Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаштар активисттерди бириктирип, коомдук башкаруу системасын түзүштү

2017-10-04 / Көңүл чордонунда
Жаштар активисттерди бириктирип, коомдук башкаруу системасын түзүштү

Өткөн жылдын этегинде Александровка айылдык аймагынын территориясында түрдүү жаш курактагы топтордун (18-35 жаш; 26-55 жаш; 56 жаштагылар жана андан улуулар) жана өзүнчө аялдар тобунун катышуусу менен төрт ЖМБА-сессиясы өткөрүлдү. Адамдар аймактын үч айылындагы жашоону талкуулашып, эң курч көйгөйлөрдү аныктап чыгышты. Бул жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча Александровка айылдык кеңешинин токтому чыгып, ага ылайык “2017-жылга жергиликтүү жамааттын жана ЖӨБ органдарынын Биргелешкен аракеттер планы” бекитилди.

Мындан тышкары ушул эле токтом менен көчөлөргө гравий төгүп, түнкүсүн жарыктандыруу, сугат тарамдарын оңдоо, мектепте жана мектепке чейин билим берүү ж.б. маселелерди чечүүгө каражат бөлүү каралды. ЖМБА-иш-чараларына айылдын жаштары өтө жигердүү катышканын белгилейкетүү керек. Алар өз айылдарындагы бардык иштерде демилгечилердин функциясын өздөрүнө алууну чечишти. Бирок алардын баарын жергиликтүү лидер, жакынкы убакытка чейин жергиликтүү кеңештин депутаты болгон Абдулла ШАРИПОВ бириктирди. Ал аймактын ичиндеги бардык иш-чараларга катышып, жамааттын көйгөйлөрүнөн кабардар болчу. Анткени ошол көйгөйлөрдү чечүү үчүн бир нече жолу демилге көтөрүп чыккан. Үстүбүздөгү жылдын 23-июлунда Александровка айылындагы стадиондо ал жаштар чогулушун өткөрүп, ага 250гө жакын адам катышкан. Алардын ичинде жергиликтүү кеңештин беш депутаты жана аймактагы жаштар комитетинин төрагасы Керим ИСМАЕВ да болду. Чогулушта кайрадан айылдын көйгөйлөрү көтөрүлүп, анын ичинде улууларга урмат, коомдо этикалык нормаларды сактоо, айылдын санитардык абалы жана аны сырткы көрүнүшү тууралуу сөз болду. Көптөр аймактагы улуттар аралык мамилелер, кошуна жашаган башка улуттардын жана элдин маданиятына, турмуш тиричилигине, салттары менен адаттарына сый мамиле жасоо, укук тартиби тууралуу көп сөз болду. Чогулушта Александровка айылындагы 38 көчөнүн ар бирине жооптуу жаштар лидерлерин дайындоо тууралуу чечим кабыл алынды. Бул лидерлердин милдетине аймакта жашаган калган жаштар менен өз ара аракеттенүү кирди. Бул чечимди катышуучулар бир добуштан колдоп беришти. Андан соң ар бир элеттик көчөдө өздөрүнүн чакан чогулуштары өтүп, анда жашоочулар эки жооп-туу адамдан тандап алышты. Ошентип 76 кишиден турган лидерлер түзүлүп, айылдын күчтүү “чынжырына” айланышты. Бул өтө олуттуу, жооптуу адамдар, алар жердештери менен иш алып барганды, өз айылынын көйгөйлөрүн беш колундай билишет, көйгөйлөрдү чечүүгө жана жалпысынан аймактын өнүгүүсүнө карата өз көз караштары бар. Александровка айылынын старостасы Абдулла ШАРИПОВ WhatsApp аркылуу ушул 76 лидер үчүн коммуникациялык топту түздү. Алар болсо өз кезегинде ушундай эле коммуникацияны өз көчөлөрүнүн жашоочулары үчүн түзүштү. Бул болсо ар бир адамды өзүнчө жана зарыл болгондо баарын ыкчам кабарландырууга жол ачты. Мындан тышкары мобилдик коммуникациянын мындай түрү айылдын жашоосу жана ЖӨБ органдары кабыл алган чечимдер тууралуу маалыматты жайылтуунун өтө популярдуу ыкмасына айланды. Бул болсо айылдын старостасынын ишин да жеңилдетти –бардык маалыматтар өзүнө да келип турду, ошону менен бирге карамагындагы аймакта болуп жаткан окуялардын чордонунда да болууга жардам берди.

Жаш лидерлердин арасында түрдүү кесип ээлери болду – айдоочулар, курулушчулар, мирабдар, грейдерчилер, трактор айдоочулары, педагогдор, юристтер, милиция кызматкерлери, депутаттар, электрчилер, маданият кызматкерлери, спортчулар... Бул болсо ар кандай көйгөйлөрдү ыкчам жана кесипкөйлүк менен чечүүгө жол берди. Алардын ар бири өз участогун өтө дыкат изилдеп чыгышты: эми алар өз көчөлөрүндө канча үй-бүлө жашай турганын, алардын ичинде канча кары адам, аялдар жана балдар болгонун; алардын ар биринин материалдык абалын; эмгекке жарамдуу жашоочулар кайсы жерде иштей турганын билип калышты. Ошентип алар бардык аз камсыздалган жана майыптар бар болгон үй-бүлөлөрдү каттоого алышты. Жаштар аксакалдарды эмнелер тынчсыздандырарын, окуучулар келечекке кандай пландарды куруп жатышканын билишет.

Албетте активисттер айылдын көйгөйлөрүн ийне-жибине чейин өтө жакшы изилдеп чыгышты. Мындан улам ошол көйгөйлөрдү чечүүдө демилгечи болуп чыгышты. Бүгүнкү күндө Александровкадагы 25 көчөгө гравий төгүү иштери жасалды. Бардык жерде жарык берилип, таштанды жыйноо жана чыгаруу иши жөнгө салынып, сугат тарамы тазаланды. Курман айтта аз камсыздалган үй бүлөлөр азык-түлүк, кийим-кече, бут кийимдер менен камсыздалды. Мындан тышкары балдар материалдык эмес мүнөздөгү жардам көрсөтүүгө аракет жасашууда: 14 үй-бүлөгө юридикалык консультациялар берилди, жесир аял жана анын эки баласы ортосундагы чатакка кийлигишип, натыйжада алар элдешти. Өспүрүмдөр менен көп иштер жасалууда, аларды камкордукка алышып, бейбаштыктан корткалап, жолунан адашкандарды колго алышты. Лидерлердин демилгеси боюнча мектептин алдындагы жолду кесип өтчү жерге жана Бишкек – Ош борбордук трассасынын бөлүгүнө коюлган белгилер жаңыланды: жергиликтүү ДЭУнун кызматкерлери лидерлердин өтүнүчүнө ыкчам реакция жасап, бул иштерди бир күндө бүтүрүштү. Кечкисин бардык көчөлөрдү ыктыярчылар көзөмөлгө алып, укук бузуу аракеттерин болтурушпайт. Натыйжада, элеттиктердин баамында, аймак тынч жана коопсуз болуп калды. Жашоочулар күн тартибине коюлган ар бир маселени чечүүгө жигердүү катышат. Алардын ынтымагы күн сайын күчөп баратат. Финансы жагын ала турган болсок, бул да лидерлердин көзөмөлүндө турган маселе. Баса, айылды санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча иштерге бир жарым миллион сом сарпталды. Элеттиктердин бул иштерге эмгек салымы да ушундай эле суммага бааланды. Колу жукаларга азык-түлүк жардам 87 000 сомду, кийим-кече жана бут кийим 10 000 сомду түздү. БМжБ тобунун мүчөлөрү бардык жумуштарды сүрөткө жана видеого тартып алышат, аларды интернетке жана Александровка айылдык аймагынын бардык үч айылындагы маалымат такталарына жайгаштырышат. Жаштар топторунун тажрыйбасы анын кошуналарын абдан кызыктырып, Крупское, Беш-Корук айылынын активисттери да бул тажрыйбаны өздөштүрүп, өздөрүндө колдонууга даярданып жатышат. Мындан ары александровкалык жаштардын планында айылды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү, анын ичинде таштанды контейнерлерин сатып алуу турат.

ШАРИПОВ Абдулла,

Александровка айылынын старостасы

Окшош материалы: