Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Эмне үчүн Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясын тандоо керектиги жөнүндө 5 факт

2022-10-16 / Муниципалдык кызмат

БАЖБА угуучуларга Кыргыз Республикасында 200 ЖӨБ органы менен 2000-2022-жылдар аралыгында иштөө практикасына негизделген актуалдуу жана практикалык окуу модулдарын сунуштайт

1. Лицензия

Кыргызстанда болгону үч гана окуу мекемесинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатууга лицензиясы бар. БАЖБА – 2022-жылы муниципалдык кызматчыларга ведомстволук багыт боюнча квалификациясын жогорулатуунун лицензияланган кызматтарын көрсөткөн жалгыз билим берүү мекемеси. Билим берүү жана илим министрлигинин №LS220001186, №LS220001195 лицензиялары

2. Практик-мугалимдер

БАЖБА окутууга теоретиктерди дээрлик тартпайт, бирок алардын билимин зарыл болгон жерлерде кеңири колдонуп келет. Курстарды Өнүктүрүү саясат институтунун, КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыкты практик эксперттери, КР Финансы министрлигинин, КР Айыл чарба министрлигинин, КР Министрлер Кабинетине караштуу Муниципалдык кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин алдыңкы адистери окутушат. Окутуучулардын мындай курамы угуучуларга ЧУАнын акыркы өзгөрүүлөрүн, мамлекеттик жана аймактык программаларды ишке ашыруунун чоо-жайын, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн бай практикалык тажрыйбасын жана берилген ыйгарым укуктарды аткарууну камсыз кылат.

3. Практикалык мисалдардын жыйнагы

Окутуу процессинде угуучулар кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу, инфраструктураны өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу ж.б. чөйрөсүндөгү жергиликтүү жамааттардын көйгөйлөрүн чечүүнүн реалдуу практикалык тажрыйбасын үйрөнүшөт.

4. Ийкемдүү формат жана ыңгайлуу окуу шарттары

ЖӨБ органынын суроо-талабы боюнча окутуу жеринде, мисалы, жергиликтүү кеңештин депутаттары үчүн уюштурулушу мүмкүн. Окутуу угуучулардын тандоосуна жараша кыргыз жана орус тилдеринде өтөт. Айрым темалар боюнча онлайн форматында окутуу мүмкүн, бул угуучулардын окуу үчүн сапарларына эч кандай чыгымды талап кылбайт. БАЖБАнын Бишкектин борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын жабдылган окуу класстары бар. Суроо-талап болсо, алгылыктуу акыга угуучунун жашай турган жерин да уюштурууга көмөк көрсөтүлөт.

5. ЖӨБ чөйрөсүндөгү мыкты экспертиза

БАЖБА угуучуларга Кыргыз Республикасында 200 ЖӨБ органы менен 2000-2022-жылдар аралыгында иштөө практикасына негизделген актуалдуу жана практикалык окуу модулдарын (Өнүктүрүү саясат институтунун тажрыйбасы) сунуштайт; укуктук экспертизанын жогорку деңгээлин жана өзгөрүлүп жаткан мыйзамдардан калбай модулдардын мазмунун дайыма жаңыртып турат; окутууда колдонулган жергиликтүү өнүгүүнүн жана башкаруунун практикалык мисалдарын (Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн практикасын) үзгүлтүксүз жаңылап турат, ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын коллекциясын колдонууну сунуштайт (www.myktyaimak.gov.kg); 20 жылдан бери чогултулуп келаткан жергиликтүү өнүгүү жана башкаруу боюнча уникалдуу окуу жана кошумча адабият китепканасын ачып берет.