Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Эсептен чыгарылган светофорлор жолдордогу коопсуздук маселесин үнөмдүү чечүүгө жардам берип жатат

2021-02-08 / Москва районунун портрети
Эсептен чыгарылган светофорлор жолдордогу коопсуздук маселесин үнөмдүү чечүүгө жардам берип жатат

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск АА.

Беловодск АА 6 941 үй кожолугу жашаган эки айылдан турат. Муниципалитет Бишкектен 41 км алыстыкта орун алган. Аймакта 24 352 адам, анын ичинде 13 139 аял (54%) жашайт. Элдин курамы көп улуттуу. Жергиликтүү бюджет 73,5 млн. сомду түзөт. Муниципалдык менчикте 30 кыймылсыз мүлк объектиси турат.

КӨЙГӨЙ: Беловодск айылынын кесилиштеринде светофорлор жок

Көп адамдар Беловодск айылы Бишкек – Ош жолунун жээгинде жайгашкандыктан светофорлор жана жүргүнчүлөр үчүн өтмө жол менен жабдылган деп ойлошот. Ошондуктан светофорлордун жоктугу тууралуу маселе бир караганда күтүүсүз болуп чыга келет. Бирок Беловодск – чоң айыл, анын көчөлөрүнөн машинелер күнү-түнү тынбай өтүп турат. Октябрь жана Комсомол, Ленин жана Ломоносов, Кыргызстанга 50 жыл жана Ломоносов, Ленин жана Жеңиш көчөлөрүнүн кесилиштеринде машиненин агымы эч токтобойт. Буга байланыштуу ал көчөлөрдө жол кырсыктары да көп болуп турат. Кээде бул кырсыктар адамдын өмүрүн да алып кетүүдө. Ошол себептен светофорлорду орнотуу маселеси өтө көптөн бери курч турган эле. Жаңы светофорлорду сатып алууга жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнбөй келген. Себеби айылда мындан да артыкчылыктуу көйгөйлөр улам чыга берчү.

ЧЕЧИМ ЖАНА ЖЫЙЫНТЫК: тапкычтык менен жаралган, баасы жагынан туура келген чечим

Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек ЕШАЛИЕВди угалы: “Жашоочуларыбыздын коопсуздугу биз үчүн баарынан өйдө турат. Бирок жаңы светофорлордун баасы өтө эле кымбат экен. Кыргызстанда эсептен чыгарылган светофорлорду кайра орнотуу практикасы бар болгонун угаар замат биз бул багытта иш жүргүзө баштадык. Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Адистештирилген монтаждык-эксплуатациялоо башкармалыгы менен Беловодск айыл өкмөтү биргелешип, өтө чукул убакыт ичинде (бир айга жетпеген мөөнөттө) көчөлөрдүн кесилиштеринде светофорлор орнотулуп, муну менен жолдордо талаптагыдай тартип орнотулду. Светофорлор жөө жүргүнчүлөргө жолдон коопсуз өтүүгө, ал эми машинелерге кырсыктан алыс болууга шарт түзүп жатат. Себеби дал ушул кесилиштерде кырсыктар көбүрөөк катталчу. Мыйзамдарга ылайык, калктуу конуштарда муниципалдык жолдордун ишин камсыздоо жергиликтүү маанидеги маселелерге кирет. Бирок муну менен гана чектелип калгыбыз келбейт. Биз мындан ары да жолдордун абалын жакшыртуунун үстүнөн ишибизди уланта бермекчибиз. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Адистештирилген монтаждык-эксплуатациялоо башкармалыгына терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ошондой эле бул долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөткөндөрдүн баарына абдан ыраазыбыз”.

Ошентип, Октябрь жана Комсомол, Ленин жана Ломоносов, Кыргызстанга 50 жыл жана Ломоносов, Ленин жана Жеңиш көчөлөрүнүн кесилишинде төрт светофор орнотулган.

Социалдык натыйжалуулугу: Кырсык көп катталган көчөнүн боюнда жашаган айыл тургуну О. ФЕДОРОВАнын айтымында, светофорлор өтө зарыл эле: Мен жашоочу катары да, мугалим катары да окуучулар үчүн тынчсыздана берчүмүн. Алар күн сайын жолду кесип өтүшөт эмеспи. Эми санаам тынч. Светофорлор адамдардын өмүрүн сактап калууга жардам берүүдө”.

Экономикалык натыйжалуулугу: Иш жүзүндө бул светофорлор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун колуна бекер тийди. Себеби айыл өкмөт башчысы жаңы жабдууну сатып албастан, мурда колдонулганын алууну сунуш кылды. Ошол себептен светофорлорду жерине жеткирип, орнотууга гана акча сарпталды.

ЧЫГЫМДАР

Буга чейин колдонулган светофорлордун баасы жана аларды орнотуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы 742 594 сомду түздү. Акча жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

АЛЫНГАН САБАКТАР: Светофорлордун үзгүлтүксүз иштеп турушу үчүн резервдик жабдуу керек

Светофорлорду орнотуу боюнча жооптуу кызматкер: “Ушул өңдүү светофорлорду сатып алып, орноткондо буга кошумча системалуу блокту да сатып алыш керек экен. Себеби негизги блокту оңдогон учурда ошол кошумча системалуу блокту иштетип турабыз”.