Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Балдарды коргоо күнүн формалдуу майрамдоонун ордуна инновациялык жарманке

2017-10-05 / Көңүл чордонунда
Балдарды коргоо күнүн формалдуу майрамдоонун ордуна инновациялык жарманке

Ысык-Ата районунун Ивановка айылында 10 миңден ашуун адам жашайт, алардын ичинен үч миңи – балдар. Айыл Бишкек шаарынан 40 км аралыкта жайгашкан. Дээрлик ар бир үй-бүлөдө мектепке чейинки жана мектеп курагындагы бал- дар бар. Бул балдардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүнү эч ким уюштурган эмес. Атүгүл Балдарды коргоо күнүндө салттуу иш-чаралар формалдуу түрдө өткөрүлөт, мында балдардын кызыкчылыктары жана кандайдыр бир реалдуу пайда эске алынбайт.

Бул күнү ЖӨБ дайыма жасаган жалгыз иши – балдарга балмуздак алып берүү үчүн каражат бөлүп, мектептердин жамааттарын майрамды уюштуруп, өткөрүүгө милдеттендирген. Бул ишчарага жасалган формалдуу мамиле балдарда да, улууларда да эч кандай энтузиазмды пайда кылчу эмес, бул күн зериктирме жана кызыксыз өтчү. Акыр аягында бул көрүнүштөн баары жадап бүтүп, Балдар күнү кайрымдуулук жармаңкесин өткөрүүнү чечкен активисттер тобу пайда болду. Мында бир нече максатты көздөштү. Биринчи кезекте балдар жана алардын ата-энелери үчүн адаттан тышкары, кызыктуу, маданий, өнүктүрүүчү иш-чараларды уюштуруу керек болчу. Ошондой эле балдар бош убактысын пайдалуу өткөрүүнү уюштуруу үчүн акча чогултуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Алгачкы жармаңке 2015-жылдын 1-июнунда өттү. Ошондон бери ал салтка айланды. Эми бул иш-чараны айылдын активисттери Ивановка айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана ФЛЭКС эл аралык алмашуу программасынын бүтүрүүчүлөрү менен тыгыз кызматташтыкта өткөрүп келишет. Албетте бул иш-чаранын алдында өтө кылдат жана бир кыйла узакка созулган даярдык көрүлдү. Биринчи кезекте мындай жармаңке тууралуу элеттиктердин пикирин билиш керек болду. Бул үчүн ар бир короону кыдырып чыгышып, сурамжылоо жүргүзүп, анкета толтурушту. Элеттиктер мындай демилгеге көз караштары түз болгону аныкталгандан кийин аларга чарбасында болгон керексиз, бирок жаңы буюмдар менен товарларды берүү, жармаңкени өткөрүү үчүн таттуу тамак-аш жана башка кондитердик азыктарды жасап берүү өтүнүчү келтирилди. Маданий программа түзүлүп, оюндар жана көңүл ачуу үчүн кече уюштурулду. Жалгыз жана өтө жөнөкөй шарт коюлду: оюнга катышуу үчүн, жагып калган товарды сатып алуу же кызмат көрсөтүүнү колдонуу үчүн баасы он сомдук билет сатып алыш керек эле.

“Сайрон” жана “Фрэндазия” бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, ФЛЭКС эл аралык алмашуу программасынын бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле Ивановка айылынын жогорку классынын окуучуларынан жана айылдын кайдыгер эмес жашоочуларынан турган 80ге жакын ыктыярчы бир күн бою балдардын көңүл ачып турушту. Кайрымдуулук жармаңкеси элеттиктерге жана алардын балдарына бул майрамды кызыктуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүн берди. Билим берүүчү көргөзмөлөрү жана жармаңкелери, конкурстар жана викториналар, мастер-класстар жана концерттер менен жети интерактивдүү аянтчага бөлүнгөн бул иш-чарага катышуу менен ар бир адам өзү үчүн кызыктуу жана пайдалуу нерселерди таба алды. Жармаңкеде жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү акысыз да, акынын негизинде да көрсөтүлгөн кызматтардын кеңири өңүтү менен таанышуу мүмкүн болду. Элеттиктер өздөрү жана балдары үчүн жаңы көңүл ача турган иш-чараларды таба алышты, жагып калган буюмду сатып алышты, уюштуруучулар жана катышуучулар берген бир топ пайдалуу маалыматты алып, ошондой эле атайын аянтчаларда көңүл ачуучу программалардын жардамы менен жөн эле эс алып кетишти. Иш-чаранын соңунда баалуу байгелер менен лотерея ойнотулду. 20 бактылуу адам кеңсе буюмдарынын топтомун алса, калгандары таттуу жана оюнчуктар түрүндө сооротуучу байгелерди алышты. 2015-жылдагы кайрымдуулук жармаңкеге 500гө жакын адам катышып, 27 000 сом чогулган. Бул акча балдар үчүн волейбол аянтчасын жабдууга багытталды. 2016-жылы катышуучулардын саны дээрлик эки эсе өсүп, 35 000 сом акча түштү. Бул каражат балдар борборуна караштуу аянтчаны көрктөндүрүүгө жумшалды. Иш-чаранын жыйынтыгын баалоо менен, бул жылы жармаңкени даярдоого жана катышууга ЖӨБ органдары жигердүү кошулушту, бардык мүмкүн болгон ресурстарды активдештиришти. Натыйжада жармаңке буга чейин болуп көрбөгөндөй масштабдуу өттү. Ага 2000ге жакын киши катышып, бул жолу 40 000 сомдон ашык акча чогултуу мүмкүн болду, бул акча сейил бакты көрктөндүрүүгө жумшалды. Балдарды коргоо күнүндө жармаңкени өткөрүү оюнча үч жылдан бери топтолгон тажрыйба көрсөткөндөй, айыл жашоочулары менен жергиликтүү башкаруу органдарынын кызматкерлери биригишти, алардын ортосунда ишенимдүү, дээрлик достук мамиле түзүлдү. Мындан тышкары жамааттын ички көйгөйлөрүн чечүү үчүн – кандайдыр бир деңгээлде балдардын бош убактысын уюштурууга жана айылды көрктөндүрүүгө байланышкан маселелерге каражат табуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Дагы бир маанилүү жагы – адамдар айылдын алкагында мындай ири масштабдагы иш-чараларды өткөрүү үчүн демөөрчүлөрдү издегенди үйрөнүштү. Мында “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында өткөрүлгөн тренингдерге катышуу да ролду ойноду. Көйгөйлөрдү биргелешип чечүү үчүн ЖӨБ органдары менен кызматташуу зарыл экени белгилүү болду. Ошондуктан 2017-жылдагы жармаңке ушундай масштабдуу болду. Эгерде биз конкурста жеңүүчү деп табылсак, анда байге фондунун каражаттарын музыкалык аппаратураны, колонкаларды, үн күчөткүчтөрдү жана коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн башка түрдүү гаджеттерди сатып алууга багыттайбыз. Мындай техниканы сатып алуу менен, анын ичинде жылдык кайрымдуулук жармаңкени өткөрүү сапаты дагы бир кыйла жакшырмак. Аппаратураны “Бөбөк” бала бакчасынын балансына өткөрүү пландалууда. Бул бакчага 150гө жакын бала барат. Аппаратура жаңы йиримдерди ачуу үчүн пайдалуу болмок. Ошондо балдар бий, ыр, сүрөт тартуу менен алектене алышат.

БИЯЛЫ кызы БЕРМЕТ,

Ивановка ААнын активисти

Окшош материалы: