Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Нур-Бакча” МЧМ балдарга камкордукту өзүнө алды

2017-10-19 / Көңүл чордонунда
“Нур-Бакча” МЧМ балдарга камкордукту өзүнө алды

Жыл сайын Узун-Кыр айыл өкмөтүндө мектепке чейинки курактагы балдардын саны өсүп жатат. “Нур-Бакча” мектепке чейинки билим берүү мекемеси 2016-жылдын соңунда көптөгөн энелерге баласы үчүн кам санабай, жумушка чыгууга жол ачты. Аймактагы айылдарда мындай аялдар көп эле болуп чыкты – бул жерде көп балалуу үй-бүлөлөрдүн саны 250гө чамалайт.

Мындан тышкары наристелердин бала бакчада болгону өтө пайдалуу. Себеби алар кесипкөй тарбиячылардын көзөмөлүндө болуп, мектепке даярданып, окуу үчүн зарыл билим алышат. Ал эми баары жеңил эле башталган эмес. “Нур-Бакча” 2000-жылы ачылып, 2006-жылдын ноябрына чейин иштеген. Калкынын саны 4040адамдан турган, бир нече айылды бириктирген аймак үчүн мектепке чнйинки мекеменин жабылышы чындап эле жаман иш болду. Көпчүлүк үй-бүлөлөр финансы жагынан да кыйналышты, себеби энелер жумушун таштап, үйдө бала багып отуруп калышты. Бактыга жараша көп өтпөй адамдар бала бакчасыз болбой турганын түшүнүштү. “Нур-Бакча” бала бакчасынын ишин жандандыруу тууралуу демилге- ни жергиликтүү лидер Э.Ш. МУСИНА көтөрүп чыгып, аны айыл өкмөтүнүн кызматкерлери колдоого алышты. Биринчи кезекте Жер-Казар, Дружба жана Н.Норус айылдарындагы үй кожолуктарын кыдырып чыгышып, анын жүрүшүндө мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылышы – жамааттын артыкчылыктуу маселеси болгону аныкталды. Ошондой эле бала бакчанын кызмат көрсөтүүлөрүнө өзгөчө муктаж болгон үй бүлөлөрдүн тизмеси түзүлдү. Андан соң КР Юстиция министрлигинде МЧМдин Уставы, ал эми райондук финансы бөлүмүндө штаттык ырааттама бекитилди. “Нур-Бакча” иштеген алгачкы жылы ар бир баланын тамактануусуна 18 сомдон каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп турду, атаэнелер болсо 32 сомдон кошумча берип турушту. Кийинки жылы ата-энелер чыгашалардын бул беренесин толугу менен өздөрү каржылай башташты.

Жаңы түзүлгөн ата-энелер комитети “Нур-Бакчанын” бардык муктаждыктарын чечүүгө жигердүү түрдө жардам берип келет. Жергиликтүү администрация жыл сайын мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ремонтун жасап турат. Кайрадан иштей баштаган “Нур-Бакча” алгачкы күнүнөн баштап жергиликтүү администрацияга, ата-энелер комитетине жана райондук билим берүү бөлүмүнө отчет берип турат. 2014-жылы КР Финансы министрлиги 2 500 000 сом көлөмүндө дем берүүчү үлүштүк грант бөлүп берген. Бул каражат экинчи корпустун ремонтуна колдонулган. Мунун натыйжасында кошумча төрт группа ачылган. 2015-жылы райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен кореялык SavetheChildren Долбоорунун алкагында бала бакчанын аймагында оюн аянтчасы курулган. Бул болсо балдардын таза абада ойноп, чуркап, ден соолугун бекемдөөсү үчун шарт түздү. Ушул эле жылы демөөрчүлөрдүн жардамы менен эки группа үчүн эмерек сатып алдык. 2017-жылдын август айында “Нур-Бакчанын” аймагында араб демөөрчүлөрү скважинаны казып беришти, эми ал жактан сугаруу жана кийим-кече жууш үчүн суу чыгып турат. Ушул эле жылы ФИНКА өнүгүү банкынын жардамы менен даярдоо группасындагы наристелер үчүн оюн аянтчасы курулду. Бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери – Р. ЧОТУНБАЕВА, А. ЖАМАКЕЕВА, И. КАЗАКОВА жана башкалар – жагымдуу, ыңгайлуу атмосфера жаратып, балдардын тарбиясы, өнүгүүсү жана билим алуусу үчүн шарт түзүп берген “Нур-Бакчанын” директору Э.Ш.МУСИНАга жана бардык кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдиришет. Алар мындай так жана бир калыпта аткарылган ишти атүгүл борбор калаадагы айрым бала бакчалардан да көрүүгө мүмкүн эместигин белгилешет. Учурда бала бакчага ашкана үчүн жабдуулар абдан зарыл болуп турат. Эгерде биз конкурстан жеңип алсак, анда каражат электр мешин, чоң эки камералуу муздаткычты сатып алууга жумшалат. Мындан тышкары бизге үч компьютер жана бир түстүү принтер зарыл болуп турат. Мунун баары “Нур-Бакчанын” шарттарын жакшыртууга жардам бермек. Кийинки жылга пландарыбыз – биринчи корпусту ремонттоп чыгуу. Бул болсо 80 орундуу дагы эки группаны ачууга көмөкчү болуп, аймактын мектепке чейинки мекемеге болгон керектөөсүн толугу менен канааттандырат.

МУСИНА Эльмира, айылдын лидери

Окшош материалы: