Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кочкор айылдык аймагынын Исакеев айылындагы АДК: кызматташуу жакшы келечекке ишенимди арттырат

2017-09-28 / Көңүл чордонунда
Кочкор айылдык аймагынын Исакеев айылындагы АДК: кызматташуу жакшы келечекке ишенимди арттырат

Кочкор ААнын Исакеев айылы Нарын облусунун түндүк чыгышындагы Кочкор районунун кооз өрөөнүндө жайгашкан. Айылда 2500гө жакын адам жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү – бул эмгекке жарамдуу жаштар. Алар негизинен айыл чарбасы жана мал багуу менен алектенишет.

Исакеев айылынын Айылдык ден соолук комитети (АДК) 2014-жылы “АДК үнү” Долбоорунун өнөктөшү болуп калган. Долбоордун алкагында Исакеев айылынын АДК мүчөлөрү жамааттын муктаждыктарын биргелешип аныктоо боюнча иш-чаралардан баш- тап калк менен чоң иштерди жасашты. ЖМБАнын жыйынтыгында өзгөчө артыкчылыктуу көйгөйлөр аныкталды – айылдын туш тарабында жаткан таштандылар, көчөлөрдө жарыктын жоктугу, клубдун жылытылбаганы, ошондой эле айылдын аймагын жашылдандыруу көйгөйү. Бул көйгөйлөрдү дээрлик бардык курактагы категориялар белгилешкен. 2015-жылы ЖМБАнын жыйынтыктары ЖӨБ органдарынын кароосуна жиберилген. Андан соң АДК ЖӨБ органдары менен биргелешкен аракеттер планын иштеп чыгып, алдыга коюлган тапшырмаларды чечүү жолдорун издей башташкан. Республикалык Токой чарбасын коргоо фондунан алынган 2 млн. сом көлөмүндөгү гранттык каражат таштанды көйгөйүн чечүүгө бел байлап киришүүгө жол ачты.

Жетпей жаткан сумманы жергиликтүү бюджеттен кошуу менен, ЖӨБ органдары 4 млн. 400 миң сомго таштанды чыгаруучу машине сатып алышты. Эми таштанды үзгүлтүксүз чыгарылып турат. Таштанды – бул ЖӨБ органдары айылдын өнүгүүсү үчүн АДК жана жергиликтүү жамаат менен биргеликте аткарган иш-чаралардын бигана бөлүгү. Мисалы, көчөлөрдү жарыктандыруу, көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана клубдун аймагын тосмолоо, ошондой эле клубдун ремонту жана жылытуучу системаны орнотуу маселеси да кошо чечилди. Клуб – бул жашоочулар маданий кечелерди өткөрүп, ЖӨБ уюштурган иш-чараларга катыша ала турган айылдагы жападан жалгыз жер. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн жергиликтүү бюджеттен да, сырттан тартылган каражаттардан да жарым миллион сомго жакын акча сарпталды.

2017-жылы АДК мүчөлөрү жана айылдын башка тургундары “АДК үнү” Долбоорунун чоң жардамы менен өз көйгөйлөрүн туура туюндурганды, ресур-старын реалдуу баалап, туура колдонгонду, ошондой эле айыл өкмөтү менен натыйжалуу кызматташканды үйрөнүштү. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери өз кезегинде долбоордун тренингдерине жана иш-чараларына катышып, калк менен байланышуу көндүмдөрүн өздөштүрүштү. Исакеев айылындагы АДКнын жардамы менен калк ЖӨБ органдарынын иши, жумушчу планы жана аткарылган иш-чаралар, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жана дагы бир топ нерселер тууралуу көбүрөөк маалыматка ээ болуп калышты. Бюджет боюнча маалымат өнөктүгүнүн, “Менин аймагым – саламаттыктагы аймак” программасын даярдап, ишке ашыруу боюнча биргелешкен процесстин эсебинен жарандардын маалымдуулугу, алардын жоопкерчилиги жана ЖӨБго катышуу деңгээли өсүп жатат. Бул программа жалпы аймактагы жергиликтүү жамааттын саламаттыгынын социалдык-экономикалык детер- минанттары менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө ЖӨБ органдары менен жамааттын аракеттерин бириктирет. Эми Исакеев айылындагы АДК долбоордун алкагында алган пайдалуу тажрыйбаны жана көндүмдөрдү Кочкор айылдык аймагынын башка айылдары гана эмес, райондогу кошуна аймактар да натыйжалуу колдонуп келишет.

Сонун ЖОЛДОШЕВА, Кочкор ААнын Исакеев айылынын жашоочусу: “Бир нече жыл мурда биздин айылдын дээрлик ар бир тургуну АӨ дарегине доомат артып келген. Жашоочулар аларды ишиндеги кемчиликтер, айылдын көйгөйлөрүн чечүүдө жетиштүү күч жумшабаганы үчүн айыпташчу. Аны менен катар айыл өкмөтүнөн жардам алган күндө да жашоочулар баары бир алардын ишине нааразы болушчу. Себеби адамдар кандай иштер жасалып жатканы, кандай маселелер пайда болуп, алар кантип чечилип жатканы тууралуу аз билишчү. Эми болсо кырдаал өзгөрдү. Мында Исакеев АДК төрайымы Жумагүл КУРМАНБАЕВАнын салымы чоң. Анткени ал жана анын командасы калкка зарыл жана туура маалыматтарды жеткирип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен калк ортосундагы ишти туура уюштура алышты. “АДК үнү” Долбоорунан үйрөнгөн иш усулунун жардамы менен айыл тургундарында жергиликтүү бийликке болгон ишеним өстү, жакшы келечекке ишеним жаралды”.

Окшош материалы: