Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү демилге башкаруу саясатынын натыйжалуулугун өлчөйт. Социалдык чөйрөгө болгон кызыгуунун өсүшүү уланууда

2017-10-01 / Көңүл чордонунда

Өнүктүрүү саясат институту ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында жергиликтүү жамааттарда турмуш шартын жакшыртуу жана социалдык өнүгүү боюнча жергиликтүү, элдик демилгелердин белгилери тууралуу маалыматтарды чогултуп, жалпылаштыруу боюнча көп жылдык практикасын улантып келатат. Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ЭҮЖӨБОЖ Долбоору мындай демилгенин үлгү болчу мисалдарына дем берүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок дагы бир маанилүү жагы – долбоордун ресурстары Кыргыз Республикасынын коомунда жана башкаруу системасында болуп жаткан өзгөрүүлөрдү чагылдырган тенденцияларды көз жаздымда калтырбастан маалыматтарды чогултуп, талдоого жол берет.

Эмне үчүн биз жергиликтүү демилге бийликтин жана коомдун өнүгүүсүн, ошондой эле бийлик менен коомдун өз ара мамилелеринин өнүгүүсүн чагылдырат деп ишенимдүү түрдө ырастап жатабыз? Себеби дал ушул жергиликтүү демилге жарандардын жараткыч энергиясы кайсы багытта баратканын көрсөтүп турат – ал жарандар артыкчылыктуу деп эсептеген жана бийлик ийнине жеткире жасай албай жаткан багытка умтулат. Анан башкача кандай болмок эле? Жарандарды кайсы бир маселелер тынчсыздандырып жатса жана аны өздөрү көрүп турса, бирок аларды бийлик чечпей жатса, анда жарандар мындай маселелерди өз күчү менен чечүүгө аракет жасашат. Мына ушул нерсе жергиликтүү демилге болот. Ошондуктан жергиликтүү демилгенинтематикалык багытындагы өзгөрүү динамикасын изилдөө менен, кайсы жерде жалпысынан бийлик жана аны менен катаржергиликтүү өз алдынча башкаруу толук иш алып бара албай жатканын, жарандарды биринчи кезекте кайсы көйгөйлөр тынчсыздандыраарын аныктоого болот. Анализди жөнөкөйлөштүрүп жана тенденцияларды дагы да жакшыраак түшүнүү үчүн 2016жылы ӨСИ жана ЭҮЖӨБОЖ Долбоору жергиликтүү демилгенин мисалдарынын төрт категориясын киргизген. “Базалык инфраструктура” категориясы жамааттардын физикалык жашоосун камсыздаган инфраструктуранын курулушуна, калыбына келтирүүгө же анын элементтеринин ремонтуна байланыштуу демилгелерди камтыйт. Буга ичүүчү суу, жолдор жана көпүрөлөр, көчөлөрдү жарыктандыруу, муниципалдык транспорт, катуу тиричилик калдык-тарын (таштандыларды) жыйноо жана чыгаруу боюнча долбоорлор кошулган. Мындай демилгелерди көтөрүп чыккан жамааттар жашоо, коопсуздук үчүн жок дегенде минималдуу шарттарды түзүү менен алек болушат. 1990-жылдардын этегинде жана 2000-жылдардын башында Кыргызстандын айылдарындагы коомдук турмушта ушундай демилгелер басымдуулук кылганын белгилей кетүү зарыл. Себеби СССРден мураска калган базалык инфраструктура мамлекеттик каржылоонун жоктугунан улам эскирип, жок боло баштаган. Мамлекет жамааттарды унутта калтырып, алар өз арабасын өздөрү тартып, желкесин тырмап, маселелерди өз күчү менен чечүүдөн башка аргасы калган эмес. Албетте маселелер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана эл аралык өнүгүү боюнча донордук долбоорлордун катышуусу менен чечилген. 2017-жылы базалык инфраструктураны жакшыртууга багытталган жергиликтүү демилгелердин мисалдарынын үлүшү азайды. Бул категориядагы демилгелердин жалпы саны төрт жылда 12 пайызга төмөндөдү. “Жергиликтүү экономикалык өнүгүү (мындан ары – ЖЭӨ) жана айыл чарбасы” категориясы өзүнө жумушчу орундарды түзүүгө жана негизинен агрардык бизнести өнүктүрүүгө багытталган демилгелердин мисалдарын камтыйт. Мындай демилгелер агрардык тармак экономиканын негизги реалдуу тарма-гы болгон элеттик жамааттар үчүн мүнөздүү болуп саналат. Анткен менен алардын аз санда болгону жалпысынан бизнес мамлекеттин колдоосу менен өнүгүү үчүн шарттарды түзүү ишин колго алганынан, дал ошондуктан жамааттарда элеттик турмуштун башка өңүттөрүнө көңүл бурууга мүмкүнчүлүгү бар болгонунан кабар берет. 2016-жылга салыштырмалуу мындай демилгелердин үлүшү эки эсе өстү, бирок жалпы көлөмү менен алганда анчалык көп эмес – болгону 8 пайыз болду. “Көрктөндүрүү” категориясы өзүнө сейил бактарды, аллеяларды, эстеликтерди, коомдук транспорт үчүн аялдамаларды, айрым административдик имараттарды көрктөндүрүү мисалдарын камтыйт. Бул объекттер да инфраструктуранын элементтери болуп саналат, бирок алар жашоо үчүн сөзсүз керек деген мүнөздө эмес. Чындыгында ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк маселеси көңүл чордонунда турган чакта аллеясыз жана эстеликтерсиз деле жашаса болот. Мындай категориядагы мисалдар-дын санынын өсүшү жергиликтүү жамааттар ин- фраструктуранын базалык кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүккө гана эмес, муниципалитеттин тышкы көрүнүшү, маданий жана социалдык абалы тууралуу да кам көрүп жатканынан кабар берет.

2016-жылга салыштырмалуу мындай мисалдар аз болду, бирок алар бар. “Социалдык чөйрө” категориясы өзүнө физикалык жашоо үчүн зарыл болбой калган социалдык же материалдык эмес көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган демилгелердин мисалдарын камтыйт. Бирок алар жергиликтүү жамааттардын социалдык өнүгүүсү бар болгонун тастыктап турат. Бул категорияга жергиликтүү жамааттар маданиятты жана спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү; мектепке чейин жана мектепте билим берүү үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча демилгелерди көтөрүп чыккан окуялар кирди. Жалпысынан бул категориядагы демилгелердин саны төрт жылда 23 пайызга өсүп, 2017-жылы басымдуулук кылды – 64 пайыз болду. Эгерде элестүү айта турган болсок, “социалдык ема” инфраструктураны биротоло жеңип алды. 2017-жылы жасалган анализдин жыйынтыктары 1-диаграммада жана 1-таблицада берилди. Мынданулам бир тыянакты жасоого болот – акыркы төрт жылдан бери (2013-2017-ж.ж.) жарандардын социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө кызыгуусу арткан туруктуу тенденция сактала берүүдө. 2016-жылдагы маалыматтардын негизинде жасалган тыянак 2017-жыл үчүн да актуалдуулугун сактап кала берди: Кыргыз Республикасындагы элеттик жамааттар физикалык жашоо баскычынан өнүгүүгө өтүштү жана бул биринчи кезекте жарандардын өздөрүнүн аракетинин эсебинен болду. Муну базалык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча долбоорлордун ордуна социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө багытталган демилгелердин саны туруктуу өсүп жатканын далилдеп турат. Себеби базалык инфраструктурага байланышкан демилгелердин саны пропорционалдуу түрдө азаюуда. Бул позитивдүү факт. Анткен менен эгерде медалдын экинчи бетин карай турган болсок, “майды ириткен кумалакты” же жергиликтүү демилге мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун короосуна ыргыткан ташты да көрүүгө болот. Жергиликтүү жамааттардын социалдык чөйрөнү өнүктүргөн тенденциясы бул багытта бийлик көргөн аракеттер бир кыйла эле жетишсиз болгонунан кабар берип турат. Биринчи кезекте социалдык өнүгүүнү колго алалбай жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына доомат арткың келет. Бирок мисалдарга дагы да кунт коюп карай келсек, ЖӨБ органдары жарандардын социалдык керектөөлөрүн каржылоого алы жетпей турганын, себеби ресурстар чектелүү болгондуктан алар базалык инфраструктураны колдоону жана өнүктүрүүнү – ичүүчү суу жана таштанды чыгаруу өңдүү жергиликтүү маанидеги маанилүү маселелерди араң эптеп жатканын түшүнсө болот. Ошентип “социалдык темага” акча да, убакыт да жетпей калууда. Бул болсо көбүрөөк ЖӨБ органдарына эмес, мамлекетке берилген белги. Себеби мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттер ортосундагы кирешелерди бөлүштүрүү мамлекеттен көз ка- ранды. Демек азыркы кырдаалда, 2017-жылы жергиликтүү бюджеттерге бөлүштүрүлгөн улуттук кирешелер жергиликтүү жамааттардын толук кандуу социалдык өнүгүүсү үчүн жетишсиз болуп жатат. Ал эми алардын социалдык өнүгүүсүнүн деңгээлинен өтө көп нерсе көз каранды – балдардын ден соолугунан жана билим деңгээлинен баштап, социалдык биримдик жана элдин экстремизмге туруктуулугу, биз жашап жаткан мезгилдеги башка чакырыктарга чейин. Ошон үчүн бир ка- раганда кичинекейдей көрүнгөн жергиликтүү демилгенин маселесинин артында мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугунун өлчөнүүсү жатат. Дагы бир нерсе бар. “Муниципалитет” журналынын “Жергиликтүү демилге – 2017” конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн жана байге ээлеринин окуялары жарыяланган ушул атайын чыгарылышында салттуу болуп калгандай мисалдарды демилгелердин предметине жараша түрмөктөргө бөлүүдөн жарым-жартылай баш тартуу тууралуу чечим кабылалынды. Албетте “Мектепте жана мектепке чейин билим берүү үчүн шарттар” жана “Жарандардын ЖӨБго катышуусу” өңдүү предметтик түрмөктөр өзгөрүүсүз калды. Бирок айрым түрмөктөр башкы таасир этүүчү жактын, жергиликтүү демилгелердин генераторунун белгилери боюнча түзүлдү. Мунун эки себеби бар. Биринчиси – улам барган сайын элеттик жамаатта өзгөрүүлөрдүн генераторуна айланган жаштар. Алар жаш курактык өнүгүүгө байланышкан типтүү суроолор үчүн гана эмес, ошону менен бирге дарыялардын жээктерин бекемдөө же көчөлөрдү жарыктандыруу өңдүү “чоңдордун” иши үчүн да өзүнө жоопкерчилик алышууда. Төмөндө жамаат үчүн маанилүү болгон түрдүү маселелер боюнча жаштар көтөрүп чыккан жергиликтүү демилгелердин сегиз мисалы келтирилди. Бул маселелердин ичинде салттуу түрдө спорт жана балдар бар. Бирок жаштар башкарууга инновацияларды киргизе алууга, технологияларды жигердүү колдонууга жөндөмдүү болгонун тастыктаган таптакыр жаңы окуялар да пайда болду. Мисалы, Александровка айылдык аймагында жаштар Вотсап аркылуу коомдук башкаруу түйүнүн түзүү демилгесин көтөрүшкөн; Ивановка айылдык аймагында жаштар зериктирме, бир түрдүү өтүп келген Балдарды коргоо күнүн инновациялык жармаңкеге айландырууну чечишти; Учкун айылдык аймагында жаштар кадимки чөптүн таңгагын социалдык коммуникация жана жамааттарды бириктирүү каражатына айландыра алышты. Жаштардын мындай активдүүлүгү жана инновацияга жакындыгы бул мисалдарды өзүнчө түрмөккө алып чыгууну талап кылды. Өзүнчө түрмөктү пайда кылган экинчи себеп –Байзак айылдык аймагында байкалган жергиликтүү кеңештин активдүүлүгү. Байзак айылдык кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан жергиликтүү өнүгүү маселелерин башкарууга комплекстүү жана жигердүү мамилени көрсөтө алды жана муну жарандар колдоп кетишти. Негизи айрым депутаттардын активдүүлүгүн көрсөткөн мисалдар көп эле кездешет, ал эми жалпы кеңештин активдүүлүгү өңдүү маселе – сейрек көрүнүш. Ошондуктан журналда “Жергиликтүү кеңештер – айылды өнүктүрүүдө лидерлер” деген түрмөк пайда болду. Бул түрмөктө бир гана окуя болгону менен, түрмөктүн аталышында кеңештер деп көптүк санда берилгени кокусунан болгон жок. Бул – билдирүү, калган кеңештерге кулак кагыш, өз айылыңыздын жана жамаатыңыздын өнүгүүсүндө лидер болгула деген чакырык. Мына ошондо жергиликтүү демилге башка чөйрөгө көчөт, балким маданиятка же биз азырынча атүгүл элестете албай жаткан башка нерсеге да көңүл бурат. Бул демек башка артыкчылыктар ордуна келгендиктен бийлик жамааттардын социалдык өнүгүүгө болгон керектөөлөрүн дагы да жакшыраак канааттандыра баштады дегенди билдирет. Башкаруу органдары бир нерсени эстей жүргөнү маанилүү: жергиликтүү демилге – бул мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун өлчөө гана эмес, бул ошондой эле саясатты ишке ашыруунун жана аларды апробациялоонун аспаптарын аныктоодо жүйө болуп берет. Дээрлик ар бир мисал, өзгөчө социалдык чөйрөдөгү демилгелердин мисалдары көрсөткөндөй, жергиликтүү активисттер, жарандык коом уюмдары адатта жамааттардын реалдуу керектөөлөрүн жакшыраак билишет жана мындай керектөөлөрдү канааттандыруу боюнча идеяларды сунуштай алышат. Конкурстун тарыхы көрсөткөндөй, алар жергиликтүү бюджеттарабынан финансылык колдоо чакан болсо да, долбоорлорду мыкты ишке ашыра алышат. Конкурстун уюштуруучуларынын баамында, бул ЖӨБ деңгээлинде социалдык заказ системасын өнүктүрүү зарылчылыгынын тикелей далили болуп эсептелет.

Окшош материалы: