Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Биздин балдар ыңгайлуу бала бакчага татыктуу

2017-10-15 / Көңүл чордонунда
Биздин балдар ыңгайлуу бала бакчага татыктуу

Көк-Жар айылдык аймагы үчүн мектепке чейинки мекемелердин жетишсиздиги актуалдуу көйгөй болуп турат. Иштеп жаткан бала бакчаларда жакшы шарттар жок. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен жыл сайын имараттын ремонту үчүн акча бөлүнүп келген. Ата энелер мүмкүнчүлүгүнө жараша мекемени зарыл эмерек жана окуу куралдары менен жабдууга жардам берип келишти. Оюн жана спорт аянтчаларынын жоктугу – дагы бир көйгөй.

Мына ушул көйгөйлөрдүн баарын чечүүгө биринчилерден болуп Жийде айылындагы “Жийде-Булак” бала бакчасына балдарын берген ата-энелер киришти. Учурда бул мектепке чейинки мекемеде 65 бала тарбияланат, анда 16 кызматкер иштейт. Бул жерде чечилбей келаткан маселелер бир топ болгонун ата-энелер аныктап чыгышты. Чатырчалар жок болгондуктан балдар катуу ысыкта да, жамгыр жааган күнү да ачык асман алдында ойношчу. Мунун баары алардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип келди. Ата-энелер демилгелүү топ түзүп, бул маселени жалпы чогулушта көтөрүп чыгышты жана бала бакчанын башчысы катары мага маселени чечүү жолдорун табууну тапшырышты. Мында мага демилгелүү топтун лидери Нуржамал АКИМОВА жардам берди, аны болсо ата-энелер өздөрү дайындашты. Бул маселени айыл өкмөтүнүн деңгээлинде чечүү үчүн биз арыз жаздык. Анткен менен айыл өкмөтү бюджеттик каражат чектелүү болгонун айтып, бирок ошол эле маалда эл аралык донорлорду тарта алсак, каражат жагынан жардам берүүгө даяр экенин белгилешти. Бизге оңой болгон жок –көптөгөн инстанцияларды айланып чыкты. 2015-жылы эл аралык “Балдарды коргойлу” фонду “Кыргызстандын балдары үчүн мыкты билим берүү жана мыкты бала бакча” Долбоорун ишке ашыра баштады. Биз ошого катышууну чечип, өтүнмө жаздык. Бизге долбоорду ишке ашыра баштоо үчүн демилгелүү топ түзүшүбүз керектигин айтышты. Бул маселенин жарасы жеңил эле. Себеби бала бакчада курамына 25 киши кирген ата-энелер тобу иштеп жаткан. Аталган долбоордун алкагында жайкы чатырча куруу тууралуу чечим кабыл алынды. Бул демилгени ишке ашырууга айылдын тургундары жигердүү катышып, демөөрчүлүк жардам түрүндө 50 000 сом чогултуп беришти. Долбоор болсо 118 000 сом бөлүп берди. Мындан тышкары Көк-Жар айыл өкмөтү ремонт иштерине деп жергиликтүү бюджеттен 50 000 сом бөлүп берди. Жумуштарды аткарууга үч ай убакыт кетти. Натыйжада бала бакчанын короосунда узундугу 9 метр, кеңдиги 5,5 метр болгон, бардык заманбап талаптарга жооп берген чатырча пайда болду. Жумуштардын ийгиликтүү жана өз убагында жыйынтыкталганын, калктын мобилдешүүсүн, ошондой эле айыл өкмөтүнүн кызматташтыкка умтулуусун эсепке алуу менен, долбоор бала бакчага кошумча 25 отургуч жана 9 үстөлдү белек катары бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алды. Ошентип, бир көйгөйдү чечебиз деп отуруп, эки маселени чечип салдык. Отургучтар жана үстөлдөр абдан керекке жарады – балдар үстөлдө түз отурганды, тамак ичип жатканда өздөрүн туура алып жүргөндү үйрөнүштү. Ошондой эле бул эмеректер балдарга окуганды жана жазганды үйрөтүүдө бизге жардам берип жатат.

Мындан тышкары 1384000 сом көлөмүндө мамлекеттик дем берүүчү гранттын эсебинен “ЖийдеБулак” бала бакчасынын капиталдык ремонт иштерин жасай алдык. Аны менен катар полду, жылытуу системаны жана канализацияны жаңылап чыкты. Элеттиктердин тажрыйбасы аймактагы башка айылдардагы мектепке чейинки мекемелеринин кызматкерлеринин көңүлүн бурду. Бул тажрыйбаны өткөрүп берүү үчүн семинар уюштурулду. Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги биздин тажрыйбаны үйрөнүү маселесин өзүнүн 2016-жылдагы иш-чаралар планына киргизип, бала бакчалардын башчыларына донордук уюмдарды издөө боюнча ишти баштоону тапшырды. Анткен менен донорлорду табуу мүмкүн болбой, баары кагаз бетинде кала берди. Калктын өтүнүчү боюнча айыл өкмөтүнүн жетекчилиги ар бир бала бакчада жайкы чатырчаларды куруу тууралуу маселени артыкчылыктуу тапшырма катары 2017-жылга өзүнүн иш планына киргизди. Бул жылы администрация Каранай айылындагы “Таң нуру” бала бакчасында чатырча ку- рууга жергиликтүү бюджеттен 250 000 сом бөлүп берди. Мындан тышкары ата-энелер демилгелүү топ түзүп, 42 000 сом көлөмүндө акча чогултушту. Бул демилгени ишке ашыруу айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү тургундар менен биргелешип чечүүгө үйрөттү. Бул болсо элеттиктердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына болгон ишенимин арттырат. Ушундай эле демилгелер башка чөйрөлөрдө да ишке ашырылып келатат. Айыл өкмөтү өз ишин жергиликтүү жашоочулардын кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн эсепке алуу менен аткарууга умтулуп келүүдө. Аткарылган бир топ иштерге карабастан “Жийде-Булак” бала бакчасында бүгүнкү күндө балдардын күндүзгү эс алуусу үчүн керебеттер жетишпей жатат. Ошондуктан эгерде конкурстан жеңип алсак, байге фондунун каражаты эки кабаттуу керебеттерди сатып алууга багытталмакчы. Бул болсо бул жердеги балдардын ыңгайлуулугун арттырат, башкача айтканда балдарга карата камкордукту жакшыртат. Мындан тышкары конкурста жеңиш жаңы демилгелерди ишке ашыруу үчүн жакшы дем болуп бермекчи. Ата-энелер, демөөрчүлөр, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз жардамын аяшпайт. Анын үстүнө ушул тапта бала бакчада жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен балдар дааратканасынын курулушу башталды.

Чолпонай ЖУСУПОВА,

Көк-Жар айылдык аймагынын Жийде айылындагы “Жийде-Булак” бала бакчасынын директору

Окшош материалы: