Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаштар айылды жарыктандырууда

2017-10-09 / Көңүл чордонунда
Жаштар айылды жарыктандырууда

Кара-Тоо Кочкор районундагы Семиз-Бел айылдык аймагынын курамына кирген төрт айылдын бири жана айыл өкмөтүнүн борбору болуп саналат. Айыл район борборунан үч километр аралыкта жайгашкан. Калкынын саны 2655 адам болсо, анын 1333ү – эркек, 1322си аял, 550сү бала, жаштардын саны – 1350. Учурда айылда ондогон көйгөйлөр бар, аларды жергиликтүү бийликтин гана күчү менен чечүү мүмкүн эмес. Ошондуктан жаштар демилге көтөрүп чыгышып, жаштар уюмун түзүүнү чечишти. Алар өздөрүнүн алгачкы курултайын өткөрүп, ага 15 уюмдун өкүлдөрү, айыл өкмөт башчы, ошондой эле элеттик жаштардын өкүлдөрү да катышты.

Чогулушта айылдын өзгөчө артыкчылыктуу көйгөйлөрү аныкталды. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн өзүнчө фонд түзмөй болушту. Жаштар уюму өз ишинде айыл өкмөтү менен тыгыз кызматташат. Натыйжада эски спорт залга капиталдык ремонт жасап, анда бокс секциясын ачышты. Элеттеги мечит үчүн боз үй жана анын ичине бардык зарыл болгон буюмдарды сатып алышты. Кара-Тоо айылынын кире беришине арка орнотуп, ар бир көчөгө анын аталышы жазылган белгилерди илип чыгышты. Муктаж болгон үй- бүлөлөргө туруктуу жардам берилип турат. Ишке ашырылган долбоорлордун акыркыларынын бири – айылдагы көчөлөрдүн баарын түнкүсүн жарыктандыруу болуп калды.

Мындай демилгеге айылда мал уурулук, өспүрүмдөрдүн бири-бири ме нен тирешүүсү, мектептеги рэкетчилик; айылдын көчөлөрүндө коопсуздуктун жоктугу; айылдын кунарсыз тышкы көрүнүшү себепчи болду. “Көчөлөргө жарык берүү” жергиликтүү демилгесин ишке ашыргандан кийин Кара-Тоо айылынын сырткы көрүнүшү бир заматта өзгөрө түштү. Кошуна айылдардын жашоочулары биздин ишибиздин жыйынтыктарына суктанышып, өздөрүндө да ушундай долбоорду демилгелеп чыгышты. Кечкисин жана түнкүсүн жарандардын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу камсыздалды, мал уурулук жана жалпысынан кылмыштуулук азайды. Жаштар уюмунун мүчөлөрү долбоордун негизги демилгечилери жана ишке ашыруучулары болуп калышты. Мында Семиз-Бел айыл өкмөтү, “Сан-Хе” ЖЧК жана элеттик мечит чоң колдоо көрсөттү. Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон до- кументтердин баарын айыл өкмөтү даярдап берип, мүмкүн болгон жардамын көрсөттү. Элдик демилгенин алкагында долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжасында жергиликтүү көйгөйлөрдү талкуулоодо жана чечүүдө элеттиктердин активдүүлүгү 50% өстү, калк менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосундагы кызматташтык оңолду.

Адамдар жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдө негизги ролду жамааттын салымы ойной турганына ынанышты. Ишке ашырылган демилгенин ийгилиги тууралуу райондук “Эмгек туусу” гезитинде макала жарыяланды. Бул маалымат социалдык тармактар жана “Турмуш”, “Одноклассники” сайттары аркылуу интернетте тарады. Ушул тапта кошуна айылдагы жаштар биздин тажрыйбабызды өздөштүрүп жатышат, алар идеянын демилгечилери менен акылдашып, тажрыйба алмашууга катышып келатышат. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башка айылдарында жаштар фонд түзүп, көчөлөрдү түнкүсүн жарыктандыруу, көпүрөлөрдү оңдоо, таза суу менен камсыздоо өңдүү элеттиктердин көйгөйлөрүн акылдашып чечишүүдө. Бул демилгенин түз бенефициарлары – Кара- Тоо айылынын 2655 жашоочусу. Ал эми кыйыр пайданы кошуна айылдардын жашоочулары, коноктор жана туристтер көрүшүүдө. Жергиликтүү жашоочулар долбоордун жыйынтыктары тууралуу оң пикирлерин айтып, жогорку баасын беришүүдө, аксакалдар болсо жаштарга батасын берип отурушат. “Балдар – биздин келечегибиз”, “акыл жаштан, асыл таштан”, “бириккенде гана чоң ийгиликтерге жетсе болот”, “биздин айыл өзгөрүп, шаарга окшошуп калды”, “күч бирдикте, эгерде жаштар ынтымактуу болсо, бардык маселелерди донорлордун жардымысыз деле чечсе болот” – аксакалдардан мына ушундай сөздөрдү угууга болот. Бул демилгени ишке ашыруу үчүн жалпысынан 477 024 сом талап кылынды – баары болуп 200 чырак орнотулду. Семиз-Бел айыл өкмөтү 86 000 сом, “Сен-Хе” ЖЧК 30 000 сом, элеттик мечит 3500 сом бөлүп беришти. Калган 357 524 сом жаштар фондунан бөлүндү. Кара-Тоо айылынын жашоочуларынын көптөн берки кыялы – заманбап ресурстук борбор түзүү. Бүгүнкү күндө бул айылда 367 окуучу жашайт, ал эми жаштардын жалпы саны – 1350. Тилекке каршы, аларда заман талабына жооп берген көндүмдөрдү жана билимди алуу үчүн заманбап технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү жок. Көпчүлүк элеттиктердин жашоо деңгээли, алардын социалдык-экономикалык абалы жана билими шаардыктарга салыштырмалуу төмөн.

Борбордун негизги максаты – жаштарды түрдүү иш чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө жигердүү тартуу жолу менен сергек жана ийгиликтүү жашоо образы үчүн шарттарды түзүү. Эгерде конкурстан утуп алсак, байге фондунун каражаты дал ушундай максаттарга багытталат. Ресурстук борбордо жаштардын, өзгөчө мектеп окуучуларынын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарттар түзүлөт. Борбор китепкана, компьютерлер, мультимедиа каражаттары, интернет менен камсыздалат. Ошону менен бирге ал төмөнкү багыттар боюнча иш алып барат: ыктыярчылар кыймылын өнүктүрүү жана популяризациялоо; таланттуу жана демилгечил жаштарга колдоо көрсөтүү; өсүп келаткан муундун адеп-ахлактык тарбиясы; өспүрүмдөр арасында терс адаттарды алдын алуу; адамдык дараметин жана лидердик сапатттарын өнүктүрүү. Жашоо шарттары адамдын дүйнө таанымына, балдардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, алардын айлана-чөйрөнү кабылдоосуна, ошондой эле акыл-эсине таасирин тийгизет. Биздин айыл өнүгүүдө, калктын саны да көбөйүүдө, жаңы төрөлгөн балдардын катары калыңдоодо. Көп иштер бош убакытты уюштуруу жана спорт менен алектенүү үчүн жасалып жатат. Айталы, чакан футбол талаасы түзүлдү, Маданият жана спорт борборунун курулушу жүрүп жатат, жаштардын демилгеси менен балдардын бош убактысын өткөрүүсүн уюштуруу максатында Семиз Бел айыл өкмөтү бөлүп берген, аянты 1500 м2 болгон участокто заманбап оюн аянтчасын куруу пландалып жатат. Ошентип пландар көп, ошол эле маалда акылдашып иш кылсак, колдон баары келет деген ишеним да бар.

Эльмира ТОКОЕВА, Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн

инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси

Окшош материалы: