Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБдү ирилештирүү: кайсы жолду тандаш керек?

2019-06-17 / Административдик-аймактык реформа
ЖӨБдү ирилештирүү: кайсы жолду тандаш керек?

Ирилештирүүнүн пайдасына келтирилген жүйөлөр. Администрациялык-аймактык бирдиктерди ирилештирүү (бириктирүү) жаатындагы эл аралык практика жана администрациялык-аймактык түзүлүштө реформа жүргүзүү тажрыйбасы аймактык консолидациянын (ири субулуттук юрисдикцияларды түзүүгө алып келген биригүүлөрдүн) пайдасына төмөнкүдөй жүйөлөрдү берет.

Ири жергиликтүү бийлик органдарында бир катар кеңири функцияларды камсыз кылуу үчүн мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк болот. Ошондуктан аймактык консолидация жергиликтүү деңгээлде көбүрөөк кызматтарды көрсөтүүгө жол ачат. ИДП менен салыштыра келгенде, көлөм жагынан орточо муниципалитет менен муниципалдык чыгашалардын салыштырма салмагы ортосунда түз байланыш бар. Масштабдын эффектиси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ири бөлүмдөрүндө дагы да арзан, дагы да натыйжалуу кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга жол ачат. Бул практиканын эң эле айкын далили муниципалдык администрациянын чыгашалары тууралуу маселе боюнча берилген (Swianiewicz-2002). Ири жергиликтүү бийлик органдары көбүрөөк функцияларды аткара алгандыктан жарандар жергиликтүү саясатка катышууга көбүрөөк кызыкдар болот деген ыктымалдуулук жогору (Dahl and Tufte 1973). Мындай чечмеленишинде консолидация жергиликтүү демократияны илгерилетүүгө жардам берет. Бийликтин жергиликтүү ири органдарынын биригүүсү муниципалитеттер ортосундагы кирешеде айырманы азайтууга жол ачат. Мунун натыйжасында горизонталдык теңдештирүү системасына басым да азаят (теңдештирүүчү гранттардын саны жана көлөмү азаят, дотациядагы муниципалитеттердин саны кыскарат). Жергиликтүү бийликтин ири органдары экономикалык өнүгүүнү пландоодо көбүрөөк натыйжага жете алышат, бул болсо региондорду өнүктүрүү саясатына өтүүнү камсыз кылат.

Аймактык жактан бириктирилген системаларда “тийип-качып жүргөндөрдүн” санын азайтуу бир кыйла жеңил. Башкача айтканда, жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү башка юрисдикцияда жашаган (жана жергиликтүү салыктарды төлөгөн) адамдар колдонгон учурлар азаят. Бир сөз менен айтканда, консолидация администрациялык чек аралар менен калкты тейлөө зоналары ортосундагы дал келбестиктерди азайтууга жардам берет.

Ирилештирүүгү каршы келтирилген жүйөлөр

Бириктирүүгө каршылардын да өз жүйөлөрү бар. Чакан жергиликтүү юрисдикцияларды коргоо адатта демократиянын пайдасына келтирилген жүйөлөргө негизделет. Чакан жамааттарда жарандар/шайлоочулар менен жергиликтүү башкаруу органдары ортосунда байланыш дагы да тыгыз. Өз ара ишеним көбүрөөк, маалыматтардын агымы жөнөкөй, мындан улам жергиликтүү бийлик органдары жергиликтүү калк алдында көбүрөөк отчеттуу. Чакан муниципалитеттердин тургундары жергиликтүү бийлик органдарынын ишине көбүрөөк канааттанарын ырастаган бир нече изилдөөлөр бар. Көпчүлүк өлкөлөрдө чакан муниципалитеттерде жарандар жергиликтүү коомдук иштерге көбүрөөк кызыгат – жергиликтүү шайлоого көп адам катышканы мунун далили (Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн маалыматтары боюнча – Swianiewicz-2002). Мурицен (2008-жылы) Батыш Европадагы бул эрежени тастыктаган моделди көрсөткөн. Аны 1-сүрөттөн көрө аласыз. Бирок эмпирикалык далилдер Европа өлкөлөрүндө муниципалитеттерди ирилештирген учурда калктын ЖӨБ органдарына болгон ишениминин төмөндөөсүнүн терс таасири 25-30 жыл мурдагыга салыштырмалуу азыраак байкалганын ырастап жатат. Буга төмөнкү себептер көмөк болду:

• муниципалдык кызматчылар жергиликтүү өз алынча башкаруунун көлөмүнө карабастан өлкө боюнча кесипкөй иштей башташты; •маалыматты ыкчам жеткирген массалык коммуникациялар мыкты өнүгүүдө;

• күнүмдүк жашоо образынын гомогенизациялануусу (бир өңчөй болуусу). Анткен менен Кыргызстанда жогоруда айтылган үч көрүнүштүн ичинен экинчиси гана байкалууда – маалымат алмашуу күчөдү.

Ошондуктан ирилештирүү тууралуу чечим кабыл алып жатканда жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга болгон ишеним деңгээлин сактап калуу үчүн кошумча чараларды да ойлонуштуруш керек. Төмөнкүдөй башка терс кесепеттер да болушу ыктымал

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жеткиликтүүлүгү.

Кыргыз Республикасында транспорттук инфраструктура жана интернет байланышы көп жакшы өнүкпөгөн элет жергелеринде бул чоң көйгөйгө айланышы мүмкүн. Айыл өкмөтүнө чейинки жол аралыгы алыскы айылдарда жашаган адамдарга тоскоолдук жаратууда.

Жергиликтүү жамааттардын иденттүүлүгү.

Чакан шаарларда жана айылдарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул администрациялык маселелер менен алектенүүгө боло турган гана жер эмес. Бул ошондой эле коомдук турмуш кайнаган чордонго айланган жер. Ал жергиликтүү иденттүүлүк сезимин берет. Мындай жамааттарда жергиликтүү өз алдынча башкарууну жок кылуу жергиликтүү коомдук турмушка зыян келтириши ыктымал.

Өз үнүн жеткире албай калуу коркунучу.

Жергиликтүү жамаат үнүн жеткире албай калуудан коркот. Мисалы, бюджеттик инвестициялар бөлүштүрүлүп жатканда муниципалдык борбор көңүл сыртында калтырып коюшу ыктымал деп кооптонот.

Жаңы (бириктирилген) муниципалитеттин аймактары ортосундагы жаңжалдар.

Мындай жаңжалды пайда кылышы мүмкүн болгон кырдаалдын кадыресе мисалы: негизги шаар менен бириктирилип жаткан чакан шаардын ортосунда тиреш пайда болушу ыктымал. Бул терс кесепеттерди алардын таасирин азайтуу максатында жүргүзүлгөн реформа менен чечсе болот. Аймактар менен борбордун ортосундагы аралыкка байланышкан көйгөйлөрдү азайтуу менен башкаруу иштерин жолго салуу мүмкүн. Мыйзамдарда муниципалитеттин бир бөлүгү экинчисине үстөмдүк кыла албай тургандай атайын жоболорду караштырса болот. Ошондой эле айылдын үнүн жеткирүүгө, жергиликтүү жамаатты шыктандырууга жардам берген субмуниципалдык органдар үчүн атайын жоболорду иштеп чыгыш керек. Ирилештирүүгө “макулдардын” жана “каршылардын” жүйөлөрүн карап жатканда эң маанилүү нерсе – кескин чараларды көрбөш керек. Ашыкча фрагментация да, ашыкча консолидация да көйгөй жаратышы ыктымал.

1-сүрөт. Жергиликтүү бийлик органдарына канааттануу индекси менен (0дөн 100гө чейинки шкала боюнча) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун көлөмү (горизонталдык шкала – калктын саны, вертикалдык шкала – ишеним деңгээли) ортосундагы өз ара байланыш

Учурда колдонуудагы ченемдикукуктук актыларда ирилештирүүнүн критерийлери

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы №198 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясына ылайык, администрациялык-аймактык реформаны иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун максаты болуп региондордун потенциалын күчөтүүгө жана калктын жашоосун жакшыртууга багытталган мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү эсептелет. 

Администрациялык-аймактык реформаны ишке ашырууда төмөнкүдөй базалык принциптер эске алынат:

• адамдын жана жарандын артыкчылыгы, мамлекетти адамдын укуктарын, коопсуздукту, бейпил жашоону камсыз кылуу, адамды жана коомду өнүктүрүүчү инструмент катары кароо;

• мамлекеттин аймагынын бирдиги, бүтүндүгү жана ажырагыстыгы;

• коомдук жашоону жана мамлекеттик башкарууну уюштурууда демократиялык ыкмаларды сактоо;

• үнөмдөө жана жыйынтыктуулук;

• региондордун социалдык, демографиялык, тарыхый, маданий жана экологиялык өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу;

• реформаны өткөрүүнүн ачык-айкындыгы.

Концепциянын 2.1-пунктундагы талаптарга ылайык, айылдык аймактарды оптималдаштыруу максатында төмөнкүдөй негизги критерийлер боюнча муниципалдык администрациялык-аймактык бирдиктерди ирилештирүү сунуш кылынат:

• жаратылыштык-ландшафттык шарттар;

• бийик тоолуу алыскы, кыйындык менен жетүүчү жана чек ара жанындагы калктуу конуштарды кошпогондо калкынын саны 5000 адамга чейинки айылдык аймактарды бириктирүү зарылдыгы;

• муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн сактоо;

• муниципалдык башкарууну оптималдаштыруу;

• борборго жакындык (мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн калк үчүн жеткиликтүүлүгү);

• экономикалык базанын болушу. Мында калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек, алар администрациялык-аймактык бирдиктерди ирилештирүү үчүн юридикалык тоскоолдуктарды болтурбоого мүмкүндүк берет.

Өкмөтүнүн облустардагы Ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуштаган ирилештирүүнүн критерийлери

Өкмөттүн облустардагы Ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн айрым айылдык аймактарды ирилештирүү боюнча берген сунуштары менен таанышып чыгып, Өнүктүрүү саясат институту төмөнкүлөрдү маалымдайт. Өкмөттүн Ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн сунуштарында калкынын саны 5000 адамга чейинки айрым айылдык аймактарды гана эмес, ошондой эле калкынын саны 8-9 миңге жеткендерин да чек аралаш, бири-бирине жакын жайгашкан айылдык аймактар менен бириктирүү сунуш кылынды. Бул болсо бириктирилип жаткан айылдык аймактардагы калктын санын 15 миңден 20 миңге чейин жеткирүү максатын көздөйт. Бирок калктын дал ушундай санына жетүү үчүн эч кандай саясий, социалдык же экономикалык жүйөлөр келтирилген эмес. Калктын саны негизги критерий болбогон жана ирилештирилген ар бир муниципалитет үчүн жекече мамиле жасоо эң эле туура жол болуп турат. Алыскы айылдарда жашагандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында айылдык аймактардын алыскы айылдарын жакын жайгашкан айылдык аймактар менен бириктирүү, тагыраак айтканда башка ААнын карамагына өткөрүп берүү сунушталат. Бул жерде сөз ирилештирүү тууралуу эмес, калктуу конуштарды администрациялык-аймактык бирдиктер ортосунда кайра бөлүштүрүү жөнүндө болуп жатат. Бул болсо жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун алкагында жасалышы керек. Ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн айылдык аймактарды ирилештирүү боюнча сунуштары жалпысынан төмөнкүдөй критерийлерди эсепке алуу менен түзүлгөн:

• ирилештиргенге чейин жана андан кийин айылдык аймактын жалпы аянты;

• ирилештиргенге чейин жана андан кийин айыл чарба багытындагы жер участокторунун аянты;

• ирилештиргенге чейин жана андан кийин айылдык аймактардын калкынын саны;

• ирилештиргенге чейин жана андан кийин айылдык аймактардын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү;

• ирилештирүүдө айрым муниципалитеттердин кызматкерлери кыскарган учурда жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын үнөмдөп калуу. Анализ жасалгандан кийин сунуштар Концепциянын 2.1-пунктунда белгиленген төмөнкү критерийлерге шайкеш келбегени белгилүү болду:

• айрым айылдык аймактарды ирилештирген учурда жергиликтүү жамаат үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк;

• алыскы айылдардан ирилештирилген муниципалитеттин борборуна чейинки аралык,

• ирилештирүүгө карата жергиликтүү жамааттын пикири;

• ирилештирүүгө карата ЖӨБ органдарынын пикири;

• ирилештирилчү айылдык аймактардын экономикалык базасынын болушу;

• айылдык аймакты ирилештирүүдө анын социалдык-экономикалык абалына тийгизген оң жана терс таасирин баалоо;

• мамлекеттик, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына тийгизген оң жана терс таасирин баалоо;

• айылдык аймакты ирилештирген учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык дараметине анализ (муниципалдык кызматчылардын зарыл болгон саны);

• жаратылыш-климаттык, географиялык жана маданий-тарыхый шарттарды, этностук курамды, чек арага жакын жайгашкан аймактарды ж.б. талдоо.

Ошентип, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн сунуштары зарыл болгон критерийлердин толук тизмесине негизделген эмес. Буга байланыштуу функционалдык зоналарга анализ жасоо усулу боюнча кошумча изилдөө жүргүзүү сунуш кылынат.

ААР Жол картасынын 13-пунктун аткарууну улантуу боюнча сунуштары

Администрациялык-аймактык бирдиктерди кыскартууда негизги критерийлерди аныктап алуу үчүн “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору функционалдык зоналарга анализ жасоону сунуш кылат. Калктын айрым топторунун өз ара байланышындагы экономикалык өңүттөр, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жаатында алардын байланышы жана муктаждыктары, ошондой эле ЖӨБ органдары ортосундагы институционалдык өз ара байланыштын өзгөчөлүктөрү. Биринчи этабында “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун күчү менен пилоттук райондор үчүн ушундай анализ жасап чыгуу, методологияны сыноо жана адаптациялоо (жергиликтүү эксперттерге окуу өткөрүп, бир облустагы бир нече райондорго пилоттук баалоо жүргүзүү) сунуш кылынат. Андан соң башка жактардын күчү менен бекитилген методология боюнча Кыргызстандын бардык аймактары үчүн ушундай анализ жасаш керек. Методологиялык негизги аспаптар: колдо болгон маалыматтарга, ЖӨБ органдарынын паспортторуна жана жергиликтүү, аймактык деңгээлдердеги стратегияларга кеңсенин ичинде анализ жүргүзүү; негизги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана децентралдаштырылган мекемелердин өкүлдөрү менен маектешүү; жергиликтүү жана аймактык кызыкдар жактар менен фокус-топторду жүргүзүү. Мындай анализ тигил же бул регионго карата ирилештирүүнүн кайсы тибин колдонуш керектигин аныктоого жардам берет. Эл аралык, анын ичинде Албаниянын тажрыйбасы көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасы үчүн ирилештирүүнүн бир нече модели колдонулса болот (ушул жерде жана мындан ары Албаниянын тажрыйбасы тууралуу сөз болот – Blendi, Karakaci, Pfaeffli, 2014-жыл).

Ирилештирүүнүн борборлош модели

Бул модель бир маанилүү борбор бар деп карайт – ал шаар же райондун администрациялык борбору болушу мүмкүн. Бул жалгыз маанилүү рынок катары райондун экономикалык структурасына, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр жайгашкан жер катары маанисине байланышкан. Башка орто аралыктагы борборлор жок. Функционалдык зона борборго жакын жайгашкан ЖӨБдө күчтүүрөөк болот, борбордон алыстаган сайын байланыш да азаят. Эрежеге ылайык, бул калктын жыштыгына шайкеш келет; шаардык же район борборунда калктын жыштыгы салыштырмалуу жогору болот; жакын жайгашкан ЖӨБдө калктын жыштыгы нормалдуу, ал эми борбордон алыс жайгашкан ЖӨБдө калктын саны аз болуп, өз ара байланыш да чабал болот. Мындай ЖӨБ функционалдык облустун чегинде болот; бирок алардын байланышы негизинен функционалдык зонанын борборуна багытталган. Бул моделди алыскы жана бийик тоолуу райондор үчүн колдонсо болот.

Ирилештирүүнүн полицентристтик модели

Функционалдык облустагы бул тип негизинен өрөөндөрдө жайгашкан, калктын жыштыгы жогору болгон жерлер үчүн колдонулат. Функционалдык зоналардын бул тибинин негизги мүнөздөмөлөрү:

• чоң жана өтө таасирдүү облустук экономикалык борбор жана кызмат көрсөтүү борбору бар;

• күчтүү облустук борбор менен катар, айылдык региондорду тейлеген майда борборлор да бар. Ошентип, бул зонанын тургундары үчүн эки борбор маанилүү болот: региондун чоң борбору, ошондой эле райондун чакан борбору. Бул жерде адамдар айрым кызмат көрсөтүүлөрдү алып, жергиликтүү рынокторду колдонушат;

• ЖӨБ менен жергиликтүү жамааттардын ортосунда тыгыз өз ара аракеттенүү бар болгондуктан, локалдык чек аралар функционалдык облустардын чек аралары менен дал келбейт (аймактар биринен экинчисине “төгүлүп” турат).

Мындай зоналарга карата ирилештирүүнүн эки вариантын караштырса болот: регионалдык борбордун айланасында чындап чоң ЖӨБ түзүү же субрегионалдык мүнөздөгү бир нече ЖӨБдү түзүү. Бул үчүн тийиштүү борборлор катары алардын айланасындагы элеттик аймактар үчүн чакан шаарларды же райборборлорду ирилештириш керек.

Ирилештирүүнүн чек ара жанындагы модели

Бул моделди төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрү бар аймактарда колдонсо болот:

• аймактын эки борбору бар: бири мамлекеттин чек арасынын жанында, экинчиси анын чек арасынын тышында; же болбосо бири облустун чегинде, экинчиси кошуна облуста;

• өзгөчө эл аралык чек ара аралык кызматташтыкты интенсивдештирүү маңызынан алып караганда чек ара аралык аймак жалпы салттар же жаңы экономикалык реалдуулук менен шартталышы мүмкүн.

Шаар тибиндеги поселоктордун көйгөйү

“Колдонуудагы администрациялык-аймактык системага жасалган анализдин” II бөлүмүндөгү ААР Концепциясында белгиленгендей, 2012-2013-жылдары администрациялык-аймактык реформанын алкагында шаар тибиндеги 19 поселок кайра түзүлгөн. Алардын ичинен алтоо шаар болуп, он үчү айылдык аймак болгон. Бирок Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификаторуна” ылайык, ушул күнгө чейин болжол менен 2000ден 15 миңге чейин адам жашаган, шаар тибиндеги 12 поселок кайра түзүлө элек.

Алар:

• Пристань-Пржевальск штп. Каракол шаарынын курамында;

• Орто-Токой штп. Балыкчы шаарынын курамында;

• Шамалды-Сай штп. Таш-Көмүр шаарынын курамында;

• Кызыл-Жар штп. Таш-Көмүр шаарынын курамында;

• Көк-Таш штп. Майлуу-Суу шаарынын курамында;

• Сары-Бээ поселогу Майлуу-Суу шаарынын курамында;

• Көкой штп. Майлуу-Суу шаарынын курамында;

• Кара-Жыгач поселогу Майлуу-Суу шаарынын курамында;

• Кетмен-Төбө штп. Кара-Көл шаарынын курамында;

• Чыгыш штп. Сүлүктү шаарынын курамында;

• Бордун штп. Кемин районунун курамында;

• Чоң-Арык штп. Бишкек шаарынын курамында.

“Кыргыз Республикасынын администрациялыкаймактык түзүлүшү жөнүндө” КР Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, администрациялык-аймактык бирдик бир же бир нече калктуу конуштарды жана башка калк отурукташпаган аймактарды камтыйт. Анын чегинде мамлекеттик бийлик органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик башкарууну же өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырышат. Мыйзамга ылайык, администрациялык-аймактык бирдикке облус, район, шаар кирет. Ошону менен бирге, мыйзам шаар тибиндеги поселокторду да шаарга кошкон. Бул жерде жашаган жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкарууну Конституцияда жана КР мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырышы керек. Бирок шаар тибиндеги 12 конушта жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкарууну өз алдынча жүзөгө ашыруу укугуна ээ эмес. Себеби алар шаар, айылдык аймак же айыл болуп түзүлгөн эмес. Атүгүл КР мыйзамдарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө “шаар”, “айылдык аймак” жана “айыл” түшүнүктөрү жана терминдери басымдуулук кылат. Ал эми “шаар тибиндеги поселок” түшүнүгү мыйзамдарда жок же көңүл сыртында кала берүүдө. Жогоруда айтылгандардан улам шаар тибиндеги поселоктордун статусун кайра карап чыгып, аларга шаар, айылдык аймак же айыл деген статус берүү зарыл деп эсептейбиз.

Булактар

Blendi Bushati, Dr. Valbona Karakaci, Prof. Stefan Pfaeffli. Албаниядагы функционалдык зоналарды изилдөө, – The Decentralization and Local Development Programme (DLDP), Албания, 2014-ж. Swianiewicz. P. Европада аймактык консолидациядагы реформалар – OSI, 2010-ж. Swianiewicz. P. Консолидациябы же фрагментациябы? Борбордук жана Чыгыш Европада жергиликтүү бийлик органдарынын көлөмү. Будапешт: Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана мамлекеттик кызматты реформалоо демилгелери, – OSI, 2002-ж. Dahl, R. жана E.R. Tufte. Көлөм жана демократия, – Беркли: Стэнфорд университетинин прессасы, 1973-ж. Mouritzen, P.E. Шаардын көлөмү жана жарандардын канааттануу деңгээли: эки атаандаш теориянын кайталанышы, 1989-ж.

Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүндө реформаны этап-этабы менен жүргүзүүнүн Жол картасындагы “Администрациялык-аймактык бирдикти оптималдаштыруунун негизги критерийлерин аныктоо” аттуу 13-пунктунун аткарылышы боюнча Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс”, “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорлору жана Өнүктүрүү саясат институту чогуу даярдаган сунуштар