Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бала бакчаны ачып, жабдууларды алып берип, тегерегин тосуп чыгышты

2017-10-14 / Көңүл чордонунда
Бала бакчаны ачып, жабдууларды алып берип, тегерегин тосуп чыгышты

Бурана айылдык аймагынын курамына төрт айыл кирет. Алар: Дөң-Арык, Бурана, Алга жана Мээнеткеч. Аймактын аянты – 6 969 га, калкы – 6 030 адам, алардын ичинде 3 110 аял. 2005-жылдын ноябрына чейин көпчүлүк үй-бүлөлөр алардын экономикалык абалына таасирин тийгизген көйгөйдү чече албай келишти – балдарды үйдө калтыра албагандыктан энелер ишин таштап, үйдө бала багып отурушчу. Дөң-Арык айылында мындай көрүнүшкө моюн сунуп отуруп калууну каалашкан жок.

Жамааттын чогулушунда мектепке чейин билим берүү мекемесинин жоктугу элеттиктердин эң олуттуу көйгөйү катары аныкталып, аны сөзсүз түрдө чечиш керек деген чечим кабыл алынды. Бала бакча ачуу үчүн өзүнчө имарат табылбагандыктан ал Калча орто мектебинин имаратында, биринчи кабатта ачылды. Мектептин сол канатында төрт бөлмө бөлүп беришип, аны мугалимдердин, коомчулуктун жана ЖӨБдүн күчү менен бала бакчага айландырышты. Ачылган күндөн баштап бала бакчага 80 наристе барууда: 4-5 жаштагы 43 бала жана 5-6 жаштагы 37 бала. “Келечек Дөң-Арык” деп аталган бала бакчанын ачылышында ата-энелер өз акчасына керебет, матрас жана жууркан сатып алышты. Айыл өкмөттүн бюджетинен ремонтко деп акча бөлүндү. Мындан тышкары жергиликтүү бийлик балдардын тамакта- нуусун да өзүнө алды. Бул маселени чечүүнүн натыйжасында жогорку педагогикалык билим бар жаш энелер жумушка чыгып, бул болсо үй-бүлөлөрдүн бюджетине оң таасирин тийгизди. 2016-жылы мектептин бардык жайларында – биринчи кабаттан үчүнчү кабатка чейин дааратканаларды толугу менен оңдоп чыгуу боюнча долбоорду иштеп чыктык. Долбоор конкурста жеңүүчү деп табылып, Швейцария Өкмөтү тарабынан Өнүктүрүү саясат институту аркылуу 1 000 000 сом көлөмүндө каржылоо алды.

Окуу жайдын жана ушул эле жерде жайгашкан бала бакчанын бул маанилүү маселеси ийгиликтүү чечилди. Бирок жаңы көйгөй пайда болду: бала бакча имараттын сол канатында орун алып, мектептеги калган жайлардан обочолонуп калгандыктан, 2005-жылы эле балдар аянтчасы уюштурулуп, тосмо орнотулган. Анын узундугу 30 метр жана бийиктиги бир метр болгон. Бирок убакыт өтүп, тосмо эскирди, кээ бир жерлерде тешик пайда болуп, имаратка чоочун адамдар кирип келип, өздөрүнөн кийин балдар аянтчасында бош бөтөлкөлөрдү калтырып кетишчү. Мындан тышкары бул балдардын коопсуздугуна да коркунуч жаратып турду. Бул көйгөй 2015-жылы эле артыкчылыктуу деп табылган жана дээрлик эки жылдан кийин аны чечүү үчүн мүмкүнчүлүк пайда болду. Бул үчүн 2017-жылдын жаз мезгилинде айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен балдардын ата-энелеринин жолугушуусу болуп, ал “Биздин жашоо – бала бакчада” деген ураан менен өткөн. Чогулуштун жыйынтыгы боюнча тосмонун ремонтунун сметасы 64 083 сом деп түзүлгөн. Жергиликтүү бюджеттен 30 000 сом бөлүнсө, калган 34 083 сомду ата-энелер чогултуп беришти. Бул акчага ошондой эле узундукта, бирок бул жолу бийиктиги 1,5 метр болгон жаңы металл тосмо орнотулду. Мындан тышкары бул акча эшикти орнотууга да жетти. Анын бийиктиги эки, кеңдиги үч метр болду. Бл демилгени биргелешип ишке ашыруу жергиликтүү бийлик органдары менен элеттиктердин өз ара кызматташуусунун жакшы тажрыйбасы болуп калды. Эки тарап тең бири-бирине ишеним артып, олуттуу маселелерди биргелешип чечүү көбүрөөк пайда алып келээрин, демилгени “төмөндөн жогору карай” активдештирүүгө көмөктөшөөрүн түшүнүштү.

Аткарылган жумуштар тууралуу маалымат атайын такталарга, муниципалдык сайтка жайгаштырылды. Ушул эле жерлерге ата-энелерден долбоордун бардык катышуучуларына ыраазычылык каттары жайгаштырылды. Анткен менен ушул күнгө чейин бала бакчадагы наристелердин күндүзгү уйкусу маанилүү маселе бойдон кала берүүдө. Жогоруда көпчүлүк керебеттерди ата-энелер бала бакчанын ачылышында белек кылганын айтпадыкпы. Бирок бөлмөлөр кичинекей болгондуктан алардын баары эле батып кеткен жок жана бир нече керебетти бири-бири менен бириктирүүгө туура келди. Мында орто жана жогорку топтогу балдар үчүн эки кабат керебетти сатып алуу жакшы чечим болмок, ошондо балдардын ар бирине орун табылып, түштө жакшы укташмак. Бул көйгөйдү жамаат бир нече жолу талкуулап, акыры АӨ башчысы Канатбек АШЫМОВ жергиликтүү кеңештин депутаттарынын макулдугу менен 30 000 сом бөлүп берди. Демилгелүү топ ишти соңуна чыгаруу үчүн каражат издеп жаткан кези.

КАНЖАЕВА Замира, демилгелүү топтун мүчөсү

Окшош материалы: