Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

1 (171) 6 Февраль 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бүгүнкүнү өлчөө менен, өлкөнүн аймактарын өнүктүрөбүз: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде Ачык эшиктер күнү

2025-11-29 / Көңүл чордонунда
Бүгүнкүнү өлчөө менен, өлкөнүн аймактарын өнүктүрөбүз: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде  Ачык эшиктер күнү

Артур БУКАЛАЕВ, Өнүктүрүү саясат институтунун консультанты

22-октябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде (УСК) эки датага – Дүйнөлүк статистика күнүнө жана Жергиликтүү жамааттардын күнүнө арналган Ачык эшиктер күнү өттү. Бул иш-чарага дайындар дүйнөсүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жандуу оюн форматында тартуу үчүн республиканын алдыңкы университеттеринин студенттик командалары катышты. Ачык эшиктер күнү УСК үчүн салттуу иш-чара болуп саналат, бирок 2025-жылы ага Өнүктүрүү саясат институту кошулуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аймактарды өнүктүрүү темалары жолугушууга түс жана жандуу маанай кошту.  
Демилгенин максаты – аймактардын туруктуу өнүгүүсүн жана бардык деңгээлдерде натыйжалуу башкарууну камсыз кылууда сапаттуу дайындардын жана статистиканын ролу жөнүндө студенттер коомчулугунун жана мугалимдердин маалымдуулугун жогорулатуу.

Саламдашып жатып, Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек КУДАЙБЕРГЕНОВ сапаттуу статистика мамлекеттин жана коомдун өнүгүүсүнүн ажырагыс элементи экенин белгиледи: “Статистика жүйөлүү чечимдерди кабыл алууга, натыйжалуу саясатты түзүүгө, бизнести өнүктүрүүгө жана акыр соңунда адамдардын жашоосун жакшыртууга жардам берет. Ар бир көрсөткүч реалдуулукту чагылдырат, ал көйгөйлөрдү гана эмес, аларды чечүүнүн жолдорун да көрүүгө жардам берет”.

Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруусунун төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА так дайындар – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ органдары) үчүн маанилүү ресурс экенин, бул калктын муктаждыктарын так аныктоого жана аймактарды өнүктүрүү боюнча чараларды пландоого мүмкүндүк берерин кошумчалады.

Иш-чарага КМУ, КЭУ, КУАУ, КМТУ, МУК, БМУ жана КРПМБУ сыяктуу өлкөнүн алдыңкы университеттеринен 80ден ашык студент катышты. Алар үчүн лекцияны да, интерактивдүү элементтерди да (ишкер оюну) камтыган бай программа даярдалды.

Ачык эшиктер күнүнүн программасы дайындар жана статистика дүйнөсү, коомдун демографиялык портрети, статистика жана аймактардын туруктуу өнүгүүсү, ошондой эле дайындар ЖӨБ органдарына калктын көйгөйлөрүн түшүнүүгө жана чечүүгө кандайча жардам берери тууралуу презентацияларды камтыды.

Расмий бөлүк “Дайындардан чечимдерге” деп аталган интеллектуалдык оюн менен жыйынтыкталды. Оюндун жүрүшүндө студенттерден түзүлгөн командалар статистикалык фактылар боюнча билими менен сынашып, аналитикалык ой жүгүртүү жана дайындарды түшүнүү өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү боюнча башкаруу чечимдерин кабыл алууга кандайча жардам берерин көрсөтө алышты.

Оюндун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр деп табылгандар:

  • 1-орун – КМУ ЭМИнин командасы;
  • 2-орун – КЭУ ИИУ;
  • 3-орун – КУАУ;
  • 4-орун – КМТУ, Кыргызстандын Эл аралык университети жана БМУ;
  • Шыктандыруучу байге – КРПМБА.

Жеңүүчүлөргө дипломдор жана эстелик белектер тапшырылды.

Мындай иш-чараларды өткөрүү мамлекеттик органдардын жана жарандардын ортосундагы диалогду бекемдөөгө көмөктөшөт. Айрыкча статистикага көңүл буруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын талдоо жана пландаштыруу чөйрөсүндөгү дараметин күчөткөнү маанилүү.

Уюштуруучулар белгилегендей, бүгүнкү күндө дайындар аймактарды өнүктүрүүнүн эң маанилүү ресурсуна айланууда: дал ушулар муниципалитеттерге фактылардын негизинде чечимдерди кабыл алууга, өз иш-аракеттеринин жыйынтыктарына баа берүүгө жана жарандардын ишенимин жогорулатууга жардам берет.

Улутстаткомдогу Ачык эшиктер күнү мамлекеттик институттардын, билим берүү мекемелеринин жана коомдук уюмдардын кызматташуусу коомдогу статистикалык маданиятты жогорулатууга кандай көмөктөшүп жатканынын айкын мисалы болуп калды.

Катышуучулар жаңы билимдерди алгандан тышкары, азыркы учурду өлчөө менен биз чындап өлкөнүн келечегин өнүктүрүп жатабыз деген түшүнүк менен кетишти.

Көптөгөн студенттер бул иш-чара аларды мындан аркы кесипкөй өнүгүүгө шыктандырганын жана келечектеги карьерасын статистика жана дайындардын аналитикасы чөйрөсү менен байланыштырууну каалаганын белгилешти.

 

Окшош материалы: