Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мектеп ремонттолду, алдыда жаңы тапшырмалар турат

2017-10-16 / Көңүл чордонунда
Мектеп ремонттолду, алдыда жаңы тапшырмалар турат

Биздин Кочкорбаев айыл өкмөтү Чүй облусунда жайгашкан. Буденовка айылы бул аймактын курамына кирет жана бул жердеги орто мектеп акыркы жылдары өтө начар абалда турат. Мектеп 1975- жылы курулган жана ошондон бери бир дагы жолу капиталдык ремонт иштери жүргөн эмес, терезекаалгалары алмаштырылбагандыктан өтө эскирипкетти. Бүгүнкү күндө бул окуу жайында түрдүү улуттагы 720 бала билим алат, 36 мугалим, сегиз техникалык кызматкер иштейт.

Жыл сайын имараттын ремонтуна айыл өкмөтүнүн бюджетинен каражат бөлүнүп келет, бирок бул акча майда иштерди жасоого гана эптеп жетет. Имараттын тышына ремонт такыр жасалган эмес. Кыш мезгилинде класстар суук, себеби терезелерди ар бир сезон сайын канчалык жылуулатууга аракет жасашпасын, баары бир жел уруп турат. Мунун айынан балдар көп ооруйт. Коомдук угууларда, элдик чогулуштарда жана ЖМБА-сессиялары маалында адамдар имараттын начар абалы тууралуу көп эле айтышкан. Ошондуктан элеттиктер муну жамааттын эң артыкчылыктуу көйгөйүнүн бири катары бөлүп алган. 2016-жылы Кеңеш айылынын тургуну, жергиликтүү депутат Атамша ДУРСУНОВдун демилгеси боюнча мектептин фасадын жана терезелерин оңдоп-түзөө долбоорун каржылап берүү өтүнүчү менен ТИКАга (Эл аралык кызматташтык жана өнүгүү боюнча түрк агенттиги) кайрылуу жолдонгон. Аны агенттиктин өкүлчүлүгүнө элеттик аксакалдардын делегациясы жеткирип берип, долбоордун максаттары тууралуу кеңири айтып беришкен. Демилге колдоого алынып, бизге дээрлик эки миллион сом көлөмүндө каражат бөлүп берүү тууралуу маселе чечилген. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары долбоордук сметалык документтерди даярдоого жардам беришти. Бюджеттен 3500 сом бөлүндү. Идеянын демилгечиси Атамша ДУРСУНОВ өз чөнтөгүнөн 3000 сом бөлүп берип, бул акча жол киреге жумшалды. Ал эми жергиликтүү демилге айылдык кеңештин депутаттарынын жардамы менен ишке ашырылды. Натыйжада кыска мөөнөттүн ичинде үч кабаттуу имараттын эки кабатындагы терезелер алмаштырылып, фасад оңдоп-түзөлдү.

Ремонт иштеринин жүрүшүнө жана сапатына, зарыл болгон курулуш материалдарын сатып алууга мониторинг жана баалоо боюнча атайын түзүлгөн топтун мүчөлөрү көз салып турушту. Балдардын ден соолугу жана педагогдордун ийгиликтүү иши жасалган жумуштардын сапатына көз каранды болгондуктан мындай көзөмөл өтө зарыл эле. Жумуштар бүткөндөн кийин мугалимдер мектептин айлана тегерегин жыйнап чыгышты болгон таштандыларды чыгарышып, жууп тазалашты. Демилгени ийгиликтүү ишке ашыруу окуу үчүн жакшы шарттарды түзүп берди – класстык бөлмөлөр жана кабинеттер жылуу болуп калды, мунун натыйжасында сабакка келбей калгандар- дын саны кыскарды, бул болсо окуу жетишкендиктерине да оң таасирин тийгизди. Ата-энелер болсо балдарына кубанып, ийгиликке чогуу жетишкенине сүйүнүп турушту. Жергиликтүү бийлик органдары ремонт жүрүп жаткан маалда финансы каражаттарын колдонууда толук ачыктыкты жана отчеттуулукту камсыздап беришти. Жергиликтүү кеңештин депутаттары жумуштардын жүрүшү, материалдык каражаттардын колдонулушу жана бул процессте өздөрүнүн катышуусу тууралуу элеттиктерге кеңири маалыматтарды берип турушту. Жасалган иштер, жергиликтүү кеңештин бул долбоорду аткарууга сарпталган каражаттары тууралуу бардык маалыматтар тактага илинип жатты. Мектепте ремонт иштери башталаары менен жергиликтүү тургундар жумушчуларга жигердүү колдоосун көрсөтүп, кезек-кезеги менен ысык тамак жасап, колдон келген жардамын берип турушту. Эгерде мурда элеттиктер жергиликтүү бийликке талаптарды гана коюп келсе, бул демилгени ишке ашыргандан кийин аны өнөктөш катары кабыл алышып, алакан жайып отура бербестен, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жардам берүүгө киришти. Адамдар бардык маселелерди чогуу, биргелешкен аракеттер менен чечүүгө боло турганын түшүнүштү. Ошентип, айыл тургундары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, айылдык кеңеш жана мектеп ортосунда өз ара мамилелер жөнгө салынды. Бул чынжырчадагы субъекттер ортосунда ишенимге негизделген мамилелер түзүлдү.

 

Адамдар__ инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча иш алып барганды үйрөнүштү. Бул демилгенин ишке ашырылышы тууралуу маалымат Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн бюллетенинин төртүнчү санында жарыяланды. 2017-жылдын 17-июнунда чыккан (№24) “Жеңиш туусу” райондук гезитинде айыл өкмөт башчы Э.КЕРИМКУЛОВдун бул долбоорду ишке ашыруу тууралуу отчету басылды. Балдары ыңгайлуу шарттарда билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон ата-энелер ремонттун катышуучуларынын жана жергиликтүү бийликтин дарегине жылуу сөздөрдү аяшкан жок. “Башында Эркинбек Казбекович турган айыл өкмөтүнүн урматтуу кызматкерлери! Бул жылы биздин айылда абдан жакшы иштер жасалды. Келечек муунга кам көрүү менен биз балдарыбыз үчүн шарттарды түзүп бердик. Көп жылдардан бери көңүл оорутуп келген мектептин имараты жаркырай түштү. Партага отуруп, мектеп жылдарын кайтаргың да келип кетет экен. Атамша байкеге, Бекзат байкеге жана айыл өкмөтүнүн аппаратына ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Эми биз алакан жайып, жардам күтүп отура бербеш керектигин билип калдык. Жергиликтүү бийликке ишеним пайда болду, биз биргелешкен аракеттер менен көптөгөн ийгиликтерге жетсе болорун түшүндүк. Баарыңарга ырахмат”, деп айтты Буденовка айылынын тургуну Р. БАШАТОВ. “Биздин мектептин азыркы абалын көрүп абдан кубанып турам. Мектепке келген балдар да абдан кубанычта. Коноктор келсе да уялбай калдык. Эми балдар мурдагыга караганда жакшы окуйт деп ишенем. Долбоордун демилгечилерине – биздин депутаттарыбыз Атамша байкеге, Бекзат байкеге, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине, башчы Эркинбек Казбековичке терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, - деди Буденовка айылынын тургуну Я. МЕРАЛИЕВА. Жогоруда сөз болгон демилгенин ийгиликтүү ишке ашырылышына “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору менен жемиштүү кызматташтык да оң таасирин тийгизди. Бул долбоордун жардамы менен биздин муниципалитет айылдын көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо жана чечүү боюнча жакшы тажрыйба топтой алды. Айыл өкмөтү элеттиктердин көйгөйүн чечкен орган болуп эсептелет. Бирок бүгүнкү күндө бюджеттеги каражаттардын тартыштыгынан улам жергиликтүү бийлик эски имаратта иштөөгө, эски эмеректерди колдонууга мажбур. Эгерде биз конкурстан жеңип алсак, байге фондунун каражатын айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин иши үчүн татыктуу шарттарды түзүп берүүгө, зарыл болгон кеңсе эмеректерин сатып алууга, элеттиктер менен ар кандай жолугушуулар өткөрүлгөн бөлмөлөрдү жабдуу максатында колдонобуз. Бүгүнкү күндө жогоруда баяндалган жергиликтүү демилгени ишке ашыруу соңуна чыгып калды. Белгиленген план дээрлик аткарылды. Алдыда жаңы демилге турат: мектептин имаратынын алдына таманташ төшөө үчүн каражат табуу зарыл. Ошону менен бирге айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жетүү үчүн биргелешкен аракеттер планын ишке ашыруу боюнча иштер улантылат.

Лира СҮЙҮНТБЕКОВА,

Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы

Окшош материалы: