Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аялдар ички инвестициялар аркылуу жумуш орундарын камсыз кылып, жайыттарды тазалап, аймактарды өнүктүрүүдө

2021-10-04 / Инвестициялар
Аялдар ички инвестициялар аркылуу жумуш орундарын камсыз кылып, жайыттарды тазалап, аймактарды өнүктүрүүдө

Чакан бизнестин өнүгүү деңгээли жана ишкерлердин жигердүүлүгү көбүнчө мамлекеттин демократиялашуу деңгээлин жана экономиканын ачыктыгын аныктайт.

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү

Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жайы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө олуттуу роль ойнойт, калктын басымдуу бөлүгү ушул тармакта эмгектенет. Бул тармак аймактарды өнүктүрүү жана жумушсуздук, жакырчылык менен күрөшүү үчүн өтө маанилүү. Нарын облусунун жергиликтүү базарында жүндү кайра иштетүүчү ири өндүрүштүн (заводдун) жоктугуна байланыштуу жүндү кайра иштетүү боюнча чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, жүндөн даяр продукцияны өндүрүү актуалдуу жана суроо-талабы жогору маселе.

Чакан кол өнөрчүлүк ишканалары жана жергиликтүү аялдар жүндөн боз үйлөр үчүн кийизди, шырдактарды, ала кийизди жасашат, жүндү кол менен тытып, аны сабоого көп убакыт кетет. Бул иш ушунчалык татаал болгондуктан, жүндүн олуттуу бөлүгү колдонулбай кала берет жана көп учурда жайыттарга ыргытылат же кампаларда өтө узак мөөнөткө сакталат.

Жайкы жайыттардын абалы жазгы-күзгүгө караганда начар. Деградация процесстери байкалууда, бул катуу жүн кайра иштетүүдө колдонулбагандыгы менен шартталган, ошондуктан анын баасы өтө төмөн – килограммына 5 сомдон, бул жүндү ташууга кеткен чыгымды актабайт. Буга байланыштуу фермерлер көбүнчө жүндү жайыттарга ыргытышат же өрттөшөт, бул болсо экологияга зыян келтирип, абаны булгоодо.

Мунун баары Нарын облусунда жүндү кайра иштетүү көлөмүн жана жүн продукциясын өндүрүүнү көбөйтүү үчүн жаңы ишканаларды түзүп, иштеп жаткан чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү муктаждыгы жогору болгонун көрсөтүп турат.

Эмнелер жасалды?

Бегимжан МАЛДЫБАЕВА 2009-жылдын февраль айында жүндү кайра иштете баштоону чечкен. 2009-2018-жылдар аралыгында аз көлөмдө гана колго кийиз жасап келген, анткени жүндөн кийин жасоо көп убакытты талап кылат. Мындан тышкары инфраструктуранын өнүкпөгөндүгүнөн кийиз жылдын жылуу мезгилинде гана жасалган. Жүндү иштетүү процесси – сорттоо, колго жууп чыгуу, жүндү тытуу иштери коңшу айылдагы чакан цехте жасалып келген.

2018-жылы инфраструктура оңолду: суу өткөрүлүп, кампа жана өндүрүштүк жайлар курулду. Жүндү даяр кийизге айландыруу процесси азыр колго жасалган кийиз машинасынын жардамы менен жүргүзүлүүдө, анын баасы 1 800 000 сомду түздү. Жалпысынан алганда, өнөр жай өндүрүшүндөгү кийиз машиналары кымбат турат. Ошондуктан ишкананын кызматкери, инженер Молдобай КАРАГУЛОВ кийиз жасоочу машинаны өз күчү менен курап чыккан. Мындай жол менен чыгарылган кийиздин сапаты мыкты болуп, жакшы сатылат; кийиз жасоого кеткен убакыт азайгандыктан өндүрүштүн көлөмү да көбөйдү.

Андан кийин жүндү кайра иштетүүчү чакан ишкананы  кеңейтүү тууралуу чечим кабыл алынды. Бул сапатты, продукцияны өндүрүү ылдамдыгын жакшыртып, көрпө тигүүчү цехти колдонууга берүү үчүн жаңы жабдууларды сатып алуу жолу менен мүмкүн болду. Кийинчерээк килем (шырдак), туш кийиз даярдоочу, аялдардын жана эркектердин сумкаларын, ноутбуктар, нетбуктар, планшеттер, телефондор үчүн чехолдорду, үйдө кийчү бут кийимдерди чыгаруучу цех ишке берилди. Мындан тышкары, мурда колдонулбаган, кол өнөрчүлүккө жарабаган, фермерлер ыргытып же өрттөп, муну менен экологияга зыян келтирип жүргөн жүндөн үйлөрдү, дубалдарды жана ар кандай чарбалык курулуштарды жылуулап, үн өткөрбөө үчүн техникалык кийиз жасоо чечими кабыл алынган. Курулуш тармагында техникалык кийизге суроо-талап жогору.

2020-жылы “996 Импакт Серкл” коомдук фондунун колдоосу менен жалпы суммасы 7000 АКШ долларына кийизди согуп-тытуучу жана тигүүчү машина сатылып алынган.

Жыйынтыгы

2021-жылы Бегимжандын 30 сотых жери; аянты 120 чарчы метр болгон өндүрүш бөлмөсү; аянты 100 м2 болгон кампасы бар. Бегимжан жүн даярдоо (сатып алуу, сорттоо, тытып-согуу) менен алектенет; кийиз (килем (шырдак), туш кийиз жана кыргыз журканын) жасайт.

2018-жылдан ушул убакытка чейин 4 тоннага жакын жүн иштетилди, анын ичинде “Баястан” дыйкан чарбасынын өз өндүрүшүнөн 3 тонна чийки зат бар, 1 тоннасы ар кандай фермерлерден сатылып алынды. Ар бири 5 метр болгон 210дон ашык рулон (1050 метрден ашык) кийиз жасалды (1 рулон кийиздин стандарттык өлчөмү: туурасы 1,60-1,80 м, узундугу 5 м).

Продукцияны сатуу боюнча менеджердин күчү менен кийиз Ат-Башы базарында (базар жекшемби күнү гана иштейт) рулону 2000-3000 сомго сатылат. Кийиздин негизги керектөөчүлөрү – боз үйлөргө килем (шырдак), туш кийиз жана оюм-чийимдерди чыгаруучу чакан ишканалар, ошондой эле жыл сайын бийик тоолуу жайыттарда мал багууга чыгып, боз үйдүн кийизине муктаж болгон элеттиктер.

Келечекке пландар

2021-жылдын башында 2800 долларга жүндү алгачкы иштетүү үчүн жүн согуучу машина сатылып алынган; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун колдоосу менен кийизди кургатып, өндүрүү үчүн кошумча жай куруу пландалууда, анткени кийиз азырынча короодо гана даярдалууда. 2022-жылдын башында койдун иштетилбеген жүнүн тазалоо үчүн кир жуугуч машинасы, жүндү кургатуу үчүн центрифугалар; ийне сайгыч машина; компьютерлештирилген кыймылдуу рамасы бар жүн согуучу машина; кыргыз жуурканы үчүн бир ийнелүү машина; JANOME FM 725 үлгүсүндөгү тигүүчү машина сатып алып, орнотуу пландаштырылган.

Мунун баары өндүрүштүк кубаттуулукту чыңдоого жана кайра иштетилген жүндүн көлөмүн жылына 4 тоннадан 12 тоннага чейин жогорулатууга жардам берет.

Экономикалык натыйжасы

Жүндү кайра иштетүү аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүүгө жардам берет, аялдар (жесирлер, жалгыз бой энелер ж.б.) башкарган кожолуктарга, майда фермерлерге (2-5 баш кою барларга), дыйкан чарбаларына жардам берип, кошумча киреше табуу үчүн жүндү (чийки зат) сатууга шарт түзөт. Бул болсо Кыргыз Республикасынын алыскы, бийик тоолуу аймактарында жашаган элеттиктердин жашоо деңгээлинин жогорулашына өбөлгө түзөт. Анткени айылда жумуш менен камсыз кылуунун башка чөйрөсү жок, мал чарбасы жергиликтүү тургундардын жалгыз киреше булагы бойдон калууда. Буюмдарды кайра иштетүү жакырлардын санын кыскартууга жардам берет, региондо, өлкөдө жакырчылык менен күрөшүүгө өбөлгө болот.

Монополияга каршы туруу аракети бар жана атаандаштык чөйрөсү түзүлүүдө, бул чакан бизнестин рынок экономикасы бар системада иштөөсүнүн негизги шарты болуп саналат, мунун натыйжасында товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баанын өсүшүн токтотууга мүмкүн болот, ишкерлер өз продукциясынын сапатын дайыма жогорулатып, жаңы технологияларды киргизип турушат.

Айылдын тургундары үчүн жумуш орундары түзүлдү, алар үй-бүлөнүн киреше булагын ай сайын 15 000 сомдон 24 000 сомго чейин толуктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту (кызматкерлердин жалпы саны – 9 киши, анын ичинде 2 эркек жана 7 аял).

2022-жылдан баштап жаңы жабдууларды сатып алып, орнотуп, өндүрүштүк кубаттуулукту күчөткөндөн кийин жылына 4 тоннадан 12 тоннага чейин жүндү кайра иштетүү пландалууда.

Социалдык жана экологиялык натыйжасы

Чакан бизнестин өнүгүү деңгээли жана ишкерлердин жигердүүлүгү көбүнчө мамлекеттин демократиялашуу деңгээлин жана экономиканын ачыктыгын аныктайт. Жүндү кайра иштетүү көптөгөн маанилүү маселелерди чечүүгө шарт түзөт.

Мисалы:

  • кошумча жумуш орундарын түзүү аркылуу жумушсуздук менен күрөшсө болот;
  • калктын бакубатчылыгын жогорулатып, орточо кирешеси бар жарандардын пайызын көбөйтүү менен жакырчылыктын деңгээлин түшүрсө болот;
  • элдик кол өнөрчүлүктү сактап калууга болот: ишканалар адамдардын каалоолоруна, сунуштарына, адаттарына жана каада-салттарына ыңгайлаша башташат;
  • аймакта болгон ресурстарды жана чийки заттарды колдонуу мүмкүн болот;
  • чыгармачылык потенциалды ачып, адамдардын активдүүлүгүн жана ишке жөндөмдүүлүгүн ишке ашырууга шарт түзүлөт;
  • жайыттарды деградациядан коргоп, аларды жүндөн арылтууга болот;
  • жүндү өрттөп, абаны булгоо коркунучу азаят.

Ишти жаңы баштап жаткандарга кеңеш

Бегимжан бизнеси жолго салынганча татаал жолду басып өттү. Ошондуктан, Бегимжандын тажрыйбасы мындай жолдун башында тургандардын баарына пайдалуу болот. Бегимжан анын жолун жолдогусу келгендерге мындай кеңештерин берди:

Бизнес-план жазып жатканда долбоорду ишке ашыруу үчүн өтө кыска мөөнөт белгиленген – эки жыл деп көрсөтүлгөн. Өлкөдө экономикалык абал оңой эмес, бюрократия жана коррупция бар, ошондуктан мындай мөөнөт реалдуу эмес эле. Бизнес-планда долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 3 жылдан 6 жылга чейин деп белгилениши керек.

Бизнес-долбоордун презентациясы абдан кенен, деталдуу түрдө даярдалчу. Мен 3-5 мүнөттө айтып жетише албай калып жаттым, керектүү маалымат инвесторлорго, донорлорго жана уюмдарга жетпей жатты. Андыктан презентация ашып кетсе 5-6 слайддан турушу керек. Кыска, так сүйлөп, 3-5 мүнөттүн ичинде жеткиргенге аракет кылыш керек.

Долбоорду ишке ашырууда бардык документтерди иретке келтирип алуу зарыл (каттоо, салык төлөмдөрү ж.б.). Мамлекеттен жана донорлордон финансылык колдоо алуу мүмкүнчүлүгү чоң, бирок алардын баары жакшы уюштурулган жана жакшы башкарылган чынчыл бизнеске гана жардам беришет.

Өз укуктарыңызды жана милдеттериңизди билишиңиз керек, ишкананын ишине тиешелүү мыйзамдарды, кодекстерди жана башка ченемдик укуктук актыларды кунт коюп окуп чыгуу зарыл. Мыйзамдарды, өз укуктарыңызды жана милдеттериңизди билбегендиктин кесепеттери жагымсыз болуп калышы мүмкүн.

Анарбүбү АЙДЫРАЛИЕВА, 47 жашта, кийиз жасоочу ишкананын кызматкери: “Жүндү кайра иштетүүчү цех ачылганга чейин мен үй кожойкеси болчумун, жумушка орношууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Эми мен цехте иштей баштаганыма абдан кубанычтамын. Аялдар үчүн акча табуу үчүн гана эмес, өзүн-өзү өнүктүрүп, жаңы нерселерди үйрөнүүгө жакшы мүмкүнчүлүк пайда болду”.

Касымбек АЛТЫБАЕВ, 43 жашта, Жайыт комитетинин башчысы, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Кjюн айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты:  “Жайыттарда койду кырккандан кийин кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугунан чогулган жүн жөн эле өрттөлүп, экологияга зыян алып келчү. Жүндү кайра иштетүүчү цех ачылгандан кийин биздин жана кошуна айылдардын тургундары жүндү алып келип, аны иштетүүгө беришет. Азыр жайыттарда ташталган жүндүн көлөмү азайды. Ошентип, жайыттарды сактап калууга болот деп ишенем, алар таштандылардан тазаланып, туристтер үчүн жагымдуу аймакка айланат. Аймакта жүндү кайра иштетүүчү ишкананын ачылышы Кыргыз Республикасынын уникалдуу жаратылышын сактоого жана жайыттарды ташталган жүндөн тазалоого жардам берет. Муну менен бирге жергиликтүү бюджет салык кирешелеринин эсебинен толукталууда, бул болсо өз кезегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жардам берет”.

Бегимжан МОЛДОБАЕВА, жергиликтүү кеңештин депутаты, жеке ишкер: “Жүндү кайра иштетүү боюнча ишти баштоо идеясы оңойго турган жок. Мен көптөн бери колдоо жана каржылоо булагын издеп жүрдүм. Грант издеп, жалпысынан 30дан ашык өтүнмө жаздым. Бизнес-план жазууда, аны инвесторлорго, донорлорго тааныштырууда ката кеткен учурлар болду. Бирок мен артка чегинбестен, кеп-кеңештерди алып, идеямды улам жакшыртып отурдум. Натыйжада, бизнесим башталып, ийгиликтүү иштеп жатат!”.