Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мыктылардан үйрөнүү – бул сыймык!

2022-12-28 / ЖӨБ Союзунун жана БАЖБА жаңылыктары
Мыктылардан үйрөнүү – бул сыймык!

31-октябрдан 18-ноябрга чейинки мезгилде Кыргызстандын 4 шаарында – Ош, Бишкек, Кадамжай жана Таласта өлкөнүн айрым муниципалитеттеринин ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн арасында тажрыйба алмашуу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты – жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана жакшыртуу жаатындагы мыкты тажрыйбалардын мисалдары менен таанышуу жана аларды жайылтууга көмөк көрсөтүү.

Иш-чараларды Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) өткөрүп, ага Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору колдоо көрсөттү.

“Бардыгы болуп 4 иш-чара өттү, алардын жүрүшүндө ЖӨБ органдарынын ортосундагы горизонталдык өз ара аракеттенүүгө жана муниципалдык башкаруу системасын оптималдаштыруу чөйрөсүндө маалымат алмашууга негизги көңүл бурулду. Мындан тышкары, катышуучуларга ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын (www.myktyaimak.gov.kg) жана “Муниципалитет” журналынын (www.municipalitet.kg) иши жөнүндө кеңири маалымат берилди”, - деди БАЖБАнын долбоорлор менеджери Айнура ЧАНДЫБАЕВА.

Тажрыйба алмашуу сапарларынын жүрүшүндө катышуучуларга ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын аянтчасында 2021-жылы өткөрүлгөн “ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасы” конкурсунун жеңүүчүлөрү же байге ээлери болгон же порталда өз тажрыйбалары менен бөлүшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыкты тажрыйбаларынын мисалдары тартууланды.

Талас облусунун Көк-Ой аймагынын өкүлдөрү айылда көчөлөрдү жарыктандыруунун жоктугу өңдүү көйгөйдү кантип чечкенин айтып беришти. Алар күндүн энергиясы менен күйгөн светодиоддук көчө чырактарын орнотуп чыгышкан. Бул чакан долбоордун экономикалык таасири өтө жогору, себеби мурда муниципалитет электр энергиясын киловатт-саатына 2,60 тыйындан сатып алса, эми күндөн иштеген прожекторлор энергияны бекер алышат. Мындан тышкары, электр чубалгыларын (ЛЭП) тартып келүүнүн кажети да болгон жок. Ошону менен бирге коопсуз чөйрө да үзүлдү. Мындай демилгелерди колдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 2022-жылга 350 миң сом бөлүнгөн.

Чүй облусунун Аламүдүн аймагынын ЖӨБ органдары: а) лизинг программасы боюнча автобустарды сатып алуу жолу менен коомдук транспорт маселесин ийгиликтүү чече алышты; б) элеттик китепканадагы китептерди санариптештирип чыгышты; в) Кыргызстанда муниципалдык балдар билим берүү борборун ачуу боюнча биринчи тажрыйбаны киргизишти. ЖӨБдүн мыкты тажрыйбаларын QR-код боюнча таба аласыз. 

Ош облусунун Кызыл-Суу аймагындагы ЖӨБ органдары жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу укугун ишке ашыруу боюнча кырдаалды жөнгө салууну чечишти, анын ичинде 2020-жылы пандемиядан улам кийинки жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун кароого жарандардын укуктарынын чектелишине байланышкан кырдаалды да оңдомой болушту: жергиликтүү кеңештин депутатынын демилгеси менен коомдук бюджеттик угуулар аялдарды жигердүү тартып, толук маалыматтык өнөктүктү өткөрүп, жергиликтүү бюджет боюнча маалыматты толук ачып, катышуучулардын коопсуздугунун бардык чараларын көрүү менен өткөрүлдү. 

Жалал-Абад облусунун Биринчи Май аймагынын ЖӨБ органдары жаштардын жана окуучулардын ыңгайлуу жана коопсуз шарттарда спорт менен машыгууга муктаждыктарын канааттандырышты – айыл өкмөтү жергиликтүү тургундар менен күч-аракеттерин бириктирип, бардык заманбап талаптарга жооп берген жасалма газону бар чакан футбол талаасын куруп беришти.  

Нарын облусунун Көк-Жар аймагынын ЖӨБ органдары жаштардын эс алуусун уюштурууга байланышкан көйгөйүн чечип беришти: инфраструктуранын жоктугунан жаштар спорттук мелдештерин ачык талаада өткөрүүгө аргасыз болчу, алар шарты жок эски үйлөрдө, маданият үйүндө же коңшу айылдарда чогулушчу, бул жолго кеткен чыгымды көбөйтчү. Айылда өспүрүмдөр жана жаштар арасында уурулук, рэкет, спирт ичимдиктерин жана насвай колдонуу, тамеки тартуу, талап-тоноо өңдүү терс көрүнүштөр күчөгөн. Муниципалитет жаштардын өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүп, кырдаалды өзгөртө алды. Алсак, төрт жылдын ичинде чакан футбол талаасы, универсалдуу муз жана ролик аренасы, волейбол аянтчасы жана балдар үчүн эс алуу паркы, спорт зал-күрөш үчүн зал курулган. Ал эми андан ары туруктуулукту камсыз кылуу үчүн спорткомплекс ижарага берилген, ижарачылар менен келишимдер түзүлүп, кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер белгиленген жана бекитилген.

Ысык-Көл облусунун Түп аймагынын ЖӨБ органдары таштандыларды чыгаруу маселесин чечишти. Бул көйгөй атайын таштанды полигондун жоктугунан улам ЖӨБдүн күн тартибинде курч турган. Муниципалитет өз каражаттарынын эсебинен жана сырттан колдоо менен таштандыларды өз-өзүнчө чогултуу үчүн контейнерлерди сатып алып, орнотуп чыккан. Натыйжада таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу маселеси гана чечилбестен, таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүүчү компаниялар менен иштөө практикасы пайда болду. 

Баткен облусунун Орозбеков аймагынын ЖӨБ органдары жергиликтүү демилгени ишке ашыруу аркылуу жергиликтүү социалдык өнүгүүнүн жана жарандардын катышуусунун жолун табышты.

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэриясы жергиликтүү жаштардын үнүнө кулак төшөп, чоң конкурска катышып, жеңүүчү болду. Ал эми байгеге алган акчаны жайкы каникул маалында татыктуу эс алуу үчүн шарттарды түзүүгө, лагердин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшашты. 

Жалал-Абад облусунун Каргалык айылдык аймагынын базасында эки муниципалитеттин муниципалитеттер ортосундагы кызматташуусу таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу маселесин чечүүгө жардам берип, экотуризм жигердүү жайылтылып жаткан аймактын туристтик жагымдуулугун жакшыртты. 

Нарын облусунун Баетов айылдык аймагынын ЖӨБ органдары айылдын чет жакасындагы көчөлөрдө жарыктын жоктугу өңдүү көйгөйдү чечишти. Кыш мезгилинде жумуштан же мектептен кеч чыкканда карылар, аялдар жана балдар өзгөчө жапа чегишчү; түнкүсүн кылмыштуулук көбөйүп, жол кырсыгы да катталып турчу.

Кара-Балта шаарынын мэриясы оор турмуштук кырдаалда калган жана жеке кароого муктаж болгон калктын аялуу катмарына, анын ичинде улгайган адамдарга коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик социалдык заказ механизмин пайдаланды.

Талкуунун катышуучулары ишке ашырылган практикалардын мыйзамдуулугу жана каржылоо булактары боюнча көптөгөн суроолорду беришти. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык транспортту уюштуруу, электрондук китепкана жана балдардын билим берүү муниципалдык борборун түзүү боюнча практикасы дээрлик баарынын кызыгуусун жаратты.

Ошондой эле тажрыйба алмашуу сапарларынын натыйжасында ЖӨБ органдарынын көптөгөн жетекчилери айыл өкмөттөрү автобустарды сатып алып, аймактын калкын (жүргүнчүлөрүн) ташып келүү боюнча муниципалдык транспорттун кызмат көрсөтүүсүн уюштура аларын биринчи жолу угуп жатканын белгилешти. Катышуучулар ошондой эле жарандык коомдун уюмдары менен кызматташтыкта калктын аялуу катмарына социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча мамлекеттик социалдык заказдын (МСЗ) механизми жөнүндө буга чейин билбегендигин айтышты.

Ысык-Ата АӨ башчысы: “Тажрыйба алмашуу иш-чарасы абдан жемиштүү өттү. Мага баарынан да айыл аймагынын тургундарын ташуу боюнча муниципалдык транспортту уюштуруу практикасы абдан жакты. Биздин айылдык аймакта бул чоң көйгөй, жашоочуларды ташуу боюнча маршруттук линиялар жетишсиз. Аламүдүн айыл өкмөтү бул кызмат көрсөтүүнү түзүү менен айылдык аймактын тургундарынын чоң көйгөйүн чечип берген экен. Себеби, муниципалдык транспорт айыл аймагынын калкынын күнүмдүк транспорттук керектөөлөрүн камсыз кылат эмеспи. Бул практика мен үчүн көйгөйлүү маселелердин бирин чечүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берди. Кийинки иш-чараларга бир сунушум бар: ийгиликтүү тажрыйбалар тууралуу тасмаларды тартып, аларды ЖӨБ органдарынын арасында жайылтсаңар жакшы болмок эле”.

Нурманбет айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы: “Тажрыйба алмашуу сапарына катышкандан кийин мен биздин айылдык аймакта КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча Каргалык жана Баетов айыл өкмөттөрүнүн практикасын киргизүүнү чечтим. Бул практиканы ишке ашыруу процесси жөнүндө маалымат мен үчүн жаңы жана пайдалуу болуп калды. Мен тажрыйба алмашуу боюнча мындай иш-чараларды туруктуу түрдө жана практика ишке ашырылган жерде, башкача айтканда ЖӨБ органдарынын базасында өткөрүүнү сунуштайт элем”.

Кароол айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы: “Мага Кара-Көл шаарынын мэриясынын жаштар менен иштөө тажрыйбасы, алар Жаштар комитетин кантип түзүшкөнү жана алар менен өз ара иштешкени жакты. Биз дагы ушундай Жаштар комитетин түзмөй болдук”.

Окшош материалы: