Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Биринчи жолу Кыргызстанда: муниципалдык кызматчылардын өз функциялары жана ыйгарым укуктары боюнча квалификациясын жогорулатуу (ведомстволук багыт)

2022-10-16 / Муниципалдык кызмат
Биринчи жолу Кыргызстанда: муниципалдык кызматчылардын өз функциялары жана  ыйгарым укуктары боюнча квалификациясын жогорулатуу (ведомстволук багыт)

2022-жылы муниципалдык кызматчы-лардын эмгек акысы жакшы эле жогорулап, муниципалдык кызмат кыйла жагымдуу жана келечеги бар катары көрүнө баштады. Бул жаңылык Кыргызстандын айыл өкмөт-төрүндөгү жана мэрияларындагы бош кыз-мат орундары жаңы кадрлар, анын ичинде жаш адистер менен толукталат деген үмүттү берүүдө. Бирок өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ийгиликтүү ишке ашырып, кызматтык теп-кичтен көтөрүлүү үчүн муниципалдык кыз-матчыга актуалдуу билим, жергиликтүү көй-гөйлөрдү чечүүнүн жаңы көндүмдөрү керек, алар муниципалдык башкаруунун заманбап ыкмаларын колдонууга тийиш. 2022-жылы Кыргызстанда муниципал-дык кызматчылар өзүнүн квалификациясын жогорулатууга жаңы мүмкүнчүлүк алышты - алар Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясында (БАЖБА) муници-палдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын даярдоо максатында атайын түзүлгөн лицензиялык билим берүү мекеме-синде ведомстволук багыт боюнча окуудан өтө алышат. БАЖБАда муниципалдык кыз-матчыларды окутуунун артыкчылыктары, өзгөчөлүктөрү, ошондой эле Академияны түзүүгө себеп болгон жагдайлар тууралуу “Муниципалитет” журналына ЖӨБ Союзунун аткаруучу директору, БАЖБАны түзүү демил-гечилеринин бири Бектурган ОРОЗБАЕВ (БО) жана БАЖБАнын директору Асель КУРМАНА-ЛИЕВА (АК) айтып беришти.

– Муниципалдык кызматчылар үчүн маанилүү болгон алгачкы эле суроо – эмне үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүш керек?

БО: Квалификацияны жогорулатуу – ар бир муниципалдык кызматчынын турмуштук жана кесиптик муктаждыгы. Бирок, жалпы мүнөздөгү себептерден тышкары, квалификацияны жогорулатууну милдеттүү кылган өтө маанилүү факторлор да бар. Мисалы, коопсуздук, мыйзамсыз чечимдерден өзүн “камсыздандыруу” себептерин алсак болот. Муниципалдык жетекчилер жана кызматчылар өз ишинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелерине тиешелүү 190 мыйзамды жана укуктук актыларды жетекчиликке алышы керек, аларды жатка билүү мүмкүн эмес, ал тургай көптөгөн адистер алардын тизмегин да билишпейт. Колунда текшерилген жана мыйзамдын көз карашынан алганда коопсуз экендиги далилденген чечимдер, иш-аракеттердин алгоритми болушу керек, квалификацияны дайыма жогорулатып, өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматты өз убагында алып туруу зарыл. Ушундай жол менен гана өзүңүздү каталардан коргой аласыз.

Мындан тышкары, жакында эле муниципалдык кызматчылардын эмгек акысынын жогорулашы 10 пайызга чейин көлөмдө үстөк акыны белгилөө мүмкүнчүлүгүн да билдирет. Үстөк акынын көлөмүн аныктоо убакыттын өтүшү менен иштин жыйынтыктарына гана эмес, муниципалдык кызматчы өзүн канчалык деңгээлде өнүктүрүп жатканына, ведомстволук багыт боюнча квалификациясын жогорулатуу үчүн кандай күч-аракет жумшаганына негизделет. Ошондуктан, квалификацияны жогорулатуу – бул карьераны өнүктүрүү, ал тургай эмгек акыны көбөйтүү маселеси.

АК: Квалификацияны жогорулатмайынча кесиптик өнүгүү да, компетенттүү муниципалдык кызматчы да болбойт. Албетте, практикалык иш тажрыйбасы, өмүр бою колдонуп келаткан көндүмдөрү, көптү көргөн кесиптешинин кеңеши чоң мааниге ээ деңизчи. Бирок жашоо бир орунда турбайт да, улам бир жаңы маселелер түшүп турат, ошондуктан жарандардын да, жалпы эле жамааттардын да көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылып жатып, муниципалдык кызматчылар күн сайын улам бир жаңы чакырыктарга туш болушат. Мындай учурда айыл өкмөтүнүн же мэриянын ичинде болбогон жаңы билимдерге жетүү зарыл. Ал эми БАЖБА эл аралык жана регионалдык мыкты тажрыйбаны эске алуу менен, Кыргызстандын ичинде да, анын чегинен тышкары да калыптанып жаткан жаңы билимдерге жетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

– “Ведомстволук окутуу” деген эмне? Ал мамлекеттик заказдын алкагында башка ЖОЖдор окуткан программалар боюнча квалификацияны жогорулатуудан эмнеси менен айырмаланат?

– БО: Кыргызстанда 2021-жылга чейин Мамлекеттик кадр кызматынын, андан соң Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин аракеттери менен түзүлүп, колдоого алынган муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуунун туруктуу мамлекеттик системасы бар. Бул системанын алкагында квалификацияны жогорулатуу жалпы багыт боюнча жүргүзүлөт жана карьераны өнүктүрүүдө, конкурстан өтүүдө муниципалдык кызматчыларга коюлган квалификациялык талаптарга негизделген негизги жалпы компетенцияларды камтыйт. Бирок, мамлекеттик система ЖӨБ органдарынын билимге жана көндүмдөргө болгон бардык керектөөлөрүн канааттандыра албайт жана муну жасабашы да керек. Ошондуктан, мыйзамдар ведомстволук багыт боюнча квалификацияны жогорулатууну уюштурууга мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, бул үчүн Финансы министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзүнүн окуу борборлору бар. Жакынкы убакытка чейин ЖӨБ органдарында ведомстволук багыт боюнча квалификацияны жогорулатуу кызмат көрсөтүүсүн системалуу негизде алып турууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес, бардык мүмкүнчүлүктөр эл аралык уюмдардын анда-санда өткөрүлгөн тренингдери менен чектелип келген. Бул тренингдер Билим берүү жана илим министрлигинде лицензиялоодон өткөн эмес, лицензиясы бар сертификаттар берилчү эмес, эң негизгиси – бул тренингдердин мазмуну жана пайдалуулугу үчүн жоопкерчилик да аз болгон.

АК: Муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуунун ведомстволук багыты ЖӨБ органдарынын адистерине жана жетекчилерине бул жерде жана азыр зарыл болгон билимдерди берет, анын ичинде ЖӨБ органдарынан жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча өз функцияларын аткарууда өзгөрүүлөрдү талап кылган ченемдик укуктук чөйрөдөгү соңку жаңылыктарды да камтыйт. Мыйзамдардын өзгөрүшүнө байланыштуу мындай муктаждыктар бардык ЖӨБ органдарында пайда болот. Мисалы, ЖӨБ органдарынын жарандар менен өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы ченемдерин киргизүү, штаттык ырааттаманы түзүү тартибин өзгөртүү ж.б. Ошондой эле ведомстволук багыт ЖӨБдүн башка органдарынын жана башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү тажрыйбасына негизделген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн мыкты практикасын да камтышы мүмкүн. Бул муктаждыктар ЖӨБдүн ар бир органы үчүн топтук мүнөзгө да, жеке мүнөзгө да ээ болушу мүмкүн жана анын өзгөчөлүктөрүнө жараша болот. Мисалы, сейил бактарды муниципалдык-жеке өнөктөштүктүн негизинде башкаруу мына ушундай сейил бактары бар ЖӨБ үчүн гана зарыл; канализация кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтик саясатты жакшыртуу канализациясы бар ЖӨБ үчүн гана керек; түрдүү конфессиялар бар жерде ар кандай конфессиялардын диний лидерлери менен байланыш түзүү зарыл. Жарандардын ЖӨБгө катышуу укугун мыкты ишке ашырууну каалаган жергиликтүү активисттердин  билим алууга муктаждыгы да ушул топко кирет.

– БАЖБАнын окуу программасы кандай темалардан турат жана ал кантип түзүлөт?

БО: Окуу программасы ЖӨБ органдарынын керектөөлөрүнүн негизинде түзүлөт. ЖӨБ Союзу WhatsApp тиркемесиндеги 15 тайпаны башкарат, бул тайпаларга муниципалдык кызматчылардан жана депутаттардан күн-түн дебей, дем алыш болгонуна карабай ар кандай маселелер түшүп турат. Ошондуктан, ЖӨБ Союзу кайсы маселелер боюнча квалификацияны жогорулатуу талап кылынары жөнүндө так маалыматка ээ жана муну БАЖБАга өткөрүп берген. 1-диаграммада көрүнүп тургандай, мыйзамдардагы жаңылыктар, ЖӨБдүн негиздери, эмгек жана жер мыйзамдары окуу үчүн эң көп суроо-талапка ээ болгон темалар. Мындан тышкары, ЖӨБ органдары менен үзгүлтүксүз жана жапырт жолугушуулардын жүрүшүндө жеке өзүмдүн да, ЖӨБ Союзунун дирекциясынын башка кызматкерлеринин да ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин жаңы билимдерге жана көндүмдөргө болгон муктаждыктарына көз салып туруу мүмкүнчүлүгүбүз бар.

АК: БАЖБА Өнүктүрүү саясат институтунун жана ЖӨБ Союзунун колдоосу менен квалификацияны жогорулатуу багыттары боюнча ЖӨБ органдарынын муктаждыктарын изилдеп чыгып, бул иштин натыйжасында эң көп талап кылынган багыттар боюнча квалификацияны жогорулатуунун эки программасы түзүлдү.

“Натыйжалуу муниципалдык башкаруу” программасы төмөнкү маселелерди камтыйт: 

  • жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу;
  • социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын даярдоо;
  • муниципалдык кызматты өтөө;
  • жергиликтүү бюджеттерди жана ЖӨБдү өнүктүрүү ресурстарын башкаруу.

Бул программа ЖӨБ органдарынын жетекчилерине, ошондой эле жооптуу кызматкерлерге: мэрлерге жана вице-мэрлерге, ЖӨБ органдарынын башчыларына жана алардын орун басарларына, жооптуу катчыларга жана мэриялардын аппарат жетекчилерине багытталган.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери” программасы ЖӨБ органдарынын финансы жана башка өнүктүрүү ресурстарын башкаруу маселелери менен байланышкан бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жана кызматкерлерине – финансы-экономикалык бөлүмдөрдүн башчыларына, бюджеттик комиссиялардын персоналына ж.б. даректелген. Программа төмөнкү маселелерди камтыйт:

  • жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу;
  • бюджеттен тышкаркы каражаттарды (инвестицияларды) тартуу;
  • муниципалдык жерлерди, менчикти башкаруу;
  • жайыттарды башкаруу;
  • Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу.

Ар бир квалификацияны жогорулатуу программасы боюнча окуу 2 айга созулуп, анын узактыгы 72ден 96га чейин академиялык саатты түзөт, анын ичинен күндүзгү окуу формасы 5-7 жумушчу күн бою угуучунун катышуусун талап кылат.

– Эгерде угуучуга бардык темалар керек болбосо, аны бир же эки гана маселе кызыктырса, анда бир гана маселе же тема боюнча квалификацияны жогорулатуу мүмкүнчүлүгү барбы?

АК: Ооба, суроо-талап боюнча, угуучу программанын ичиндеги айрым курстарга тандоосуна жараша катыша алат. Ошондой эле мындай мүмкүнчүлүк кыска мөөнөттүү курстар аркылуу берилет. 2022-жылы БАЖБА төмөнкүдөй кыска мөөнөттүү курстарга катышуучуларды ала баштайт:

  • жергиликтүү кеңештин ишинин уюштуруучулук жана укуктук маселелери – бул курс жергиликтүү кеңештерге өзгөчө керек, себеби жергиликтүү кеңештин депутаттарынын арасында жаңы келгендердин үлүшү чоң, аларга кеңештин ишин уюштуруу боюнча билим жетишпей турат. Курс ошондой эле кеңештин аткаруу органы менен өз ара аракеттенүү жол-жоболорун камтыйт, бул эки ЖӨБ органынын ортосунда жумушчу, жемиштүү мамилелерди түзүү үчүн зарыл; ошондой эле жергиликтүү жамаат, жарандар менен натыйжалуу байланыш түзүү маселелери бар;
  • муниципалдык кызматтан өтүү – мыйзамдардагы өзгөрүүлөр, анын ичинде эмгек акыны жогорулатуу өңүттөрү ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринде көптөгөн суроолорду пайда кылууда;
  • жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун негиздери – жашоо-тиричиликти камсыз кылуу чөйрөсүндө (суу менен жабдуу, катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана тазалоо сыяктуу) финансылык-рентабелдүү, туруктуу кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле эс алуу, маданият, спорт чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу уюштуруу маселеси курч турган элеттик ЖӨБ органдары үчүн бул курс актуалдуу болот;
  • инвестицияларды жана финансылык жардамды тартуу: өтүнмөнү кантип даярдап, каржылоону кантип алууга болот? Бул курс бардык ЖӨБ органдарына керек экендиги талашсыз, себеби жергиликтүү бюджеттерде каражаттын тартыштыгы ЖӨБ органдарын ар дайым бюджеттен тышкаркы каражаттарды үчүнчү жактардан – мамлекеттен, донорлордон, демөөрчүлөрдөн тартууга түртүп турат
    эмеспи;
  • муниципалдык жерлерди, менчикти башкаруу – мүлккө байланыштуу бардык маселелер сыяктуу эле, толук кесиптик жана техникалык билимди талап кылган татаал маселе;
  • жайыттарды башкаруу – ЖӨБ органдары үчүн, айрыкча жайыт комитеттеринин иши начар жолго коюлган, улуттук байлыктын бул түрүн сактоо үчүн аз иштер жасалып, малчылардын талаш-тартыштары жана нааразычылыктары көп чыккан жерлерде өтө актуалдуу курс;
  • Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу – ар бир элеттик муниципалитетке зарыл болгон курс, башкаруунун райондук жана муниципалдык деңгээлдеринин ортосунда ыйгарым укуктарды кайра бөлүштүрүүгө байланыштуу өзгөчө актуалдуу болуп турат.

Ошондой эле курстун кызыкдар угуучуларына жер мыйзамдарынын жана мейкиндикти башкаруунун актуалдуу маселелери боюнча курстарды сунуштоо пландалууда. Ар бир кыска мөөнөттүү курстун узактыгы 8ден 24кө чейинки академиялык саатты же 1-3 жумушчу күндү түзөт.

– БАЖБАда окутуу башка билим берүү программаларынан эмнеси менен айырмаланат?

АК: 2022-жылы БАЖБА муниципалдык кызматчыларга жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарына квалификацияны жогорулатуунун уникалдуу шарттарын сунуш кылууда. Азыркы мезгилде муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатууга лицензия БАЖБАда жана дагы эки билим берүү мекемесинде гана бар. Бирок БАЖБА гана ЖӨБ органдары үчүн атайын иштелип чыккан, алардын муктаждыктарына багытталган жана мүмкүн болушунча көбүрөөк практикалык маалыматтарды, Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн муниципалдык башкаруу практикасынан чыныгы мисалдарды камтыган квалификацияны жогорулатуу курстарын сунуш кыла алат. Ошол эле маалда БАЖБА окутуунун сапатын, практиканын жана теориянын, класстык сабактардын жана өз алдынча иштин тең салмактуулугун камсыздап, курстун соңунда алынган билимди текшерет. Ошондуктан угуучулар эки маанилүү жыйынтыкка ээ болушат: биринчиден, алар чынында эле зарыл болгон билимге жана практикалык көндүмдөргө ээ болушат; экинчиден, квалификациянын жогорулагандыгын тастыктаган документ катары мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары тааный турган лицензиялык сертификатты алышат. Айрым учурларда материалды канчалык деңгээлде өздөштүргөнүн тастыктаган тест же жыйынтыктоочу экзамен тапшыруу талап кылынат. 

– Окуу үчүн ким төлөшү керек жана БАЖБАнын баа саясаты кандай болот?

БО: Билим – бул ар бир муниципалдык кызматчынын да, жалпысынан муниципалитеттин да келечегине инвестиция экендигин түшүнүүгө убакыт келди. Келгиле, ойлонуп көрөлүчү, муниципалдык кызматчыларды заманбап билим менен куралдандырып, алар өз ишинин алкагында ар кандай тапшырмаларды аткарууга даяр болушуна эң көп ким кызыкдар? Албетте, жергиликтүү жамаат жана ЖӨБ органынын жетекчиси. Жамаат маселелердин сапаттуу жана ыкчам чечилишин күтөт, ал эми жетекчи жамааттын жалпы ЖӨБ органынын ишине канааттануусу үчүн жоопкерчилик алат. Ошондуктан мыйзамдар квалификацияны жогорулатууну жергиликтүү бюджеттен каржылоого мүмкүндүк берет, бул үчүн “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамда (2021-жылдын редакциясында) ЖӨБ органы бул максаттар үчүн бюджеттин жалпы көлөмүнүн 1% өлчөмүндө каражаттарды жергиликтүү бюджетке кошууга укуктуу экендиги белгиленген. Ошондуктан муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу үчүн акыны төлөгөн негизги жак – бул ЖӨБ органдары болууга тийиш. Тренингдерде жана семинарларда акысыз окутуу бул дагы чыгым экендигин унутпаш керек, бирок алар канчалык натыйжалуу болгонун баалоо кыйын. БАЖБАда окуу акысын төлөп жатып, жетекчи жана кызматчы теманы, программаны так тандай алышат жана жыйынтыгында алар эмнелерди алаарын, бул жалпы эле ЖӨБ органынын ишине кандай таасир этерин билишет. Мисалы, эгерде БАЖБАда окуудан кийин таштандыларды тазалоо үчүн тарифтер кыйла адилеттүү жана экономикалык жактан негизделген болсо, ал эми жарандар тарифтин түзүмүн түшүнүп, кызмат көрсөтүү үчүн толук көлөмдө төлөп калышса – бул ЖӨБ органы адисти окутууга жиберип, БАЖБАга төлөгөн акчасынын жыйынтыгы болот.

АК: Албетте, курстарды даярдап, окутуу бир топ акча каражатын талап кылат: бир угуучунун квалификациясын жогорулатуунун номиналдык наркы темага жараша 100 миң сомго чейин жетиши мүмкүн. Бирок баа саясатын аныктоодо БАЖБА ЖӨБ органдарынын жана жеке угуучулардын төлөө жөндөмдүүлүгүнүн деңгээлин эске алат. Ошондуктан квалификацияны жогорулатуу программалары боюнча окутуунун наркы 20 миң сом, ал эми кыска мөөнөттүү курстар – бештен 10 миң сомго чейин деп белгиленген. Мындан тышкары, биринчи топтор арзандатууну алышат, себеби БАЖБА 2022-жылдын аягында жана 2023-жылдын башында топторду чогултуунун алкагында акция жарыяламакчы. Окутууга бир эле маалда үчтөн ашык угуучуну жиберген ЖӨБ органдары үчүн өзгөчө арзандатуулар берилет. Ошондой эле “Муниципалитет” журналынын бир нече нускасына жазылган ЖӨБ органдары да жеңилдиктерди алышат.

– Баалар жөнүндө так маалыматты, кызыкдар адамдар качан жана кантип БАЖБАнын угуучусу боло алаарын кайсы жерден билүүгө болот?

АК: Курстардын ырааттамасы жөнүндө бардык актуалдуу маалыматтарды жакында ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынан табууга болот, шилтемеси: www.myktyiamak.gov.kg, ошондой эле БАЖБАнын окуу процессинин методисти жана куратору Зухра КАЗАНЛЫЕВАга телефон аркылуу байланышса да болот: +996 777 740 807. Квалификацияны жогорулатуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акы төлөөнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн механизми жөнүндө толук маалыматты БАЖБА Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен чогуу даярдап жатат жана кызыкдар болгон ЖӨБ органдарына кошумча маалымат берилет. Бирок азыртадан эле ЖӨБ органдары Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу БАЖБАдан окутуу кызмат көрсөтүүлөрүн сатып ала алышат.

Маектешкен Надежда ДОБРЕЦОВА,
“Муниципалитет” журналынын башкы редактору