Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Чөптүн жардамы менен каада-салттарды аткарууну жеңилдетип, дарыянын жээгин бекемдесе болот

2017-10-10 / Көңүл чордонунда
Чөптүн жардамы менен каада-салттарды аткарууну жеңилдетип, дарыянын жээгин бекемдесе болот

Нарын облусунун Учкун айылында жашаган адамдардын демилгелерин ишке ашыруунун алгачкы мисалы каада-салттар маселесине тиешелүү болгон. Буга байланыштуу ар бир элеттиктин көйгөйү бир топ болчу: маркумду акыркы сапарга узатууда жана буга байланышкан жөрөлгөлөрдү аткарууда боз үй издеп эле жатып калышчу. Бул маселе адамдардын көкөйүнө тийип, акыры аны өз күчү менен чечиши керектигин түшүнүштү.

2013-жылдын сентябрь айында айыл өкмөт башчынын бөлмөсүндө жаштардын чогулушу өтүп, анда айыл тургуну Рысбек УСЕНОВ ар бир үй бүлөдөн беш таңгак чөп чогултуп, аны сатып, жергиликтүү мечитке боз үй, титан, самоор сатып алууну сунуштады. “Эгерде биз ушунун баарын сатып алсак, анда айылдын ар бир жашоочусу зарыл болгон учурда ушуларды колдоно алмак. Ал эми анын баары мечиттин короосунда турмак”, - деди ал. Айылдын имамы бул демилгени колдоп, мындай практика кошуна айылдарда да бар экенин айтты. Учкундун башчысы Касымакун МАМЫРБАЕВ калк арасында алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экенин, ошондо түшүнбөстүктөр же пикир келишпестиктер болбой турганын, адамдар чөп эмнеге чогултулуп жатканын жана түшкөн каражат эмнеге багытталарын билип калаарын айтты.

Ошондой эле ал баарын кагазга жазып турууну, ар бир адам ошол тизменин алдына өзүнүн кол тамгасын коюп,андан соң тактага канча адам акча бергени, кандай суммадагы акча чогулганы жана эмнеге сарпталганы тууралуу маалыматтарды илүүнү сунуштады. Айылдын жаштары чөптөрдү чогултуу жана тизме түзүү иштерин колго алууга макул болушту. Улуураак активисттер калк арасында түшүндүрүү иштерин өткөрүүгө киришти. Адамдар бул сунушка түшүнүү менен мамиле жасашты. Айрым элеттиктер жалпы ишке чөп менен эмес, акча менен салым кошууну сунушташты. Мындан тышкары чоң жүк ташуучу машиненин ээлери чөптү чогултуп, сатчу жерге жеткирүүгө жардам беришти. Машинелер короо-короону кыдырып жүргөндө жашоочулар өздөрү чөптү үйдөн чыгарып берип турушту. Бул иштер ноябрда жыйынтыкталды, жалпысынан 202 үй-бүлө беш таңгак чөп тапшырды. Натыйжада 1010 таңгак чогулуп, Нарын шаарынын базарында ар бирин 80 сомдон сатышты. Жалпы сумма 80 800 сомду түздү. Бул каражатка Кытайда жасалган боз үй, бир титан-самоор, 50 литрлик “Аристон” жана алдын ала түзүлгөн тизмеге жараша керектүү буюмдарды сатып алышты. Мунун баарын жергиликтүү мечиттин имамына өткөрүп берээрдин алдында чакан азем уюштурушту: боз үйдү тигип, айыл аксакалдарын чогултуп, сатып алынган буюмдун баарын алдыларына жайып, чай беришти. Аксакалдар жана башка чакырылгандар батасын берип, демилгечилерге ыраазычылыгын билдирип, элеттиктер мындан ары да ушинтип акылдашып, айылдын көйгөйлүү маселелери чечилип турат деген ишенимин билдиришти. Учкундун жаштары айылдын бардык иш- чараларына жигердүү катышып келишет. Мисалы, алар жазгы жана күзгү ишембиликтерди, башка акцияларды өткөрүүдө жергиликтүү бийлик органдарына олуттуу жардам көрсөтүшөт. Анткени айыл өкмөтүнүн ресурстары чектелүү. Бүгүнкү күндө жаштарсыз салтанаттуу иш-чараларды жана жолу- гушууларды уюштуруу мүмкүн болбой калды. Жыл сайын жаңы жылдык майрамдарда алар Маданият үйүнүн алдын ар кандай оюнчуктар менен кооздоп, жергиликтүү жашоочуларга майрамдык маанай тартуулашат. Ошондой эле Энелер күнүндө жана Карылар күнүндө айыл өкмөтү сый тамак уюштуруп, белек таратат, ал эми жаштар куттуктоо кечесин уюштуруу менен алектенишет. Бирок айылда мындан дагы татаал маселелер бар жана аларды чечүүдө демилгечи болуп кайрадан жаштар чыкты. Эзелтеден бери учкундуктарменен сугарып келишкен. Жыл сайын жаз мезгилинде адамдар дарыянын жээгин кум толтурулган мүшөктөр менен бекемдеп турушчу. Бирок катуу жамгыр жааганда бул мүшөктөр агып кетип, суу талааны каптап кетчү. Бул көйгөй Учкунда жашаган 603 үй-бүлөнүн 314үнө тиешелүү болчу. Дээрлик 150 гектар чарбак жана жер үлүштөрү, Айыл чарба жерлерин бөлүштүрүү фондунан ижарага алынган 15 гектар жер сугат сууга жетпей келген. Бул болсо айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө тоскоол болчу. Кээде айдоо жерлери өз убагында сугарылбай калып, дыйкандын эмгеги талаада кала берчү. Бул маселени жергиликтүү тургундар айыл өкмөт башчынын алдына бир нече жолу коюшту. Анын чечилишине өзгөчө жаштар кызыкдар эле, себеби колго жасалган дамбаны суу алып кеткенде анын кесепеттерин жоюуга, кооптуу кырдаалды алдын алуу боюнча иштерге дал ушулар катышчу. Бул маселени кескин түрдө чечиш керектиги баа- рына белгилүү болду – кум толтурулган мүшөктөр убактылуу жана такыр ишенимсиз чара эле. Баштапкы этабында айыл өкмөтүнүн башчысынын демилгеси боюнча чогулуштар өткөрүлүп, көңүл чордонунда турган теманы талкуулоо үчүн ага жергиликтүү тургундар, жаш активисттер жана айылдык кеңештин депутаттары чакырылчу. Кээде маселени чечүүнүн ыктымал жолдору тууралуу талаш-тартыштар катуу дискуссияга айланып кетчү. Эң негизги маселе – каржылоо булактарын табуу. Түрдүү варианттар каралып, натыйжада чөпкө байланышкан ийгиликтүү тажрыйбаны эстешип, дал ушул “каржылоо булагын” колдонуу керек, чөптү сатуудан түшкөн акчага зарыл болгон материалдарды сатып алып, эрте жазда дамба куруш керек деген бир чечимге келишти. Депутат Мирбек КАРАБАЛАЕВ чыгашалардын болжолдуу сметасын түзүп, долбоордук иштерди бүтүрүүгө сөз берди.

Ошентип жаштар кайрадан көчөлөрдү кыдырып, чөптү чогултуунун себептерин түшүндүрө башташты. Бул жолу иш бир кыйла жеңил болду жана чөптү чогултуу боюнча акция апта ичинде бүттү: ага айыл өкмөт башчысы, жаштар, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айылдын активисттери катышты. Чөптү чогултуу жана сатуу, ар бир үй-бүлөнүн салымы зарыл болгон документтерди толтуруу жолу менен белгиленип жатты. Чогулган чөптүн ар бир таңгагы 70 сомдон сатылды. Жалпысынан ар бир 114 үй-бүлөдөн 570 таңгакталган чөп чогулду. Айрым жашоочулар 500 сомдон накталай акча беришти. Чөптү сатуунун натыйжасында 45 миң сом чогулду, депутаттар болсо 10 миң сом беришти. Жаздын келиши менен биз зарыл болгон курулуш материалдарын Бишкектен жеткирип бардык. Иш үзгүлтүккө учурабашы үчүн жергиликтүү жаштардын ичинен курулушка төрт адамды тарттык. Айыл өкмөт башчысы Жумакадыр ИСМАИЛОВ, депутат Мирбек КАРАБАЛАЕВ жана жергиликтүү уюмдун төрагасы Амантур ДООТАЛИЕВ дамбанын курулушун чукул арада жыйынтыктоого ар тараптуу колдоо көрсөтүштү. Айыл жашоочулары кварталдарга бөлүнүп алышып, нөөмөткө турушту. Өз демилгелери менен алар жумушчулар үчүн ысык тамак уюштурушту. Туруктуу негизде иштегендерге жергиликтүү кеңештин депутаттары маяна катары 1000 сомдон бөлүп беришти. Жалпы жонунан курулуш иштеринин алгачкы этабында 70 000 сом сарпталды. Бирок бул пландалган иштин бир бөлүгү гана болчу жана жумуштарды улантууга дагы акча талап кылынды. Мунун да жолун таптык: биз Нарын райондук өнүктүрүү фондуна долбоор жазып, 105 миң сом алдык. Бул долбоордун алкагында айыл өкмөтүнүн өз салымы талап кылынгандыктан жергиликтүү администрация 30 миң сом бөлүп берди. Жумуштарды долбоор белгиленген убакта бүтүрө алдык. Бул демилгени жүзөгө ашыруунун жыйынтыгы боюнча 2000 жергиликтүү тургун пайданын кыйыр, ал эми 1500 адам түз алуучусу болуп калды. Курулуш иштерин уюштурууга катыша албай калган жергиликтүү тургундар да колдоосун билдирип, моралдык жактан жардам берип турушту. Өтө көп элеттиктер өз демилгеси менен курулуш жүрүп жаткан жерге келишип, колдон келген жардамын берип турушту. Жыйынтыгын көргөндөн кийин жергиликтүү тургундар тамшануусун жашыра албай, демилгечилерге жана бул иштерге тиекелей катышкандарга ыраазычылыгын билдирип жатышты. Алар келечекте мындай демилегелерди сөзсүз колдой турганын баса белгилеп турушту. Жогоруда аталган демилгелерди ишке ашыргандан тышкары, Учкун айылынын жаштары элеттиктердин турмуш шартын жакшыртуу боюнча башка дагы долбоорлорго жигердүү катышып, көптөгөн мактоо сөздөрдү угуп жүрүшөт. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын негизги багыттарынын бири болуп “балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш чараларды уюштуруу” эсептелинет эмеспи. Буга байланыштуу биз окуу билим берүү борборун ачууну чечтик. Бул борбордо англис жана орус тилдер курсу, укуктук сабат-туулукту жогорулатуу, комуз черткенди үйрөтүүчү, манас айтуу курстары, түрдүү тренингдер жана семинарлар өткөрүлүп турмак. Бул максатка жетүү менен айылда жаштардын жигердүү бөлүгүнүн өкүлдөрү айылдын күнүмдүк көйгөйлөрүн жана аларды чечүү жолдорун талкуулоо үчүн чогулуп турушат деп ишенебиз. Албетте жаштарда өзүнүн билим деңгээлин жогорулатуу, болочок кесипти тандоодо багыт алуу жана башкаларга үлгү болуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Ошондуктан конкурста утуп алсак байге фондунун каражатын окуу-билим берүү борборуна эмерек жана жабдуу сатып алууга багыттайбыз. Борбор үчүн имарат табылган, ал айыл өкмөтүнүн жанында жайгашкан жана окуу билим берүү борбору үчүн атайын курулган. Чынында ал узак убакыт бою ээн тургандыктан бир аз эскире түштү.

Азыр жаштар уюмдарынын күчү менен ал жакта ремонттук-калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Биз талаптагыдай шарттарды түзө алсак борбор өз ишин жандандырат деп күтүп жатабыз. Курстарда жана ийримдерде сабак өтүү үчүн элеттик мектептен жаш мугалимдерди же жогорку билими бар, азырынча адистиги боюнча иш издеп жүргөн жергиликтүү жаштарды тартуунун эсебинен педагогикалык жамаат түзүлөт. Курстар акынын негизинде болот, педагогдордун эмгек акысы ошол каражаттын эсебинен төлөнөт.

Мирбек КАРАБАЛАЕВ,

айылдык кеңештин депутаты

Окшош материалы: