Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Тоо боюндагы муниципалитеттин COVID-19 менен ийгиликтүү күрөшү

2021-02-07 / Москва районунун портрети
Тоо боюндагы муниципалитеттин COVID-19 менен ийгиликтүү күрөшү

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Ак-Суу АА

Ак-Суу АА жети айылдан турат, анда 1641 үй кожолук бар. Муниципалитет Бишкектен 65 км аралыкта орун алган. Калкынын саны 9506 адамды түзөт, анын ичинде 4745 аял (50%) бар. Элдин курамы көп улуттуу, бул жерде кыргыздар, өзбектер, орустар, чечендер, мордвиндер, татарлар ж.б. жашайт. Жергиликтүү бюджет 7 млн. 828 миң сомду түзөт. Муниципалдык менчикте кыймылсыз мүлктүн 26 объектиси бар: АӨ имараты, жети мектеп, 4 клуб, 1 маданият үйү, 6 ФАП, 1 Үй-бүлөлүк медицина борбору, социалдык турак үй, 4 башкы суу жабдуу системасы. Аймак тоо боюнда, Кыргыз тоо кыркаларында Москва районунун түштүк бөлүгүндө жайгашкан.

КӨЙГӨЙ: көзгө көрүнбөгөн, белгисиз жоо бастырып кирди

2020-жылдын март айында өлкөдөгү башка көптөгөн муниципалитеттердей эле Ак-Суу айылдык аймагы да COVID-19 эпидемиясына биринчи жолу туш болду. Ар бир жашоочу коркунучту жон териси менен сезип, илдет каалаган жерден, каалаган учурда илешип аларын билип калды. Карантин чектөөлөрү киргизилгенден кийин жашоочулар үйлөрүндө камалып, көчөлөр ээнсиреп, турмуш тиричилик кинодогудай эле токтоп калды. Бирок Ак-Суу ААнын айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары ишин уланта беришти. Булардын эч кимисинде көзгө көрүнбөгөн душман менен күрөшүү тажрыйбасы болгон эмес. Жарандардын алдындагы жоопкерчилигин сезип, ЖӨБ органдары аларды коргоо үчүн болгон күч-аракетин жумшоого даяр эле. Бирок аракеттерди кайда багыттап, эпидемияга каршы иш-чараларды кантип уюштуруп, оорулууларга кантип жардам бериш керектигин көбү билбей калган кырдаал түзүлгөн.

ЧЕЧИМ: биримдик жана өз ара колдоо

COVID-19 тууралуу биринчи жолу маалыматты ЖӨБ органы жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу алган. Андан соң райондук мамлекеттик администрациядан расмий кат келди. Анда Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында КР Өкмөтү “Коронавирустук илдеттин жайылышын болтурбоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптардын” Убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди бекиткени айтылган. Бул документтин негизинде ЖӨБ органы оорунун алдын-алуу жана жайылтпоо боюнча чукул арада бардык иштерди уюштуруу тууралуу чечим кабыл алды.

ЖӨБ органынын ыкчам жана натыйжалуу ишинин натыйжасында Ак-Суу ААнын аймагында COVID-19дун жапырт жайылуусун токтотуп калуу мүмкүн болду. Ак-Суу ААнын айыл өкмөтү райондо биринчилерден болуп жаңы коркунучка жооп кайтарып, ыкчам штабды ачты. 18 адамдан турган бул штабдын курамына АӨ кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары, жети айылдын старосталары, ФАПтын жана Үй-бүлөлүк медицина борборунун медкызматкерлери, эки участкалык милиция киришти. Штабдын курамы АӨнүн буйругу менен расмий бекитилген. Штаб аймактын чегинде коронавирустун жайылышын болтурбоо боюнча иш планын даярдады.

Райондо биринчилерден болуп жети айылда жети өткөрмө бекети орнотулду. Бул өткөрмө бекеттерде жашоочулар жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү күнү-түнү нөөмөттө туруп кайтарышты. Райондун чек арасында жайгашкан эки өткөрмө бекетте ИИМдин, МАИнин, ӨКМдин кызматкерлери жардам беришти. Бир жарым ай бою нөөмөттө тургандар жеке коргонуу каражаты, күнүнө эки жолу ысык тамак менен камсыздалышты.

Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамасы боюнча жети мектеп тең карантинге жабылды. Алты ФАП жана бир ҮМБ күнү-түнү иштөөгө өттү. Өзгөчө зарыл дары-дармектерди сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 15 000 сом бөлүндү.

АӨнүн буйругу менен айылдык аймактын чегинде эл көп катышкан иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Жети айылда көчөлөр дезинфекцияланып чыкты. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 90 000 сом бөлүнгөн. Бул каражат негизинен хлордуу дарыларды сатып алууга жумшалды. Мындан тышкары жону жука үй-бүлөлөргө да колдоо көрсөтүлдү. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 60 000 сом бөлүнүп, 2 тонна ун сатып алынды. Бул ун өзгөчө муктаж болуп турган 200 үй-бүлөгө таратылды. Темен-Суу айылынын тургуну, көп балалуу үйдүн кожоюну Рустам БОРБИЕВ буларды айтты: “Карантинге байланыштуу жумушсуз калдым жана азык-түлүк, дары-дармек сатып алууга акчам жок эле. Ошол себептен бул өтө зарыл жардам биздин үй-бүлөбүз үчүн өз убагында келди”. Чоң-Арык айылынын тургуну, 2-топтогу майып Гүлмира СҮЙӨРКУЛОВА: “Мен кайрымдуу адамдарга, “Жаштык Нур” жаштар кыймылына жана Алтынбек МАМБЕТАЛИЕВге чын жүрөгүмдөн терең ыраазычылыгымды билдиремин. Ушундай оор заманда обочодо калган элем. Өзүмдүн жана жакындарымдын өмүрү үчүн кооптонуп тургам. Бирок алар жардамга келишкенде биздин үй-бүлө бул дүйнөдө жалгыз калбаганына көзүм жетти”.

20дан ашык жергиликтүү демөөрчү 275 000 сомго 5 кычкылтек концентраторун, 40 000 сомго 8 кычкылтек баллонун, жеке коргонуучу каражаттарды жана өтө зарыл дары-дармектерди сатып алып, ФАПтар менен ҮМБ арасында таратып чыгышты.

Ак-Суу ААнын айыл өкмөт башчысы Жаркын ОСМОНКУЛОВА: “Биз райондун ичинен биринчилерден болуп ыкчам координацияланып, коргонуу чараларын так уюштура алдык. Карантин эрежелерин сактап, көчөлөрдү дезинцфекциялоо өңдүү негизги жумуштардан тышкары биз үн күчөткүчтүн жардамы менен, “Вотсаптагы” тайпалар аркылуу жети айылдагы үй-бүлөлөргө маалыматтарды берип, үйдөн чыкпай, мүмкүн болушунча сактануу зарыл экенин эскертип турдук”.

Төмөн-Суу борбордук айылынын аймагындагы ҮДБ имараты дээрлик каралбай калган эле. АӨ башчысы Жаркын ОСМОНКУЛОВАнын демилгеси менен ҮДБ көйгөйүн чечүү боюнча демилгелүү топ жана атайын фонд түзүлдү. Жергиликтүү жамаат бул фондго 248 500 сом чогултуп берген. Кайдыгер калган эч ким болгон жок. Ар бир адам колдон келген салымын кошту, кээ бири 100 сом берсе, айрымдары 30 000 сомго чейин беришти. Чогулган акчанын жардамы менен, ошондой эле 76 500 сомго бааланган элдин эмгек салымы менен (төрт адам 1,5 ай бою иштеди) ҮДБ имараты толугу менен оңдолуп чыкты. Натыйжада 16 орундуу күндүзгү стационар ачылып, коронавирустун “биринчи толкунунда” 260 адам дарыланды. 2021-жылы да бул стационарда 55 адам дарыланууда. Бирок бул көрүлгөн чараларга жана күч-аракеттерге карабастан айрым адамдардын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок. COVID-19 бул аймактан 7 адамдын өмүрүн алып кетти. Айыл өкмөт башчы Жаркын ОСМОНКУЛОВА буларды айтты: “Жергиликтүү бийлик да, өкмөт да мындай пандемияга катуу даярданбаганы ачуу чындык. Антпесе, биз ушунчалык көп адамдарды жоготуп алмак эмеспиз. Жетекчи катары күнү-түнү өткөрмө бекеттерде нөөмөттө турган жаштардын эмгегин жогору баалайм. АӨнүн бардык кызматкерлерине, оор кырдаалда кол сунуп, жигердүү жардам берген бардык кайдыгер эмес адамдарга терең ыраазымын. Мындай оор кырдаал бизди, аймактын жергиликтүү тургундарын гана эмес, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерибизди да бириктирет деп күткөн эмесмин. Италияда, Түркияда, Америкада жашаган мекендештер акчалай 55 000 сом беришти, 484 600 сомго беш кычкылтек концентраторун, дары-дармектерди сатып алып берип жиберишти”.

Социалдык натыйжалуулук: ошол кооптуу учур кыйынчылыктар менен гана эмес, ошондой эле аймактагы калктын биримдиги сезилгени менен да эсте калды. Жарандардын көбү көзгө көрүнбөгөн жоо менен кармашка акчалай да, эмгек менен да салым кошуп жатышты. “Коомго кызмат кылуу” тууралуу кооз сөздөрдү эч ким айткан жок, жеке мүдөөсүн көздөгөн бири да болгон жок, баары үн катпастан, ынтымакта, чын ниети менен күрөшкө билек түрө киришти. АӨ башчысы Жаркын ОСМОНКУЛОВАны угалы: “Адамдар бири-биринин өмүрүн баалап, башкаларды аяп, кам көрө баштады. Мурда көчөдө жаткан адамдын жанынан “мас болсо керек” деп эле басып кетишчү. Азыр болсо ар бир адам сөзсүз түрдө токтоп, жардам берет”.

Административдик натыйжалуулук: Айыл өкмөттүн кызматкерлери чукул кырдаал шартында иштегенди, ыкчам чечимдерди кабыл алганды, бири-бирине күттүрбөй жардамга жетип барганды үйрөнүштү. Алар “Баары аман калышы керек” деген максатты алдына коюп, чыныгы команда боло алышты. Бул ураан коронавирус менен күрөштө алдыңкы катарда иштегендерге да дем берди. Себеби АӨнүн көпчүлүк кызматкерлери үй-бүлөсүнүн, балдарынын, ата-энесинин коопсуздугу үчүн аларды көрбөй иштөөгө мажбур болушту.

ЧЫГЫМДАР

Жалпысынан 893 500 сом сарпталды, анын ичинде жергиликтүү бюджеттин салымы 183 200 сом, демөөрчүлөрдүн жардамы 484 600 сом, жергиликтүү жамааттын акчалай салымы 248 500 сом, эмгек салымы 76 500 сом болду.