Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Эски клубдун ордуна жаңы спорт комплекси

2017-10-08 / Көңүл чордонунда
Эски клубдун ордуна жаңы спорт комплекси

2016-жылы Кызыл-Туу айылдык аймагынын Исмаил айылында жаңы спорт зал курулуп, колдонууга берилген. Бул айылдын жаштарын сергек жашоого тартуу, бош убактысын пайдалуу өткөрүүнү уюштуруу боюнча жергиликтүү демилгенин жыйынтыгы болуп калды.

Бүгүнкү күндө спорт зал айылдын борборуна, жаштар чогулган жерге айланды. Балдар спорт менен алектенишет, аларга тажрыйбалуу машыктыруучу жана медайым көз салып турушат. Спорт зал заманбап жабдуулар жана инвентарь менен жабдылган, бул болсо жаштарды спортко тартууда кошумча фактор болуп калды. Ата-энелер балдарын ээрчитип келип, секцияларга жазып кетишүүдө. Биздин жаш спортчулардын арасында келечекте Кыргызстандын намысын эл аралык таймаштарда коргой тургандар бар деген ишенимдебиз. Айылдын жаштары өзү менен өзү болуп, бош убактысын өткөрүү үчүн жакшы шарттары болбогондуктан спирт ичимдиктерин колдонуп, айрымдары атүгүл маңзатка берилип кеткен учурлар да болгон. Мындай абалда алар көчө тээп, элеттиктердин үшүн алып, жаңжалдуу кырдаалдарды түзүшкөн. Исмаил айылынын 100гө жакын жашоочусу катышкан жалпы чогулушта мындай көрүнүшкө чекит коюш керек деген чечим кабыл алынган: жаштардын бош убактысын уюштуруу жамааттагы эң көйгөйлүү маселе катары аныкталган. Кызуу талкуулардын жүрүшүндө мурдагы Маданият үйүнүн кароосуз калган имаратын оңдоп-түзөп, ал жерде спорт комплексин ачуу сунушталган. Бул демилге элеттиктердин көбүнүн колдоосуна ээ болгон. Бул демилгени ишке ашыруу үчүн ошол жерден демилгелүү топту түзүшкөн. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жетекчилиги жашо-очулардын демилгесин жигердүү колдоп берип, ошол замат айылдык кеңештин депутаттарынын, демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн жана айыл аксакалдарынын катышуусу менен чогулуш уюштурушкан. Чогулушта кабыл алынган чечимдер тууралуу маалыматты ар бир айылда орнотулган маалымат такталарына жайгаштырып, калк арасында болгон жеткиликтүү ыкмалар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Демилгелүү топтун дээрлик ар бир кадамы видеого тартылып турду. Долбоорду ишке ашырууда каражаттын жоктугу эң чоң көйгөй болду. Инвестор катары аймактагы бакубат жашаган адамдарды тартууну чечишти. Бул үчүн 2016-жылдын 15-сентябрында кайрым- дуулук марафонун өткөрүшүп, натыйжада 260 000 сом чогулта алышты. Бирок бул акча баары бир жетпегендиктен элеттиктер колдон келишинче өз чөнтөктөрүнөн акча чыгарып, 160 000 сом чогултушту. Дагы 50 миң сом аймактын бюджетинен бөлүндү жана 50 миң сомду Сокулук районунун акими берди. Чогулган акчага ремонт иштери үчүн зарыл болгон курулуш материалдарын сатып алышты. 15 адам объектте иштеди – алардын салымы 225 000 сомго бааланды.

Мындан тышкары долбоордун демилгечиси ИСА уулу ГАПАР 200 000 сомго ринг сатып алып, аны орнотуп берди. Дагы үч демөөрчү беш “груша”, сегиз күрөш килемин, беш мээлей, төрт “таман”, эки күрөш үчүн кийимдин комплектисин белекке беришти. Бүгүнкү күндө аймакта жаштардын бош убактысын өткөрүүгө байланышкан көйгөй жок – аны бардык жамааттын күчү менен чечишип, ЖӨБ жетекчилиги менен калктын биргелешип кызматташуусун улантуу үчүн жакшы мисал болуп калды. Бардык айылдарда аксакалдар, аялдар, жаштар кирген демилгелүү топтор түзүлдү. Алар өз жамааттарындагы кырдаалды изилдеп чыгышып, чогулуштарда жана жыйындарда аныкталган көйгөйлөрдү айтып беришет. Жамааттын мүмкүн болушунча көбүрөөк мүчөлөрүнүн муктаждыктарын эске алган жана заман талабына жооп берген демилгени жалпы талкууга алып чыгып, аны ишке ашыруунун үстүнөн иш алып барышат. Акыркы үч жылда ушундай жол менен бир катар ири долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүн болду. Бюджеттик саясатты так жана туура пландоонун, ошондой эле аткаруунун натыйжасында Кызыл Туу айыл өкмөтүндө аймактын социалдык өнүгүүсү жолго коюлду, калктын жергиликтүү башкарууга карата мамилеси өзгөрдү, келечекке болгон оптимисттик маанай калыптанды. Бир айылда ФАП ачышса, экинчисинде клубду оңдоп жатышат, үчүнчү айылда суу түтүк линиялары жаңыланууда, футбол талаасын жасап жатышат. Мына ушунун баарын кубаныч жана сыймык менен айтып жата быз. Бул ийгиликтердин баарына элеттиктер Өнүктүрүү саясат институтунун колдоосу менен жете алды. Эң негизгиси – адамдар бир нерсени түшүнүштү: ЖӨБдүн жашоосуна катышуу мода эмес, бул жамааттын ар бир мүчөсүнүн жашоосун оңдоо үчүн баамдалган зарылчылык. Бул этапта элеттиктер өзүнүн спорт комплексин түзүү долбоорун аткарышты. Кийинки кадам – ал жыл бою иштей турган абалга жеткирүү. Бул үчүн жылуулук системасын орнотуу зарыл. Бул тапшырма да бүгүнкү күндө артыкчылыктуу болуп саналат – айылдык чогулушта ушундай чечим кабыл алынды. Ошондуктан эгерде конкурста жеңүүчү болсок, каражатты ушул көйгөйдү чечүүгө багыттайбыз.

ИСА уулу ГАПАР,

Кызыл-Туу айылдык аймагынын жашоочусу

Окшош материалы: