Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Инвестициялар
Тышкы инвестициялар: жергиликтүү жамааттар үчүн пайдабы же балекетпи? Кыргызстандын инвестициялык образын калыптандырууда жарандык коомдун ролу
М.СУЛТАМБАЕВдин, А.БАЛАКУНОВАнын, Н.А.МАМЫРАЛИЕВдин материалдарынын негизинде Н.ДОБРЕЦОВА даярдады. “Кыргыз Республикасына тышкы инвестицияларды тартууда жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын ролу” аттуу блиц-изилдөө (“Бир алкак – бир жол” демилгеси), Өнүктүрүү саясат институту,- Б., 2021
“Кыргызстан географиялык жактан Улуу Жибек Жолунун ортосунда, жолдор менен цивилизациялардын түйүнүндө, тарыхта миңдеген жылдар мурун Чыгыш менен Батышты байланыштырган биринчи трансулуттук жолдо жайгашкан. Бүгүнкү күндө ага “Бир алкак – бир жол” долбоорунда негизги орун бөлүнгөнүнө шек жок.
ЮЙ ЧЖОЧАО, экономика илимдеринин кандидаты, Кытайдын Коомдук илимдер академиясынын Орусия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия институтунун стратегиялык изилдөө бөлүмүнүн илимий кызматкери
Ошентип, Кыргыз Республикасы аймактык транспорттук системанын бир бөлүгү болууга, соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана трансулуттук хаб катары өзүнүн абалынан бардык пайданы алууга кызыкдар. Бул максатка “Бир алкак – бир жол” (мындан ары – БАБЖ Долбоору) ири демилгесин ишке ашыруу аркылуу да жетүүгө болот. Бул демилге өлкөлөргө инфраструктурасын жакшыртууга, сооданы кеңейтүүгө, бири-бири менен жана башкалар менен байланыштарды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мунун натыйжасында экономикалык өсүштү жогорулатып, жакырчылыктын деңгээлин азайтууга мүмкүн болот. Демилгенин маңызы – деңизге жана тышкы соода коридорлоруна чыгууну камсыздоочу ири трансулуттук инфраструктуралык долбоорлордун жардамы менен аймактагы бардык өлкөлөрдү бирдиктүү соода жана өнөр жай тармагына кошуу. Демилгени Кытай өкмөтү көтөргөн, бирок ал көптөгөн өлкөлөрдү, анын ичинде Кыргызстанды жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүн бириктирип турат жана аны ишке ашыруу бардык катышуучулардын олуттуу кошумча аракеттерин талап кылат. Транспорттук инфраструктураны жакшыртууга жана сооданы кеңейтүүгө багытталган ири долбоорлор жаратчу олуттуу тобокелдиктерди да эске алуу зарыл.
«“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол магистралын куруу долбоору Евразия темир жол тармагынын Борбор Азия тилкесиндеги альтернативалуу жана маанилүү звенолорунун бири болуп калат», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр ЖАПАРОВ. Бул тууралуу Жапаров 2021-жылдын 6-августунда Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунда сүйлөп жатканда айтты. Мамлекет башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө аймакты дүйнөлүк сооданын маанилүү хабдарынын бирине айлантуу үчүн бардык өбөлгөлөр бар. Ушул тапта маанилүү транспорттук коридорлор – ТРАСЕКА, БАРЭК (Борбор азиялык регионалдык экономикалык кызматташтык), ШКУ жана башкалар Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу өтөт. Муну менен катар президент дүйнөлүк океанга чыга албаган Борбордук Азия регионунун обочолонушу Борбор Азия өлкөлөрүнөн деңиз портторуна кирүү мүмкүнчүлүгүн берген колдонуудагы транспорттук коридорлордун натыйжалуулугун жогорулатып, жаңыларын түзүү боюнча аракеттерди күчөтүүнү талап кылаарын белгиледи. Бул стратегиялык мааниси бар тапшырма болуп саналат. “Аймак үчүн эл аралык автомобиль жана темир жолдорду андан ары кеңейтүү, логистикалык борборлорду жана транспорттук терминалдарды түзүү артыкчылыктуу мааниге ээ. Аймактын ичинде кургактагы жүк ташууларды өнүктүрүп, буга байланышкан чыгымдарды азайтуу регион аркылуу өтүүчү транспорттук коридорлордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Мындан тышкары, Борбор Азияда мультимодалдык транспорттук коридорлордун өз ара пайдалуу колдонулушун камсыз кыла турган суу жана жер транспорту ортосундагы функционалдык айкалышын изилдөө үчүн “кууш жерлерди” биргелешип иштеп чыгууну улантуу сунушталууда”.
Садыр ЖАПАРОВ ошондой эле региондун өлкөлөрү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногунун жакшыраак иштешин, ачыктыгын камсыз кылуунун жолдорун жана каражаттарын табууга, жалпы экономикалык кызыкчылыкты пайда кыла турган өз ара сооданын көбүрөөк диверсификациясына умтулушу керектигин баса белгиледи. Аймактагы өлкөлөрдүн салыштырмалуу артыкчылыгын эске алуу менен экономикадагы секторлорду өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты кеңейтүү, ресурстарды эффективдүү бөлүштүрүү жана өз ара пайдаларга, туруктуу экономикалык өнүгүүгө негизделген экономикалык структураны жакшыртуу үчүн тыгыз байланышта болуу керек. Борбор Азия интеграциясы экономикалык өнүгүүнүн өз ара пайдалуу стратегиясына негизделген кандайдыр бир бирдиктүү экономикалык мейкиндик катары каралышын камсыздоо үчүн аракет кылуу зарыл.
2021-жылдын 6-августу,
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалымат саясаты бөлүмү
|
БАБЖ Долбоорунун инвестицияларынын ыктымалдуу пайдалары – жергиликтүү өндүрүшчүлөргө жана жумушчуларга рынокко жана жеткирүүчүлөргө жетүү мүмкүнчүлүктөрү жакшырат, рынокко кире алышат, жергиликтүү салыштырмалуу артыкчылыктарды колдонушат (өндүрүштүн негизги факторлору менен камсыздалат, технологиялар жана артыкчылыктар берилет), адамдардын мобилдүүлүгү жогорулап, технологияда өзгөрүүлөр болот, бул болсо масштабды көбөйтүп, кластерлөөнү жүргүзүүгө шарт түзөт. Соода байланыштарын чыңдоо боюнча институционалдык чаралар болбогон күндө да транспорттук инфраструктурага инвестициянын өзү эле мейкиндиктеги экономикалык өзгөрүүлөргө мелүүн таасирин тийгизиши мүмкүн. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан көбүрөөк утушка ээ болот, андан кийин Кыргыз Республикасы, Тажикстан жана Пакистан пайда табат1.
Ошол эле учурда бул пайданы алуу бир нече фактордон көз каранды: процесске бардык кызыкдар топтор катышабы, жарандык коомдо да, жергиликтүү жамааттарда да ага аң-сезимдүү катышуу мүмкүнчүлүгү болобу. Бул топтордун катышуусу өзгөчө маанилүү, анткени алар инвестициялык климатты калыптандырууга таасирин тийгизет, инвестициялык процесстин катализатору да боло алат, ошол эле кезде тоскоолдуктарды да жарата алат. Азырынча 2021-жылы Кыргыз Республикасынын жарандык коомун жана жергиликтүү жамааттарын катализатор деп атоо кыйын, мунун себебин түшүнүү маанилүү.
Кыргызстандагы инвестициялык көрсөткүчтөргө жасалган анализ көрсөткөндөй, акыркы жылдары өлкөдөгү инвестициялык климат начарлап кеткен, муну Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары да далилдеп турат. Негизги көрсөткүч – түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 2019-жылга салыштырмалуу 2020-жылы 55,6 пайызга азайган2. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кайра инвестицияланган кирешенин көрсөткүчү болгону 41 пайызды түздү3. Кырдаалдын начарлашы Кыргызстандын тышкы инвестициялык саясаты менен гана эмес, COVID-19дун таасири менен да байланыштуу. Ошондой эле буга коомдун маанайы, атап айтканда Кытайдан кооптонгон мамиле да салымын кошту. Эксперттердин айтымында, “мамлекеттин стратегиялык милдеттерин жана дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен чет өлкөлүк инвесторлор үчүн инвестициялык климатты трансформациялоо маселелери толук иликтене элек”. Билбестик тышкы инвестициялар чөйрөсүндө эффективдүү саясатты калыптандырууга салым кошпойт4.
Мунун баары Кыргыз Республикасынын, Кытайдын жана башка өлкөлөрдүн өкмөттөрүнөн көп тараптуу өнөктөштүктү, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдар, жарандык коом менен анын формалдуу жана бейформал маанисинде өнөктөштүктү түзүүгө багытталган уюштуруучулук аракеттерди талап кылат. Бул өнөктөштүк үчүн шарттарды түзүү үчүн адегенде эки тараптуу, андан кийин көп тараптуу түрдө эки өлкөнүн (андан кийин башка кошулган өлкөлөрдүн) өкмөттөрүнүн катышуусу менен платформаны түзүү зарыл. Мындай платформа инвестициялык саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жарандардын катышуу механизми практикасын даярдап, киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындай механизмдер жарандык коомго (коммерциялык эмес уюмдардын да, жергиликтүү жамааттардын да) өз үнүн жеткирүүгө, өз ресурстарын жана көндүмдөрүн колдонууга, өз долбоорлорун ишке ашырууга мүмкүндүк бериши керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да инвестициялык процессте маанилүү ролду ойнойт.
Улуттук өкмөттөрдүн жана коомдун олуттуу аракеттери талап кылынган бир нече чөйрөлөр бар. Өнүктүрүү саясат институту тышкы инвестицияларды тартуу процесстерин башкарууда коммерциялык эмес уюмдардын (КЭУ) жана ЖӨБ органдарынын ролун жана мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү үчүн кырдаалга блиц-изилдөө жүргүздү:
- кызыкдар тараптарды маалымдоодо жана тартууда КЭУнун жана жергиликтүү жамааттардын ролу;
- ачыктык принцибин ишке ашырууда КЭУнун жана жергиликтүү жамааттардын ролу;
- өлкө ичинде реформаларды ишке ашырууда КЭУнун жана жергиликтүү жамааттардын ролу;
- көп жактуу кызматташууда жергиликтүү жамааттардын ролу;
- Кытайдан келген тышкы инвестицияларды кабыл алууну жакшыртууда КЭУнун ролу;
- жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүүдө ЖӨБ органдарынын жана КЭУнун ролу;
- тобокелдиктерди башкарууда КЭУнун жана ЖӨБ органдарынын ролу.
Кызыкдар тараптарды маалымдоодо жана тартууда КЭУнун жана жергиликтүү жамааттардын ролу
Салык төлөөчү катары жарандык коом түз чет өлкөлүк инвестицияларды пайдалануунун максатка ылайыктуулугу жана эффективдүүлүгү жөнүндө маселени көтөрүү үчүн инвестициялык долбоорлор, өзгөчө насыя жана займ шартында аткарылган долбоорлор жөнүндө маалымат алууга укуктуу. Дүйнөлүк банктын тобу Кыргызстандын экономикасына чет өлкөлүк инвестициялардын багыттары жөнүндө аналитикалык отчет даярдады5. Бул документ жарандык коомдун чет өлкөлүк инвестиция үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө катышуусунун потенциалдуу чектерин аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
Коммерциялык эмес уюмдар жана жарандык коом инвестиция тартуу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүдө негизги ролду ойной алат. Жарандык коом, бир жагынан, бийликке инвестициялардын кесепеттерин божомолдоого жана калктын аларга карата мамилесин изилдөөгө жардам бере алат жана муну жасоого тийиш, экинчи жагынан, калк арасында инвестицияларды ишке ашыруудан түшчү пайда жана андан келип чыгышы ыктымал коркунучтар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзө алат. Кыргыз Республикасында инвестор менен жергиликтүү калктын ортосундагы мамиле инвестиция тартуудагы негизги көйгөйлөрдүн бири болуп калды. Жергиликтүү калк тигил же бул инвестициялык долбоорго кескин каршы чыгып, мамлекет улуттук маанидеги долбоорду токтотууга аргасыз болгон учурлар жок эмес. Бул жагынан алып караганда КЭУ жана жарандык коом менен тыгыз кызматташтыкта улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен улуттук инвестициялык долбоорлорду эффективдүү илгерилетүүгө болот.
Түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу маселеси боюнча коомдук пикир менен иштөө механизмдери. КР Өкмөтүнүн деңгээлинде тартылган тышкы инвестицияларды жана конкреттүү калктуу конушта ишке ашырылган инвестициялык долбоорлорду жергиликтүү жамаат дайыма эле чет өлкөлүк түз инвестициялардын продуктусу катары кабыл ала бербейт. Кээ бир учурларда чет элдик түз инвестициялардын эсебинен ишке ашырылган долбоорлорго карата терс коомдук пикир калыптанып калат. Негизги себеп – пайда болгон продукциянын, алынган жыйынтыктын жана тартылган тышкы инвестициялардын ортосундагы байланыш жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылбай калууда. Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, анын себеби – КР Өкмөтүнүн чет өлкөлүк түз инвестицияга карата саясатында ачык-айкындуулуктун жоктугу же жетишсиздиги. Коомдук аң-сезимде түз чет өлкөлүк инвестициялардын, алардын продукцияларынын жана жыйынтыктарынын оң образын калыптандыруу мамлекеттин маанилүү милдети болуп саналат. Бул милдетти аткарууну жарандык коомго өткөрүп берүүгө болот.
Жарандык коом чет элдик инвестициялар маселелери боюнча коомдук пикирди калыптандыруу көйгөйүн чечүүнүн альтернативдүү моделдердин, парадигмаларын сунуштай алат. Каражаттар максаттарга жана милдеттерге жараша ар кандай болушу мүмкүн.
Жарандык коомдун маалымат ресурстары. Социалдык тармактар аркылуу КР Өкмөтүнүн жана инвесторлордун инвестициялык саясатына жарандык коомдун таасири жетиштүү изилденген эмес. Бул ресурс оң жана терс багытта болушу мүмкүн. Позитивдүү эффектти күчөтүү үчүн инвестициянын ыктымалдуу мүмкүнчүлүктөрүн жана тобокелдиктерин изилдөөчү аспап катары тышкы инвесторлор үчүн атайын социалдык тармактарга6 карата интернет мейкиндигинин практикасы изилдениши керек. Өкмөт мындай субъекттерге социалдык тармактарда жагымдуу маалыматтык чөйрөнү түзүүчү преференцияларды жигердүү түрдө бериши керек. Мисалы, социалдык тармактарда тышкы инвестициялар үчүн жагымдуу контекстти түзүү үчүн мамлекеттик заказ түрүндө берсе болот.
Ачык-айкындуулук принцибин ишке ашырууда КЭУнун жана жергиликтүү жамааттардын ролу
Долбоорду пландаштырууда, бюджеттин чыгашаларында жана бюджеттик процессте, ошондой эле сатып алуулардагы ачыктык инфраструктурага айрым инвестициялардын эффективдүүлүгүн жогорулатат. Мындан тышкары, инвестициялык чечимдерге элдин ишенимин бекемдеп, алардын катышуусуна дем берүү үчүн жогорку деңгээлдеги ачыктык керек. Бул процессте коммерциялык эмес уюмдардын ролу айкын – башкаруунун ачык системасын түзүү боюнча өкмөттүн аракеттерин колдоо. Кыргыз Республикасынын КЭУлары бул чөйрөдө ийгиликтүү иш алып барышууда, атап айтканда, 2019-2020-жылдарга “Ачык Өкмөт” демилгесин ишке ашыруу боюнча Улуттук планды аткарууга ири колдоо көрсөтүшкөн. Бул пландын көптөгөн демилгелери жана иш-чаралары так бюджетти башкаруу чөйрөсүндө, анын ичинде жергиликтүү бюджеттерде жана сатып алуулар чөйрөсүндө ачыктыкка тиешелүү болгон.
Жумушчу күчтүн мобилдүүлүгүн жогорулатууда КЭЭнун жана жергиликтүү жамааттардын ролу
Көптөгөн өлкөлөрдө учурдагы соода саясаты жана чек араны башкаруу практикасы чек арадагы соодага тоскоолдук кылат. БАБЖ инвестицияларынын бардык артыкчылыктарын колдонуу үчүн бардык өлкөлөргө товарлардын импортун жана экспортун жеңилдетүү маанилүү. Коридорго кирген бардык өлкөлөр сатып алуулардын ачык процесстеринен, күчтүү башкаруудан пайда алышат. БАБЖ коридорлорун курууга байланышкан тобокелчиликтерди эске алганда, өлкөлөр кошумча коррекциялык саясатка, социалдык жана экологиялык коопсуздук системаларына, квалификацияны жогорулатууга, башка инфраструктурага, ошондой эле мобилдүү жумушчу күчүнө инвестиция сала алышат. Социалдык жана экологиялык коопсуздук системасын өнүктүрүүдө, квалификацияны жана жумушчу күчтүн мобилдүүлүгүн жогорулатууда Кыргыз Республикасынын КЭУларынын ролу бир шартта өтө олуттуу болушу мүмкүн: эгерде инвестициялык долбоорлор бул үчүн керектүү компонентке ээ болсо, анткени өлкөнүн ичиндеги КЭУлар үчүн бул милдеттерди каржылоонун өздүк булактары жок.
Аймактык теңсиздик инвестицияларга жана экономикалык саясаттагы реформаларга коркунуч жаратат, анткени алар теңсиздиктин булагы катары кабыл алынат. Атап айтканда, жумушчу күчтүн төмөн мобилдүүлүгү кирешедеги айырманы тереңдетиши ыктымал. БАБЖ инвестицияларынан эң көп мейкиндиктик таасир, сыягы, Борбор Азияда болот. Себеби Борбор Азия өлкөлөрү (анын ичинде Казакстан, Кыргыз Республикасы жана Тажикстан) тарыхый түрдө дүйнөлүк рыноктордон обочодо калган жана жумушчу күчтүн мобилдүулүгү төмөн, салыштырмалуу чакан экономикасы бар мамлекеттер болуп саналат. Жумушчу күчтөрдүн мобилдүүлүгүн чечүүгө жардам берүү үчүн маселелердин топтомун кайра карап чыгуу талап кылынат. Биринчиден, бул – Борбор Азияда каттоого туруу системасы, көбүнчө “ички паспорттук талаптар” деп аталат, ал адам расмий катталган жашаган жери боюнча катуу эрежелер менен айкалышат. Калктын көбү шаар жергелеринде каттоосуз жашап келет. Бирок көпчүлүк учурларда шаарда каттоосу жок жашаган адамдар ал жерде расмий түрдө иштей алышпайт жана көпчүлүк мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде саламаттык сактоо жана мамлекеттик билим берүүгө тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга укугу жок. Укук коргоочу коммерциялык эмес уюмдар өкмөттөргө бул чектөөлөрдүн таасирин азайтууга жардам беришүүдө, ал эми Кыргызстанда бул чектөөлөр жумушчу күчтүн мобилдүүлүгүнө мурдагыдай таасирин тийгизбейт. Бирок, Кыргыз Республикасындагы жумушчу күчтүн мобилдүүлүгүнө карата башка көйгөйлөр келип чыгууда – квалификациянын төмөндүгү, ички миграциялык саясаттын жоктугу, турак жай жана коммуналдык инфраструктуранын жоктугу өңдүү башка экономикалык жана социалдык көйгөйлөр.
Жаңжалдардын алдын алууда КЭУнун жана жергиликтүү жамааттардын ролу
КЭУнун катышуусунун башка бир өңүтү – чыр-чатактардын алдын алуу жана медиация. Инвестициялар жөнүндө мыйзамдын талаптагыдай аткарылбай жатканы, ошондой эле салык режимине, чек ара процедураларына, жерге же электр энергиясына жеткиликтүүлүккө таасирин тийгизген башка укуктук жана институционалдык кемчиликтер тышкы инвестицияларды тартуунун күн тартибиндеги башкы маселе бойдон калууда. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен алтын өндүрүүчү “Centerra Gold Inc.” компаниясынын ортосундагы Кумтөр кенине байланыштуу чыр1 тышкы инвестицияларды тартууга байланышкан жагдайды ого бетер татаалдаштырууда.
Инвесторлор менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы арбитражга жеткен талаш-тартыштардын эң көбү жер участокторуна жана мүлк маселелерине тиешелүү болгон. Экинчи орунда жер казынасын пайдалануу жана кен казуу боюнча талаштар турат. Бул факт жергиликтүү деңгээлдеги ченемдик актыларды маанилүү кылып, инвестициялык активдүүлүккө олуттуу таасирин тийгизүүдө. Ишкердик жана инвестициялык ишти жөнгө салуу ЖӨБ органдарынын жана мамлекеттик администрациялардын көзөмөлүндө турат. Жергиликтүү бийлик жергиликтүү салыктарды кабыл алуу, жер бөлүштүрүү, жергиликтүү жамааттар үчүн маалыматтык өнөктүктөрдү өткөрүү, инфраструктура жана эрежелердин сакталышын камсыздоо боюнча чечимдерди кабыл алышат. Жергиликтүү деңгээлде тышкы инвестиция маселелери боюнча жарандык коом институттарынын өз ара аракеттенүүсүнүн эффективдүү механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгы бар.
Кыргызстан жалпысынан 36 эл аралык инвестициялык келишимге кол койгон. ЮНКТАДдын маалыматы боюнча, 2018-жылдын 31-декабрына карата инвестициялык талаш-тартыштардын (иштердин) жалпы саны 942ге жеткен. Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык арбитраждык иштердин басымдуу бөлүгү инвестордун пайдасына чечилген. Бизнес акыйкатчы, Сот өкүлчүлүгүнүн борбору жана бизнес-ассоциациялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык талаш-тартыштарды сотко чейинки тартипте чечүүнүн бирдиктүү жана түшүнүктүү механизмин иштеп чыгууга өз потенциалы жана мандаты менен салым кошушу керек. Азыркы учурда бул да КЭУ үчүн мүмкүн болгон тармак (бирок бизнес-ассоциацияларга маңызына жараша толугу менен мындай маани берүүгө мүмкүн эмес).
“Инвестор – мамлекет” же “инвестор – жергиликтүү жамаат” форматындагы талаштарды чечүү процессинде мамлекет менен инвестордун тобокелчиликтерин азайтуу керек. Бул дайыма эки тараптын кызыкчылыгында болчу маселе. Буга байланыштуу альтернативдүү механизмдерге, тактап айтканда, сотто каршылаш тараптардын ортосундагы ортомчулукка кайрылуу, тактап айтканда, медиация сыяктуу инструменттерди иштеп чыгуу зарыл. Буга байланыштуу “Медиация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жарандык коомдун катышуусу менен талаш-тартыштарды сотко чейин чечүү аспаптарын бир кыйла кеңейтет. Маселени чечүү үчүн мүмкүн болгон чечим – Инвестициялар министрлиги, Экономика жана финансы министрлиги, Бизнес акыйкатчы, Соттук өкүлчүлүк борбору, International Business Council бизнес ассоциациясы жана медиация маселесинде адистешкен КЭУлар менен биргеликте Кыргыз Республикасында инвестицияларды илгерилетүүгө жана коргоого салым кошкон жарандык коомдун катышуусу үчүн платформаны түзүү. Жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын институционалдык потенциалы мамлекеттик инвестициялык саясатты ишке ашырууда жарандык коом менен биргелешкен аракеттерине түздөн-түз көз каранды.
Көп тараптуу кызматташтыкта жергиликтүү жамааттардын ролу
Өлкөлөр экономикалык коридорду өнүктүрүүдөн оң натыйжаны толук пайдалана алышы үчүн биргелешип иштеши керек. Бул болсо соода жүгүртүүнү жеңилдетип, чек араны башкарууну жакшыртуу, инфраструктураны куруу стандарттарын шайкеш келтирүү, укуктук стандарттарды жана инвесторлорду коргоо маселелерин макулдашуу максатында жасалат. Бул БАБЖ коридорлоруна мындан ары инвестиция тартууга, экологиялык тобокелдиктерди көзөмөлдөөгө өбөлгө болуп берет.
Өзгөчө бажыга байланышпаган структураларда чек араны башкарууда тобокелдикке негизделген ыкмалар керек. БАБЖ коридорунун боюндагы өлкөлөрдүн өкмөттөрү мыйзамдуу ташууларды жеңилдетүү үчүн соода операциялары тууралуу маалыматтарды жайылтып турууга тийиш. Маалыматты бөлүшүү ресурстарды эффективдүү бөлүштүрүү үчүн тобокелдиктерди профилдештирүүнү жеңилдетет. Бул жагынан алганда, чек арадагы жергиликтүү жамааттар ачык соода жана маданий алмашууну түзүүгө, экономиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, анын ичинде инвестицияларды тартууга жөндөмдүү болгон чек арадагы эффективдүү “көпүрөгө” айланышы мүмкүн.
Кытай тараптан келген тышкы инвестицияларды кабылдоону жакшыртууда КЭУнун ролу
Чындап көп тараптуу демилге катары “Бир алкак - бир жол” демилгесин түзүү өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу келишимдердин чегинен чыгууну талап кылат. Кытай өнүктүргөн жана орноткон эки тараптуу мамилелер кыска мөөнөттүү келечекте, айрыкча кээ бир коридорлорду иштеп чыгуунун этаптарында пайдалуу болушу мүмкүн, бирок эксплуатациялоого берүү этаптарында, айрыкча тобокелдиктерди азайтууда орунсуз болот. Узак мөөнөттүү институционалдык башкаруу рычагдары бир нече функцияларды, анын ичинде координациялоо механизмдерин институтташтыруу, коомдук маалымат жана ачыктык үчүн платформа берүү функцияларын аткара алат2.
ЮЙ ЧЖОЧАОнун баамында3, Кытайдын экономикалык кубаты ага “Бир алкак – бир жол” курулушунда бейформал лидердин позициясын камсыз кылууда. Бул лидер бардык функциялардын эң маанилүүсүн – долбоорду ишке ашыруу үчүн каражат бөлүү функциясын аткарат. Ушул максатта Кытай буга чейин эле “Жибек Жолунун экономикалык кемери” Фондун (ЖЖЭК) түзгөн, ага уставдык капитал катары 40 миллиард доллар инвестиция салган жана инфраструктуралык долбоорлордун финансылык негизин камсыз кылуу үчүн Азия инфраструктуралык инвестициялар банкын (АИИБ) түзгөн. Иш жүзүндө, статистикага ылайык, Кытай 2000-жылдардын ортосунан бери Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда жигердүү экономикалык саясат жүргүзүп келет.
Донорлордун тизмесинде Кыргызсызстанга берилген финансылык жардам, 2020-жылдын 31-декабрына карата, АКШ доллары менен
Булак: Айтбаева Ч. Кыргызстандын тышкы жардамына сереп, 2021. https://nashvek.kg/monitoring-vneshnej-pomoshhi/obzor-vneshnej-pomoshhi-kyrgyzstanu/
Бул демилге жарыялангандан кийин бул саясат идеологиялык нукка ооду. “Кытай Кыргыз Республикасын тышкы саясатта артыкчылыктуу өнөктөш деп эсептейт. Кыргызстан, албетте, “Бир алкак – бир жол” биргелешкен курулушунун негизги звеносу экенине терең ишенем”,- деп айткан “Синьхуа” маалымат агенттигине Кытайдын Кыргыз Республикасындагы мурдагы элчиси Ци ДАЮЙ1.
Анткен менен айрым эксперттер Кыргызстандын “Бир алкак – бир жол” долбооруна катышуу келечеги эки ача экенин, анын мүмкүнчүлүктөрү да, чакырыктары да бар экенин белгилешет2,3. Моюнга алышыбыз керек, Кыргыз Республикасынын өкмөтү да, коому да эки өлкөнүн өнөктөштүгүнүн толук стратегиялык маанисин баамдай элек. Ошол эле учурда Кыргызстандын коомчулугунда Кытайга карата терс маанай кеңири жайылган. Кыргыз Республикасынын өкмөтүн Кытай экономикасынын тез өсүшү, Кытайдын Кыргызстанда геосаясий таасиринин өсүшү жана экономикалык катышуусу, Кытайдан соода-экономикалык экспансия тобокелчиликтери, Кыргыз Республикасынын Кытайга болгон тышкы карыздарынын өсүшү, Кыргызстанга көп сандагы кытай жумушчу күчүнүн келиши ж.б. коркутат.
Чынында эле, Кытай Кыргыз Республикасы үчүн тышкы инвестициялардын ири булагы болуп саналат, ал тургай тышкы жардам форматында да кытайлык каржылоо дээрлик толугу менен коммерциялык негизде, башка өлкөлөргө, эл аралык институттарга окшоп грант эмес, насыя түрүндө берилет.
Бул жагынан алганда, Кытайдын тышкы инвестициялардын таасирин талкуулоого КЭУну жана жергиликтүү жамааттарды толук тартуу эки максатта зарыл. Бир жагынан алганда, КЭУ жана жергиликтүү жамааттар чындап эле бул таасирге дуушар болушат, ошондуктан кесепеттерин жана тобокелдиктерин ишенимдүү билүүгө укуктуу, ошондой эле тобокелдиктердин алдын алуу боюнча артыкчылыктарды жана чараларды аныктоого катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Бул инвестициялык долбоорлордун жергиликтүү жамааттардын жашоо чөйрөсүнө тийгизген таасири менен байланыштуу. Башка жагынан алганда, КЭУ жана жергиликтүү жамааттар толук маалыматка ээ болсо, бул инвестицияларды пландаштырууга жана ишке ашырууга катышса, кыргыз-кытай биргелешкен долбоорлору үчүн кыйла жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө салым кошо алышат.
Уландысын “Муниципалитет” журналынын кийинки санынан окуңуз.
Анда жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүүдө, ошондой эле транспорт инфраструктурасына
тышкы инвестициялар пайда кылган тобокелдиктерди башкарууда
КЭУнун жана ЖӨБ органдарынын ролу тууралуу айтып беребиз.
________________
1 Дүйнөлүк банктын “Бир алкак – бир жол экономикасы: транспорттук коридорлордун мүмкүнчүлүктөрү жана тобокелчиликтери” серебине негизделген, Дүйнөлүк банк, 2020-ж.
2 КР Улуттук статистика комитетинин 2019-2021-жылдардагы тышкы инвестициянын агымынын келиши жана кетиши боюнча статистикасы: http://www.stat.kg/ru/statistics/investicii/
3 КР Улуттук статистика комитети. Чет элдик инвестициялардын агымынын структурасы http://www.stat.kg/ru/statistics/investicii/
4 Уюмдардын инвестициялык ишмердүүлүгүн колдоо ыкмаларын түзүү (теория жана методология): http://geum.ru/aref/a463-3-ref.php
5 Дүйнөлүк банктын тобу. Кыргыз Республикасында рынокторду тузүү, 2021-жылдын май айы.
6 Инвесторлор үчүн мыкты социалдык тармактар: https://rus.earnmoneyhelp.com/best-social-networks-investors
1 “Кумтөрдүн” иши Кыргызстандын мыйзамдарына гана баш ийет—КГК. https://ru.sputnik.kg/economy/20210610/1052809757/kyrgyzstan-kumtor-gold-sud.html
2 Дүйнөлүк банктын “Бир алкак – бир жол экономикасы: транспорттук коридорлордун мүмкүнчүлүктөрү жана тобокелчиликтери” серебине негизделген, Дүйнөлүк банк, 2020 -ж.
3 Юй Чжочао. Кыргызстан жана “Бир алкак – бир жол” демилгеси // Постсоветтик материк, апрель, 2016-ж.
1 Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ци Даюй: Кытай менен Кыргызстандын мамилеси мамлекеттер ортосундагы тең укуктуу кызматташуунун үлгүсү болуп калды // “Синьхуа” маалымат агенттиги. 2016-жылдын 24-августу.
2 Байков С.А. Жибек жолу: экономика жана геосаясат//Постсоветтик материк.2016-ж.,№3. 84–92-беттер.
3 Кыргызстандын Жибек жолундагы заманбап ролу же кимди тандаш керек? [Электрондук ресурс].URL:http://knews.kg/2016/06/sovremennaya-rolkyrgyzstana-v-shelkovom-puti-ili-kogo-vybrat/