Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Жарандар – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши” жубунда отчеттуулук

2017-09-22 / Көңүл чордонунда

Бул жупта отчеттуулуктун орточо индекси 17% түзөт ОТЧЕТТУУЛУК ПРОЦЕССИ: жарандардын артыкчылыктарына негизделген өнүгүүнү пландоо Жарандардын артыкчылыктарына негизделген өнүгүүнү пландоо талабы мыйзамдарда так жана бир мааниде бекитилген эмес. Болгону Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2014-жылдын 4-мартындагы №01-24/19 буйругу менен бекитилген жергиликтүү жамааттардын Типтүү уставы гана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө калктын керектөөлөрүн эсепке алуу тууралуу талаптар каралган. Башкача айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан социалдык отчеттуулук принциби типтүү документте бекитилген. Ал документти ЖӨБ органдары өз демилгеси менен кабыл алалат. Бул үчүн ЖӨБ органдарынын жетекчилери тарабынан саясий эрк жана отчеттуулуктун башкы “жол баштоочусу” – өлкөнүн жогорку жетекчилиги тарабынан стимул берүү талап кылынат1. Иш жүзүндө болсо улуттук мамлекеттик программалар жарандардын чыныгы керектөөлөрүн эч эсепке албайт, ал эми жергиликтүү программаларда алар жарым-жартылай гана эсепке алынган. Улуттук мамлекеттик жана жергиликтүү өнүгүү программаларын айкалыштыруу механизми такыр эле жок. Бул болсо улуттук деңгээлде пландоо процессинде жарандардын керектөөлөрүн эсепке алууну мүмкүн кылбайт. Ошол эле маалда пландоодо үй кожолуктардын статистикалык көрсөткүчтөрүн колдонуу практикасы бар. Алар кайсы бир деңгээлде жарандардын муктаждыктарын көрсөтүп бере алат. Анткен менен сурамжылоолор жана топтоштурулган маалыматтар даректүү пландоону жүзөгө ашырууга бут тосуп, муктаждыктарды абстрактуу чоңдукка айландырып коюуда. Өкмөттө мотивация, ал эми жарандарда мажбурлоо механизмдери жок.

Процесс иштебейт деп таанылды. ОТЧЕТТУУЛУК ПРОЦЕССИ: Кызмат көрсөтүүлөргө жана мамлекеттик чыгашаларга коомдук мониторинг жүргүзүү маселелери Бул маселелер Конституцияда жана башка мый замдык актыларда жөнгө салынган. Айталы, Конституциянын 52-беренеси жарандар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө, ошондой эле бюджеттен иш жүзүндө чыгымдалган каражаттар жөнүндө маалымат алууга укуктуу болгонун ырастайт. “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” КР Мыйзамынын 14-беренеси жарандык коом уюмдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына баалоо жүргүзүүгө уруксат берет. “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” КР Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди кароо жана бекитүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, айылдык жана шаардык кеңештертарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен мамлекеттик сырлардын категориясына киргизилген, аларды таркатуу мамлекеттик кызыкчылыктарга, эгемендикке, экономикалык жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтириши мүмкүн болгон маселелерди кароодон тышкары да, айкындуу жана ачык жүргүзүлөт.

Ошондой эле бул маселелер республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчеттор боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, айылдык жана шаардык кеңештердин токтомдорунда; республикалык бюджет жөнүндө жыл сайын чыкчу мыйзамдарда чагылдырылган. Анда кезектеги бюджеттик жылга жана андан кийинки болжол кылынуучу эки жылга жергиликтүү бюджеттер жөнүндө айылдык жана шаардык кеңештердин чечимдери массалык маалымат каражаттарында жарыяланууга тийиш деп айтылган. “ЖӨБдүн финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” КР Мыйзамынын (мындан ары – ЖӨБФЭН жөнүндө” КР Мыйзамы) 110-беренесине жана 113-беренесине ылайык, жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу айкындуулук, коомчулуктун катышуусу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамаат алдындагы отчеттуулук принциптерин сактоо менен жүзөгө ашырылат.

ЖӨБФЭН жөнүндө КР Мыйзамынын 13-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерин кароо жана бекитүү кеңештин ачык сессияларында жана коомдук угууларда айкындык жана элдин катышуусу менен жүргүзүлөт. Жергиликтүү жамааттын Типтүү уставында да бюджет долбоорлору боюнча коомдук угууларды өткөрүү, ЖӨБ органдарынын ишин, алардын кызмат көрсөтүүлөрүн баалоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн коомчулуктун катышуусу менен топторду түзүү каралган. Анткен менен иш жүзүндө кызмат көрсөтүүлөргө жана мамлекеттик чыгашаларга коомдук мониторинг жүргүзүүнүн жол-жоболору талаптагыдай иштелип чыккан эмес, мониторингдин жыйынтыктарын эсептөөнүн регламенттери жана ыкмалары жок, бул болсо ушул процесстин алкагында бийликтин отчеттуу болуу мотивациясын жокко чыгарууда.

Буга байланыштуу укуктук шарттардын бар болгонуна карабастан, процесс жок деп таанылды. ОТЧЕТТУУЛУК ПРОЦЕССИ: мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтын айкындуулугу жана ага жеткиликтүүлүк процесси Бул процесс Конституциянын нормалары менен, ошонун ичинде 3-берене менен жөнгө салынган: “Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик: 1) бүткүл эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңеш жана Президент өкүл болгон жана камсыз кылган элдик бийликтин үстөмдүгүнүн; 2) мамлекеттик бийликти бөлүштүрүүнүн; 3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл алдындагы жоопкерчилигинин жана ачыктыгынын, өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында жүзөгө ашыруусунун принциптерине негизденет”. Ошондой эле 33-беренеге ылайык, ар ким мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган уюмдардын иштери тууралуу маалыматтарды алууга укуктуу. Ар кимге мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдын-чабашкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын карамагында болгон маалыматтарды алууга кепилдик берилет.

Маалымат берүү тартиби “Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” мыйзамдары менен аныкталган. Иш жүзүндө процесс иштеп жатат: акыркы он жылда бийлик ачыктаган маалыматтын саны он эсе көбөйдү, ал эми контролдук система мыйзамдардын ушул талаптарынын бузулушуна реакция жасайт. Маалыматка суроо талапта чоң ролду жарандык коом уюмдары аткарып жатат. Алар өткөн мезгил ичинде мамлекеттик маалымат менен иш алып барууда өз дараметин бир топ жогорулатышты. Бир катар электрондук сервистер жана дайындар базасы, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулар порталы, даттануулар жана кайрылуулар порталы иштеп келатат. Башкаруу органдарында мотивация бар. Мисалы, өкмөттөн ыраазычылык алуу, ошондой эле мажбурлоо механизмдери иштейт. Анткени прокуратура мыйзамдын аткарылышына дыкат көз салып келатат. Бул маселе боюнча сот иши да болгон.

Процесс иштейт деп таанылды. Ошол эле маалда бул процесс мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматты анализдөө үчүн анын толук, түшүнүктүү жана жеткиликтүү болушун эч кепилдебейт. ОТЧЕТТУУЛУК ПРОЦЕССИ: мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматты талдоо үчүн анын толуктугун, түшүнүктүү болгонун жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кармагында турган маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө мыйзамдын нормалары ачыкка чыгарылыш керек болгон маалыматтын түрлөрүн деталдуу сүрөттөө менен ушундай аракетти көрөт. Анткен менен мыйзам кабыл алынгандан бери тогуз жыл өттү, мыйзам эскирди, анткени алдыга кеткен маалыматтык коммуникациялык технологияларды, дайындар базасын, башкарууну компьютерлештирүүнү эсепке албайт. Мыйзам машинада окуй турган түрүндө ачык маалыматтарга карата талаптарды камтыбайт жана ачыкка чыгарылыш керек болгон маалыматтардын түрлөрүнө карата көп жакшы эмес. Өкмөттө мотивация, ал эми жарандарда мажбурлоо механизмдери жок.

Процесс иштебейт деп таанылды.ОТЧЕТТУУЛУК ПРОЦЕССИ: Жарандардын ЖӨБ органдарынын жана мамлекеттик органдардын ишин баалоо системасы Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жана ошондой эле алардын жетекчилеринин жана Өкмөттүн облустардагы жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн иштерин формалдуу баалоо КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы №329 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоо жөнүндө” токтомунун негизинде жүзөгө ашырылат. Баалоо предмети болуп төмөнкүлөр эсептелет:

  • учурдагы жылга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планында белгиленген жыйынтыктарга жетишүү даражасы (жыйынтыктардын салмактык маанилери колдонулушу мүмкүн);
  • жетекчинин жеке планында белгиленген жыйынтыктарга жетишүү даражасы;
  • калктын ишеним индекси;
  • аткаруучулук тартиптин деңгээли. Баалоонун төрт предметинин үчөө баалоо административдик отчеттуулуктун алкагында жүргүзүлөрүн жана аткаруу бийлигинин жарандар алдындагы отчеттуулугун эч камсыздабай турганын билдирет. Анткен менен аталган токтом Калктын ишеним индексин баалоо предметин камтыйт. Бул индекс калктын мамлекеттик органдардын жана алардын жетекчилеринин ишине карата мамилесин баалайт. Бирок ишеним индекси Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине карата калктын мамилесин баалабайт.
  • Бул болсо индексти отчеттуулук аспабы катары колдонуу баалуулугун бир кыйла төмөндөтүп жатат. Анткени дал ушул ЖӨБ органдары башкаруу системасынын жаранга баарынан да жакын болгон бөлүгү болуп эсептелет. Эгерде жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишине баа берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбосо, анда алар мамлекетке да баа бере албайт дегенди билдирет. Токтом баалоонун жыйынтыктарынын андан кийинки тагдыры кандай болгонун сүрөттөбөйт жана практикада бул баалоонун жыйынтыктары кадрдык чечимге айланбайт. Балким баалоонун жыйынтыктарын өкмөт айрым саясий мамлекеттик кызматчыларга таасир тийгизүү рычагы катары колдонуп жаткан чыгаар. Бирок начар иштеген аткаминерлерди жазалаган ачык жана коомго түшүнүктүү механизмдер жокко эсе.

Процесс иштебейт деп таанылды. ОТЧЕТТУУЛУК ПРОЦЕССИ: Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жетекчилерин шайлоо Конституциянын 112 беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары мыйзамда белгиленген тартипте шайланат. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 43-беренесине жана 49-беренесине ылайык, ЖӨБдүн аткаруу органдарынын башчыларын жергиликтүү кеңештер шайлайт. Буга ылайык, жарандар ЖӨБ органдарынын жетекчилерине тикелей таасирин тийгизе албайт жана бул жерде саясий отчеттуулук жок. Процесс жок деп таанылды.

Эл аралык тажрыйба Бийликтин аткаруу бутагынын жарандар алдындагы отчеттуулугу башкаруу органдарынын иш сапатын, кызмат көрсөтүүлөрдү баалоодо зарыл. Бул бир жагынан колдонуудагы эрежелерди жана жазалоо чараларын күчтөндүрүүнү талап кылса, экинчи жагынан жарандар тарабынан баамдалган жана даректүү суроо-талапты күчтөндүрүүнү талап кылат. Эрежелерди жана жазалоону күчөтүү боюнча чаралар Эсеп палатасы жана коррупцияга каршы органдар өңдүү мониторинг жана көзөмөл үчүн жооп берген институттарды түзүүнү же күчтөндүрүүнү камтыйт. Суроо-талап көз карашынан алганда чаралар өзүнө социалдык аудиттерди ишке ашырууну же өкмөттүн ишине жана кызмат көрсөтүүлөргө байкоо жүргүзүү үчүн мониторинг топторун түзүүнү камтыйт. Айрым учурларда мындай аракеттер маалымат эркиндиги жөнүндө мыйзам же жарандар- дын катышуусу менен бюджет тууралуу актылар өңдүү укуктук аспаптар менен бекемделет. Эксперттик жамааттын арасында отчеттуулук кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга көмөктөшөбү деген суроо ачык кала берүүдө. Теориялык иштерде жооп болбогонуна карабастан практика кызмат көрсөтүүгө отчеттуулуктун оң таасирин тастыктап турат. Отчеттуулуктун бардык төрт өлчөмүн (стандарттар, сурамжылоо, реакция жасоо, жазалоо) баалоодо отчеттуулук менен кызмат көрсөтүүнүн кайсы бир тиби ортосундагы анык же кыйыр байланышта-рын көрсөткөн көптөгөн мисалдар изилденген.

Практикага жасалган анализ көрсөткөндөй, отчеттуулук кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга таасирин тийгизет. Анткени бардык учурларда кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу отчеттуулукту камсыздоонун стандарттары жана эрежелери, коомдук уюмдарды жигердүү тартуу, бийлик үчүн отчеттуу болуу стимулу жана бийлик тарабынан реакция жасоону камсыздоо үчүн эффективдүү санкциялар менен коштолгон. Анткен менен ийгиликтүү учурларда да отчеттуулуктун так эрежелерине жана стандарттарына, ошондой эле суроо-талапты жайылтууга көбүрөөк, ал эми мотивациялар менен санкцияларга азыраак көңүл бурулган деген тыянак чыгарылган. Башкача айтканда басым отчеттуулуктун өз ара мамилелерин социалдык жактан өлчөөгө жасалган. Бирок отчеттуу болууга саясий стимулга жетишсиз көңүл бурулуп калган. Ошондой эле структуралык чектөөлөрдү да эсепке алуу маанилүү, алар отчеттуулуктун атүгүл эң мыкты практикаларынын таасирин да нивелирдейт. Мисалы, узакка созулган аскерий диктатура; ири стейкхолдерлердин – кесиптик кошуундардын, тышкы донорлордун болушу; техникалык мүнөздөгү көптөн бери чечилбей келаткан көйгөйлөр, анын ичинде инфраструктуранын, мисалы, суу түтүк тармактарынын же жолдордун жоктугу. Айкындуулук жана отчеттуулук маселелери боюнча жергиликтүү реформаларды баштоо аракетин көрүп жаткан эл аралык демилгенин кызыктуу мисалын Ачык өкмөт берет.

Ачык өкмөт катышуучуөкмөттөрдү жарандык коомдун катышуусу менен иштелип чыккан жана туруктуу түрдө мониторингден өткөн өкмөттүн иш-аракеттеринин ачык планын ишке ашырууга милдеттендирет. Бирок өкмөт бир нече сунушка гана макул болгон учурда деле Ачык өкмөткө кирүүгө жол ачканы үчүн бул демилгени айрым байкоочулар сынга алган. Анткен менен демилге мактоого арзыйт. Анткени үч жылдын ичинде 35 өлкөдө 194 дымактуу реформаны ишке ашырууга көмөктөшкөн. Ушул тапта Кыргызстан Ачык өкмөткө кирбейт, бирок бул өкмөттү отчеттуу болушуна мажбурлоонун олуттуу стимулу жана механизми боло алат. Анткен менен өкмөттөр бир чөйрөдөгү отчеттуулук демилгелерине кол коюп, ошол эле маалда карамакаршы багытта жолго түшүшү мүмкүн экенин түшүнүү маанилүү. Отчеттуулук элесин берген, бирок иш жүзүндө өкмөт менен бизнестин ортосундагы соода предметине айланган формалдуу процесстерден оолак болуш үчүн жарандардын толук кандуу катышуусу мындай демилгелердин экинчи бөлүгү эмес, анын ажыратылгыс бөлүгү болушу керектигин ИПДОнун мисалы көрсөтүүдө. Башка бир мисал – Орусия. Бул жерде отчеттуулукта маалыматтык жана коммуника-циялык технологияларды колдонуу ыкчам өнүгүүдө. Алгач Өкмөт Ачык өкмөткө кирүү демилгесин колдоп чыккан.

Анткен менен иш жүзүндө кызмат адамдары менен жарандар ортосундагы тикелей байланышка, электрондук кызмат көрсөтүүгө көмөктөшкөн жана колдонуучулардын жүрүм-турумун тыгыз көзөмөлдөгөн платформаларды жайылтууну колдой баштаган. Ушундай айрым бир демилгелер, миса-лы, жарандарды муниципалдык көйгөйлөр тууралуу билдирип турууга шыктандырган платформалар колдонуучулардын олуттуу санын тартып, даттанууларга реакция жасоодо эффективдүү ыкма катары көрсөткөн.Бирок күчтүү жактарына карабастан бул демилгелер практикада отчеттуулук контекстинде өтө эле чектелүү мааниге ээ. Анткени жарандардын катышуусуз, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн жооптуу тараптардын кызыкчылыгында гана, жогорудан төмөн карай түзүлгөн. Эл аралык изилдөөчүлөр мындай платформалар негизинен маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө мыйзам чыгаруучулук нормаларга шайкеш келүү үчүн гана түзүлөөрүн, иш жүзүндө жарандардын чыныгы муктаждыктарына толук жооп бере албай турганын, аягына чейин колдонулбай калаарын айтышат. Беларуста жарандар менен жигердүү байланыш түзүү жана даттанууларга жооп кайтаруу үчүн суу менен жабдуу, жылуулатуу секторлорунда өкмөттүн отчеттуулугунун бир нече механизми бар.

Бирок жарандар анын эки кемчилигин белгилешет: жарандардын талаптарынын мазмунуна карата даттанууларга жооптордун сапаты канааттандырбайт жана айкындуулук жетишсиз. Башкача айтканда даттануулардын жана аларга жооптордун өздөрү жарыяланбайт жана сапатты көзөмөлдөөнүн айкын механизмдери жок. Ушул өңдүү кырдаал Кыргызстанда да өкмөттүн КАТТАР.КГ даттануулар жана сунуштар порталына карата да түзүлдү.Ошондой эле Кыргызстанда бийлик органдарынын калк менен иштешүүнүн системалык ишине азыраак көңүл бурулат, эч ким коомдук иш-чаралардын жолжоболоруна көз салбайт, бийлик өкүлдөрү болгон ЖӨБ органдары катышкан чогулуштардын, жыйындардын катышуучуларынын саны көңүл сыртында кала берет, атүгүл коомдук иш-чаралардын максаттарына карата да талап жок. Анткени максат көп учурда мындай иш-чаралардын форматын жана мазмунун аныктайт, ошондой эле иш-чаранын уюштуруучуларына белгилүү бир милдеттенмелерди жүктөйт. Чындыгында айырма бар: чечимдер долбоору тууралуу калктын пикирин изилдөө, же кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымдоо. “Бийлик” органдары калктын пикири эсепке албаса да,бирок жарандар “бугун” чыгарып алсын деп алар менен жолугушуу практикасы кеңири жайылган. Шайлоого келгендердин саны түрдүү деңгээлдеги бийлик өкүлдөрү үчүн маанилүү индикатор бойдон калганы менен, көптөр шайлоого катышуу менен жергиликтүү чогулуштарга жана жыйындарга катышуу ортосундагы байланышты көрө албай келатышат.

Бирок жергиликтүү чогулуштар жана жыйындар маңызы боюнча шайлоо ортосундагы мезгил аралыгында отчеттуулуктун институционалдаштырылган элементи болуп калышы керек. Камбоджада жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана 1800 жамааттын жарандары бир нечежыл бою төмөнкүлөрдүн үстүнөн иштеди: 1) жергиликтүү деңгээлде айкындуулук жана маалы- матка жеткиликтүүлүк; 2) бюджеттерди ачуу жана түшүндүрүү; 3) ЖӨБ органдарынын ишине жана жарандар тарабынан кызмат көрсөтүүлөргө мониторингди уюштуруу. Кыргызстанда ушул өңдүү бир катар долбоорлор ишке ашырылып келет. Алардын ичинен Швейцария Өкмөтү колдоого алган ЖӨБ органдары менен жарандардын өнөктөштүгү боюнча демилге эң ириси жана узак мөөнөттүүсү деп эсептелет. Бирок Камбоджа менен салыштыра турган болсок, Кыргызстандын тажрыйбасы дагы да прогрессивдүү болууда. Анткени долбоордун максаты Камбоджанын жыйынтыгына салыштырмалуу көбүрөөк туруктуу мүнөзгө ээ жана биргелешкен мониторинг жана жарандар тарабынан жүргүзүлгөн мониторинг процессин орнотууга багытталган. Эфиопияда үч жыл ичинде 90% ашуун муниципалитет бюджетти жана чыгаша маалыматтарды жарыялаган. Улуттук деңгээлде жасоо мүмкүн болбогон иш жергиликтүү деңгээлде жасалды. Базалык кызмат көрсөтүүлөрдү пландоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча укуктар жана милдеттер тууралуу маалыматты 70 миңден ашык киши алды.

Программага камтылган муниципалитеттердин 36% кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча иш-аракеттердин биргелешкен планын иштеп чыгышты. Кыргызстанда Швейцария өкмөтүнүн демилгеси боюнча жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча ушул өңдүү программа иштеп келатат. Кыргызстандагы программанын артыкчылыгы – бул жерде жарандардын саны башкы маселе эмес. Программа жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү түзүүдө ЖӨБ органдары менен жамааттын өз ара аракеттенүүсүнүн универсалдуу моделдерин түптөө максатын көздөйт. Эфиопиядагы тажрыйбанын олуттуу айырмасы – даттануулар менен иштеген Акыйкатчы институтунун ролун күчтөндүрүү. Бул үчүн Акыйкатчынын өкүлчүлүктөрү бардык аймактарда, атүгүл элет жергелеринде да ачылган. Натыйжада даттануулардын 40 пайыздан ашыгы иликтенип, канааттандырылган, ал эми калгандары же жүйөсүз, же акыйкатчынын компетенциясына кирбеген даттануулар болуп калган. Кыргызстанда тилекке каршы, акыйкатчы сыяктуу отчеттуулуктун маанилүү кепили отчеттуулук процесстерине такыр эле катышпайт.

Сунуштамалар Бул жупта отчеттуулуктун зарыл болгон алты процессинин ичинен толук көлөмдө бирөө гана бар – маалыматка жеткиликтүүлүк. Мындан улам калган беш процессти ишке киргизүү жаатында аракеттер көрүлүүгө тийиш. Жарандардын артыкчылыктарына негизделген өнүгүүнү пландоого карата пландоонун колдонуудагы механизмдерин жана эрежелерин кайра карап чыгуу зарыл. Муну менен өнүгүүнүн жергиликтүүжана улуттук мамлекеттик программалары ортосундагы байланышты камсыздаш керек. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги өз алдына дал ушундай тапшырманы коет жана атүгүл алыскы аймактарда айрым бир пилоттук долбоорлорду ишке ашырып келатат. Бирок алардын жыйынтыктары ченемдик укуктук базада институционалдаштырып, өлкө аймагы боюнча жайылтуу зарыл. Кызмат көрсөтүүлөргө жана мамлекеттик чыгашаларга коомдук мониторинг жол-жоболорду жана регламенттерди иштеп чыгууга, ошондой эле аны жүзөгө ашырууда коомдук топтордун потенциалын жогорулатууга муктаж. Ошондой эле бул жерде башкаруу органдары чечим кабыл алып жатканда бул мониторингдин жыйынтыктарын колдонушу үчүн мотивация жана жазалоо механизмдерин киргизүү талап кылынат. Мындан тышкары мониторинг процессине Акыйкатчы институтун кошуу керек жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча уюмдар мониторинг жүргүзүшү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө карата алардын дараметин жогорулатуу менен, укуктук талаа түзүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу зарыл.

Маалыматтын толук, түшүнүктүү жана жеткиликтүү болушун камсыздоо процесси маалымат берүүнүн форматтарын иштеп чыгуу боюнча мамлекеттен көбүрөөк аракеттерди талап кылат. Бул маалыматтар ачык талкууланып, коомчулуктун кеңири чөйрөсүнө түшүнүктүү болууга тийиш. Ошондой эле мамлекет олуттуу маалыматты берүү багытында дайындар базасына карата мамилесин карап чыгышы керек. Бул маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алууну талап кылат. ММКнын аналитикалык потенциалын жана эксперттик коомчулук менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүдө колдоо керек. ЖӨБ органдары менен мамлекеттик органдардын жана алардын жетекчилеринин ишин баалоо системасы реформага муктаж. Биринчи кезекте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишин баалоонун критерийлерин жана механизмдерин иштеп чыгып, жарандар тараптан үзгүлтүксүз баалоо жүргүзүү механизмдерин түзүү зарыл. Ушуну менен бирге мунун баарын сөзсүз эле өкмөт деңгээлинде жасабаш керек. Болгону ченемдик укуктук базада эрежелерди орнотуп, анын аткарылышына көзөмөлдү камсыздоо зарыл. Бул механизмдер мотивация жана жазалоо өлчөмдөрүн камтыш керек. Мамлекеттик органдарга карата айта турган болсок, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин мындан аркы карьерасына баалоонун жыйынтыктары таасир тийгизе тургандай айкын механизмдерди коомго көрсөтүү керек. Ошондой эле калктын ишеним индексинин таасири тийгендей механизм болушу керек. Баалоо системасына калктын ишеним индексинен тышкары да башка аспаптарды кошуу зарыл. Мисалы, КАТТАР. КГ даттануулар жана кайрылуулар үчүн порталга сапаттуу анализ жасалууга тийиш.

Окшош материалы: