Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаштар ишке киришкенде айылда спорт зал ачылат

2017-10-03 / Көңүл чордонунда
Жаштар ишке киришкенде айылда спорт зал ачылат

Ак-Башат айылдык аймагында жакынкы убакытка чейин жаштардын спорт менен алектенүүсү үчүн шарттар болгон эмес. Окуучуларда дене тарбия сабактарында спорт менен алектенүүгө, окуу жайга караштуу спорттук секцияларга катышууга мүмкүнчүлүгү бар. Алар машыгууларга барып турушат, таймаштарга катышат. Бирок мектепти бүткөндөн кийин мындай мүмкүнчүлүк жоголот, себеби айылда бир дагы спорт зал жок, мектепти аяктагандан кийин дене тарбия жана спорт менен алектенчү жай жок. Жакын деген машыктыруучу зал 15 километр аралыкта – Кара-Балта шаарында гана бар. Мындай аралыкка машине менен жетүү мүмкүнчүлүгү болбогондор короолорунда спорт менен алектенү үчүн колго жасалган материалдардан аянтчаларды жасамыш болушат.

Ак-Башат аймагынын Ново-Николаевка айылында жалпысынан сегиз миң киши жашайт жана айылдык чогулуштарда талкуу маалында бул маселе бир нече жолу артыкчылыктуу катары табылган. Бирок жаштар билек түрө киришкенге чейин бул көйгөй ордунан козголгон да эмес. Биринчи кезекте комитет уюштурушуп, ага Жайыл Баатырдын ысымын ыйгарышты. Комитеттин ишинин биринчи пункту спорт залды уюштуруу болуп калды. Көлөмү жагынан туура келген – 6х20 метр болгон имарат табылды. Ошол маалда имараттын абалы өтө начар эле – дубалдар гана турган, шып да, чатыры да жок болчу. Бирок башка варианттар табылбагандыктан балдар үч жылдын ичинде өз каражаттарынын эсебинен чатырды жаап, шыпты штукатуркалап, полду жаап, жуунучу бөлмөгө тосмо орнотуп, суу түтүгү үчүн скважина өткөрүп, колонка орнотушту. Мамлекеттик органдар менен талаш-тартыш болбосун деп, имаратты турак жайдан турак эмес жайга өзгөртүштү. Андан соң калган жумуштарга каражат чогултуу максатында марафон уюштуруп, аны жергиликтүү калк арасында өткөрүштү. Бул ишчарага айылдын дээрлик бардык тургундары, Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы, Жайыл районунун акиминин орун басары, жергиликтүү кеңештин депутаттары катышты. Натыйжада 24 000 сом чогултушуп, бул акчага эшикке жана терезелерге темир тор орнотуп, имараттын ичинде жеңил ремонт жасашты – дубалдарды актап, бардык жыгачтын беттерин сырдап чыгышты.

Зарыл болгон спорттук жабдууларды сатып алуу үчүн жаштар комитетинин мүчөлөрү Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаттарына кайрылышты. Депутаттар жергиликтүү бюджеттен 540 миң сом бөлүп беришти. Ошентип өткөн жылы спорт залында көп функционалдуу машыктыргычтар, штангалар, гантелдер, мушкерлер үчүн соккучтар жана мээлейлер, күрөшүү үчүн килемдер, веломашыктыргычтар пайда болду. Бүгүнкү күндө элеттик жаштар бокс, күрөш, оор атлетика, бодибилдинг менен алектенет. Мындан тышкары чакан спорт зал курдаштар үчүн да, улуу муундун өкүлдөрү үчүн да баарлашуучу жайга айланды. Айыл көп улуттуу болуп саналат, бул жерде түрдүү элдердин жана маданияттардын өкүлдөрү ынтымактуу жашап келишет. Жалпы спорттук кызыкчылыктар элеттиктер ортосундагы жакшы ма- милелерди бекемдейт деген ишеним бар. Ошентсе да жаштар демилгесинин негизги жый- ынтыгы – бул жаштардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүнү уюштуруу, сергек жашоо образына үйрөтүү болду. Көптөгөн балдар тамекини таштап, спирт ичимдиктерине жолобой калышты. Дени сак болуу модага айланды. Дени сак жаштар – бул дени сак муун жана алардын балдарынын ден соолугу да бекем болот, бул демек коом да сергек болот дегенди билдирет. Анткени машыктыруучу залда үзгүлтүксүз машыгуулар адамды оор жүккө чыдамдуу кылат, муну менен калктын эмгекке жарамдуулугу артат, бул болсо кайсы бир деңгээлде биздин аймактын экономикалык өсүшүнө да көмөктөшөт. Учурда спорт залга 16 жаштан 35 жашка чейин жаштар (100гө жакын адам), алардын үй-бүлө мүчөлөрү – аялдары, ата-энелери, балдары үзгүлтүксүз келип турушат. Башкача айтканда, дээрлик миңге жакын элеттик дене тарбиясы жанаспорт менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк алышты.Тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү белгилегендей, айылда укук бузуулар да дээрлик токтоп калды. Себеби жаштар бош убактысын пайдалуу өткөргөндү үйрөнүп алышты, ал эми спорт жарандык жоопкерчилик сезимин күчөттү. Ново-Николаевканын жаштары көтөрүлгөн демилге жана спорт залын уюштуруу боюнча жасалган иштер үчүн жаштар комитетинин активисттерине бир нече жолу ыраазычылыгын билдиришти. Активисттер муну менен кайсы бир көйгөйдү чечүү үчүн кимдир бирөөдөн жардам күтпөстөн, жоопкерчиликти өз мойнуна алса, ар бир маселени чечсе болоорун далилдей алышты.

Бирок бардык көйгөйлөр чечилген жери жок. Азыр жылуулук системасын орнотууга каражатты багыттоо зарыл. Себеби залда жылуулук болбогондуктан кыш маалында бул жерде машыгуулар токтойт. Мындан тышкары жуунучу жай да жок, ал эми бул болсо гигиенанын талаптарына каршы келет, себеби машыккандан кийин ар бир адам чайканып алышы керек.

Узак мөөнөттүү пландарда – тегерек четтеги аймакты көрктөндүрүү, таманташ төшөп, имараттын алдында бастырма орнотуу.

Атыркуль ДЖУМАБАЕВА,

Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

Окшош материалы: