Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаштардын ынтымагы

2018-09-07 / Жаштар өзгөрүүлөрдүн максаты жана күчү
Жаштардын ынтымагы

Элеттиктерди эмне түйшөлттү? Адатта жаштар коомдук угууларга, жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоого дээрлик катышпайт. Жазы айылдык аймагынын өз алдынча демилгелүү тобу жаштарды жамааттын турмушун талкуулоого тартуу, муну менен алардын коомдогу активдүүлүгүн жогорулатуу максатын койду. Демилгелүү топ ошондой эле оор турмуштук абалда жашап жаткан, мектепке барбай иштөөгө мажбур болгон өспүрүмдөргө жардам берип, жаштарды өз пикирин ачык айта билгенди үйрөткүсү келди. Сурамжылоонун жана изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, 35 кыз-жигит жана өспүрүмдөр ушундай көйгөйгө туш болгону аныкталды. Ошондой эле “Жашстан” долбоору менен биргелешип айыл башчылары, кварталчылар, ар бир айылдын жаш лидерлери, окуучулар жана жаштар менен жолугушуулар өткөрүлгөн учурда да бул көйгөй тастыкталды.

Айылдардын саны  24742,6 миң сом
Калктын саны  15386 
Жылдык бюджети 24742,6 миң сом

Эмнелер жасалды?

Коомдон обочодо калган балдарды аныктагандан кийин бул жеткинчектер эмнелерге кызыгаарын аныктоо боюнча чаралар көрүлдү. Активисттер “Жашстан” долбоору менен тыгыз кызматташып, айылдын 14төн 28 жашка чейинки жаштары менен жолугушуулар жана чогулуштар өткөрүлдү. Алардын арасында мүнөзү оор, курдаштары менен тил табыша албаган өспүрүмдөр аныкталды. “Жашстан” долбоорунун демилгеси боюнча бул өспүрүмдөр лидердик сапаттарга үйрөткөн мектепке киргизилди. Долбоордун кызматкерлери өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, элдин алдында өз пикирин эркин айтканды үйрөтүштү. Иш-чарага “Жашстан” долбоорунун түштүк аймактары боюнча координатору Гульнур КАРАЕВА, айыл өкмөт башчысы М.ИБРАИМОВ, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жаштар жана спорт бөлүмүнүн инспектору К.ЭРКИНОВ, айылдык аймактагы мектептердин директорлору катышты. Демилгенин соңку иш-чаралары жаштардын катышуусу менен Кызыл-Дыйкан айылында өттү. Ал жерде катышуучулардын арасында лотерея ойнотулуп, ар бир катышуучу байге алды.

Байге катары үтүк, термос, электрмеши, оюнчуктар, чайнектер, блокноттор, кеңсе буюмдары берилди. 10-11-класстын окуучулары, элеттик жаштар, жалпысынан 200дөн ашык адам (анын ичинде кошуна Кызыл-Тоо жана Зергер аймактарынан 60 адам) катышкан иш-чаралар үчүн тогуз чатыр тигилди. Бир чатырда улуттук кыргыз кийимдери, экинчисинде улуттук тамак-аш, үчүнчүсүндө элдик кол өнөрчүлүк, төртүнчүсүндө шахматтар, бешинчисинде тогуз коргоол оюну, алтынчысында живопись үчүн аспаптар, жетинчисинде жаштардын спорттогу жетишкендиктеринин далилдери, сегизинчисинде 15 жашка толо элек окуучулар колго жасаган буюмдар, ал эми тогузунчу чатырда элдик кол өнөрчүлүктүн буюмдары коюлду. Иш-чаранын жүрүшүндө волейбол, футбол, ордо өңдүү спорт оюндары уюштурулду. Мелдештердин жеңүүчүлөрү “Жашстан” долбоорунан байгелерди жана грамоталарды алышты. Гендердик баланс да сакталды – катышуучулардын 60% аялдар түздү.

Жаштар арасында ынтымакты жана достукту бекемдөө максатында, ошондой эле аларды окутуу үчүн долбоорлор жазылды. Алардын маанисин көрсөтүп берип, каржылоо булактарын да таба алышты. Мунун натыйжасында оргтехника, окуу китептери сатып алынып, башка иш-чаралар да уюштурулду. ЭҮЖӨБОЖ долбоору бир топ билим берди. Мисалы, катышуучулардын санын кантип көбөйтүп, иш-чараны кантип өткөрсө болот, чакырууларды кантип даярдаса болот деген кеп-кеңештерин берип, микрофон менен камсыздады. Эң негизгиси – активисттер көйгөйлөрдү аныктап чыгып, аларды чечкенди үйрөнүштү.

Жыйынтыгы эмне болду?

Жаштар түрдүү маселелер боюнча өз пикирин ачык айтканды үйрөнүштү, коомдон обочодо калган балдардын саны кыскарды. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү тургундардын активдүүлүгү өткөн жылдарга салыштырмалуу 40% өстү. Бүгүнкү күндө жаштар коомдук угууларга өз алдынча катышып калышты.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Жазы айылдык аймагы Минавар АКЖОЛОВА, Токтобек МАЛИКОВ