Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаңы бала бакча менен жашоонун көркү чыга түштү

2017-10-20 / Көңүл чордонунда
Жаңы бала бакча менен жашоонун көркү чыга түштү

Шарк айыл өкмөтүнүн Маданият айылынын калкынын саны 7900 адамды түзөт. Улуттук курамын алып караганда, бул жерде түрктөр, өзбектер жана кыргыздар жашайт. Көпчүлүк үй-бүлөлөрдө балдар бар болгону менен, айылда бир дагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси жок.

Бул болсо ата-энелердин жашоосун татаалдаштырып жатат, себеби алар жумушун таштап, балдарын кароого мажбур же туугандарына калтырышат, кээде үйдө жалгыз калтырып кетишет. Айрымдар балдарын шаардагы бала бакчага орноштурушкан. Типтүү бала бакчанын эки кабаттуу имараты 1991-жылдан 2011-жылга чейин кароосуз калган, аны таштанды жайына айландырып, ичиндеги болгон инвентарларды туш тарапка ташып кетишкен болчу. Жергиликтүү активисттердин демилгеси менен айылдык чогулушта бала бакчанын имаратын калыбына келтирүү зарыл деген чечим кабыл алынып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарегине тийиштүү сунуш жолдонгон. Бул маселе айылда жашаган ар бир экинчи үй-бүлөгө тиешелүү болгонун белгилей кетүү зарыл. Өзгөчө аялдар кыйналды. Себеби жогорку билими тууралуу диплому болгону менен, алар бала багып үйдө отурууга мажбур болушкан. Ушундан улам башка бир көйгөй жаралды – жергиликтүү мектепте жана ФАПта кадрлар жетишпей калган. Бул эки көйгөй өз ара байланышта болгонун эсепке алуу менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жетекчилери демилгени колдоого алып, зарыл болгон акчаны бөлүп берип, бала бакчанын ремонтун жасоо үчүн адистерди табышты. Жумуштар белгиленген мөөнөттө жыйынтыкталып, үчтөн алты жашка чейинки курактагы 120 бала бул мектепке чейинки билим берүү мекемесине бара башташты. Ошол эле маалда кадрлардын жетишсиздиги өңдүү маселе да чечилди. Себеби бугачейин үйдө отурууга мажбур болуп келген энелердин көбү мектепке ишке орношту. Мындан тышкары 1991 жылдан бери кесиби боюнча жумуш таппай отурган аялдар бала бакчада ар кандай кызматтарга дайындалышты. Жергиликтүү жамааттын колдоосу менен бир нече айдан кийин бала бакчада дагы бир группаны ачышып, ага 2,5-3 жаштагы балдар бара башташты. Бул тажрыйбаны ушул күнгө чейин ишке ашырып келе жатабыз. 2017-жылдын январь-май айларында райондук деңгээлде “Үй-бүлө жана жамаат менен кызматташтык” жана “Бала бакчадагы эмгек ишмердүүлүгү” деп аталган эки семинар өткөрүлдү. 2014 жылдан 2015-жылга чейинки мезгил аралыгында мекеменин аянтын кеңейтүү мүмкүн болду – жайкы ашкананы уюштуруп, бала бакчанын аймагын тосуп чыгышты. Айрым бөлмөлөрдө заманбап ремонт жасалды.

Бул тажрыйбаны ПРООНдун Долбоорунун алкагында калктын жеке салымын колдонуу менен жергиликтүү маанидеги маселе- лерди чечүүдө пайдаланып жатабыз.Долбоорду ишке ашырып жатканда биз арбир элеттикке өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу мүмкүн болушунча көп маалыматты жеткирип турдук. Бул жерде айыл башчыларынын коомдук ишчараларды өткөрүүдөгү салымын белгилей кетишибиз керек. Мындан тышкары айылда жашаган түрдүү улуттардын өкүлдөрү кирген комиссия демилгени ишке ашыруунун жүрүшүн көзөмөлдөп, ар бир этаптын ишке ашырылышы тууралуу отчетторду чогулуштарда угуп турду. Жергиликтүү тургундардын балдарында мектепке чейинки билим берүү мекемесине баруу мүмкүнчүлүгү пайда болгону, муну менен кесиби боюнча ишке кайтып келген элеттик аялдардын турмуш шарты бир кыйла жеңилдегени, мунун натыйжасында үй-бүлөлүк бюджетке да оор болбой калганы негизги жыйынтык десек болот. Анткени айыл шартында ар бир жумуш –бул кошумча киреше эмеспи. Атүгүл айрым үй-бүлөлөрдө шаардагы жеке бала бакчага бир топ акча коротуу зарылчылыгы болбой калды – мурда жол кеткен акча чөнтөктө калды. ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү бул долбоор боюнча ачык жана айкын ишти камсыздап беришти,жумуштун ар бир этабы тууралуу калкка өз убагында, сапаттуу жана мүмкүн болушунча толук маалымат берип турушту. Муну көргөн адамдар эмгек жана акчалай салып кошуу менен бул демилгени ишке ашырууга барган сайын жигердүү боло башташты. ЖӨБ органдары жана райондук билим берүү бөлүмү тууралуу айта турган болсок, алар түрдүү уруксат берүүчү документтерди алууну, зарыл техниканы, адистерди берүүнү камсыздашты. Ошондой эле алар да акчалай салым кошушту. Биздин ишибиз тууралуу райондук гезиттерге макалалар жарыяланганына байланыштуу тажрыйбабыз көпчүлүккоө белгилүү болуп, башка элеттик жамааттар аны үлгү катары кабыл алышты. “Менимче, бала бакчанын имаратын калыбына келтирүү жана балдарыбыз үчүн шарттарды түзүп берүү менен айылда жашоонун көркү чыга түштү. Акыры элеттиктердин көптөн берки кыялы да орундалды. Жашоочулардын атынан көйгөйдү аныктап, аны чечүү жолдорун сунуштаган демилгечилерге ыраазычылыгымды билдиргим келет. Анткени алар бизге ишеним беришти. Ошондой эле элеттиктердин күнүмдүк түйшүгүн жеңилдеткен бала бакчанын кызматкерлерине да ыраазычылыгымды билдирем. Бул имаратты жаңылоого салымын кошкон айылдын ар бир тургунуна, инвестициялары менен жардам берген чет өлкөлүк донорлорго, айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине рахмат. Баарыңарга чың ден соолук, узак өмүр каалайм. Ар бириңерге “мыкты” деген баа коем. Бизде ушундай демилгелүү жаштар жана берешен ишкерлер көп болсун”, – деп айтты пенсионер Халида ХАСАНОВА. “Бүгүн демилгечи болгон ар бир адамга, ремонт иштерин бүтүрүү үчүн карга же жамгырга карабастан чын дили менен иштеген ар бир адамга, ошондой эле башчыдан тартып кароолчуга чейин бала бакчанын ар бир кызматкерине, акчалай да, эмгеги менен да, жылуу сөз айтып да жардам берген ар бир жашоочуга ыраазычылыгымды билдиргим келет. Ар бириңердин үйүңөргө береке, тынчтык, бекем ден соолук каалайм. Дайыма бийик болгула. Мен силерге “мыкты” деген баа коем”, - деп айтты айылдын башчысы Капар ака. Сөз соңунда сандарды келтирсек: бул долбоорду аткарууга 2 222 000 сом сарпталды. Алардын ичинен имараттын капиталдык ремонтуна 1 800 000 сом; жайкы ашканага 60 000 сом; бастырманын курулушуна 60 000 сом; мешке 100 000 сом, котелго 202 000 сом сарпталды. Бул акчанын баары ЖӨБдүн бюджетинен, элеттиктерден, ишкерлерден жана балдардын ата-энелеринен түштү. Мындан тышкары 750 000 сом ПРООНдон келди. Эгерде биздин долбоор колдоо тапса, анда байге фондунун каражатын заманбап оюнчуктарды жана окутуучу оюндарды, компьютерди, электрондук тактаны сатып алууга жумшайбыз. Мунун баары балдарга айлана-чөйрөнү таанууга, акыл эсин өнүктүрүүгө, сүйлөө речин жана ой жүгүртүүсүн кеңейтүүгө жардам берет.

Айткан ЖОЛДОШЕВА,

“Маданият-Бүчүр” бала бакчасынын директору

Окшош материалы: