Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айылдагы коомдук транспорт үчүн аялдамалар –адамдар үчүн камкордук

2017-10-07 / Көңүл чордонунда
Айылдагы коомдук транспорт үчүн аялдамалар –адамдар үчүн камкордук

Күн-Туу айылдык аймагы Чүй облусунун Сокулук районунда орун алган. Муниципалитет жалпы аянты 7217 чарчы метр болгон беш айылдан турат, мында 1655 үй кожолугу бар.

Аймак борбор калаадан 20 километр жана район борбору Сокулук айылынан 25 километр аралыкта жайгашкан. Муниципалдык менчикте 11 объект бар. Айылдык аймактын чегинде 7 071 адам жашайт. Алардын арасында кыргыздар, өзбектер, орустар, татарлар, украиндер, уйгурлар жана башка улуттун өкүлдөрү бар. Булардын 60 пайызы Күн-Туу айылында жашашат. 2015-жылдан бери Күн-Туу АА Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору менен кызматташып келатат. 2016-жылы аймак “Айылдар үчүн аялдамалар – адамдарга камкордук” конкурсуна катышкан. Мында элеттин 36 тургуну Күн-Туу жана Чоң-Жар айылдарындагы беш автобус аялдамасын орното алышты. Бирок көйгөйдү жалпысынан чечүүгө мүмкүн болгон жок. Себеби аймактын бири биринен бир топ эле алыс аралыкта жайгашкан калган үч айылында жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жана кадыресе ыңгайлуулугун камсыздоо үчүн транспорттун аялдамасы үчүн орундарды жабдуу талап кылынды. Анткени адамдар транспортту ар кандай аба ырайында узакка күтүп калышчу. Калк арасында кары адамдар, кош бойлуу аялдар, оорулуу балдар бар. Мындан тышкары туш келди токтогон транспорт авариялык кырдаалдарды да жаратып жатты. Бул көйгөйдү жаштар ЖМБА-сессияларында жана айылдык чогулуштарда бир нече жолу көтөргөнү менен, башка курч жана актуалдуу ма-селелердин катарында көз жаздымдакалып келди. Бул тема канчалык маанилүү болгонун жана Күн- Туу АА дотацияда тургандыктан аны жергиликтүү администрациянын күчү менен чечүү канчалык оор бо гонун түшүнүү менен, 27 жаштагы жаштардын лидери Адилет КАНЫМБЕКОВ демилгени өз колуна алды. Ал айылдагы жаштарды чогулушка чакырып, Малая Шалта айылында аялдаманы өз күчү менен курууну сунуштады. Мында Күн-Туу жана Чоң-Жар айылда рындагы жаштар демилгеси аларга дем берди. Бул сунуш бир добуштан колдоого ээ болду, бирок каржылоого байланыштуу маселе чыкты – бул ишке акчалай салым кошууга баарында эле мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ошондуктан жергиликтүү кеңештин депутаттары Адилет КАНЫМБЕКОВ жана Нурдин ШАКУЛУЕВ өз каражаттарынын эсебинен долбоорго жардам берүүнү чечишти, ал эми калган элеттиктер ага эмгек салымын кошмой болушту.

Ошентип курулуш материалдары сатып алынды, айрымдары тирөөч үчүн чуңкур казып, тегерек четин тегиздеп чыкса, дагы бирөө өзүнүн тракторун иштетти. Аялдар болсо курулуштун катышуучуларына кезектешип ысык тамак даярдап берип турушту. Ошентип айыл тургундары жапа тырмак болуп бир айдын ичинде бардык пландалган иштерди бүтүрүп, Малая Шалта айылында жети жаңы аялдама пайда болду. Бул аялдамаларды бүгүнкү күндө айылдын 828 тургуну жана кошуна Күн-Туу жана Чоң-Жар айылдарынын 986 жашоочусу, мындан тышкары бул жакка ар кайсы жерлерден келген миңден ашуун адам колдонууда. Баса, эгерде былтыр аялдамаларды белгилөө үчүн металлдан конструкцияны орнотуу менен гана чектелишсе, азыр болсо чыгармачыл мамиле жасашты: ар бир аялдамага “Манас” эпосунан үзүндүлөр жазылган баннерлер орнотулду: “Калкым кыргыз сен үчүн курман болуп кетейин”, “Акийилет – бирок сынбайт”, “Ат мүдүрүлбөй жер тааныбайт, эр мүдүрүлбөй эл тааныбайт”. Мындай баннерлер жарандарга кайрылууну да камтыйт: “Урматтуу жашоочулар, коомдук транспорт аялдамаларга гана токтойт!”. Транспортту туш келди жерге токтотуп, муну менен жол кырсыктарына шарт түзбөш үчүн адамдарды бир жерге чогулууга көндүрүү максатында бул жазуу зарыл эле. Бул демилге “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун жардамы менен ишке ашты. Анткени дал ушул долбоордун келиши менен жергиликтүү жаштар аймактын түрдүү көйгөйлөрүн чечүүгө активдүү катыша баштады. Болгондо да бир айылдын жаштарынын ийгилиги башкаларды да шыктандырып турду: алар курдаштарынан артта калбай, жашоо шарттарын өз күчү менен жакшыртууга жан үрөп калышты. Эми бардык айылдык аймактын балдары баары өз колунда болгонун, кайдыгер эмес, жигердүү болуш керектигин, жоопкерчиликти алуудан коркпош керектигин, айылда акыркы он жылдан бери чечилбей келаткан көйгөйлөрдү жалпы аракеттер менен чечсе болоорун жакшы түшүнүп калышты. Чыгашалардын жалпы суммасы 140 000 сомду түздү. Алардын ичинен 110 000 сомду айылдык кеңештин депутаты, долбоордун демилгечиси Адилет КАНЫМБЕКОВ, 10 000 сомду демилгенин өнөктөшү, айылдык кеңештин депутаты Нурдин ШАКУЛУЕВ берсе, жергиликтүү жаштардын арасынан 12 адамдын эмгек салымы 20 000 сомго бааланды. “Айылда өнүгүү байкалып, инфраструктура оңолуп, көчөлөрдүн, үйлөрдүн, жолдордун тышкы көрүнүшү жагымдуу боло баштаганын көрүп кубанабыз. Бирок эң негизгиси – бул аялдамалардын жардамы менен адамдар ыңгайлуулукту жана жайлуулукту сезишти. Мурда жаан-чачындан, күндөн жана кардан качып, бак-дарактын алдында баш калкалаган адамдарды көрүп боорум ооручу. Жаштар демилгечил, көйгөйлөрдү өз алдынча аныктап, аларды чечүүгө жөндөмдүү болгону абдан жакшы. Карылар да жыралып, бири-бири менен баарлашат. Биздин айылда дагы көп нерсени жасаш керек.

Мисалы, эстеликтин тегерегин жашылдандырып, эс алуу үчүн гүл бакча жасаш керек. Бул көйгөйдү чечип бергиле деп биз сөзсүз түрдө жаштарга кайрылабыз. Анткени алар – айылдагы негизги күч. Аймак боюнча сугат тарамын тазалап чыгууну пландап жатабыз – мында да биздин жигердүү жаштарыбызды тартабыз”, - деп айтты Чоң-Жардын айыл башчысы Акылбек КЕНЕНБАЕВ. “Айылдын жаштары Вотсапта топ ачышты, ага бүгүнкү күндө 32 адам кирет. Бул балдарга тез-тез чогулуп, айылдын көйгөйлөрүн талкуулап, коомдук- иш-чараларга, мисалы, ишембиликтерге жигердүү катышууга жардам берет. Жакында эле тоолордо өрт чыккан, биз ыкчам реакция жасап, тоонун боорун жана көп жылдык чөп чабымдарын сактап калдык. Ошондой эле тогуз жерде жөн эле агып жаткан ичүүчү сууну токтото алышты: бул грант боюнча утуп алган заманбап байланыш каражаттары жана атайын техниканын арты менен мүмкүн болду”, – деп айтып берди айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Эдита ТАЙГАРАЕВА. Байге фондунун каражатына биз Чоң-Жар айылындагы Болоталы Темирбеков атындагы көчөнү түнкүсүн жарыктандырууну пландап жатабыз. Бул үчүн он бетон устундарын орнотуп, ток өткөрүп, 10 чыракты кошуш керек. Азыр бул көчөдө эски жыгачтан чириген устундар турат, электр линиялары үзүлгөн, көчөдө жарык болбогондуктан түнкүсүн уурулук да көп болот – жеке буюмдардан баштап короодогу малга чейин уурдап кетишүүдө. Бул көйгөй бүгүнкү күндө абдан актуалдуу жана чукул чечим кабыл алууну талап кылып жатат. Адамдар зарыл болгон учурда колдон келишинче акча чогултууга жана өз алдынча устундарды орнотууга даяр болуп турушат.

КАНЫМБЕКОВ Адилет,

айылдык кеңештин депутаты

Окшош материалы: