Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Он Бир-Жылга айылдык аймагынын Маданият айылындагы АДК: АДК үнүнө баары кулак төшөйт

2017-09-28 / Көңүл чордонунда
Он Бир-Жылга айылдык аймагынын Маданият айылындагы АДК: АДК үнүнө баары кулак төшөйт

Он бир-Жылга айылдык аймагында акыркы жылдары өткөрүлүп жаткан иш-чаралар жергиликтүү жашоочуларды айылдын өнугүүсүнө тартып, аларда жергиликтүү кабарларга кызыгуусун жаратып,кайдыгер карабоого жана жашоо шарттарына таасирин тийгизген чечимдерди кабыл алууга мүмкүн болушунча көбүрөөк катышууга түрттү.

Иличбек СЫДЫКОВ башында турган АӨ жана Салтанат АЛИЕВАнын жетекчилиги алдындагы Маданият айылындагы АДКнын биргелешкен биркалыптагы иши мындай өзгөрүүлөрдүн себепчиси болду. Бул экөө тең сабаттуу, жоопкерчиликтүү жана чечкиндүү лидерлер катары белгилүү. 2014-жылы “АДК үнү” Долбоору менен кызматташуу башталганда эле өзгөрүүлөр байкалды. Бул долбоордун алкагында айылда жамаат муктаждыктарын аныктоодон баштап, Биргелешкен аракеттер планын жана “Менин аймагым – саламаттыктагы аймак” социалдык-экномикалык өнүгүү программасын иштеп чыгууга чейин көптөгөн иш-чаралар өттү. Негизги жетишкендик АДК менен ЖӨБ ортосундагы өнөктөштүктү күчөтүү болду. Бул үчүн жергиликтүү маанидеги маселелер жана ЖӨБОнун ыйгарым укуктары тууралуу жашоочуларга маалымат берип, жергиликтүү калк менен бир топ иштерди жасаш керек эле.

Маалымат алмашууну жакшыртууга болгон керектөө буга чейин жашоочулар жергиликтүү өз алдынча башаруу органдарына ишенбегени менен шартталды. Маалыматты ачуу, жамаат үчүн маанилүү документтердин үстүнөн биргелешип иштөө – көйгөйлөрдү сүрөттөп, биргелешкен аракеттер планын түзүү – кырдаалды оң жагына өзгөртүүгө, жамаат менен бийлик органдары ортосундагы мамилелерди жакшыртууга жардам берди. Ошондой эле айылдагы көчөлөрдү жарыктандыруу жана ички жолдорду оңдоо өңдүү маанилүү көйгөйлөрдүн бир бөлүгүн чечүүгө жардамчы болду. Белгилей кетүүчү жагдай, Маданият айылындагы АДК мүчөлөрү өз күчтөрүн сынап, мурдагыдан да сабаттуу болуп, бийлик органдары менен мамиле түзүүдө өз эркин көрсөтө башташты. “АДК үнү” Долбоору башталганга чейин айылда АДКны таанып, алардын мүчөлөрүнө кулак төшөгөндөр аз болчу.

Эми болсо ЖӨБ органдары күн сайын Маданият айылындагы көйгөйлүү маселелерди АДК менен талкуулап турат. Салтанат АЛИЕВА, Маданият айы-лындагы АДКнын төрайымы: “Долбоордо иштеп биз көп нерсени үйрөндүк: калк жана ЖӨБ органдары менен туура иш алып барууну; жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессин, жергиликтүү бюджеттин түзүмүн өздөштүрдүк, ошондой эле аймактын өнүгүүсүнүн стратегиялык программаларынын үстүнөн иш алып баруудабыз. Буга чейин бизди уккандар аз болчу, анткени башкаруу органдары менен толук кандуу кызматташуу үчүн көп жакшы даяр эмес деп эсептешчү. Долбоор чындыгында эле биздин аймактын өнүгүүсүнө жол ачып берди. АӨ башчысы эми бизди ар тараптан колдоп, түрдүү тапшырмаларды аткарууга тартып жатканына абдан кубанычтабыз”.

Окшош материалы: