Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык кызматчыларды окутуунун ведомстволук багыты

2021-02-07 / Муниципалдык кызмат
Муниципалдык кызматчыларды окутуунун ведомстволук багыты

Нурдин КУМУШБЕКОВ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адиси

Жарандардын муниципалитеттердеги жашоосу көп учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан көз каранды болот. Өз кезегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары – ЖӨБ органдары) ишинин натыйжалуулугу көп учурда анда иштеген муниципалдык кызматчылардын дараметинен, кесипкөйлүгүнөн көз каранды. Бул муниципалдык кызматчылар үзгүлтүксүз түрдө окууга жана квалификациясын жогорулатууга муктаж.

Окуу эки багыт боюнча өткөрүлөт[1]. Жалпы багыты – бул кызматкерлерди ишинин чөйрөсүнө карабастан, мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын тиешелүү кызмат орундарынын же кызмат орундарынын топторунун жалпы стандарттык квалификациялык талаптарын аткарууга туруктуу негизде окутуу. Ведомстволук (тармактык) багыт – кызматчылар мамлекеттик органдын жана ЖӨБ органынын муктаждыктарынын негизинде атайын ведомстволук квалификациялык талаптарды аткаруусу үчүн окутуу. Жөнөкөй сөз менен айтканда, “стандарттык” билимге окутуу бар, бул билимдин болушун мыйзамдар бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден талап кылат. Ошондой эле конкреттүү бир орган же органдар тобу үчүн, биз сөз кылып жаткан учурда ЖӨБ органдары гана талап кылынган “тар” билим жана көндүмдөр бар.

Муниципалдык кызматчыларды окутуунун жалпы багытына (“стандарттык” билимге) токтоло турган болсок, бул жерде бардыгы так жана туруктуу

Окуу процессин жалпы багытта уюштурууну бирдиктүү заказчы катары КР Мамлекеттик кадр кызматы (мындан ары – КР МКК) жүзөгө ашырат. МКК муну мамлекеттик заказды (мындан ары – Мамзаказ) түзүү жана аткарылышын контролдоо жолу менен ишке ашырып келет. Мамзаказ – бул мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик бюджетте ушул максаттарга каралган каражаттардын чегинде бир календардык жылга жалпы багыт боюнча окутуу планы. Мамзаказды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Мамзаказ Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы тарабынан ишке ашырылууда. Ошол эле учурда Мамзаказды ишке ашыруу инфляцияны эске алуу менен окутуунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нарк ченемдеринин негизинде мамлекеттик бюджеттен каржыланат (“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 16-бөлүгү).

Муниципалдык кызматчыларды окутуунун ведомстволук багытына байланыштуу суроолор көп (ЖӨБ органдарына гана керек болгон “тар” билим) ...

Ведомстволук багыттын милдеттери: өз функцияларын, программаларын жана долбоорлорун натыйжалуу аткаруу үчүн ЖӨБ органынын кадрдык потенциалын жогорулатуу; кызматтык милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн кызматчылардын кесипкөйлүгүн өкүктүрүү. ЖӨБ органы ведомстволук багытта окутуу кандай тартипте өткөрүлө турганын өз алдынча аныктап алышы керек.

Алгач, үстүртөн караганда, бардыгы эске алынгандай көрүнөт. Ченемдик укуктук актылар ведомстволук окутууну уюштуруу үчүн бардык жоопкерчиликти ЖӨБ органдарынын өздөрүнө жүктөп коюшат. Ошол эле маалда ведомстволук багыттын этаптары булар: муктаждыктарды баалоо; ведомстволук заказды түзүү жана бекитүү; ведомстволук заказды жайгаштыруу; окутуу жүргүзүү; окутууну контролдоо, мониторинг жана баалоо жүргүзүү; окутуунун натыйжалары жөнүндө отчет. Жооптуу адам аныкталды: мэриянын аппарат жетекчиси, айыл өкмөттүн жооптуу катчысы ведомстволук багытты уюштуруу процессине жооптуу болушат, ведомстволук заказдын долбоорун түзүшөт жана ЖӨБ органынын жетекчисине бекитүү үчүн жөнөтүшөт. Финансылык маселе формалдуу түрдө чечилген: окутуу муктаждыктарына ылайык, ЖӨБ органдары финансы каражаттарын бюджеттик классификациясында өзүнчө корголгон сап менен ЖӨБ органынын бюджетинин кеминде 1% өлчөмүндө бөлүп берүүгө укуктуу. (“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 18-бөлүгү). Мындан тышкары ЖӨБ органдары ведомстволук багыт боюнча: окутуу процессине мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, кызматчыларды окутуунун натыйжалуулугун баалайт, жыл сайын КР МККга окутуу жөнүндө отчет берип турушат. Кызмат көрсөтүүчүлөр бар: кошумча кесиптик билим берүү боюнча мындай ишмердүүлүккө лицензиясы бар билим берүү уюмдары окутуу жүргүзүүгө укуктуу. Мындай уюмдарды тандап алуунун жол-жоболору мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарда каралган.

Ошентип, ведомстволук окутууну уюштуруу үчүн негизи эле бардык шарттар түзүлгөндөй элес калат. Бирок иш жүзүндө ЖӨБ органдары муниципалдык кызматчыларын ведомстволук окутуунун алкагында дээрлик окутпайт. Биринчиден, ЖӨБ органдары, айрыкча элеттик органдар процесстин бардык этаптарын сапаттуу аткаруу үчүн билимге, көндүмгө жана ресурстарга ээ эмес. Экинчиден, айыл өкмөтүнүн бир же эки кызматкерин окутуу абдан кымбатка түшөт. Үчүнчүдөн, муниципалитеттердин мүмкүнчүлүктөрү бири-биринен такыр айырмаланат – шаарлар жана “бардар” аймактар окутууну уюштура алышат. Бирок ушундай окутуу зарыл болгонун алар кеңешке далилдеп бериши керек. Ошондо суроо туулат – ЖӨБ органдары муниципалдык кызматчыларды ведомстволук багытта окутууну өз алдынча уюштура алабы?

2020-жылдын декабрында жана 2021-жылдын январь айында ЭҮЖӨБОЖ Долбоору КР МККнын жана ЖӨБ Союзунун колдоосу менен муниципалдык кызматчыларды окутуунун натыйжалуу системасын түзүү жөнүндө маалымат алуу максатында Кыргыз Республикасындагы ЖӨБдүн аткаруу органдарынын жетекчилерине (айыл өкмөт башчылары жана шаарлардын мэрлери) анкета толтуртуп чыккан. Сурамжылоого 484 ЖӨБ органынын ичинен 196 ЖӨБ органы – үчтөн бири катышкан. Ошондуктан жоопторду репрезентативдүү деп эсептесе болот, башкача айтканда, чыныгы көрүнүштү, ЖӨБ органдарынын сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө болгон чыныгы мамилесин чагылдырат. Изилдөөнүн натыйжалары көрсөткөндөй, ЖӨБ органдарынын көпчүлүгү муниципалдык кызматчылар үчүн ведомстволук окутууну өз алдынча уюштура албай турганын моюнуна алышкан:

  • көпчүлүк ЖӨБ органдары – 60 пайыздан ашыгы өз кызматкерлерин ведомстволук багытта окутушпайт;
  • ЖӨБ органдарынын жарымынан көбү – 51% ведомстволук окутууну каржылоо үчүн жергиликтүү бюджетте акча бөлүшөт;
  • муниципалитеттердин дээрлик жарымы – 46% ведомстволук багыттагы окутуу муктаждыктарын өз алдынча уюштуруп, баалоо жүргүзө албай турганын айтышкан;
  • муниципалитеттердин туура жарымы ведомстволук багыт боюнча окутуу планын өз алдынча түзө алышпайт;
  • муниципалитеттердин жарымынан көбү – дээрлик 57% ведомстволук заказды өз алдынча түзүп, бекитип, жайгаштыра алышпайт;
  • муниципалитеттердин дээрлик 60% ведомстволук окутууну өз алдынча жүргүзө алышпайт;
  • муниципалитеттердин жарымынан көбү – 53,1% ведомстволук окутуу боюнча мониторинг жана баалоого өз алдынча көзөмөл жүргүзө алышпайт.

Практика көрсөткөндөй, ЖӨБ органдары муну өз алдынча жасай алышпаса, анда жалгыз такыр ишке ашыра алышпайт. Мындан улам муниципалдык кызматчыларды окутуу системасын мындан ары да өркүндөтүү зарылчылыгы бар.

“Муниципалитет” журналынын 2020-жылдын ноябрь айындагы санында Муниципалдык кызматчылардын жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын квалификациясын жогорулатуу жана потенциалын бекемдөө системасын мындан ары өнүктүрүү боюнча көз караштын кыскача баяндамасы келтирилген. Ошондой эле Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыкты тажрыйбалар порталы тууралуу да маалымат берилген. Ушул Көз карашта сунуш кылынган негизги өзгөрүүлөр дал ушул муниципалдык кызматчыларды окутуунун ведомстволук багытына байланыштуу болуп турат. Анда бул жерде так эмнени өзгөртүү сунушталат?

ЖӨБ органдарына окутууну уюштуруу укугун ЖӨБ Союзуна өткөрүп берүү сунушталууда. Анткени ар бир ЖӨБ органына өзүнүн муниципалдык кызматчылары үчүн окутууну өзүнчө уюштуруу кыйын жана натыйжасыз болот.

Ошол эле учурда, ЖӨБ органдары ведомстволук багыттарды каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын бир бөлүгүн ЖӨБ Союзуна өткөрүп беришет. ЖӨБ Союзу өзүнүн ыйгарым укуктарын жана бул үчүн зарыл болгон каражатты өткөрүп берген бардык ЖӨБ органдары үчүн ведомстволук багыттагы бардык маселелер менен алектенет. Окутуу кызмат көрсөтүүлөрү ЖӨБ Союзу тарабынан ЖӨБдү Өнүктүрүү борбору аркылуу жүзөгө ашырылат[2].

Сурамжылоо көрсөткөндөй, органдар жалпысынан бул өзгөрүүлөрдү колдойт:

  • муниципалитеттердин басымдуу көпчүлүгү – дээрлик 92% муниципалдык кызматчыларды ведомстволук окутууну уюштуруу ишин КР ЖӨБ Союзуна өткөрүп берүүгө макул;
  • үч муниципалитеттин экөө муниципалдык кызматчыларына ведомстволук окутууну уюштургандыгы үчүн КР ЖӨБ Союзуна акы төлөөгө даяр.

Ошентип, изилдөөнүн натыйжалары КР ЖӨБ Союзунун катышуусу менен муниципалдык кызматчыларды окутуунун ведомстволук багытын уюштуруу боюнча ЭҮЖӨБОЖ Долбоору сунуш кылган модель жүйөлүү жана туура болгонун тастыктап турат.

Учурда ЭҮЖӨБОЖ Долбоору муниципалдык кызматчыларды ведомстволук окутуу системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды жигердүү талкуулап жатат. Ошондой эле ЖӨБ органдарынын муниципалдык кызматчыларды ведомстволук окутуу боюнча ыйгарым укуктарын жана бул үчүн зарыл болгон каражатты КР ЖӨБ Союзуна өткөрүп берүү укугун камсыз кылган ведомстволук багыттын жаңы моделин кабыл алуу жана ишке ашыруу боюнча уюштуруу-укуктук маселелердин үстүндө иштеп жатат.

ЖӨБдүн Мыкты практикалар порталы да системанын маанилүү элементи болуп калышы керек: www.myktyaimak.gov.kg

 

_______________


[1] Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды окутуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы №462 токтому менен бекитилген Жобо (мындан ары – Жобо) менен жөнгө салынат. Муниципалдык кызматчыларды окутуунун негизги түрлөрү – бул кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (мындан ары – КР МКК), мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары, окутууга болгон муктаждыктарды аныктоонун, пландаштыруунун жана божомолдоонун тартибин аныктайт, кызматчыларды окутуу маселелерин координациялайт, мамлекеттик окутуу программаларына мамлекеттик заказдарды түзөт жана жайгаштырат.

[2] Бул өзгөртүүлөр мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын, КЭУ өкүлдөрүнүн, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, эксперттердин катышуусу менен улуттук деңгээлде өткөн тегерек столдордо, ошондой эле Долбоор МКК менен биргеликте Чүй облусунун ЖӨБ аткаруу органдарынын жетекчилери (айыл өкмөт башчылары жана шаарлардын мэрлери) үчүн өткөргөн семинарларда талкууланган.