Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Саламаттык сактоо системасынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапаты тууралуу маалыматты төмөндөн жогору карай берүү механизми: жергиликтүү жамааттан улуттук деңгээлге карай

2017-09-26 / Көңүл чордонунда

Саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрү чөйрөсүндөгү социалдык отчеттуулукту күчөтүү максатында “АДК үнү” Долбоору жарандарга Айылдык ден соолук комитеттеринин потенциалын жигердүү колдонууну сунуштады. Бул болсо башкаруунун борбордук жана жергиликтүү деңгээлдери ортосундагы байланышты камсыздоо максатында сунушталды. Аны менен катар долбоордун жыйынтыктары боюнча КАДК Ассоциациясы медициналык кызмат көрсөтүүлөр маселелери боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин (СМ) түзүмдөрү жана КР Медициналык камсыздандыруу фонду (МКФ) менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы механизминин колдонуу ниети бар. Бул механизм “АДК үнү” долбоорунун алкагында иштелип чыккан, АДК аркылуу өткөрүп берүү үчүн маалымат чогултуу бөлүгүндө жарым-жартылай сыналган жана андан ары ишке ашыруу үчүн КАДК Ассоциациясына берилген. Саламаттык сактоо системасындагы дагы бир көйгөй – бул система чечим кабыл алуу үчүн маалымат бөлүгүндө жабык жана өз алдынча иштейт

Кызмат көрсөтүүлөрдү баалоону саламаттык сактоо системасынын бөлүмдөрү өздөрү жүргүзөт, бул болсо сырттан тең салмактуу көз чаптырууга мүмкүнчүлүк бербейт. Саламаттык сактоо системасында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын сырттан баалаган маалыматтарды чогултуучу туруктуу жана жакшы иштеген механизми жок. Чечим кабыл алуу үчүн тиешелүү органдарга АДК тарамы аркылуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты тууралуу жергиликтүү жамааттардан маалыматтарды берүү механизми кандай болушу керектигин аныктоо үчүн “АДК үнү” Долбоору жыйынтыктоочу баскычында кошумча аракеттерди жасады. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) сунушталган механизмди жайылтууда өзгөчө кызыкдар жак катары аныкталды. Мында ММКФнын өзүнүн максаттары жана ишмердүүлүгү эсепке алынды. Республиканын саламаттык сактоо системасында рыноктук механизмдерди жайылтуу үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн (СМ жана саламаттык сактоо мекемелери) жана медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөчү-сатып алуучунун (ММК Фонду) ишмилдеттери бөлүштүрүлдү: ММК Фонду медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуучу катары чыгат, ал эми Саламаттык сактоо министрлиги медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчү ролун аткарат.

ММК Фондунун ишине калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтардын сапатын баалоо жана андан кийин ал үчүн Саламаттык сактоо министрлигине акы төлөө кирет. ММК Фонду сатып алган медициналык кызмат көрсөтүүлөргө натыйжалуу мониторинг жүргүзүүгө өтө кызыкдар. Үзгүлтүксүз тышкы мониторинг көп чыгымды талап кылганын эске алганда, АДК ММК Фондуна мониторинг жүргүзүүнүн салыштырмалуу арзан, бирок ишенимдүү ыкмасын сунуштай алат. Ошентип ММК Фондун бул механизмди жайылтууда кызыкчылыгы бар оюнчу катары караса болот.АДКнын медициналык кызмат көрсөтүүлөр маселелери боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин түзүмдөрү жана КР Медициналык камсыздандыруу фонду менен өз ара аракеттенүү механизминин маңызы мында жатат: алынган медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты тууралуу элеттик жамааттардын пикирлерин эсепке алуу жана топтолгон маалыматты андан ары АДК тарамы аркылуу саламаттык сактоонун аймактык мекемелеринин деңгээлинен улуттук деңгээлге – КР Саламаттык сактоо министрлигинин жана ММК Фондунун деңгээлине АДК Ассоциациясы аркылуу өткөрүп берүү. Муну менен бул механизм АДК тарамынын жана АДК Ассоциациясынын потенциалын толук көлөмдө колдонууга жол ачат. Долбоор республиканын бардык аймактарында жайгашкан 11 муниципалитетте пилоттук АДКлар аркылуу маалыматтарды чогултуп чыкты.

Бул маалыматтарда медициналык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө калк кайсы көйгөйлөрдү өзү үчүн эң эле артыкчылыктуу жана маанилүү деп эсептей турганы айтылат. Бул маалыматтардын негизинде АДК баштапкы деңгээлде көрсөтүлгөн медициналык кызматтарды баалоого ийгиликтүү тартылаалышары аныкталган. Фельдшердик-акушердик пункттардын жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун ишин, ошондой эле тез медициналык жардамдын ишин баалоо – элет калкы күн сайын буларды көрүп жүрөт жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты тууралуу өз пикирин айта алышат. ММК Фонду үчүн бул кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына байланыштуу чечим кабыл алуу үчүн кошумча маалымат болуп берет. Анткен менен саламаттык сактоо системасынын кызмат көрсөтүүлөрү жаатындагы көйгөйлөрдү аныктоо үчүн буга чейин долбоордо колдонулган ЖМБА механизмин адаптациялоо керек эле. Бул үчүн ЖМБАга фокус-топтордун катышуучуларын саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатына тиешелүү маселелерди талкуулоого багыттаган суроолор камтылды. Кошумча суроолорду 1-таблицадан көрсөңүз болот. 11 АДКнын өкүлдөрү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр маселелери боюнча ЖМБА методологиясы боюнча нускамадан өтүштү жана алардын алдына ЖМБАны өткөрүү боюнча тапшырма коюлду. 2017 жылдын биринчи жарым жылында 11 аймакта өткөрүлгөн ЖМБАнын жыйынтыктары боюнча төмөнкүдөй натыйжалар болду (2-таблицаны караңыз).

Жогоруда келтирилген маалыматтардан көйгөйлөрдүн мүнөзүн жана алар калкты канчалык тынчсыздандырарын көрүүгө болот. Нааразылык үчүн көбүрөөк себеп болгондордун ичинен системалуу мүнөздөгү көйгөйлөрдү көрүүгө болот (бейформал төлөмдөр, тез жардамга, дарыканаларга, лабораторияларга жеткиликтүүлүктүн төмөндүгү, кадрлардын жетишсиздиги жана/же төмөн квалификация, өзгөчө ҮДТ жана ФАП деңгээлиндеги медайымдардын жана фельдшерлердин квалификациясы; ж.б.). Бул көйгөйлөрдү негизинен улуттук деңгээлде гана чечүүгө болот. Көйгөйлөрдүн башка бир бөлүгү көбүрөөк уюштуруучулук мүнөзгө ээ (адистердин кабыл алуу сааттары/кезектер; дарылануу боюнча маалыматтын жетишсиздиги ж.б.) жана бул маселелерди саламаттык сактоонун жергиликтүү уюмдарынын деңгээлинде чечүүгө болот. Белгилей кетүүчү жагдай, долбоор саламаттык сактоо секторундагы институттар менен АДКнын өз ара аракеттенүүсүнүн алдын ала механизмин сунуштаган (1-сүрөт). Ошентип, бул механизмде маалымат булагы катары жергиликтүү жамааттын өзү болот. Ал кызмат көрсөтүүнү комплекстүү карайт жана адатта кайсы кызмат көрсөтүүлөр үчүн кайсы орган жооп берээри тууралуу так биле бербейт. Эгерде саламаттык сактоо сектору үчүн кызмат көрсөтүү адам медициналык мекеменин босогосун аттагандан тартып башталса, кадимки адам үчүн кызмат көрсөтүүнү алуу анын үйүнүн босогосунан башталат.

Сага квалификациялуу жардам бере ала турган жерге кантип жетсе болот? Мына ушул жерден эле карапайым элеттиктин жолунда көптөгөн көйгөйлөр пайда болот. Көпчүлүк алыскы айылдарга тез жардам бара албай калат. Ооруканага жетиш үчүн машинени өз алдынча табышың керек же коомдук транспортту колдонууга мажбур болосуң. Элеттик фельдшерлер Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна багыттагандан башка эч нерсени сунуштай алышпайт. Көпчүлүк чакан айылдарда өмүрдү сактап кала турган дары-дармектерди тез сатып ала тургандай дарыканалар жок. Араңдан зорго ҮДТ же ФАПка жеткен күндө да дарыгер же фельдшер ордунда болбой калышы мүмкүн. Аларды өз ордунда тапсаң да бейформал төлөмдөр жана лабораториялардын жоктугу оорулууларда андан ары дарылануу каалоосун жок кылат. Мына ушундай кыйынчылыктардын баарын адам толук кандуу кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жолунда башынан өткөрөт жана бул саламаттык сактоо секторуна болгон ишенимди азайтууда. Айласы кет-кен адамдар салттуу эмес медицинага кайрыла башташат. Анткени ал салттуу медицинага караганда жеткиликтүү жана жакын. Калктын ишеним индексин эсептөөнүн алкагында 2017-жылдын биринчи жарым жылы үчүн Саламаттык сактоо министрлиги эң эле төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бирине ээ болду – 11,0. Мамлекеттик органдардын ичинен андан азыраак ишенимди КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат жана КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы гана алды.

Бул Саламаттык сактоо министрлигин түзүлгөн кырдаал тууралуу ойлонуп, калк жана башка тармактар менен иш алып барууга көбүрөөк көңүл бурууга түртүшү керек. Сунушталган механизмдин алкагында жергиликтүү жамаат менен Саламаттык сактоо министрлигинин өз ара аракеттенүү процессинин биринчи этабында райондук деңгээлде чечүүгө боло турган көйгөйлөргө жана тапшырмаларга көңүлдү буруу зарыл. Б.а., райондук деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын (ҮМБ, ТБ жана Жалпы дарыгерлер практикасынын борбору - ЖДПБ) жетекчилери менен мамилени жөнгө салууга киришүү керек. Бул иштин демилгечилери болуп Райондук ден соолук комитеттери чыга алат. Алар район боюнча айыл деңгээлинде АДК чогулткан маалыматтарды бириктирип, андан ары район деңгээлиндеги саламаттык сактоо уюмдарына өткөрүп берсе болот. Өз кезегинде район деңгээлиндеги саламаттык сактооуюмдарынын жетекчилери тарабынан да бул процесске катышуу каалоосу жана колунан келишинче көйгөйдү чечүүгө аракети болушу керек. Райондун деңгээлинде чечүүгө мүмкүн болбогон жана системалуу мүнөздөгү түзөтүүлөрдү талап кылган калган артыкчылыктуу көйгөйлөр улуттук деңгээлге багытталат. Бул этапта эң маанилүүсү – маалымат берүү каналын аныктап алуу. Канал канчалык көп жана кеңири болсо, маалымат даректелүүчүгө жетет деген ыктымалдуулук да ошончолук жогору болот. Маалымат берүүнүн негизги каналы катары КАДК Ассоциациясы өзү кызмат кылат. Анткени улуттук деңгээлде турат жана бул үчүн жетиштүү потенциалга ээ.

Мындан тышкары маалымат берүү каналдары катары Саламаттык сактоо министрлигинин түзүмдөрү, райондук мамлекеттик администрациялар, саламаттык сактоо секторунун маселелерине фокус жасаган райондук жана улуттук деңгээлдеги координациялык кеңештер, Жогорку Кеңештин депутаттары, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук байкоочу кеңеш, бардык мүмкүн болгон коомдук бирикмелер жана улуттук деңгээлдеги коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациялары жана албетте ММК. Жогоруда берилген көптөгөн факторлордун ичинен сунушталган механизмди колдой ала турган жана аны андан ары жайылтып, бекемделишине көмөктөшө тургандарды табууга мүмкүн. Механизмди жайылтуу этап-этабы менен жүрөт. Ал район деңгээлинен башталат, анын ичинде биринчи кезекте элет жергесиндеги ҮДТ/ФАПтын персоналы, андан соң райондук ҮМБ, ТБ жана ЖДПБ. Мындан тышкары жетишилген макулдашууга ылайык, КАДК Ассоциациясы Ысык-Көл облусунун пилоттук райондорунда ММКФ менен кызматташа баштады. Биринчи этапта АДК ишмердүүлүгү тажрыйба топтоого жана АДК менен КР Саламаттык сактоо министрлигинин өз ара аракеттенүү механизмин андан ары иштеп чыгуу боюнча пландарын түзүүгө, министрликтин өзүн кошкондо, саламаттык сактоо системасынын бардык деңгээлдеринде туруктуу кызматташтыкты күчөтүүгө жол ачат. Долбоор Саламаттык сактоо министрлигинин жана ММК Фондунун өкүлдөрү менен бир нече жолугушууларды өткөргөн. Фонд сунушталган механизмди жайылтуу боюнча иштерди улантууга кызыкдарлыгын билдирген. КАДК Ассоциациясы менен ММК Фонду ортосундагы макулдашуу долбоордун ишинин жыйынтыгы болуп калды. Бул макулдашуу андан кийин КАДК Ассоциациясынын жаңы долбоорунда бекитилди. Долбоор КАДК Ассоциациясына механизмди андан ары жайылтуу боюнча өз иштерин өткөрүп берди. Анткени башынан эле жигердүү түрдө жайылтуу ишин КАДК Ассоциациясы колго алат деген план менен бул механизм иштелип чыккан.

Окшош материалы: