Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Ынтымак” балдардын маданий өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүдө

2017-10-06 / Көңүл чордонунда
“Ынтымак” балдардын маданий өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүдө

Нарын облусунун Кочкор айылдык аймагындагы Исакеев айылында Айзада ЖАКШЫЛЫКОВАнын жетекчилиги алдында “Ынтымак” демилгелүү тобу узак убакыттан бери иш алып барууда. Ага калктын түрдүү катмарларынын өкүлдөрү – жаштар, орто курактагы адамдар, аялдар, эркектер – баары болуп 15 адам кирет. Бул адамдар өз айылынын жашоосуна кайдыгер эмес, алар туруктуу түрдө көчөлөрдү кыдырып, элеттеги өзгөчө курч көйгөйлөрдү аныктап, жамааттын тигил же бул тапшырмаларын чечүүгө көмөктөшүү үчүн калктын атынан айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңешке кайрылып турушат. Эрежеге ылайык, алардын аракеттери жыйынтык берүүдө.

Айталы, “Ынтымактын” мүчөлөрүнүн жардамы менен көчөлөрдү түнкүсүн жарыктандырууга жана айылдагы ички жолдорго майда кум жана топурак төгүүгө жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом бөлүнүп берилди. Короолорду кыдырган маалда демилгелүү топтун мүчөлөрү айылда таланттуу балдар өтө көп экенин, бирок секциялар жана ийримдер болбогондуктан өзүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгү да жок экенин байкашты. Бул көйгөйдү дыкат изилдеп чыгып,биринчи кезекте чечилиши керек болгон бөлүмгө киргизиш керектиги анык болду. Себеби бул маселени чечүүдөн көптөгөн таланттуу балдардын келечеги көз каранды. Анткени алар – биздин келечегибиз жана алар тарбиялуу, билимдүү, маданияттуу болушу керек. Эгерде биз бий ийриминин, комуз черткенди үйрөтүү боюнча секциянын ишин жөнгө салып, шахмат, шашка, тогуз коргоол класстарын ача алсак, балдардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүнү уюштуруу тапшырмасын аткаргандан тышкары, таланты бар балдар Искусство институтунда же М.Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайында, борбор калаадагы башка жогорку окуу жайларда өз мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүп, ишке ашырып, маданий деңгээлин жогорулата алышмак. Биринчи кезекте элеттик клубду ирээтке келтириш керек болчу. Себеби бул клубда секциялык-ийрим иштерин уюштуруу мүмкүн эле. “Ынтымактын” активисттери Кочкор айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен клубдун ремонтуна жана жылуулук системасын орнотууга 600 000 сом бөлдүртө алышты. Мындан тышкары 150 000 сом колонкаларды жанаүн күчөткүчтөрдү сатып алууга бөлүндү. Жумуштар сапаттуу жана өз убагында аткарылды. Мына эми үч жылдан бери айылда Г. ШАХМСАТОВА жетектеген бий ийрими иштеп келатат. Жергиликтүү мектептин окуучу кыздарынын арасынан жөндөмдүү балдарды тандап алышат, алардын тизмеси да түзүлдү, сабактар ырааттама боюнча гана өткөрүлөт. Калган ий- римдер жана секциялар азырынча ачыла элек, бирок биз бул жакын арада ишке ашат деп ишенебиз. Өткөн жылы биз “АДК менен ЖӨБдүн өнөктөштүгү: жергиликтүү өнүгүүнү пландоо” конкурсуна катышып, бир проектор, алыстан башкарылуучу эки микрофон утуп алганбыз. Бул техниканы слайд-шоу аркылуу калк алдында ийримдин катышуучуларынын жетишкендиктерин көрсөткөн учурда колдонобуз. Айылда концерттер, шахмат, шашка, тогуз коргоол боюнча спорт таймаштары көбүрөөк өткөрүлүп калды. Баары ыраазы – улуулар да, балдар да.

Мындан тышкары “Ынтымак” демилгелүү тобунун мүчөлөрү калкты бюджеттик угууларга тартуу үчүн бир топ аракеттерди көрүштү. Эми адамдар жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн мурдагыдан да жакшы түшүнүп калышты,беренелерди жигердүү талкуулашат, өз сунуштарын берип турушат, ал эми кеңеш бюджетти бе- китээр алдында ошол сунуштарды эске алат. Дагы бир тенденция пайда болду: айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жылына эки жолу жергиликтүү калкка отчет берип турат, алардан даттанууларды-сунуштарды кабыл алат жана аларды аткаруу боюнча иштерди жүргүзүп келет. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө калктын активдүүлүгү жогорулады. Адамдар жергиликтүү көйгөйлөрдү биргелешип аныктоо боюнча кеңештин сессияларына жигердүү катышат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жетекчилиги менен биргелешкен кеңешмелер өткөрүлүп турат, анда тигил же бул долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү, демилгелерге талдоо жүргүзүү боюнча активисттердин кайрылууларын угушат. Учурдагы пландары жана ишиндеги артыкчылыктуу багыттары тууралуу элеттиктерди маалымдоо жаатында да “Ынтымактын” активисттери чоң иштерди жасашууда. Эрежеге ылайык, бул жеке жолугушуулар жана короо короону кыдырган учурдагы талкуулар формасында өтөт. Топтун активисттери алардын бардык иштеринколдоп келген акимдин социалдык маселелер боюнча орун басары Э.САДЫКОВА, Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.ИСРАИЛОВ, айыл башчысы М.ТАЛАСОВ менен дайыма байланышта болушат. “Менин беш неберем бар. Алардын бири бийлегенди жакшы көрөт, экинчиси комузда жакшы ойнойт. Бизде жакын арада жаш комузчулар үчүн ийрим ачылып калат деп абдан үмтөтүп турабыз. Анткени балдарды Кочкор районунун борборундагы музыкалык мектепке алып барып туруу өтө эле оор”, - деп айтты пенсионер Болду ТОКТОСУНОВА. “Биздин мектепте таланттуу балдар абдан көп, бирок алар үчүн ийримдерди уюштуруу үчүн мүмкүнчүлүк да, шарттар да жок. Менимче, эгерде биздин айылыбыз конкурстан жеңип алса, абдан эле жакшы болмок. Клубда ийрим ачып, балдар жакшы көргөн иши менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк алышмак”, - деди мектептин жетекчиси Динара ОСМОНАЛИЕВА. Эгерде “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун конкурсунун жыйынтыгы боюнча биз жеңүүчү деп табыла турган болсок, бул бизге клубдун ишин жакшыртуу жана анда ийримдин ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдууларды сатып алууга жардам берет. Бизге булар керек болуп турат: Yamaha PSR-R 200 синтезатору (39000 сом); Panasonic HCX920 видеокамерасы (30000 сом); төрт стол (12000 сом); он отургуч (10000 сом); кийим үчүн шкаф (8000 сом); күзгү (5000); алты комуз (21000 сом); кыздар үчүн 44-46-көлөмдөгү сегиз улуттук кийим (16000 сом); кыздар үчүн 36 38-көлөмдөгү тогуз улуттук кийим (9000 сом). Эмеректи долбоордун алкагында сатып алып, айыл өкмөттүн балансына беребиз. Шахмат, шашка жана башка инвентарды жергиликтүү админи- страциянын каражатына сатып алабыз. Биз бий секциясынан тышкары комуз черткенди үйрөткөн ийрим да ача алабыз деп үмтөтүп турабыз. Айылыбыздын тургундарынын бири ЖАНАРБЕК Кадырбек уулу Күренкеев атындагы музыкалык окуу жайдын комуз бөлүмүн бүтүргөн. Эгерде биз ага комуз сатып берсек, ал балдарыбызга сабак өткөнгө даяр болуп турат. Ошондуктан эгерде конкурстан жеңүүчү болсок, сөзсүз бул аспапты сатып беребиз. Биз комузчулардын ансамблин түзүүнү кыялданабыз. Бул ансамбль элеттиктердин бардык майрамдык иш-чараларына катышып, өз чыгармачылыгы менен элдин көңүлүн ачып турмак.

Жумагүл КУРМАНБАЕВА,

Исакеев айылдык ден соолук комитетинин төрайымы

Окшош материалы: