Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ашкана – бала бакчадагы өтө маанилүү объект

2017-10-13 / Көңүл чордонунда
Ашкана – бала бакчадагы өтө маанилүү объект

Бала бакчадагы ашкананын абалы жакынкы мезгилге чейин Ак-Тал айылынын жамааты үчүн башкы көйгөй болуп келген. Бул жерде ашкананы талапка ылайык оңдоп-түзөп, жабдуу киргизүү демилгесин балдардын ата-энелери көтөрүп чыгышты. Ашканага деп бөлүнгөн жайдын узундугу 8,5 метр, кеңдиги 4,5 метр болчу.

Аны үч бөлмөгө бөлүү тууралуу чечим кабыл алынды. Бири – тамак-аш даярдоо үчүн, экинчиси кампанын ролун аткарат, үчүнчүсү медпунктка айланмак. Албетте аянт чакан эле, бирок демилгечилер үчүн бул долбоорду жүзөгө ашыра алганы маанилүү болду. Балдардын ата-энелери – АЙДАКЕЕВ Улан, ИМАНКУЛОВ Абай, МАРКАТАЕВ Акжолтой, ТОКТОРОВ Улан, ОМОРОВ Жакшылык, МААКЕЕВ Адыл, НАРМАТОВ Мирлан жана АШЫРБЕКОВ Алтынбек үч машине ылай жүктөп келишип, дубалды штукатуркалоого жардам беришти. МААКЕЕВ Адыл өзүнүн “Газ-53” машинесинде ылайды ташуу үчүн үч жолу рейс жасады. Заливкалоо жумуштарын Исакова Перизат, Асанова Гүлмира, Дүйшөмбиева Кенже жана Нарматов Мирлан жасашты. Улуу муундун өкүлдөрү болсо курулушчулар үчүн ысык тамак ташып турушту. Ашкананын курулушу үчүн зарыл материалдарды Ак-Талаа районунун ар кайсы жерлеринен ташып келип турушту. Кээде биздин айылдан 40 километр аралыкта жайгашкан жерлерге чейин бардык. Мында жергиликтүү тургун АКЖОЛТОЙ уулу Элдиярдын “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү машинесин колдонуп жаттык.

Чатырды жабуу иштерин НАРМАТОВ Мирлан жана АБЫЛОВ Жамалдин аткарды. Жамгыр жааганда бала бакчанын кызматкерлери үчүн имаратка кирип-чыгуу ыңгайлуу болсун деп, чакан чатырды да куруп коюшту. 1-сентябрга карата ашкана толугу менен даяр болду. Анын курулушуна эки машине шагыл, он мүшөк цемент, 12 стропил, он бет шифер, 40 метр рейка, он даана арматура, эки мүшөк акиташ, үч банка көк түстөгү сыр, бир банка битум лак, он метр айнке вата, беш бет ДВП, үч каалга, эки терезе рама кетти. Линолеум жетпей калган жерлерди ашпозчулар өз эсебинен тегиздеп чыгышты. Идиштердин жетишсиздиги негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон кала берүүдө. Коомдук тамактанууга карата санитардык-гигиеналык талаптар боюнча ар бир тамак өзүнчө табакка салыныш керек. Жуула турган идиш өзүнчө бөлүнүп турушу зарыл. Тилекке каршы мындай шарттарды түзүү мүмкүн болгон жок. Ашканада муздаткыч, нан бышыруу үчүн меш, электрондук тараза, эки чака, эки чоң табак, каскан, эмалдан жасалган казан, ошондой эле компот, шорпо, буламык үчүн 46 даана идиш, жер-жемиш жана нан тууроо үчүн тактай турат. Бул идиштин кайсы бир бөлүгүн ата-энелер өз эсебинен сатып беришкен. Демилгени ишке ашыруу үчүн 50 000 сом талап кылынды. Бул сумманы кызматкерлер жана балдардын ата-энелери чогултуп беришти. Ушуга эле 30 000 сомду кошуш керек – элеттиктердин эмгек салымы мына ушул суммага бааланды. Жергиликтүү бюджеттен болбогон акча бөлүндү. Азырынча донордук каржылоо да жок. Азык-түлүктү сактоо үчүн кампа тууралуу айта турган болсок, ал талапка жооп бербейт. Себеби азык-түлүктү сактоо үчүн орун жетишсиз. Мисалы,ун сактоо үчүн идиш эскирип бүткөн. Гречка, макарон, күрүч, камыр, кумшекер дүкөндөн же базардан кандай алып келинсе, ошол бойдон целлофан баштыктарда сакталат.

Бирок бүгүнкү күндө баары бир нерсени түшүнүптурушат – ашканадагы жумуш шарттарын бир топ жакшырта алдык. Демек балдардын тамактануусу да оңолду. Демилгечилер болсо баштаган ишин улантып жатышат.

Кенже ДҮЙШӨМБИЕВА,

Ак-Тал айылындагы бала бакчанын чарба башчысы

Окшош материалы: