Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктоосу

2021-11-01 / Көңүл чордонунда
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктоосу

Урматтуу Кыргызстандын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери! Сиздерди Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктайм!

Өлкөбүздө жыл сайын октябрь айынын акыркы жекшембисинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын күнү белгиленет.

Анын тарыхы өлкө Президентинин 2003-жылдын 15-январындагы Жарлыгынан башталат. Анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына баштапкы деңгээлде мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө айтылган. Бул майрам Өкмөттүн 2003-жылдын 6-мартындагы токтому менен негизделген.

Советтер Союзу кулап, көз карандысыздык жарыялангандан кийин өлкөдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу орной баштаган. Мамлекеттин Жогорку Совети 1991-жылы «Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын кабыл алат. Бул мыйзамдык акт өлкөдө борборлоштурулган башкаруунун буга чейин иштеп келген ченем менен эрежелеринен түп-тамырынан бери айырмаланып, жер жерлерде бийлик уюштуруунун жаңы эрежелери менен ченемдерин белгилеген.

1993-жылдын 5-майында жаңы Башмыйзамдын ишке кириши менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу Конституция аркылуу бекемделген. Ошондон тарта өлкөдө децентралдаштыруу процесси башталган.

30 жыл ичинде Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча региондогу прогрессивдүү жана мыкты ченемдик укуктук база калыптанды. Саясий  өзгөрүүлөргө карабастан, Кыргыз Республикасы Конституциянын ар бир редакциясында элдик бийликтин жана чыныгы демократиянын принциптерин кармангандыгын көрсөтүп келди. Алардын ичинде жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга болгон укугу да бар.

Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүүдөгү негизги жетишкендиктер төмөнкүлөр: децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча  башкарууну өнүктүрүү үчүн укуктук негиздер түзүлдү, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү тажрыйбасы киргизилди жана жер-жерлерде бюджетти (бекитүү жана аткаруу) жана муниципалдык менчикти өз алдынча башкарууда алардын көз карандысыздыгы камсыздалды.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну координациялоо, андан ары өркүндөтүү жана аймактарды өнүктүрүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзүлгөн. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзу ийгиликтүү иштеп жатат.

Жергиликтүү кеңеш сыяктуу элдин чыныгы эркин билдирген өкүлчүлүк органдары өсүп жетилди. Шайлоолор өткөн сайын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын сапаттуу курамы жогорулап, барган сайын жоопкерчиликтүү жана компетенттүү болуп баратышат.

2021-жылдын апрелинде болуп өткөн шайлоодон кийин гендердик тең салмактуулук дагы жогорулады. Дал ушул жергиликтүү өз алдынча башкаруу аркылуу аял депутаттар тиешелүү кеңештердин 40%га жакын мандатын алып, башкаруу ишине катышуусун кыйла кеңейтишти.

COVID-19га каршы күрөштө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары элдин өзгөчө ыраазычылыгына татышты. Медиктер менен милиция кызматкерлеринин колуна кол болуп жардам берип, биринчилерден болуп коопсуздук чараларын камсыздап, элди азык түлүк менен жабдып, стационарлар менен жардам пункттарын уюштурууда, вирустун жайылышын токтотууда бирге турушту. Ар кандай шарт-кырдаалдарда күнү-түнү, дем алышсыз, аябагандай чоң жоопкерчилик жүгүн алып, айлап иштеген кездер болду. Мамлекет дарыгерлер менен укук коргоо органдарына бир нече ирет ыраазычылык билдирип келген. Бирок пандемия менен күрөшүүдө жана адамдардын өмүрүн сактап калууда мэриялар менен айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери чыныгы баатырдыкты, каармандыкты көрсөтүштү.

Өз алдынча башкарууну реформалоо – бул көп тараптуу жана дале уланып жаткан процесс. Бүгүнкү күндө аларга жүктөлгөн ыйгарым укуктар муниципалитеттердин каржылык мүмкүнчүлүктөрү менен дал келиши үчүн алдыда көп иштерди жасоо зарыл. Бул тармакты сапаттуу реформалоо үчүн биринчи кезектеги тапшырмалар төмөнкүлөр:

  • 1) Ченемдик-укуктук базаны жакшыртуу;
  • 2) Мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ортосундагы иш- милдеттер менен ыйгарым укуктарды, ошондой эле каржылык милдеттемелерди так ажыратуу;
  • 3) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык өз алдынчалыгын чыңдоо;
  • 4) Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кадрдык дараметин бекемдөө.

Мааракелик датага – Кыргызстандагы өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдын кабыл алынгандыгынын отуз жылдыгына токтоло турган болсок, Кыргыз Республикасы Борбор Азия регионунда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жеке моделин калыптандыра алган жалгыз мамлекет экенин белгилей алабыз.

Биз башкалардын рецепттерин алып, кайра “өкүнүп калуу” өнөкөтүнөн өттүк. Европа, Азия өлкөлөрү сыяктуу башка өлкөлөрдүн жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруусунун көптөгөн ыкмалары менен усулдарын иликтедик. Ошентип, жыйынтыгында бул 30 жыл аралыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун европалык моделинин эң жакшы жактарын өзүнө сиңирген, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук өзгөчөлүктөрүнө таянган, өздүк ресурстарды, менталитетти, өлкө элинин салттарын жана күтүлүп жаткан натыйжаларды эске алган система калыптанды.

Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, Мекенибизге болгон сүйүүңөр, мекендештерге кам көрүүгө жана республикабыздын өнүгүүсүнө чын ыкыластан берилгендигиңиздер сиздердин күнүмдүк ишиңиздерден эле билинип турат. Сиздердин азыркыдай оңой эмес шарттагы күнүмдүк ишиңиздер үчүн, ага болгон жоопкерчиликтүү мамилеңиздер үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубатчылык, чыдамкайлык жана сабырдуулук, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм!

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр ЖАПАРОВ 6-октябрь, 2021-ж.

 

Окшош материалы: