1-2-таблицаларды караңыз). Жумушчу комиссиялардын дараметин бекемдөө үчүн USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору бир нече ай бою аларга кызмат көрсөтүүлөрдүн бюджети, аларды пландоо, башкаруу жана көзөмөлдү ор-нотуу маселелери боюнча тренингдерди өткөрдү.

Тренингдер мини-лекцияларды, чакан топтордо талкууларды жана презентацияларды колдонуу менен интерактивдүү формада өттү.Долбоордун эксперттери кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы мамлекеттик саясатка, учурдагы кыр-даал менен ченемдик-укуктук базага жасалган анализ менен тааныштырышты. Кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруунун жаңы усулдары каралып чыкты. Бул усулдар көңүлдү инфраструктуралык инвестиция-лардан кызмат көрсөтүүлөрдүн туруктуу жана сапаттуу системасын уюштурууга буруу максатын көздөйт. Ошондой эле катышуучулар мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги концепциялары жөнүндө да маалыматтарды алышты. Эксперттер жарандардын жана юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган суроо-талаптарына, керектөөлөрүнө жана укуктарына толугу менен жооп бериши керектигин түшүнүү канчалык маанилүү болгонун баса көрсөтүштү. Чакан топтордо жумушчу комиссиялардын мүчөлөрү тандалып алынган артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү классификациялап чыгып, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун усулдарын, кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана алардын баасын эсептөө усулдарын аныктап алышты. Ошондой эле алар коомдук угууларды өткөрүүнүн маанисин талкуулап, техникалык тапшырманы иштеп чыгуу менен кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөрдү тандап алуунун критерийлерин сүрөттөшүп, кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоонун усулдарын аныкташты.

***

“2008-жылдан тартып кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жөнүндө маселелер көтөрүлүп келгенине ка-рабастан, бардык жолугушуулар жана документтер үстүртөдөн болуп, кандайдыр бир көзгө илинер-лик жыйынтыктарды берген эмес. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоо-ру башталгандан бери биз Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегия-сы жөнүндө маалымат алдык. Адеген-де мен долбоорго жана Стратегияга карата бир кыйла сын көз карашта болчумун. Бирок Стратегияны иштеп чыгып, тренингдерге катышкан сайын колдонулган усулдар жана алдыга коюлган максаттар канчалык реалдуу болгонуна көзүм жетип, эң негизги-си Стратегияны ишке ашыруу үчүн жеке жоопкерчиликти сезе башта-дым”, – деп айтты Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы Айбек САТАРОВ.

Үйрөнгөн көндүмдөрдүн жардамы менен жумушчу комиссиялар артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча так иш-аракеттер планын иштеп чыгышты. Бул этапта пилоттук муниципалитеттерде коомдук угуулар өткөрүлөт. Анда жумушчу комиссиялар жергиликтүү калкты даяр болгон Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиялары жана 2018-жылга бюджеттин долбоорлору менен тааныштырышат. Коомдук угуулар жумушчу комиссияларга жана ЖӨБ органдарына кайтарым байланыштын аспабы болуп, аларга Стратегияны ишке ашыра баштоого жол берет. Кызмат көрсөтүүлөрдү жак-шыртууну ишке ашыра баштаардын алдында жасалчу соңку кадам – жергиликтүү кеңештердеги угуулар. Мында жумушчу комиссиялар жана ЖӨБ органдары бекитилген соңку аракеттер планын алышат.

***

“Биздин Стратегия 2017-жылдын 1-августунда коомдук угууларда жактырылып, ушул эле күнү өткөн сессияда жергиликтүү кеңеш тарабы-нан бекитилди. Кызмат көрсөтүүнү ойдогудай уюштуруу үчүн биз ушул

ЖӨБОнун
аталышы
Артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөр
Бешик-Жон АА
Ички жолдорду оңдоону уюштуруу
Аймакты көрктөндүрүүнү жакшыртуу: Бишкек-Ош жолуна арка
орнотуу
Могол АА
Катуу тиричилик калдыктарын жыйноону, чыгарууну жана жокко
чыгарууну уюштуруу
Ички жолдорду оңдоону уюштуруу
Багыш АА
Ички жолдорду оңдоону уюштуруу
Көчөлөрдү жарыктандырууну уюштуруу
Ленин АА
Ийрим кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу
Мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу
Көк-Арт
АА
Таза суу менен камсыздоо
Ички жолдорду оңдоону уюштуруу
Курманбек
АА
Спорт кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу
Мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу
Барпы АА
Алыскы айылдарда ичүүчү суу менен камсыздоону уюштуруу
Катуу тиричилик калдыктарын жыйноону, чыгарууну, жок кылууну уюштуруу
Ырыс АА
Катуу тиричилик калдыктарын жыйноо, чыгаруу жана жок кылууну уюштуруу Калкты таза суу менен камсыздоону уюштуруу

 

Окшош материалы: