Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаштар иштери боюнча Консультативдик кеңеш Таш-Көмүрдөгү аялдар футболун өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчүнө айланды

2021-01-16 / Жаштар өзгөрүүлөрдүн максаты жана күчү
Жаштар иштери боюнча Консультативдик кеңеш Таш-Көмүрдөгү аялдар футболун өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчүнө айланды

Түрмөктү Өнүктүрүү саясат институтунун буйрутмасы менен Айнура ЖУНУШАЛИЕВА, Гузель ЖАНАЛИЕВА жана Жылдыз КЕРИМОВА даярдашты.

Кыргызстан аялдар футболун дискриминациялабаган өлкөлөрдүн бири болуп эсептелинет. Анын өнүгүүсү массалык спорттун артыкчылыктуу багыттарынын бири катары каралат. Бирок жергиликтүү бюджеттердин массалык футболду өнүктүрүүгө багыттаган чыгашаларынын басымдуу бөлүгү баары бир эркек командаларына жана балдарын командаларына кетет.

2017-жылы Таш-Көмүр шаарында 15 кыз гана футбол ойночу, болгондо да балдардын аралаш командаларында топ тебишчү. 2020-жылы 9 жаштан 15 жашка чейинки курактагы 60ка жакын кыз футбол менен алектенүүдө. Кесипкөй юниордук футбол командалары пайда болду, аларда 13-15 жаштагы кыздар гана ойношот. Бул кыздар даярдыктын эң жогорку деңгээлин көрсөтүп, жеңишке жете алуу жөндөмдүүлүгүн далилдей алышты. Мисалы, 2020-жылы ташкөмүрдүк «U-13» жана «U-15» аттуу эки команда Кыргызстандын аялдар футболу боюнча чемпионаттарында биринчи жана экинчи орундарды ээлей алышты.

Шаарда аялдар футболун өнүктүрүү жакында эле пайда болду. Мында Таш-Көмүр шаарында жакында эле түзүлгөн жаштар иштери боюнча Консультативдик кеңеш кыймылдаткыч күч болуп калды. Шаардын Консультативдик кеңешинин курамына көптөгөн жигердүү жаштар кирди. Алар жаштардын кызыкчылыктарына тиешелүү түрдүү маселелерди сүрөй башташты. Мындай артыкчылыктуу маселелердин бири – аялдар футболун өнүктүрүү маселеси болуп калды. Анын шаар дык кеңештин алдында сүрөө менен Консультативдик кеңештин мүчөсү, Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты Эрк ОРОЗБАЕВ алектене баштады. ОРОЗБАЕВ балдардын жана жаштардын сергек жашоо образы үчүн чындап күйүпбышкан, ошондой эле аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн коргогон адам.

Эрк ОРОЗБАЕВде буга чейин жаштардын кызыкчылыктарын сүрөө тажрыйбасы болгон. Айталы, 2019-жылы шаардык мэрия менен биргелешип иштөөнүн натыйжасында эки чакан футбол аянтчасынын курулушуна 2 млн. 600 миң сом көлөмүндө финансы каражаты бөлүнгөн. Ошондой эле мелдештердин жеңүүчүлөрүнө байге фонду үчүн, спорттук кийим-кечелерди жана спорттук шаймандарды сатып алууга да каражат бөлүнгөн. Ал эми 2020-жылы Консультативдик кеңеш ушул эле багытта ишин уланта берүүнүн, бирок бул жолу дал ушул аялдар футболун максаттуу түрдө сүрөөнү чечти.

Жаштар иштери боюнча Консультативдик кеңеш мэрия менен ишин бир заматта баштады. Кеңештин мүчөлөрү жаштардын кызыкчылыктарына тиешелүү жана чечүүнү талап кылган бир топ маселелерди көтөрүп чыгышты. Балдардын жана жаштардын, өзгөчө кыздардын бош убактысын уюштуруу маселеси эң маанилүү болуп калды. Консультативдик кеңеш мэрия менен биргелешип, маселени чечүүнүн жолдорун табуу үчүн бир канча жолугушууларды өткөрдү. Натыйжада мэрия шаардык кеңештин уруксаты менен спорттук аянтчаларды куруу үчүн жер бөлүп берди. Ошондой эле мэрия спорттук мелдештерди өткөрүүнү уюштурууга, шаардын жаштары арасында массалык спортту өнүктүрүүнү илгерилетүүгө көмөк көрсөттү. Бул иш-чаралардын баары балдар жана жаштар менен иштөөнүн бекитилген планына, ошондой эле Консультативдик кеңетин иш планына да кирди.

Таш-Көмүр мэриясынын кызматкери Гүлназ МАДЫЛБЕКОВАнын айтымында, жаштар иштери боюнча Консультативдик кеңештин пайда болушу менен көп нерсе өзгөрдү. Шаар бийлиги балдарга жана жаштарга бир топ жакындады, жигердүү жаштар да өзүн көрсөтүштү. Анткени алардын үнү жете турганына ынанып, жаш шаардыктар – бул калааны өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү болгонуна көздөрү жетти.