Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Тышкы инвестициялар: жергиликтүү жамааттар үчүн пайдабы же балекетпи? Кыргызстандын инвестициялык образын калыптандырууда жарандык коомдун ролу

2021-10-04 / Инвестициялар
Тышкы инвестициялар: жергиликтүү жамааттар үчүн пайдабы же балекетпи? Кыргызстандын инвестициялык образын калыптандырууда жарандык коомдун ролу

Уландысы. Макаланын биринчи бөлүгүн “Муниципалитет” журналынын 2021-жылдын сентябрь айында чыккан №9 санынан окуй аласыз.

М.СУЛТАМБАЕВдин, А.БАЛАКУНОВАнын, Н.А.МАМЫРАЛИЕВдин материалдарынын негизинде Н.ДОБРЕЦОВА даярдады.
“Кыргыз Республикасына тышкы инвестицияларды тартууда жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын ролу” аттуу блиц-изилдөө (“Бир алкак – бир жол” демилгеси), Өнүктүрүү саясат институту,- Б., 2021.

«“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол магистралын куруу долбоору Евразия темир жол тармагынын Борбор Азия тилкесиндеги альтернативалуу жана маанилүү звенолорунун бири болуп калат», – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр ЖАПАРОВ. Бул тууралуу Жапаров 2021-жылдын 6-августунда Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунда сүйлөп жатканда айтты.

Жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүүдө ЖӨБ органдарынын жана КЭУнун ролу

Дүйнөлүк банктын эксперттеринин баамында, экономикалык саясаттын кошумча чаралары жана инвестициялар аймактагы шаарларга жана субулуттук борборлорго – хабдарга “Бир алкак – бир жолдун” (мындан ары – БАБЖ Долбоору) инвестицияларынан пайда алып турууга мүмкүнчүлүк берет. Төмөндөгү сүрөттө көрсөтүлгөндөй, Кыргыз Республикасынын көптөгөн ири облус борборлору, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарлары да БАБЖнын инвестицияларынан олуттуу пайда  ала алышат. Мында Кыргызстандын Ош облусунун өрөөндөгү муниципалитеттери эң көп пайда табышы мүмкүн. Жалпысынан алганда, Кыргызстандын шаарлары БАБЖ демилгесин ишке ашыруудан максималдуу пайда ала алышат.

Ошол эле учурда, эгерде ЖӨБ органдары өздөрү өзгөчө шаарларда инвестордун иши үчүн гана эмес, бир нече тармакта жагымдуу шарттарды түзүү боюнча да чаралардын комплексин иштеп чыкса, бул пайдаларды тезирээк жана чоңураак деңгээлде алууга болот. Тактап айтканда, логистикалык ресурстарды түзүү, жер пайдалануу жана менчикке укуктун ачык жана адилеттүү саясатын киргизүү; инфраструктураны жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, ишкердик потенциалды өнүктүрүүнү колдоо ж.б. тармактарын колго алуу керек. Булардын ар биринде ЖӨБ органдары үчүн коммерциялык эмес уюмдар (КЭУ) натыйжалуу жана туруктуу өнөктөш болуп бере алышат.

Логистика тармагына инвестиция. Белгилүү бир шаардын жана анын айланасындагы транспорттук тармакка ири инвестициялар аны жергиликтүү транспорттук жана логистикалык түйүнгө айландырууга көмөктөшөт. Бирок бул натыйжалуу жана эффективдүү болушу үчүн максаттуу инвестициялар зарыл жана логистикалык жеткирүү чынжырын модернизациялоо керек.

Жерди пайдалануу саясаты жана менчик укуктары. Жерди каттоонун жана жерди колдонууну жөнгө салуунун натыйжалуу системасы, ошондой эле заманбап кадастр, инвестицияны тартуу үчүн да, жергиликтүү жумушчу күчүн камсыз кылуу үчүн да шаардын жер рыногунун жакшы иштешине зарыл шарттар болуп саналат. Кыргыз Республикасынын шаарлары жерди пайдалануу боюнча өзүнүн саясатын жаңыдан түзө башташты, тактап айтканда, Токмок, Каракол, Кара-Балта шаарларында укуктук зоналаштыруу аспаптары киргизилген. Бирок Баткен, Ош, Нарын өңдүү БАБЖнын инвестицияларынын таасири астында калган ири облустук борборлордо азырынча мындай саясат жок.

Мында жерди адилеттүү пайдалануу жана менчик укугун коргоо маселелери боюнча калкка маалыматты берип, эдвокаси-өнөктүктөрүн уюштурууга жөндөмдүү КЭУ ЖӨБдүн жардамчысы боло алышат.

БАБЖ алкагында транспорттук инфраструктурага чек арадагы чыгымдардын жана инвестициялардын азайганынан улам регионалдык деңгээлде чыныгы кирешенин өзгөрүүсү, пайыз менен

Булак: Дүйнөлүк банктын “Бир алкак – бир жолдун экономикасы: Транспорттук коридорлордун мүмкүнчүлүктөрү жана тобокелчиликтери” аттуу анализи, Дүйнөлүк банк, 2020.

Инфраструктураны жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу. Транспортко салынган инвестициялардан улам калктын агымы жергиликтүү инфраструктурага жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө басым жасоодо. Муну жолго салууга жардам берүү үчүн жергиликтүү бийлик органдары жергиликтүү транспорттук тармактарга инвестиция салып, жеткиликтүү кыймылсыз мүлктүн курулушу үчүн салыктык жеңилдиктер жана турак жай райондорун зоналаштырууга чектөөлөрдү азайтуу сыяктуу турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган саясатты жүргүзө алат.

Эгемендүүлүк тарыхында КЭУ жана жергиликтүү жамааттар инфраструктураны жакшыртууда жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүдө ЖӨБ органдарына чоң жардам көрсөтүп келишкен. Кызмат көрсөтүүгө жүргүзүлгөн коомдук мониторинг маселесинде, калктан кош каржылоону мобилизациялоодо, тарифтердин жана коммуналдык (муниципалдык) кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ишинин ачык болушунда КЭУнун ролу өзгөчө чоң.

Көндүмдөрдү өнүктүрүү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү программалары. Жергиликтүү адамдык капиталга инвестиция салуу жаңы инвестицияларды тартууга жана учурда иштеп жаткандарын тейлөөгө жардам берет. Жергиликтүү чакан жана орто ишкерчиликке (ЧОИ) бизнесин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жана финансыга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен жергиликтүү бийлик органдары мындан да ири жергиликтүү инвестициялар үчүн жеткирүүчүлөрдүн чынжырчасын кеңейтип, бекемдей алышат. Бул маселеде КЭУ ЖӨБ органдарынын жана өкмөттүн биринчи жана эң маанилүү жардамчыларына айланат.

Дал ушул Кыргызстандагы КЭУ ишкерлердин потенциалын жогорулатуу, жаңы билимдерди жайылтуу, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча дагы көптөгөн программаларды, анын ичинде социалдык ишкерликти өнүктүрүү программаларын ишке ашырышат. Бирок, бул программалардын көбү инвестициялык климатка эч кандай байланышы жок жана жакынкы келечекте КЭУнун милдети болушу керек болгон инвестициялык долбоорлордун муктаждыктарын жана келечегин анча эске албайт.

Инвестиция тартуу жана инвестиция үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары инвестиция тартууга жигердүү катыша алышат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маанилүү милдеттеринин бири, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын 18-беренесине ылайык, тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу болуп саналат. Бул тапшырмаларды аткаруу үчүн бийлик социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгат, анын аткарылышы инвестиция тартууну талап кылат. Ар бир инвестициялык долбоордун конкреттүү көйгөйлөрүн чечүүдөн тышкары, инвестициялар калкты жумуш менен камсыз кылат жана жергиликтүү бюджетти толуктайт. Муниципалитеттин аймагына салынчу каражаттарды тартуу жана аларды натыйжалуу пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши муниципалдык инвестициялык саясаттын маңызы болуп саналат.

ЖӨБ органдары конкреттүү бир калктуу конуштун аймагында артыкчылыктуу өнөр жай ишканаларына салыктык жеңилдиктерди берүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. Бул чечим 2019-жылдын 1-январынан кийин мамлекеттик каттоодон өткөн жаңы өнөр жай ишканаларына инвестиция салган инвесторлор менен артыкчылыктуу калктуу конуштардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосунда түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун негизинде кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-апрелиндеги №193 токтому менен бекитилген типтүү инвестициялык макулдашууда төмөнкү шарттар каралган: инвестор 5 жылдын ичинде жумуш орундарын түзөт, макулдашууда белгиленген көлөмдө өндүрүшкө инвестицияларды камсыз кылат жана продукция сатуудан түшкөн каражаттын келишимде белгиленген өлчөмүн камсыздайт, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы 5 жылга мүлк салыгы жана жер салыгы боюнча жеңилдиктерди берет1. Беш жылдан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы сатуудан түшкөн каражаттын жана төлөнгөн киреше салыгынын суммасына жараша келишимди 10 жылга чейин узартууга укуктуу.

Негизинен стратегиялык документтерде да, мыйзамдарда да жагымдуу инвестициялык климатты түзүү үчүн ЖӨБ органдарынын инвесторлор менен байланыш түзүүсү үчүн жетиштүү ыйгарым укуктары каралган. Бирок инвестиция тартуу маселелеринде ЖӨБ органдары жергиликтүү жамаат менен өз ара аракеттенүү аспаптарын көп жакшы натыйжалуу колдоно албай жатышат. Атап айтканда, инвестициялык макулдашуулардын долбоорлорун коомдук талкууга коюу, калк менен инвесторлор арасында консультацияларды жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, инвесторлор менен жергиликтүү жамааттардын өз ара аракеттенүү механизмдерин иштеп чыгуу ж.б. практикасы дээрлик жокко эсе. Ошондуктан, инвестиция тартуу маселелеринде жергиликтүү жамааттын пикири угулбай калууда, бул болсо инвестициялык климатты жакшыртууга салым кошпой турганы анык.

Тобокелдиктерди башкарууда КЭУнун жана ЖӨБ органдарынын ролу

БАБЖ демилгеси жергиликтүү калкка жана айлана-чөйрөгө таасирин тийгизет. Абанын булгануусу, токойлордун кыйылышы жана айлана-чөйрөнүн начарлашы экономикалык өсүштүн жана соода жүгүртүүнүн көбөйүшү өңдүү оң маанайдагы таасирлер менен ийиндеш жүрүшү мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ЖӨБ органдары инфраструктураны дагы да “жашыл” жана айлана-чөйрөгө азыраак агрессивдүү кылуу боюнча чараларды көрүп, потенциалдуу терс таасирлерди кантип азайтуу керек деген маселеге стратегиялык мамиле жасашы керек.

Кыргыз Республикасында ВИЧ/СПИДдин жайылуу динамикасы, адамдардын саны

Булак: Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык СПИД борбору, 2021. http://aidscenter.kg/dannye/

Мамлекеттик сатып алуулардагы тобокелдиктер. Өкмөттөр БАБЖ долбоорунун үзүрүн көрүшү үчүн сатып алуулар ачык, айкын жана атаандаштыкка туруктуу болушу керек, ошондуктан келишимдер менчигине же улутуна карабай долбоорду толук аткарууга жөндөмдүү компанияларга берилүүгө тийиш.

Кыргызстандын КЭУлары, жогоруда айтылгандай, бул тобокелдиктерди башкарууда маанилүү ролду ойношот, бирок сатып алууларга коомдук мониторинг жүргүзүү чөйрөсүндө КЭУнун өзүнүн потенциалын жогорулатуу үчүн мындан аркы аракеттер да талап кылынат.

Коррупциялык тобокелчиликтер. Инфраструктуралык долбоорлорду башкарууда кеңири таралган тобокелчиликтердин бири – коррупция – мамлекеттик кызматты жеке кызыкчылыгы үчүн кыянаттык менен пайдалануу. Кыргыз Республикасынын КЭУлары коррупцияга каршы күрөшүү маселелерине көп көңүл бурушат, бирок алар бул көрүнүшкө инвестициялар жагынан аз карашат. Мисалы, Кыргызстанда Курулуш тармагынын ачыктыгын камсыз кылуу боюнча демилгеге (CoST)2 кошулуу аракети эч бир оңунан чыкпай койду.

Жамаат тарабынан коомдук мониторинг. Коомдук мониторинг мамлекеттик эмес субъекттердин коом алдындагы отчеттуулугун жогорулатат, башкарууну жакшыртат, натыйжалуулукту күчөтөт жана коррупция менен күрөшө алат деген принципке негизделген. БАБЖ өлкөлөрү мониторингди долбоордун циклинин айрым бир баскычтарында отчеттуулукту жакшыртуу үчүн колдоно алышат.

Кыргыз Республикасы үчүн бул өтө актуалдуу маселе жана КЭУ коомдук мониторинг процесстерине барган сайын көбүрөөк тартылууда, бирок алар дагы эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жүргүзүүгө көбүрөөк көңүл буруп, инвестициялык өңүтүн көп эске албай жатышат.

Социалдык жана экологиялык тобокелдиктер. БАБЖ демилгеси адамдардын жана жумушчу күчүнүн кыймылынын эсебинен жамааттар жана өкмөттөр үчүн олуттуу кыйынчылыктарды жаратат. Көптөгөн транспорттук инвестициялык долбоорлорго курулуш иштери кирет, алар үчүн жумушчу күч зарыл, ал эми тиешелүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр жерине толугу менен жеткирилбеши мүмкүн. Мындай шартта жумушчу күчтүн бир бөлүгү сырттан келиши керек. Көпчүлүк учурларда, бул агым товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу үчүн же жумуш же бизнес мүмкүнчүлүктөрүн издөө үчүн келген жумушчу күчүн көзөмөлдөгөн башка адамдардын агымы (“жолдооучулар”) менен татаалдашат. Жумушчу күчтүн агымы деп аталган бул тез миграция долбоор иштеген аймактардагы коомдук инфраструктурага, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө, турак жайларга, ресурстарды туруктуу башкарууга жана социалдык динамикага терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Жумушчулардын агымы убактылуу мүнөзгө ээ жана адатта объекттин курулушу учурунда же ошол маалда пайда болот. Жетекчилерге, өкмөттөргө жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүчүлөргө кээде адаптацияланууга жана тийиштүү түрдө жооп берүүгө убактысы же каражаты жетпей калат.

Жумушчулардын жана алардын жолдоочуларынын бул агымы жергиликтүү жамааттарга, айрыкча алар элеттик, алыста жайгашкан же чакан болсо, жагымсыз социалдык жана экологиялык таасирлерди алып келиши мүмкүн. Терс таасирлерге төмөнкүлөр кирет: жергиликтүү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптын жана атаандаштыктын жогорулашы, бул баалардын жогорулашына жана жергиликтүү керектөөчүлөрдү сүрүп чыгарууга алып келиши мүмкүн; экосистемага жана жаратылыш ресурстарына суроо-талап жогорулайт; жамааттардын ичинде жана ортосунда социалдык чыр-чатактар пайда болушу ыктымал; жугуштуу оорулардын жайылуу тобокелдиги күчөп, мыйзамсыз жүрүм-турум жана кылмыштуулук күч алышы мүмкүн. Мындай терс таасирлер көбүнчө аярлуу жамааттарда же алардын жанында курулуш иштери жүргүзүлгөндө, ошондой эле тобокелдиги жогору болгон кырдаалдарда күчөйт.

Жумушчу күчтүн агымы да, транспорт тармагындагы жумушчулардын көбөйүшү да жыныстык жол менен берилген оорулардын жайылышына шарт түзөөрү өзгөчө тынчсызданууну жаратат. Кыска мөөнөттүү миграция, жумушчулардын үйдөн жана үй-бүлөдөн алыс жүргөнү, көптөгөн өнөктөштөр менен жыныстык катнашта болуу ыктымалдыгын жогорулатат, муну менен транспорттук жолдорду ВИЧ/СПИДдин очокторуна айландырат (Дүйнөлүк Банк, 2004). ВИЧке чалдыккандардын көбү БАБЖ коридорундагы өлкөлөрдө жашабаса да, алардын айрымдарында ооруну жуктурган жаңы учурлардын көбөйгөнү байкалууда. Чыгыш Европа жана Борбор Азия ВИЧ эпидемиясы ылдамдаган дүйнөдөгү жалгыз аймак, 2010-2017-жылдар аралыгында ВИЧ илдетинин жылдык өсүшү 30 пайызга көбөйгөн (ЮНЭЙДС, 2018). Кыргыз Республикасында 2019-2020-жылдары илдетти жуктурган адамдардын көбөйүшүнө карата абал турукташты, бирок эпидемиянын коркунучу жогору бойдон калууда.

Жергиликтүү жамааттардагы тобокелдиктерди жоюу үчүн Дүйнөлүк банк төмөнкүлөрдү сунуш кылат:

  • ЖӨБ органдарынын жигердүү катышуусун камсыз кылуу, мисалы, жамааттар менен өз ара аракеттенүү жана жергиликтүү калктын да, миграцияда жүргөн жумушчу күчтүн да даттанууларын кароо боюнча тийиштүү комиссияларды түзүү;
  • гендердик зомбулукту жана балдарга карата зомбулукту аныктоо жана отчеттуулук протоколдорун макулдашуу;
  • жумушчулардын жана жамааттардын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн маалыматтык өнөктүктөрдү баштоо.

Тобокелдиктерди азайтуу үчүн мыкты практикалык чараларды колдонуу:

  • жергиликтүү тургундардан жумушчуларды тартууга шыктандыруу;
  • аялдарга жана кыздарга артыкчылык берүү менен аларды ишке орноштуруу;
  • жумушка талапкерлер тууралуу маалыматтын талаптагыдай текшерилишин камсыздоо.

Жогорудагы чаралардын ар биринде формалдуу жана бейформал КЭУлар да маанилүү ролду ойной алышат, алар азыртадан эле көп жагынан бул көйгөйлөр жана чаралар менен алектенип келишүүдө. Мисалы, ВИЧ илдетине чалдыккан адамдарга мамлекеттик социалдык заказдын механизми аркылуу анонимдүүлүктүн негизинде жардам көрсөтүүнүн дээрлик бардык түрлөрү КЭУ тарабынан көрсөтүлүп келүүдө.

Инвестициялык климатты жакшыртуу жана инвестициядан түшкөн пайданы бөлүштүрүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн КЭУ инвестициялык маселелерге көбүрөөк көңүл буруп, инвестициялык долбоорлорду талкуулоого, анын ичинде, социалдык жана экологиялык тобокелдиктерди башкарууга көбүрөөк тартылышы керек.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ошондой эле жаратылыш ресурстарын башкаруу чөйрөсүндө да кеңири ыйгарым укуктарга ээ, алардын компетенциясы бул чөйрөдөгү “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жер казынасы жөнүндө” КР мыйзамдары менен, ошондой эле жергиликтүү калк менен өз ара аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктар менен аныкталат. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы №54 “Экологиялык экспертиза жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук бирикмелер коомдук экологиялык экспертизаны жүргүзүү демилгесин көтөрүп чыгууга  укуктуу.

___________

1Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 330-беренесине ылайык, жергиликтүү кеңештер ишмердүүлүгү Салык кодексинин 1591-беренесинде белгиленген жеңилдетилген салык салууга жаткан ишканаларды мүлк салыгынан толук бошотууну камсыз кылууга укуктуу.

2 Төрт континентти камтыган 15 мүчө-өлкөнүн биргелешкен демилгеси, CoST өкмөттөр, өнөр жай жана жергиликтүү жамааттар менен иштейт. Ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту жогорулатуу өлкөлөргө мамлекеттик инфраструктурага инвестициялардан түшкөн кирешени көбөйтүүгө жардам берет.