Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Токсон наристе бала бакчага барышты

2017-10-17 / Көңүл чордонунда
Токсон наристе бала бакчага барышты

Кызыл-Суу айылдык аймагынын Талаа айылында өткөн элдик чогулушта жергиликтүү тургундар мектепке чейинки билим берүү, ошондой эле аларды бекем ден соолугу үчүн талаптагыдай шарттардын жоктугу көйгөйүн көп эле жолу көтөрүп келишкен. Бул көйгөйлөр 2012-2017-жылдар мезгилине карата аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү Стратегиясына киргизилген. Бул маселени жергиликтүү тургундары жылдык отчет боюнча чогулуш маалында да көтөрүшкөн. Акыр соңунда бул маселе жамаат үчүн көйгөйлүү жана артыкчылыктуу деп таанылган. Себеби ал жалпысынан 1,5 миң үй-бүлөгө таасирин тийгизип жатты. ЖӨБ жетекчилиги жана жергиликтүү депутаттар менен биргелешип, жергиликтүү тургундар жолугушууларды өткөрүп, бейөкмөт жана эл аралык уюмдарга кайрылууларды жазып келди.

Натыйжада ЮНИСЕФ менен АГАХАН фондунун колдоосуна ээ болушуп, 2013-жылы алардын жардамы менен бала бакча ачышты. Ал С.Нышанбаев атындагы орто мектептин эки бөлмөсүндө орун алды. Эл аралык ЮНИСЕФ жана АГАХАН уюмдары 60 балага 600 000 сом бөлүп беришти. Бул каражат зарыл болгон инвентарды (китептер, парталар, отургучтар, шкафтар, оюнчуктар, өрткө каршы щит, даараткана үчүн жабдуулар) сатып алууга багытталды. Жергиликтүү депутаттардын жана айыл өкмөтүнүн колдоосу менен марафон уюштурулуп, анын жыйынтыгы боюнча 35 000 сом чогулду. Бул акчага буга чейин бош турган дагы төрт бөлмө ондолуп-түзөлүп, колдонууга берилди. Демөөрчүлөр палас сатып алууга жардам беришти. Алардын акчасына бөлмөлөр штукатуркаланып, терезелер жаңыланып, боёлуп, акталды. Уктоочу бөлмөлөргө буга чейин жергиликтүү мектепте турган 40 керебетти киргизишти. Жетпей калган керебеттерди ата энелер өз акчасына сатып беришти. Оюн аянтчасын көрктөндүрүү үчүн үч жыл ичинде демөөрчүлөр 100 000 сомдон ашык акча бөлүп беришти. Бул акчага участокту тосмолоп, селкинчектерди орнотуп, жылгаяк жасап, кум төгүшүп, ар бир топ үчүн бөлүнүп берилген участокту жашылдандырып, аны балдардын сүйүктүү жомокторундагы каармандардын сүрөттөрүн тартып чыгышты. Балдардын жайкы эс алуусу үчүн үч боз үй тигилди. Ошентип, жергиликтүү жамааттын, бейөкмөт, эл аралык уюмдардын жана демөөрчүлөрдүн биргелешкен аракеттери менен айылда бала бакча иштеп калды. Биздин айылда жол коопсуздугу маселеси курч турат, ал эми айылдар ортосундагы аралык өтө элечоң. Мындан улам балдарды үч саатка гана кабыл алган бала бакча беш ай иштегенден кийин ага барган ымыркайлардын саны кескин азайып кетти. Ал арада ата-энелер бала бакчаны толук кандуу иштетип берүү өтүнүчү менен тийиштүү органдарга тынбай кайрылып турушту.

Ошентип, 2014-жылдын март айында ата-энелердин жана айыл өкмөтүнүн биргелешкен аракетинин арты менен токсон балага эсептелинген бала бакча тогуз сааттык режимде иштей баштады. Бул демилгени ишке ашырууга активисттер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл өкмөт башчы түздөн-түз жардам беришти. 2015-жылдын август айынан тартып бала бакчанын жетекчилиги айылдык кеңештин, айыл өкмөт башчынын жана башка тийиштүү түзүмдөрдүн дарегине кайрылуу жолдоп, анда мекемени каржылоону бюджетке кошуу өтүнүчүн келтиришти. Текшерүү жүргүзүлүп, тийиштүү документтер даярдалгандан кийин 2015-жылдын 5 октябрынан тартып мектепке чейинки билим берүү мамлекеттин эсебинен каржылана баштап, 21 кызматкер штаттык ырааттамага ылайык айлык акы ала башташты. Ошентип, айылда жаңы жумуш орундары түзүлдү. Бирок андан да маанилүүсү – буга чейин мектепке чейинки билим берүүгө камтылбай калган 90 наристе бала бакчага бара башташты, ал жерден тарбия алышып, окуп жатышат. Башка өлкөлөрдө иштеп жүргөн 180 мигрант ата эненин кубанычын да өзгөчө белгилей кетким келет. Алар балдарын кары ата-энесине же жөн эле туугандарына калтырып кетүүгө мажбур болушкан. Эми болсо балдары үчүн көп тынчсызданбай калышты десек болот. Айыл өкмөтүнүн жылдык планынын олуттуу бөлүгү ишке ашырылды. Идеянын демилгечилери долбоордун ишке ашырылышына көз салышууда, алар жылуу сөздөрү жана жаңы идеялары менен колдоо көрсөтүп келатышат. Бул демилгени ишке ашыруу менен элеттиктердин активдүүлугүнө дем берилгендей болду: эми жаңы, заманбап, бардык шарттары бар бала бакчанын курулушу тууралуу сунуштар айтыла баштады. Идея айылдык кеңештин чогулушунда каралып, депутаттар 120 орундуу жаңы бала бакчанын курулушуна жер участок бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алышты. Демилге облустук “тегерек столдо” талкууланып, аны Ош ТВнын кабарчылары чагылдырышты. Ага эл аралык ЮНИСЕФ уюму тарабынан да мониторинг жүргүзүлүп жатат. Учурда жаңы бала бакчанын курулушу башталуу алдында турат. Ал арада жергиликтүү жамааттын демилгелерине колдоо көрсөтүү максатында айыл өкмөтү жергиликтүү мектептин ремонт иштерине деп 70 000 сом бөлүп берди. Бул каражатка курулуш материалдары сатып алынды, ашар жолу менен дубалдар штукатуркаланып, электрмонтаж иштери жасалып, класстар акталып, сырдалды. Эгерде бизде “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбооруменен кызматташуу мүмкүнчүлүгү пайда болсо, бала бакчанын дагы бир көйгөйү чечилмек. Жогоруда белгиленгендей, жумуш процессинде жаңы тапшырмалар жана керектөөлөр пайда болуп жатат. Биз уктоочу бөлмөгө эки кабаттуу керебеттерди, кийим үчүн шкаф, ошондой эле окуу процессин уюштуруу үчүн зарыл болгон материалдарды сатып алмакпыз. Эгерде байгени утуп алсак, бала бакчанын иш процессинде пайда болгон маселелерди чече алабыз.

Телегей БОСТОНБАЕВА,

“Султанмурат” бала бакчасынын башчысы

Окшош материалы: