Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Таанышып алаңыздар: Кыргызстандын Нарын облусунун келечектеги лидерлери!

2011-12-30 / ЖАҢЫ ЛИДЕРЛЕР

Нарын облусунун активдүү жаштары

 

Кыдыргычова Умут: 
 
“Мага ЖӨБ, коммуникация жана жаңжалдар боюнча билим алуу үчүн түзүлгөн ыңгайлуу чөйрө жакты. Буга чейин мен шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функциялары жана тапшырмалары тууралуу көп ойлончу эмесмин, бирок бул тренинг ушул маселелер тууралуу ойлонууга түрткү болду. Мага чакан топтордо иштеп, тапшырманы чыгармачылык менен аткарган катышуучулар да жакты. Мектеп аяктагандан кийин мен эмне жөнүндө ойлонуп калдым? Өз долбоорумду иштеп чыгып, өзүмдүн активдүү турумумду көрсөткүм келип жатат. Мен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка өкүлдөрү менен кызматташып, жергиликтүү маанидеги чечимдерди кабыл алууга катышам деп ойлойм”.  
 
Байбагышов  Табылды: 
 
“Алынган билимди жана тажрыйбаны өзүмдүн п р о ф е с с и о н а л д ы к ишмердүүлүгүмдө колдоном, Ак-Талаа районундагы жаштарга кеңеш берем. Мындан тышкары мен айылдык кеңештин сессияларына катышам, бул болсо мага жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алуу процессине тартылууга жардам берет. Ал жакта мен жаштардын маселелерин айтып, жаштарды жергиликтүү маанидеги иштерге тартуу боюнча ЖӨБО менен бирге иш-чаралардын планын иштеп чыгам”.   
 
Султанов Шерали: 
 
«Мен өзүм үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын укуктарын жана милдеттерин аныктап алдым. 2012-жылы мен жергиликтүү кеңештин депутаттыгы үчүн ат салышам. Эгерде депутат болуп калсам бул тренингде алынган билим жана тажрыйбам менин жаңы коомдук ишимде жардамчы болот».  
 
Асылбек уулу Мирлан: 
 
“Тренингге катышуу менен бирге мен өзүмдү жамааттын ичинде кантип алып жүрүшүм керектигин түшүндүм. Жаштар жергиликтүү деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу процессине аралашышы керек, биз бири-бирибизден мына ушуга үйрөндүк. Кандай кызматты ээлебейли жана кайда иштебейли, биз өз жамаатыбызды өнүктүрүшүбүз керек. Бул үчүн мен кошумча билим жана тажрыйбага ээ болдум. Биз биринчи орунда жамааттын ичиндеги достук жана ынтымак турганын унутпашыбыз керек. Бул үчүн биз жаңжалдарды башкаруу боюнча билимге ээ болушубуз керек”. 
 
Аманбек кызы Аксана: 
 
“Тренингдеги бардык материалдарды толугу менен өзүмө сиңирип алдым деп ишенимдүү айта алам. Өзгөчө мага ЖӨБга байланыштуу темалар жакты. Мындан тышкары мен бул жактан жаңы досторду таптым жана курдаштар менен тил табышканды үйрөндүм. Тренингде алган билимимди практика жүзүндө жаштарды жергиликтүү маанидеги иштерге тартууда окутуу жана кеңеш берүү үчүн колдоном”.  
 
Чырмыева Айжан: 
 
“Ар бир тема кызыктуу болду”. Өзгөчө “Коммуникация ыкмалары” деген тема пайдалуу болду. Мен пикир алышууда өзүмдүн кемчиликтеримди байкап, туура суроо берүү жана жооп алууну өздөштүрдүм. Мен өзүмдүн күчүмө жана жаштар келечекте дүйнөнү өзгөртөөрүнө ишенем”.  
 
Жаныбеков Урмат: 
 
“Мен бир нече иш-чараларды пландаштырып койдум, аларды ишке ашыруу менен мен жамаатыма жана үй-бүлөмө бир топ пайда алып келем. Мен эми өзүмдүн укуктарымды жана жергиликтүү маанидеги иштерге катышуу механизмдерин билем”.  
 
Жазып алган Рахат Абыхаликова
ӨСИ жаштар саясаты боюнча координатор

 

Окшош материалы: