Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Куванычбек КОНГАНТИЕВ: Бүгүнкү күндө “үнү угулбаган” муниципалитет – бул миңдеген жарандардын чечиле элек көйгөйлөрү, ошол себептен ЖӨБ Союзу жарандардын турмуш шарттарын жакшыртууда чоң ролду ойнойт

2022-09-19 / ЖӨБ Союзунун жана БАЖБА жаңылыктары
Куванычбек КОНГАНТИЕВ: Бүгүнкү күндө “үнү угулбаган” муниципалитет – бул миңдеген жарандардын чечиле элек көйгөйлөрү, ошол себептен ЖӨБ Союзу жарандардын турмуш шарттарын жакшыртууда чоң ролду ойнойт

Урматтуу достор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча кесиптештер!

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун Башкармалыгынын 2022-жылдын 7-июлундагы отурумунда мен ушул Башкармалыктын төрагасы болуп шайландым, бул мен үчүн зор сый-урмат, ошондуктан өзүмө алып жаткан жоопкерчиликти толук баамдап турам.

Бүгүнкү күндө Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун 2020-2025-жылдарга конкреттүү өнүгүү Стратегиясы бар, ал тийиштүү денгээлде аткарылып жатат. Ушуну менен бирге, азыркы шартта бул Стратегиядагы бардык милдеттерди ийгиликтүү аткаруу үчүн учурдагы абалды, коюлган милдеттердин аткарылышынын жыйынтыктарын, көйгөйлөрдү, Союздун уставдык максаттарына жетишүүгө өбөлгө болуучу ресурстарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кылдат талдап чыгуу зарыл.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун бүгүнкү күндө муниципалитеттер үчүн борбордук деңгээлде мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча, ошондой эле горизонталдык деңгээлде муниципалитеттердин өз ара аракеттенүүсү боюнча негизги механизмдердин бири болуп калды. Ошондуктан Союз Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүшүндө орчундуу роль ойноп жатат.

Мен 12 жылдан бери Бишкек шаарынын муниципалитетинде иштеп келе жатам, бирок Союздун Башкармалыгында төрага болуу менен, мен өлкөбүздөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүү тажрыйбасы тууралуу көбүрөөк маалымат алганга мүмкүнчүлүк алдым, себеби Башкармалыктын ыйгарым укуктарына Кыргызстандагы бардык муниципалитеттер, атап айтканда айыл өкмөттөрү жана шаар мэриялары менен иштөө кирет. Бул болсо мага республикабыздагы көптөгөн муниципалитеттерге тиешеси бар актуалдуу маселелердин чечилишине өз салымымды кошууга мүмкүндүк берүүдө.

Союздун уставына ылайык, бардык муниципалитеттердин өкүлчүлүгүн борбордук деңгээлде да, жергиликтүү деңгээлде да билдирүү анын негизги милдеттеринин бири болуп эсептелет. Башкача айтканда, чоң же чакан айылдык аймак же шаар экенине карабастан, ар бир муниципалитеттин үнү мамлекеттик бийликтин жогорку органдарына жетүүгө тийиш. Мамлекеттик башкаруунун бардык аянтчаларында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын коргоо жана билдирүү Союздун негизги милдети, өзгөчө артыкчылыктуу багыты болуп саналат.

Бүгүнкү күндө “үнү угулбаган” муниципалитет – бул миңдеген жарандардын чечиле элек көйгөйлөрү болуп эсептелет. Союздун ролу бул көйгөйлөрдү топтоштуруп кароодо, аларга талдоо жүргүзүүдө, сунуштарды иштеп чыгууда жана көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун бардык кызыкдар тараптардын катышуусунда кесипкөй деңгээлде талкуулап чечүүдө турат. 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзуна абдан көп суроолор, кайрылуулар жана сунуштамалар келип түшөт, аларды эксперттер ар тараптуу талдоого алат. Аларды чечүү боюнча конкреттүү сунуштамалар кылдат талдоонун негизинде гана түзүлөт. Бул процессте мамлекеттик органдардын, анын ичинде КР Президентинин администрациясынын, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин, министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү менен биргеликте Союздун конструктивдүү иш жүргүзүүсү орчундуу мааниге ээ болот.

Мен жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелери боюнча өткөрүлгөн ар түрдүү конференцияларга, семинарларга, “тегерек” столдорго катыштым, бул мага жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берди, аймактарды бир кыйла сапаттуу  башкарууда, региондорду өнүктүрүүдө күчтүү муниципалитеттердин ролу тууралуу түшүнүгүмдү тереңдетти. Бул багытта Союздун ишине жаңы түрткү учурдун талабы, аны жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мындан аркы келечегин талкуулоо үчүн башкы аянтчага айландыруу керек. Бизде алдыда чоң пландар койулуп, зор иштер күтүп турат. Ошол эле учурда бул абдан абдан кызыктуу иштер десем болот, анткени региондор, муниципалитеттер, жергиликтүү жамааттар менен иштөө – бул көп сандаган адамдардын турмушуна иш жүзүндө жагымдуу таасир көрсөтүү  эмеспи.

Союздун эл аралык аренадагы ишин дагы жандантууну, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү муниципалитеттердин ассоциациялары менен иштиктүү зарыл байланыштарды чыңдоону зарыл деп эсептейм. Ар дайым эле “велосипедди ойлоп чыгаруунун” кереги жок, көп учурда тажрыйба алмашуу эле жетиштүү болот, бул баарыбыз билгендей өнүгүүнүн натыйжалуу механизмдеринин бир экени белгилүү.

Союздун дараметин өнүктүрүү боюнча келечектүү жакшы идеялар бар, аларды Союз Башкармалыктын мүчөлөрү менен биргеликте алдыга жылдырууга ниеттенип турабыз. Биз үчүн маанилүү милдеттердин бири болуп Бишкек шаарында өзүбүздүн борбордук офисибизди ачуу саналат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу 1996-жылдан бери иштеп келе жатат, ага 484 муниципалитет мүчө болуп эсептелет. Союз өлкөбүздүн өнүгүшүндө маанилүү роль ойноп жатканы менен, азыркы күнгө чейин өзүнүн кеңсеси жок. Союздун өкүлчүлүктүк, эксперттик ишин натыйжалуу уюштуруу, өз мүчөлөрүнө окутуу боюнча иш-чараларды өткөрүү, ички жана сырткы өнөктөштөрүн татыктуу кабыл алып туруу үчүн Союз борбор шаарыбызда өз кеңсесине ээ болууга тийиш.

Менин бекем ишенимимде, бүгүнкү күндө Союз борбордук бийлик менен калктын ортосундагы маанилүү көпүрө, байланыштыруучу механизм болуп саналат. Ал бүткүл өлкөбүздө саясий кырдаалды туруктуу кармоодо зор роль ойноп жатат деп эсептейм. Эгерде адамдын же бүтүндөй айылдык аймактын “үнү угулбай калса”, алардын көйгөйлөрү ыкчам чечилип турбаса, анда социалдык чыңалуу жаралышы мүмкүн. Мен өзүмдүн жеке тажрыйбамда буга ынанып келем. Азыркы учурда Союз бардык 484 муниципалитетке, муниципалдык кызматчыларга, жергиликтүү кеңештердин депутаттарына юридикалык, консультациялык колдоо көрсөтүү менен, алар үчүн окутууну, тажрыйба алмашуу иш-чараларын уюштуруу менен, муниципалитеттердин жана жергиликтүү жамааттардын үнү мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде угула турганына алардын ишенимин  жаратып жатат.

Мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү бир эле ишти жасап жаткандыгы – калктын турмушунун сапатын жакшыртуу боюнча алардын алдына коюлган милдеттерди ыкчам жана сапаттуу чечүүнү жүргүзө турганын ар дайым эске алуу маанилүү болуп саналат. Ошондуктан мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ара натыйжалуу, шайкеш жана ыкчам аракеттенүүгө, ошондой эле туруктуу жана ийгиликтүү өнүгө турган бирдиктүү мамлекеттик механизмди түзүүгө тийиш.  Жарандарыбыздын турмушунун сапаты дал ушуга жараша болот. Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу ушундай өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууда өзүнүн өзгөчө жана маанилүү ролун ойной турганы шексиз. Адамдардын жашоосунун бакыбат болуусуна багытталган  мындай өз ара аракеттенүүнүн ого бетер майнаптуу болушу үчүн Союздун Башкармалыгы дагы көп күч-аракеттерди жумшоого тийиш.

Куванычбек КОНГАНТИЕВ,
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун башкармалыгынын төрагасы

Окшош материалы: