Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мыкты бала бакча – бул максатка жетүүгө болот

2017-10-18 / Көңүл чордонунда
 Мыкты бала бакча – бул максатка жетүүгө болот

Чапаев айылындагы Беш-Тал участогу 120 үй-бүлө жашаган жаңы конуш болуп эсептелет. Бул жерде адамдар Зулпуев жана Кара-Таш айыл өкмөтүнүн тургундары менен ынтымакта жана биримдикте жашашат. Жергиликтүү тургундар чарбактарын жана жер участокторун Холвой дарыясынан келген суу менен сугарып турушат. Жыл бою бул жерде суу мол болуп турат, ал эми суу кирген маалда дарыя олуттуу коркунуч жаратат. 2014-жылдын жаз мезгилинде бул жерде эки наристе каза тапкан – аларды суу агызып кеткен эле. Ушул кырсыктан кийин жергиликтүү тургундарда, өзгөчө энелерде балдарынын өмүрү жана коопсуздугу үчүн тынчсыздануу пайда болгон. Мындай кырсыкты келечекте болтурбоо үчүн чукул арада чара көрүш керек болду.

Биринчи кезекте айылдык чогулуш өткөрүлүп, анда көйгөйдү талкуулоо процессинде көпчүлүк  ата-энелер жаз келгенде талаага эртелей чыгып кетишээри, айылда бала бакча жана мектеп болбогондуктан балдары адатта дээрлик кароосуз калып жатканы маалым болду. Бала бакча аймактан бир топ эле алыста жайгашкандыктан көптөр балдарын ал жакка бере алышпайт, ал эми окуучулар мектеке баруу үчүн күн сайын беш километр жолду басып өтүүгө мажбур. Кырдаалды эсепке алуу менен энелердин демилгелүү тобу айылдагы жалгыз муниципалдык имаратты ирээтке келтирип, ондоп-түзөп, аны бала бакчага айландырууну сунуштады. Бул имарат мурда канаттуулардын фабрикасы болчу, ал көп жылдардан бери кароосуз жаткан. Жергиликтүү жамаат чогулуш өткөрүп, лидерин тандап, маселени чечүү жолдорун издөөгө киришти. Өз ара жардамдашуу топтору түзүлүп, өз салымды түзүү максатында каражат чогултуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Айыл өкмөтүнө кайрылып, идеяны ишке ашырууга жардам сурадык. Өз кезегинде айыл өкмөт башчысы бала бакчаны ачуу зарыл экенин белгиледи. Ал колдоосун билдирип, администрациянын инвестициялар боюнча адиси Абдихалим ДАДАБАЕВге тийиштүү тапшырмаларды берди. Жамааттын мүчөлөрү Хамида АБДИРАЗАКОВА, Мухтасар АБДИСАЛИМОВА, Самида АБДИКАХАРОВА, Саврихандар БАКИЕВА идеяны иш жүзүнө ашыруу үчүн күчүн да, убактысын да аяшкан жок.

Долбоор ишке ашып кетээрине ишенбегендер да болгонун белгилей кетүү керек. Бирок алар жергиликтүү аксакалдардын батасын алгандан кийин ремонт иштерине катышып, шагыл жеткирүүгө жардам беришти. Демилгелүү топ жардам сурап райондук бейөкмөт уюмдарга кайрылып, маалымат чогулта баштады. Натыйжада башында Абдихалим ДАДАБАЕВ турган “Триумфатор” фондунун атынан жазылган долбоор жеңүүчү деп табылды. Ошентип, 2015-жылы айылда бала бакча ачылды. Бул демилгени ишке ашыруунун натыйжасында Беш-Тал айылынын жашоочулары менен жергиликтүү бийлиги ортосунда өз ара мамилелер оңолуп, айыл өкмөтүнө карата ишеним деңгээли жогорулады. Бирок эң негизгиси – балдар эми дайыма көзөмөл алдында, алардын коопсуздугу үчүн шарттар түзүлдү. Мындан тышкары балдардын мектепке чейинки билим алуусу, алардын саламаттыгын сактоо үчүн шарттар оңолду. Бул демилгени ишке ашыруунун жүрүшүндө Чапаев айылында да дал ушундай көйгөй аныкталды. Чапаев айылдык аймактан өтө узак аралыкта жайгашкан. Жергиликтүү тургундардын маанайлары көтөрүлө түштү, алар биргелешкен аракеттер менен көптөгөн ийгиликтерге жетүүгө болооруна ишеништи. Алгачкы этабында ЖӨБ органдары тарабынан кайдыгер мамиле байкалып турганын белгилей кетүү зарыл. Бул көйгөйдү өз алдынча чечүүгө умтулган энелердин активдүү ишин жана аракетин көргөндөн кийин алар бул демилгеге карата мамилесин өзгөртүштү. Биздин демилгебиз тууралуу ММКда маалыматтар чыккан жок, бирок калк арасында чоң резонанс жаратты. Бала бакчанын ачылышына көп коноктор катышты: Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай ЗУЛПУКАРОВ, Ноокат райондук администрациясынын башчысы Бекболот АЙТИЕВ, жергиликтүү кеңештин депутаттары, А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөттүн башчысы Шухрат ГАФАРОВ катышып, энелердин аракетине таң беришип, бала бакчанын ачылышы менен куттукташты.  Бул окуя айыл тургундарын да абдан кубандырды. Мисалы, М. АБДУСАЛИМОВА “биз бириксек чоң күчпүз!” деп айтты. “Элдик демилге мыкты жыйынтыктарды берүүдө”, - деп эсептейт айыл өкмөт башчысы Ш. ГАФАРОВ.

Бул демилгени ийгиликтүү ишке ашырууга “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору менен кызматташтык көмөкчү болду. Долбоордун семинарларында биз өз укуктарыбыз тууралуу көп пайдалуу маалыматтарды билдик, жергиликтүү маанидеги көйгөйлөр тууралуу терең билим алдык, жергиликтүү бюджеттин ачык-айкындуулугун камсыздоо боюнча процесске катыштык, бул демилгени көтөрүп чыгууга күч таптык. Кызуу талкуулардан кийин айылдагы көйгөйлөргө ЖӨБдүн көңүлүн бура алдык. Жергиликтүү жамаат 2015-жылы түзгөн демилгелүү топ бүгүн да өз ишин улантууда.Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу топко өз күчүнө болгон ишенимди берди, баштаган ишти улантууга жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууга катышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Айыл өкмөтүнүн жана донорлордун колдоосу алдында демилгелүү топтун аракеттери менен курулган бала бакчада бүгүнкү күндө элүүдөн ашуун бала тарбияланып жатат. Бул мектепке чейинки мекеменин ишин жакшыртуу үчүн дагы бир топ иштерди жасаш керек. Бүгүнкү күндө бала бакчада наристелердин толук кандуу окуусу жана тарбиясы үчүн шарттар жетишсиз болуп турат. Мекеменин аймагы тосулган эмес, ашкана жана даараткана үчүн өзүнчө жайлар жок. Ашкана болбогондуктан балдар үчүн тамакты короого жасап келишет. Ал эми даараткана үчүн балдар кошуна короолорго барышат. Ажаатканага жетпей, ошол эле жерде даарат ушаткан учурлар болбой койбойт, ал эми бул болсо санитардык-гигиеналык эрежелерди бузуу болуп саналат жана кандайдыр бир оорунун башталышына себепчи болушу ыктымал.

Жакында эле жергиликтүү жамааттын аракеттери менен даараткананын курулушуна деп жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү тууралуу айылдык кеңеш чечим кабыл алган. Долбоор Ноокат райондук билим берүү башкармалыгында бекитилип, тендер жарыяланды. Ал эми ашкананын курулушу маселесин жергиликтүү бюджет азырынча чече албай келатат. Ошондуктан ушул тапта каржылоо булактары изделүүдө. Эгерде биз конкурсту утуп алсак, айыл өкмөтү бул маселени чечүүгө колдон келишинче жардам берүүгө даяр турат. Келечекте биз бала бакчабызды райондогу мыкты мектепке чейинки билим берүү мекемелердин катарына киргизүүгө умтулабыз. Бул куру кыял эмес, бул – балдарыбызга мыкты шарттарды түзүп берүү аракети. Демилгелүү топто иш чаралар планы бар. Бул пландар “Мыкты бала бакча” наамын алууга жол ачат. Бул үчүн оюн аянтчасын, чатырчаны куруп, бакчанын тегерегин тосмолоп чыгышыбыз керек. Ошондуктан биз дайыма изденип келебиз. Бирок бул маселени биргелешип чечсе болоруна терең ишенебиз.

Муяссархон УЛМАСОВА,

“Келечек үмүттөрү” МЧМ жетекчиси

Окшош материалы: