Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Көңүл чордонунда
Күчтүү шаарлар – күчтүү өлкө: Кыргызстанда Шаарларды колдоо долбоору башталды
Бакыт АЙТКУЛОВ, Өнүктүрүү саясат институтунун консультанты
Кыргызстанда быйыл салттуу майрамды – Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттар күнүн утурлай Жергиликтүү жамааттардын жумалыгы башталды. Жергиликтүү жамааттардын жумалыгынын биринчи күнү 2025-жылдын октябрында башталган Шаарларды колдоо долбоорунун бет ачары менен белгиленди. Долбоор Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги менен “Өнүктүрүү саясат институту” коомдук бирикмесинин биргелешкен күч-аракети менен “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн алкагында ишке ашырылууда.
Долбоордун бет ачарына Кыргыз Республикасынын дээрлик бардык шаарларынын мэрлери жана мэрияларынын кызматкерлери катышты. Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларынын сапаттык курамы КР Экономика жана коммерция министрлигинин, КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун, Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери менен толукталды. Иш-чарага жалпысынан 49 адам, анын ичинде 10 аял катышты.
Иш-чара Долбоордун максаттарын, милдеттерин, артыкчылыктарын, ошондой эле ага катышуунун шарттарын, аны колдогон өнөктөштөр тууралуу маалыматтарды берүү менен башталды.
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро СЕЙИТОВ Кыргыз Республикасынын шаарларын колдоо долбоору мамлекеттик саясатка ылайык иштелип чыккандыгын, анын негизги багыты шаарлар жана урбанизацияланган аймактар экендигин баса белгиледи. Алсак, 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы урбанизацияланган аймактарды өсүштүн драйвери катары карайт, бул болсо жалпысынан өлкөнүн өсүшү жана өнүгүүсү үчүн шаарларды тездик менен өнүктүрүүнүн зарылдыгын жана маанилүүлүгүн аныктайт. Аталган программаны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2025-жылдын 18-мартында кабыл алган.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Искандарбек МАМАТОВ бул артыкчылыктарды тереңдетүү үчүн КР Министрлер Кабинети 2025-жылдын 20-февралында кабыл алган 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч чекиттерин түзүү жана өнүктүрүү программасы ишке ашырылып жатканын айтып берди. Өсүүнүн таяныч чекиттери үчүн артыкчылыктуу багыттардын катарында экономикадан тышкары төмөнкүлөр аныкталды: өнүгүүнүн таяныч чекитинин инфраструктурасын жакшыртуу; калкка негизги кызматтарды көрсөтүүнүн экономикалык жактан туруктуу системасын түзүү; өсүүнүн таяныч чекиттерине алдыңкы окуу жайларды тартуу; жарандарды маданият чөйрөсүнө тартуу үчүн шарттарды түзүү. Шаарларды колдоо долбоорунун максаты – шаарларга жарандардын кызыкчылыгында башкаруу практикасын өркүндөтүүгө жана жаңылоого, туруктуу өнүгүүгө жана экономикалык өсүүгө жардам берүү. Долбоордун узактыгы: 2025-жылдын 1-октябрынан 2026-жылдын 31-декабрына чейин. Долбоордун дизайны шаарлардын мэрияларынын кызматкерлеринин жана шаардык кеңештердин депутаттарынын дараметин жогорулатууну болжолдойт.
Долбоорго катышууга чакыруулар Бишкек жана Ош шаарларынан башка Кыргыз Республикасынын бардык шаарларына жөнөтүлгөн. Шаарлар өздөрүнүн пикири боюнча эң маанилүү жана актуалдуу темаларды жана иш-чараларды тандап алышкан.
Долбоорду ишке ашырып жаткан тараптар шаарларды алты багыт боюнча 46 теманын ичинен өз пикири боюнча окутуунун артыкчылыктуу темаларын тандап алууну сунуш кылышты.
Жалпысынан реакция 29 шаардын мэрлеринен түшкөн.
Шаарлардан түшкөн өтүнмөлөрдү талдоонун жыйынтыгында биринчи үч “чемпион” тема аныкталды, алар шаарлардын тандоосу боюнча эң популярдуу болуп калды:
- биринчи “алтын” орунду “Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри деген эмне жана аны менен кантип иштөө керек?” тренинги ээледи (21 шаардын мэрлери тандашты);
- экинчи “күмүш” орунду “Бааны бычуу боюнча талаптарды аткаруунун негизинде кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын (тарифти) белгиленген тартипте бекитүү” тренинги жана “Муниципалдык ишканаларды натыйжалуу башкаруу” темасында тажрыйба алмашуу ээледи (19 шаардын мэриялары тандап алышты);
- үчүнчү “коло” орунду “Муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик же ижара укугун акынын негизинде берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону ишке ашыруу аркылуу жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу” семинары (жумушчу сессиясы) ээледи, аны 18 шаардын мэриялары тандап алды.
Колдоо долбооруна катышуунун шарттары шаарлардан кошо каржылоону да караштырат. Алсак, Өнүктүрүү саясат институту эксперттердин, консультанттардын жана тренерлердин эмгек акысын каржылайт, ал эми шаарлар өздөрүнүн өкүлдөрүнүн жол жана иш сапарына кеткен чыгымдарын көтөрөт.
Мэриялардын кызматкерлеринин дараметин жогорулатуу ар түрдүү форматтарда уюштурулат: мэрлердин презентациялары жана жумушчу жолугушуулары, кууш адистиктеги темалар боюнча мэриялар үчүн жеке консультациялар, эксперттердин катышуусу менен тематикалык семинарлар жана тренингдер (офлайн жана онлайн форматтарда), практикалык колдонмолорду, маалымдама жана окуу-методикалык материалдарды берүү, форумдар, стади-турлар жана тематикалык онлайн-платформалар аркылуу шаарлардын ортосунда тажрыйба алмашуу жана ийгиликтүү практикалар боюнча окутуу иш-чараларын уюштуруу.
Катышуучу шаарлар иш жүзүндө кандай пайдаларды алышат?
Долбоорго катышуу – бул мэриянын кызматкерлеринин жана алардын жетек-чилеринин сапаттык өсүшү, тышкы чөйрөнүн чакырыктарына жооп берүү жөндөмдүүлүгүн күчөтүү жана мамлекет берген өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөр. Шаарларды колдоо долбооруна катышуу төмөнкү жыйынтыктарга жетүүгө мүмкүндүк берет: мамлекеттик программаларды, артыкчылыктарды жана колдоону эске алуу менен өнүктүрүүнү пландаштыруунун жана болжолдоонун сапаттуу өсүшү, заманбап санариптик технологияларды жана сервистерди киргизүүнүн эсебинен муниципалдык кызматтардын ишин жакшыртуу, аймактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү, бюджеттик каражаттарды чыгымдоонун ачык-айкындуулугунун натыйжалуулугун жогорулатуу, муниципалдык менчикти жана ресурстарды жергиликтүү бюджет үчүн пайдалуу башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, муниципалитеттин кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу, даттануулардын жана жарандар менен чыр-чатактардын санын азайтуу, ошондой эле жашоочулардын ишениминин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына канааттануу деңгээлин жогорулатуу.
Шаарларды колдоо долбоорунун бет ачары аянтча болуп калды, анда шаар мэрлери өздөрүнүн ишин натыйжалуу уюштурууну кыйындаткан актуалдуу маселелерди жана көйгөйлөрдү талкуулай алышты, ошондой эле аларды четтетүү жана мэриялардын ишин оптималдаштыруу боюнча өз сунуштарын беришти:
Ноокат шаарынын мэри Аскарали АБДИБАЕВ Долбоордун бет ачарын өткөргөн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, ЖӨБ органдарынын көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын аныктоонун маанилүүлүгүн белгиледи: “Жеринде муниципалдык жана мамлекеттик менчиктин ортосунда так бөлүштүрүү жок, бул бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү багытындагы ишти кыйындатууда”.
Кара-Көл шаарынын вице-мэри Манас АБДЫКАЛЫКОВ да муниципалдык менчикти башкаруу боюнча окутуунун маанилүүлүгүн белгиледи: “Бюджеттин киреше бөлүгү көп жагынан муниципалдык менчикти башкаруунун натыйжалуулугунан көз каранды”. Мындан тышкары, шаардагы туризмди өнүктүрүү пландары менен бөлүшүп, инвесторлорго жер бөлүп берүүдө укуктук билимдин жетишсиздигинен кыйынчылыктар жаралып жатканын баса белгиледи.
Токтогул шаарынын мэри Болот МАКСУТБАЕВ бюджеттик каражаттарды шаарлар менен райондор ортосунда калыс бөлүштүрүү зарылдыгын баса белгиледи: “Бюджети өтө чабал болгон тоолуу жана алыскы ЖӨБ органдары бар. Аларга ыйгарым укуктар берилсе, анда ошол эле маалда ресурстар да кошо берилүүгө тийиш”, – деди.
Шамалды-Сай шаарынын мэри Мирбек ТОТОНОВ жергиликтүү бюджетти толтуруу боюнча тренингдин маанилүүлүгүн белгиледи: “Биз жаңы шаарбыз, ошондуктан финансылык дараметти өнүктүрүүгө багытталган тренингдерге муктажбыз. Күчтүү шаарлар – күчтүү өлкө”.
Кара-Суу шаарынын мэри Ислам ЭРМАМАТОВ республиканын 32 шаарынын ортосунда жигердүү тажрыйба алмашуунун жана тыгыз өнөктөштүктүн зарылдыгын баса белгиледи: “Ар бир шаардын өзүнүн өзгөчөлүгү бар, ар бир адамдын алдыңкы тажрыйба менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгү болгону маанилүү”.
Окшош материалы:
-
№1 (171) / 2026-02-06 Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү өнүгүү кеңешин түзүү тууралуу “Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-2025” форумунун сунуштары
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Төртүнчү сессия. Инвестициялар ишеним тили катары: жергиликтүү бийлик эмнелерди жасай алат
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Экинчи сессия: Иллюзиясыз административдик-аймактык реформалар: чек аралар, бюджеттер, санариптик дайындар жана жашоочулар үчүн жыйынтык
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Үчүнчү сессия. Аймактарды өнүктүрүүдө жана борбор азиялык интеграцияда муниципалдык ассоциациялардын жана санариптик платформалардын ролу
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Биринчи сессия. Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун заманбап тенденциялары
-
№11 (169) / 2025-11-29 Бүгүнкүнү өлчөө менен, өлкөнүн аймактарын өнүктүрөбүз: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде Ачык эшиктер күнү
-
№11 (169) / 2025-11-29 Жарандар өнүгүүнүн кошо жаратуучулары болгондо: Жергиликтүү жамааттардын жумалыгы аракетте
-
№5 (163) / 2025-06-10 Аял депутаттар: квотадан сапаттуу катышууга чейинки жол. Тенденциялар, чакырыктар жана жаңы стратегиялар


















