Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Шаардын же айылдык аймактын жаштар иштери боюнча консультативдик кеңеши жөнүндө Типтүү жобо

2021-01-16 / Жаштар өзгөрүүлөрдүн максаты жана күчү
Шаардын же айылдык аймактын жаштар иштери боюнча консультативдик кеңеши жөнүндө Типтүү жобо

КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин (2020-жылдын 28-мартындагы №82) жана КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (2020-жылдын 3-майындагы № 01-18/44) биргелешкен буйругу менен бекитилген (Өнүктүрүү саясат институтунун колдоосу менен иштелип чыккан).

I. Жалпы жоболор

1. Шаардык/ айыл аймактын жаштар иштери боюнча консультативдик кеңеш (мындан ары – Кеңеш) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарында (органдын аталышы) жана өз ишин коомдук башталышта ишке ашырган, коллегиалдуу, консультативдик жана жаштар саясаты боюнча кеңешүүчү орган болуп саналат.

2. Кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларына, жергиликтүү жамааттын уставына жана ушул жобого ылайык ишке ашырылат.

3. Кеңештин иш аракеттери мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, коллегиялдуулук, ачыктык, бардык мүчөлөрүнүн тең укуктуулук принциптерине негизделет.

4. Кеңештин иш аракетинде саясий жана диний үгүттөөгө тыюу салынат.

5. Кеңеш менен шаардын/ айыл аймактын (аталышы) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү жаштар саясатында өз алдынчалуулук жана өз ара пайдалуу кызматташуу принциптеринин негизинде ишке ашырылат.

II. Кеңештин максаты жана милдеттери

6. Кеңештин негизги максаты:

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында шаардын/ айыл аймактын жаштарынын кызыкчылыктарын коргоо;
  • шаардын/ айыл аймактын жаштарына ар тараптуу колдоо көрсөтүү, потенциалын ачуу жана аны ишке ашыруу, жаштарды социалдык, экономикалык, саясий жашоого активдүү катыштыруу;
  • шаардын/ айыл аймактын жаштарынын активдүү жарандык позициясын, жергиликтүү жамааттын актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүгө жаштардын катышууга каалоосун, жаштардын көйгөйлөрүн чечүүдө өз алдынча жана жоопкерчиликтүү болууга калыптандыруу;
  • шаардын/ айыл аймактын территориясында жаштардын демилге көтөрүүсүнө жанааны ишке ашырууга шарт түзүп берүүгө көмөк көрсөтүү;
  • шаардын/ айыл аймактын жаштар уюмдарынын жана жаштардын формалдуу эмес бирикмелеринин (мектеп парламенттерин жана студенттик өз алдынча башкаруунун органдарын кошо) жаштардын көйгөйүн чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү координациялоо жана иштөөнү камсыздоо.

7. Кеңештин негизги милдеттери:

  • жаштар саясаты чөйрөсүндө жана жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын козгогон башка маселелер боюнча маалыматтык жана консультативдик ишти жүзөгө ашыруу;
  • жаштардын муктаждыктарына мониторинг жүргүзүү жана көйгөйлөрүн талдоо, социалдык иликтөөлөрдү жүргүзүү;
  • жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруу чөйрөсүндө,ошондой эле жергиликтүү өнүктүрүүнүн стратегияларын иштеп чыгууда максаттуу жергиликтүү программаларды долбоорлоо боюнча жана долбоорлор боюнча сунуштарды киргизүү;
  • жергиликтүү коомчулуктун социалдык, саясий жана экономикалык көйгөйлөрүнүн натыйжалуу чечимдерин издөө боюнча жаштарды активдүү иштөөгө тартуу;
  • шаардын/ айыл аймактын жаштары менен ачык дискуссияларды, «тегерек столдорду», семинарларды, коомдук саясий лидерлери, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматтык адамдары менен жолугушууларды өткөрүү;
  • жаштар чөйрөсүндө социалдык терс көрүнүштөрдүн пайда болбоосунун алдын алуу;
  • жаштардын жарандык-атуулдук өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү, ошондой эле сергек жашоо мүнөзүнө жана кошумча билим алууга жана маданияттуулукка тартуу;
  • райондук жана облустардын башка аймактарынын кеңештери, коомдук уюмдары жана кыймылдары менен өз ара аракеттенүү.

III. Кеңештин курамы жана түзүү тартиби

8. Кеңешти түзүүчү өкүлдөр:

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жаштар уюмдары;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун формалдуу эмес жаштар бирикмелери (мектеп парламентин жана студенттик өз алдынча башкарууну кошо);
  • чакан жана орто бизнестин жаш жетекчилери;
  • мамлекеттик жана муниципалдык жаш кызматкерлер, билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кызматкерлер.

9. Мэр/айыл өкмөттүн башчысынын чечими менен Кеңешти түзүү үчүн 5 адамдан турган уюштуруу комитети түзүлөт. Анын курамына жергиликтүү кеңештин, мэриянын/айыл өкмөттүн өкүлдөрү, жаштар менен иштөө үчүн жооптуу ЖӨБОнун кызматкери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү кире алышат.

10. Уюштуруу комитети Кеңешти түзүү менен байланышкан бардык маселелер боюнча координациялоону ишке ашырат, анын ичинде:

  • кеңештин түзүлгөндүгү тууралуу маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында өз убагында жарыялайт;
  • кеңештин мүчөлөрү чыгып калган учургарезервдин кошумча тизмеси менен расмий сунушталган талапкерлердин арасынан Кеңештин курамын түзөт (3-5 киши);
  • Кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи жыйналышын уюштурат.

11. Кеңешке талапкерлерди сунуштоо коомдук уюмдардын жетектөөчү органдары, формалдуу эмес бирикмелердин жалпы жыйыны, Кеңештин курамына киргизүү тууралуу расмий өтүнгөн уюмдардын жана компаниялардын жетекчилери тарабынан ишке ашырылат.

12. Кеңештин бир чакырылышынын иштөө мөөнөтү 2 жылды түзөт.

13. Кеңештин курамы уюштуруу комитетинин жыйынындагы протоколдун негизинде, мэрдин/айыл өкмөттүн чечими менен бекитилет. Кеңештин мүчөлөрүнүн саны 5-15 адамга чейин болууга тийиш (Бишкек жана Ош шаарынан башка, жергиликтүү кеңештин депутаттык корпусунун жарымы).

14. Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:

  • кеңештин мүчөсүнүн жеке арызынын негизинде;
  • кеңештин сунуштамаларын жана чечимдерин, Кеңештин төрагасынын буйруктарын жана тапшырмаларын аткарбаган учурда;
  • кеңештин жана анын мүчөлөрүнүн ишкердик беделине шек келтирген маалыматты таратканда;
  • башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагына туруктуу жашоочу жерге чыгып кеткенде.

Кеңештин мүчөсүн чыгаруу тууралуу чечим Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы курамынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Кеңештин ушул эле чечими менен резервдеги тизмеден жаңы мүчөсү киргизилет.

15. Кеңештин мүчөлөрүнүн иши коомдук башталышта ишке ашырылат.

16. Коюлган милдеттерди натыйжалуу чечүү үчүн Кеңеш жумушчу топторду түзүүгө, өз ишине эксперттерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын активдүү жаштарын тартууга укуктуу.

IV. Кеңештин мүчөлөрүнүн укугу жана милдети

17. Кеңештин мүчөсү төмөнкүлөргө укуктуу:

  • чечүүчү добуш укугу менен Кеңештин ишине катышууга;
  • Кеңештин жыйынын күн тартибинин долбооруна сунуштарды киргизүүгө;
  • Кеңеш тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга жана программаларга катышууга;
  • Кеңештин иши тууралуу керектүү маалыматтарды алууга;
  • Кеңештин регламентинде бекитилген башка укуктарды пайдаланууга.

18. Кеңештин мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • Кеңештин жыйындарына катышууга;
  • Кеңештин алдында турган милдеттерди чечүүгө активдүү көмөк көрсөтүүгө;
  • өз иши тууралуу Кеңештин төрагасына маалымат берүүгө.

V. Кеңештин түзүмү жана ишин уюштуруу

19. Кеңешти, Кеңештин мүчөлөрүнүн биринчи жыйынында ачык добуш берүү жолу менен шайланган төрага башкарат. Кеңештин төрагасы Кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен шайланат жана ал үчүн Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү добуш берсе ал шайланды деп эсептелет.

20. Мүчөсү 10дон көп болгон Кеңештерде Кеңештин мүчөлөрү ачык добуш берүү менен шайланган Кеңештин төрагасынын орун басары шайланат. Кеңештин төрагасынын орун басары Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү добуш берсе ал шайланды деп эсептелет.

21. Кеңештин жооптуу катчысы Кеңештин мүчөлөрү тарабынан ачык добуш берүү менен шайланат. Кеңештин жооптуу катчысы Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү добуш берсе ал шайланды деп эсептелет.

22. Төрага, төраганын орун басары жана жооптуу катчы 2 жылдык мөөнөткө шайланат.

23. Кеңештин төрагасы кызмат ордунан Кеңештин жылдык отчету канааттандыраарлык эмес деп таанылган учурда четтетилиши мүмкүн.

24. Өз ишинин багыттары боюнча Кеңеш жумушчу топторду түзүүгө укуктуу. Кеңештин жумушчу топторунун курамына Кеңешке мүчө болбогон адамдар киргизилиши мүмкүн. Жумушчу топторду түзүүдө алардын максаты, милдеттери жана аткаруу ыйгарым укуктары аныкталат.

25. Кеңештин жыйыны эки айда бирден кем эмес өткөрүлөт. Керек болгон учурларда Кеңештин кезексиз жыйындары өткөрүлүшү мүмкүн.

26. Кеңештин жыйынына анын курамынын 2/3төн кем эмес мүчөсү катышса укуктуу болуп саналат.

27. Жыйынга киргизилген маселелер боюнча Кеңеш чечим кабыл алат. Чечим ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жыйынга катышып жаткандардын көпчүлүгү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.

28. Кеңештин жыйынын даярдоонун жана аны өткөрүүнүн, чечимдерди талкуулоонун жана кабыл алуунун, ошондой эле кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоо тартиби Кеңештин биринчи жыйынында бекитилген Кеңештин регламенти аркылуу аныкталат.

VI. Кеңештин төрагасы, орун басары, жооптуу катчысынын ыйгарым укуктары

29. Кеңештин төрагасы:

  • Кеңештин жыйындарына төрагалык кылат;
  • Кеңешке келип түшкөн сунуштардын негизинде алдыда боло турган чогулуштардын, жыйындардын күн тартибин бекитет;
  • Кеңештин жыйынына материалдарды жана документтердин долбоорлорун даярдоону уюштурат;
  • жаштар саясатын ишке ашыруунун, жергиликтүү өнүктүрүүнүн стратегияларынын маселелери боюнча жаштардын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешелүү бөлүктөрүн ишке ашырууда, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө Кеңештин атынан чыгат;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кеңештин ишине тиешелүү болгон чечимдери, ошондой эле Кеңештин иши жана башка Кеңештин органдары жөнүндө Кеңештин мүчөлөрүнө маалымдайт;
  • Кеңештин жыйынында өз ишинин жана Кеңештин бир жылдык иш жыйынтыктары тууралуу отчет берет.

30. Кеңештин төрагасынын орун басары:

  • Кеңештин төрагасынын тапшырмасы бо юнча Кеңештин жыйынын уюштурат жана өткөрөт;
  • Кеңештин төрагасы жок учурда аны алмаштырат;
  • Өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кеңештин жумушчу топторунун ишин координациялайт;
  • Кеңештин жыйынында кабыл алынган Кеңештин төрагасынын чечимдерин, тапшырмаларын аткарылышын уюштурат жана контролдойт;
  • Кеңештин иши менен байланышкан башка маселелерди чечет;

31. Кеңештин жооптуу катчысы:

  • Кеңештин иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурат;
  • Кеңештин жыйынын протоколун жүргүзөт;
  • Кеңештин мүчөлөрүнөн келип түшкөн маалыматтарды эсепке алууну уюштурат;
  • Кеңештин жыйынына карата материалдарды даярдоодо Кеңештин төрагасына техникалык жактан көмөк көрсөтөт;
  • Кеңештин жыйынынын датасы, убактысы жана өткөрүлүүчү жери тууралуу Кеңештин мүчөлөрүнө маалымдайт;
  • Кеңештин иш планына жана Кеңештин жыйынынын күн тартибинин долбооруна келип түшкөн сунуштарды жалпылайт жана төрагага берет;
  • Кеңештин документтеринин катталышын жана сакталышын камсыз кылат;
  • Кеңештин чечимдерин жана сунуштамаларын, Кеңештин төрагасынын буйруктарын жана тапшырмаларынын аткарылышын уюштурат;
  • Кеңештин жыйынында добуш берүүдө добуштарды эсептөөнү уюштурат;
  • Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

32. Кеңештин төрагасы, Кеңештин төрагасынын орун басары, Кеңештин жоопту катчы кызмат орундарына талапкерлерди Кеңештин мүчөлөрү тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен шайланышы мүмкүн.

VII. Кеңештин ишин уюштуруу

33. Кеңештин жыйыны ачык жана айкын өткөрүлөт.

34. Кеңештин жалпы жыйналышынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

  • Кеңештин төрагасын, анын орун басарын, жооптуу катчыны шайлоо;
  • Кеңештин ишинин регламентин кабыл алуу;
  • Кеңештин бир жылдык иш планын бекитүү;
  • жумушчу/ эксперттик топтордун жана Кеңештин мүчөлөрүнүн шаардын/ айыл аймактын бийлик органдарына карата жаштардын укугуна жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тийиштүү болгон сунуштарын жана рекомендацияларын бекитүү;
  • рекомендацияларды иштеп чыгуу жана бекитүү, аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кароого жиберүү;
  • Жергиликтүү өнүктүрүү фондуна жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн гранттык программаларына каржылоо үчүн жергиликтүү жаштардын берген демилгелерине (өтүнмөлөрүнө) сунуштамаларды берүү;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында Кеңештин иши жөнүндөгү жылдык отчетту жактыруу;
  • Кеңештин төрагасын кайра шайлоо жана Кеңештин мүчөсүн чыгаруу жөнүндөгү маселени чечүү;
  • ушул жобого киргизилген өзгөртүүлөрдү талкуулоо;
  • ушул жобого ылайык башка маселелер.

35. Кеңештин төрагасын шайлаганга чейин жаштар иштери үчүн жооптуу мэриянын/ айыл өкмөтүнүн өкүлү Кеңештин алгачкы жыйынын ачат жана алып барат.

36. Кеңештин жыйыны Кеңеш тарабынан бекитилген Регламентке ылайык уюштурулат жана өткөрүлөт.

37. Кеңештин ишин камсыз кылуу (жыйындарды, жолугушуулар, тегерек столдор ж.б. өткөрүү) каржылоонун төмөнкүдөй булактарынан жүргүзүлөт: жергиликтүү бюджеттин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынан, демөөрчүлүк жардамдарынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан.

VIII. Корутунду жоболор

38. Ушул Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын башчысынын укуктук актысы менен ишке ашырылат.

39. Кеңеш ушул Жобону өзгөртүү боюнча сунуш киргизүүгө укуктуу.