Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында “Жергиликтүү демилге” конкурсунун жеңүүчүлөрүн тандап алуу боюнча конкурстук комиссиянын ЧЕЧИМИ

2017-10-02 / Көңүл чордонунда
Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында “Жергиликтүү демилге” конкурсунун жеңүүчүлөрүн тандап алуу боюнча конкурстук комиссиянын ЧЕЧИМИ

“Жергиликтүү демилге” конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды.

Конкурстук комиссиянын курамы:

• ИСАЛИЕВА В. А. КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММАнын уюштуруу иштери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына методикалык жана маалыматтык колдоо көрсөтүү башкармалыгынын жетекчиси,

• ГАЙБУЛИНА Р. М., “Ачык-айкын бюджет үчүн” Альянсынын директору,

• САБЫР кызы Гүлзада, Өнүгүү демилгелер агенттигинин координатору,

• МУСАЕВА А., Долбоордун өкүлү,

• ИСМАИЛОВ А. К. Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлү, пилоттук аймактардын укуктуу катышуучуларынан түшкөн 64 өтүнмөнүн ар бирин карап чыгып жана баалап, төмөнкүлөрдү

ЧЕЧТИ: “Жергиликтүү демилге” конкурсунун жеңүүчүлөрү деп төмөнкү өтүнмөлөр таанылсын:

• 1-орун – “Балдар – биздин келечегибиз”, өтүнмөнүн ээси Телегей БОСТОНБАЕВА, “Султанмурат” бала бакчасынын башчысы, Кара-Суу айылдык аймагы, Ош облусунун Кара-Суу району, 150 000 сом суммасында байгеге ээ болду.

• 2-орун – “Ички сугат суу үчүн дамбанын курулушу”, өтүнмөнүн ээси Мирбек КАРАБАЛАЕВ айылдык кеңештин депутаты, Учкун айылдык аймагы, Нарын облусунун Нарын району, 100 000 сом суммасында байгеге ээ болду.

• 3-орун – “Жаштардын биримдиги – Александровка айылынын өнүгүүсү жана келечеги”, өтүнмөнүн ээси –Абдулла ШАРИПОВ, Александровка айылдык аймагы, Чүй облусунун Москва району, 70 000 сом суммасында байгеге ээ болду.

Төмөнкү 15 өтүнмөгө 25 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байге берилсин:

• “Спорт – ден соолуктун булагы”, Кызыл-Туу АА, Чүй облусунун Сокулук району;

• “Билим берүү чөйрөсүндөгү шарттарды жакшыртуу”, Ак-Чий АА, Нарын облусунун Ак- Талаа району;

• “Жийде-Булак” бала бакчасы”, Көк-Жар АА, Ош облусунун Ноокат району;

• “Дени сак жаштар – дени сак улут!”, Ак-Башат АА, Чүй облусунун Жайыл району;

• “Үй-бүлө – коом менен бириктирген көпүрө”, Шарк АА, Ош облусунун Кара-Суу району;

• “Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө калкка жардам берүү”, Кара-Суу АА, Нарын облусунун Кочкор району;

• “Большевик айылында бала бакча ачуу демилгеси”, Ак-Жар АА, Ош облусунун Өзгөн району;

• “Балдарды коргоо күнүнө карата жармаңке өткөрүү”, Ивановка АА, Чүй облусунун Ысык- Ата району;

• “Балдар биздин келечегибиз”, Узун-Кыр АА, Чүй облусунун Ысык-Ата району;

• “Бардыгы балдар үчүн”, Кочкорбаев АА, Чүй облусунун Ысык-Ата району,

• “Маданият өнүккөн жерде өсүш болот”, Ак- Муз АА, Нарын облусунун Ат-Башы району;

• “Семиз-Бел АА жаштарынын демилгеси”, Семиз-Бел АА, Нарын облусунун Кочкор району;

• “Айылдагы аялдамалар – калктын коопсуздугу”, Күн-Туу АА, Чүй облусунун Сокулук рай- ону;

• “Асбест трубаларынан көпүрөлөр”, Фрунзе АА, Чүй облусунун Панфилов району;

• ««Телегей плюс» бала бакчасы», Юрьевка АА, Чүй облусунун Ысык-Ата району.__

 

Төмөнкү 7 өтүнмөнү белгилеп, 10 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байге ыйгарылсын:

• ««Абад дала» жамаатынын иш тажрыйбасы», Гүлистан АА, Ош облусунун Ноокат району;

• “Балдардын коопсуздугун камсыздоо – бул биздин милдет”, Бурана АА, Чүй облусунун Чүй району;

• «Ак-Тал айылындагы «Ак-Тал» бала бакчасынын ашканасынын ремонту», Ак-Тал АА, Нарын облусунун Ак-Талаа району;

• “Биз баарыбыз – келечекпиз”, Мирмахмудов АА, Ош облусунун Ноокат району;

• “Жашыл айыл – бул дени сак муун”, Гроздь АА, Чүй облусунун Аламүдүн району;

• “Маданиятты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү”, Кочкор АА, Нарын облусунун Кочкор району;

• “Элеттин өнүгүүсү үчүн айылдык кеңештин таасирин арттыруу”, Байзак АА, Нарын облусунун Жумгал району. Ушул Протоколго бардык тараптар кол койгондон кийин үч күндүн ичинде Долбоордун сайтындагы “Жаңылыктар” бөлүмүндө жана “Муниципалитет” журналында конкурстун жыйынтыктарын жарыялоо Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбооруна тапшырылсын. Жеңүүчүлөргө жазуу түрүндө маалымдоо жана байге фондун колдонуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбооруна тапшырылсын. Конкурстун шарттарына ылайык байгелердин суммасына материалдык-техникалык каражаттарды сатып алуу Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбооруна тапшырылсын.

Комиссия мүчөлөрүнүн кол тамгалары:

Комиссиянын төрайымы:А. Мусаева

Комиссиянын мүчөлөрү:В. А. Исалиева,Р. М. Гайбулина,Сабыр кызы Гүлзада,А.К. Исмаилов

Окшош материалы: