Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Отчеттуулук”

2017-09-21 / Көңүл чордонунда

2016-жылы Өнүктүрүү саясат институту Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин буюртмасы менен “Кыргыз Республикасындагы бийликтин отчеттуулук системасы” аттуу изилдөөнү жүргүзгөн. Изилдөө Кыргыз Республикасындагы отчеттуулук системасынын субъекттерине жүйөлүү сунуштамаларды иштеп чыгуу максатын көздөгөн.

Изилдөөнүн кыскача мазмуну 2016-жылы “Муниципалитет” журналында жарыяланган. Ушул эле жерге “жарандар жана КР Жогорку Кеңеши” жана “жарандар жана аткаруу бийлиги” жуптарында отчеттуулуктун абалын сүрөттөгөн изилдөөдөн үзүндүлөрдү жарыялоону туура көрдүк. Бийликтин отчеттуулук маселеси демократия тууралуу сөз козголгондо эле мыйзамдарда, программаларда, саясий билдирүүлөрдө жана ММКда рефрен болуп жаңыра баштайт. Бирок ар бир адам отчеттуулукту ар башкача түшүнөт: жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуусун да, бийликтин ишиндеги айкындуулукту да, шайлоо системасын да, ж.б. Терминди түрдүү контекстте мынчалык жигердүү колдонуу отчеттуулук демократиянын зарыл атрибуту болуп, бирок Кыргыз Республикасын демократиялык мамлекет катары мүнөздөөгө жол берчү башка факторлор жана шарттар менен катар пайда болчу кандайдыр бир көрүнүшкө айланганынан кабар берет.

Чындыгында отчеттуулук – бул мамлекетти түзгөн субъекттер ортосундагы өз ара мамилелер системасы. Ушуну менен бирге көптөгөн, анын ичинде басымдуу чет өлкөлүк изилдөөлөр көрсөткөндөй, отчеттуулукту күчөтүү маселеси жакында эле саясий жана экономикалык өзгөрүүлөрдү (тарыхый масштабда) башынан өткөргөн өлкөлөр, ошондой эле туруксуз, жаңжал чыккан же жаңжалдан кийинки кырдаалда жашап жаткан өлкөлөр үчүн өзгөчө актуалдуу болот. Мындай өлкөлөрдүн катарына Кыргыз Республикасы да кирери талашсыз. Ушундай өлкөлөр үчүн отчеттуулуктун актуалдуулугу бийлик легитимдүүлүгүнүн1 жетишсиздиги, коомдук (социалдык) келишимдин жана мамлекет менен жарандар ортосундагы өз ара мамилелер маданиятынын маңызы тууралуу түшүнүктүн жоктугу менен шартталган. Кыргыз Республикасы башкаруу системасына отчеттуулук элементтерин жайылтуу боюнча бир топ аракеттерди жасаганын белгилебей коюуга болбойт. Муну социалдык, административдик жана саясий

Бул изилдөөдө “легитимдүүлүк” термини саясат таануунун көз карашынан чечмеленди жана калктын бийликти таануусун билдирет. Башкача айтканда легитимдүүлүк – элдин бийлик менен макулдугун түшүндүрөт. Мында бийлик милдеттүү чечимдерди кабыл алууга укугу бар дегенди эл ыктыярдуу түрдө тааныйт. отчеттуулуктун көптөгөн мисалдары тастыктап турат: башкаруунун парламенттик формасы өнүгүүдө, негизги демократиялык жана укуктук институттар түзүлдү, шайлоо системасы өркүндөп келатат, жарадарды өзгөчө жергиликтүү деңгээлде2 чечим кабыл алуу процессине тартуу практикасы кеңири жайылууда, жарандардын негизги укуктары жана эркиндиктери кепилденген. Анткен менен бул элементтер көбүнчө фрагменттик мүнөзгө ээ, адатта бири-бири менен байланышта эмес. Мындан улам ачык жана үзгүлтүксүз иштеген системага бириккенде пайдаболчу коомдук (социалдык) келишимдин туруктуулугуна жана аны баамдоого талаптагыдай таасирин тийгизе албай, натыйжалуулукка жетпей жатат. Мисалы, шайлоо процессин өркүндөтүү саясий партиялардын шайлоочулары алдындагы жоопкерчилигин жана отчеттуулугун күчтөндүрүү менен коштолгон жок. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн прогрессивдүү концепциясын жайылтуу жарандардын артыкчылыктарына негизделген өнүгүүнү пландоону өркүндөтүү иштери менен коштолгон жок.

Мамлекетттик маалымат ресурстарын түзүү жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматты ачыктоо саясаты ошол маалыматтын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жетиштүү деңгээлде жакшыртуу менен коштолгон жок. Бул документ отчеттуулук фрагменттерин эффективдүү системага алып келүүгө жол бербей жаткан ушул жана башка ажырымдарга же боштуктарга, ошондой эле буларды жоюу боюнча сунуштарга арналды. Ошентип, отчеттуулукту күчөтүү биринчи кезекте отчеттуулук системасын куруу көз карашынан алганда Кыргыз Республикасы үчүн актуалдуу болуп турат. Бул отчеттуулук системасы жарандарды жана бийликтин өзөктүк институттарын камтыйт. Ал мамлекет менен жарандар ортосундагы коомдук келишимдин милдеттенмелерин кынтыксыз аткарууга жана бирдиктүү түшүнүктү иштеп чыгууга көмөктөшөт. 

Улуттук демократиялык институту, Карнеги Институту өңдүү өнүгүү чөйрөсүндөгү, анын ичинде отчеттуулукту өнүктүрүүдө таанылган лидерлердин материалдары кеңири колдонулду. Баалоо усулу отчеттуулуктун төрт өлчөмүнүн концепциясына негизделген.Концепция Демократия жана шайлоого көмөктөшүү боюнча эл аралык институтунун (Democratic Accountability and Service Delivery: A Desk Review by The International Institute for Democracy and Electoral Assistance, Andres Mejia Acosta with Anuradha Joshi and Graeme Ramshaw) кызматкерлери Андрес Меджиа Акоста, Анурадха Джоши жана Грэме Рамшоунун Демократиялык отчеттуулук жана кызмат көрсөтүү тууралуу Кабинеттик изилдөөсүнүн негизинде түзүлдү. Бул концепция GPSA тарабынан социалдык отчеттуулукту өлчөөгө карата иштелип чыккан.

 Бирок бул изилдөөнүн авторлору жалпысынан отчеттуулук системасын баалоодо концепцияны колдонуу үчүн тоскоолдуктарды көрө алган жок. Анткени система жарандар менен мамлекет ортосундагы коомдук келишимди чагылдырып турат. Мындан улам өзүнө социалдык отчеттуулуктун көптөгөн элементтерин камтыйт. Бул болсо концепцияны социалдык отчеттуулук маселелери менен гана чектелбестен, жалпысынан системага карата колдонууга жол берет. Кыргыз Республикасында бийликтин отчеттуулук системасынын ичиндеги процесстерди баалоо Өнүктүрүү саясат институтунун күчү  менен, эксперттик анализ жасоо жолу аркылуу ишке ашты. Андан кийин Кыргыз Республикасындагы таанылган эксперттердин кеңири чөйрөсүндө талкууланды. Изилдөөнүн усулунун кыскача мазмуну – “агент – ишеним берүүчү” жубунун ортосундагы отчеттуулук процесстерин идентификациялоо жана бул процессти канчалык деңгээлде колдонууда же колдонууда эмес катары таанууга болоорун аныктоо. Ушуну менен бирге процесстин бар же жоктугунун критерийлери катары төмөнкү шарттар кызмат кылат:

  • отчеттуулуктун эрежелеринин жана стандарттарынын болгону же жоктугу;
  • отчеттуулукка суроо-талаптын болгону;
  • бийликтин отчеттуулукка суроо-талаптын  болгонуна реакция жасоого мотивациясы;
  • отчеттуулуктун талаптарын мажбурлап аткартуу мүмкүнчүлүгү жана жазанын болбой койбостугу.

Бул изилдөөдө “легитимдүүлүк” термини саясат таануунун көз карашынан чечмеленди жана калктын бийликти таануусун билдирет. Башкача айтканда легитимдүүлүк – элдин бийлик менен макулдугун түшүндүрөт. Мында бийлик милдеттүү чечимдерди кабыл алууга укугу бар дегенди эл ыктыярдуу түрдө тааныйт. Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Кыргызстанда ишке ашырылган долбоорлордун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде отчеттуулуктун элементтерин жайылтуу мисалдары менен долбоорлордун сайттарынан таанышсаңыз болот: www.vap.kg; www.dpi.kg “Долбоорлор” бөлүмү, ошондой эле “МУНИЦИПАЛИТЕТ” журналынын http:// www.municipalitet.kg сайтынан таба аласыз.

 

Окшош материалы: