Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Беш аялдын күчү бала бакча ачууга жетет

2017-10-12 / Көңүл чордонунда
Беш аялдын күчү бала бакча ачууга жетет

Ош облусунун Өзгөн районундагы Ак-Жар ай- ылдык аймагында көп жылдан бери бала бакчанын жоктугу өтө курч көйгөй болуп келатат. Мектепке чейинки курактагы балдар бул жерде көп, алардын көбү – чет өлкөдө иштеп жүргөн мигранттардын балдары. Алар балдарын ата-энесинин жана жакын туугандарынын кароосуна калтырып кетүүгө мажбур. Жашоо көрсөткөндөй, бул балдарга дайыма эле жетиштүү көңүл бурула бербейт, өз убагында тамактанышпайт, күндүз укташпайт, акыл-эсин өнүктүрчү көнүгүүлөрдү жасашпайт. Балдар мээримге жана камкордукка бөлөнгөн бала бакча ачуу анык болуп турду.

Бул маселени чечүү үчүн айылдык кеңештин депутаты Арууке АБДУКАРИМОВА ата-энелер тобун түзүү демилгесин көтөрүп, ага беш эне кирди. Алар чогуу жергиликтүү тургун Урмат ТЕМИРОВ менен сүйлөшүү жүргүзүп, ал өзүнүн көптөн бери ээн жаткан үйүн мектепке чейинки мекемеге берүүгө макул болду. Жергиликтүү тургундар жана демилгелүү топ четте карап турган жок жана чакан бала бакчаны уюштурууга колдон келген жардамын беришти: накталай акча менен 6000 сом чогултуп беришип, килем, палас, идиш аякты белекке беришти. Айрымдар үйүнөн төшөк-жууркандары менен керебеттерди да алып келип беришти. Өз күчү жана каражаты менен заман талабына жооп берген капиталдык ремонт жасашып, жалпы суммасы 200 000 сомго идиш жана эмерек сатып алышты. Натыйжада биздин “Айзирек нуру” бала бакчабыз каттоодон өтүп, 2011-жылдын апрель айынан тартып иштей баштады. Бул биринчи тажрыйба болду. Андан кийин ушундай эле иштер башка айылдарда да өткөрүлүп, Арууке өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, долбоорлорду уюштурууга жардам берди. Биринчи кезекте депутат жергиликтүү тургундарды чогултуп, айылдын ар бир аксакалы менен бетме-бет жолугушууларды өткөрдү. Депутат аларга бул демилге канчалык маанилүү болгонун түшүндүрүп, биздин балдардын келечеги тууралуу азыртадан ойлонушубуз керектигин айтып берди. Ал өз иш-аракеттерин айыл өкмөтү, район жетекчилери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары менен макулдашып алды. Тажрыйба башка айылдардагы активисттерди да мобилдштирди.

Ак-Жар ААнын жашоочуларындай эле, алар да өздөрүнүн демилгелүү топторун түзүп, кошуналардын тажрыйбасын өздөштүрүп, жергиликтүү жашоочулар балдар үчүн түзүп берген шарттар, иш өндүрүшү менен таанышып чыгышты. Айрымдар бул тажрыйбаны өз айылында ийгиликтүү түрдө кайталай алышты. Белгилей кетүүчү жагдай, 2011-жылы долбоорду ишке ашыруунун баштапкы баскычында айыл өкмөт башчысы М.ТАГАЙБЕКОВ жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы бала бакча ачуу тууралуу идеяга караманча каршы болушкан. Бирок мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жоктугу элеттиктер үчүн курч турган көйгөй бойдон кала берген. Буга байланыштуу демилгелүү топ айыл тургундарынын атынан өлкөнүн ошол кездеги өкмөт башчысы Ө.БАБАНОВго жана финансы министри А.ЖАПАРОВго, ошондой эле тийиштүү ведомстволордун жетекчилерине кайрылышкан. Алар менен жолугушууларды өткөрүп, ошолордун кийлигишүүсүнөн кийин гана райондук администрациянын башчысы А.ТАЖИБАЕВ долбоорду жеке көзөмөлүнө алган. Натыйжада бала бакчаны ачууга уруксат берилген. Алгачкы жылдары “Билим берүү мекемелеринде тамактанууну уюштуруу” аттуу үч жылдык программанын алкагында МЕРСИКО уюму бала бакчаны азык-түлүк менен камсыздап турду. Бала бакчаны жергиликтүү тургундар да унуттакалтырышкан жок: Беки КОЧОЕВ баасы 26 000 сомдук күүлөнчөк куруп берди, Төлөш ЭЛБАЕВ 14 000 сом чыгарып, короо ичинде чатырча даярдап берди. Ал эми Ак Жар айыл өкмөтүнүн жетекчили ар кандай инвентарды сатып алууга 100 000 сом бөлүп берди. Алгачкы маалда бала бакча 25 баланы гана кабыл алган, бир гана группа болгон.

2013-жылы мектепке чейинки мекеменин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, дагы эки топту ачууга мүмкүн болду. Учурда биздин бала бакчада 75 бала тарбияланат. Бул олуттуу баскычында элеттиктердин, өзгөчө башкажерде, чет өлкөдө иштөөгө мажбур болгондордун жашоосун жеңилдетти. Балдарды карап калгандарга да бир кыйла жеңил болду. Бала бакчада эртең мененки саат 8ден кечки саат бешке чейин жүргөн балдар дайыма көзөмөл алдында болушат, өз убагында тамактанышат, сыртта ойношот, ошондой эле акыл-эсти өнүктүрүүчү оюндар жана мектепке даярдануу үчүн мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал эми алардын чоң ата, чоң энелери үй тиричилиги менен алектене беришет. Бул демилгени ишке ашыруудан пайданы Большевик айылындагы 500 үй-бүлө алды. Ошондой эле анын пайдасын жакын жерде жашаган айылдын тургундары да – 500гө жакын киши сезе алышты. Алар биздин практикага кызыгып, аны өздөрүндө колдонуп көрүүнү чечишти. Демилгени ишке ашыруу процессинде административдик чыгымдар 150 000 сомду түздү. Бул акча түрдүү жолугушууларды өткөрүүгө, зарыл документтерди жол-жоболоштурууга кеткен төрт жыл ичинде сарпталды. Бала бакчанын туруктуу иштешин камсыздоо үчүн тийиштүү ведомстволордо сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Бишкекке барыпкелүүгө туура келди. Бала бакчанын муктаждыктарына көмүр, отун жана зарыл инвентарларды сатып алууга байланыштуу документтерди макулдашууга көп убакыт жана каражат сарпталды. Элеттиктердин активдүүлүгүн жана демилгечилдигин жогорулатууда “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору менен кызматташтык чоң мааниге ээ. Мурда бул тема жашоочулардын көңүл сыртында кала берчү, биз бюджет эмнеден тураарын, акчабыз кайда сарпталып жатканын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун максаттары жамааттын чыныгы керектөөлөрүнө шайкеш келеби же жокпу – буларды баарын билчү эмеспиз. Азыр болсо баары башкача. Айталы, 2018-жылдын бюджети боюнча коомдук угуулар өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө айыл жашоочулары муниципалдык финансыны жакшыртуу боюнча өз сунуштарын беришти. Эми элеттик активисттер жергиликтүү бюджеттин аткарылышына көңүл кош мамиле жасабайт деген ишеним пайда болду.

Демилгелүү топ бала бакчада шарттарды жакшыртуу боюнча ишти уланта бермекчи. Отургучтарды, балдар үчүн оюнчуктарды, компьютер жана ал үчүн атайын үстөлдү, түстүү принтерди сатып алып, оюн аянтчасын түзүш керек. Максаты – балдарды тарбиялоонун жана окутуунун заманбап усулдарын колдонуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү. Бул болсо балдардын ар тараптуу өнүгүүсүндө биздин мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатат.

Арууке АБДУКАРИМОВА, Ак-Жар айылдык аймагынын Большевик айылынын тургуну

Окшош материалы: