Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жылуу мектеп жана бала бакча жаштар борборун өнүктүрүүгө шыктандырат

2017-10-11 / Көңүл чордонунда
Жылуу мектеп жана бала бакча жаштар борборун өнүктүрүүгө шыктандырат

М.Балбаков атындагы орто мектеп Ак-Чий айылында 1991-жылдан бери иштейт. Имарат эки кабаттан турат: биринчисинде мектеп болсо, экинчи кабатында адамдар жашайт. Ушул эле жерде ФАП орун алган. Ал эми 2010-жылдан бери “Нур-Эл” бала бакчасы да иштеп келатат. Имарат узак убакыт бою начар абалда турду – чатырында бир нече жеринде шифер талкаланып, имараттын каалгалары жана терезелери такыр эле эскирип калган. Ал эми бала бакчага бөлмөлөр такыр жетпей жаткан болчу.

2015-2016-жылдары республикалык бюджеттен дем берүүчү гранттан алынган каражатка чатыр оңдолду, каалга-терезелери алмаштырылды. 2016-жылы “Элдик марафон” өткөрүлүп, 80 000 сом чогулта алышты. Бул акчага имараттын фасады жана экинчи кабаттагы зал оңдолду. Ар бир бөлмөдө, мугалимдер менен макулдашуу боюнча, өз күчтөрү менен ремонт жасап чыгышты. АРИСтин жардамы менен мектеп үчүн музыкалык аппаратура, эмерек, кеңсе техникасын сатып алышты. Ошентип, эки жыл ичинде чатыры жана экинчи кабаты оңдолду, ал эми бала бакчанын аянтынкөбөйтүүнүн эсебинен балдар үчүн дагы кошумча он орун ачылды. Имаратта жылытуу системасы анда жайгашкан бардык үч мекеме үчүн бирдей эле. Бирок жыл өткөн сайын ал катуу эскирип, акыркы учурда авариялык абалга көп кептеле баштады, мунун айынан трубаларды оңдоп, алмаштыруу иштери көп болчу. Имараттагы болгон жылытуу системасын алмаштыруу тууралуу маселени айылдык аймактын стратегиялык планына киргизишти. Андан соң БИРГЕ Долбоорунун конкурсуна катышуунун алкагында көйгөйлөрдү аныктоонун жүрүшүндө аймактагы эки негизги көйгөй аныкталды: М.Балбаков атындагы мектепте жылытуучу системаны алмаштыруу жана Жаңы-Тилек айылындагы клубдун чатырын алмаштыруу. Бул эки объекттин абалы менен кенен таанышып чыккандан кийин атайын түзүлгөн комиссия мектептеги жылытуучу системаны алмаштырууну артыкчылыктуу маселе деп тапты. Натыйжада БИРГЕ Долбоорунан 21 000 АКШ доллары алынды. Смета боюнча жумуштарды жасоого 1 240 149 сом талап кылынгандыктан кызматкерлер ремонтко өз акчасын кошууну чечишип, кошумча 65 миң сом чогултушту. Бардык жумуштарга 111 057 сом сарпталды. Азыр эки кабаттуу имарат жакшы жылытылып жатат: көчөдө 28 градус суук болуп турган чакта мектептин, бала бакчанын жана ФАПтын ичинде температура 18 градустан ашпайт. 403 143 сом көлөмүндөгү калган акча Жаңы-Тилек айылындагы клубдун чатырын оңдоого багытталды. Бул объектке кеткен чыгымдын жалпы суммасы 722 147 сомду түздү. Алардын ичинен жергиликтүү жамаат тарабынан 280 618 сомго жумуштар жасалды, элеттиктердин жеке салымы 38 386 сом болду.

Азыр клубдун имаратында бала бакча, ФАП жана китепкана жайгашкан. Учурдагы көйгөйлөрдү комплекстүү чечүүдө максатка ылайыктуулугун белгилегибиз келет. Биринчи кезекте турган эки долбоорду бир эле маал да ишке ашыруу биздин аймактын калкы арасында социалдык биримдикти бекемдөөгө жардам берди. Адамдар ушул күнгө чейин жасалган иштер тууралуу сыймыктануу менен айтып жүрүшөт жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө мындан ары да жигердүү катышуу ниеттери бар. Жергиликтүү демилгени ишке ашырууда биринчи кезекте айрым адамдардын эмес, жалпы жамааттын кызыкчылыктарын эске алуу маанилүү болгону анык. Жылытуучу системаны реконструкциялоо жергиликтүү жашоочуларга дем берип, алар жамааттын көйгөйлөрүн чечүүгө күчү жете турганын түшүнүштү. Калктын активдүүлүгү да бир кыйла жогорулады. Элеттиктер донордук уюмдардын колдоосу алдында жергиликтүү демилгелерди илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрүнө кызыга башташты. Бул багыттагы иштерди улантуу менен айылдын динамикалуу өнүгүүсүнө көмөктөшсө болоору анык. Эми Ак-Чий айылында жаштар борбору үчүн бөлүнүп берилген имараттын ремонттук иштерине ресурстарды биргелешип издөө зарыл. Имарат көп жылдардан бери кароосуз калганына карабастан, анын техникалык абалы бир кыйла жакшы. Ушул тапта терезелер жана эшиктер орнотулуп, электр жарыгы өткөрүлдү. Имарат тышкы жана ички косметикалык ремонтко муктаж. Имараттын реконструкциясы анда бош убакытты өткөрүү үчүн секцияларды ачып, айылдын көйгөйлөрүнө болгон кызыгууну жаратып, жергиликтүү деңгээлде чечимдерди табуу үчүн зарыл. Анткени азырынча жаштарда бир жерде чогулуп, көйгөйлөрдү талкуулап, чечим издей турган жери жок. Бул маселе жылдын кыш мезгилинде өзгөчө актуалдуу боло баштайт. Бул жерде жаштардын малыматтык борборун ачуу максатка ылайыктуу болмок.

Аскар ЖУНУСОВ, айылдык кеңештин төрагасы

Окшош материалы: