Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

БАЖБА Нарын облусунун ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү жана кызмат көрсөтүүчүлөрү үчүн тренинг өткөрдү

2022-12-28 / ЖӨБ Союзунун жана БАЖБА жаңылыктары
БАЖБА Нарын облусунун ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү жана кызмат көрсөтүүчүлөрү үчүн тренинг өткөрдү

2022-жылдын 27-28-октябрь күндөрү Нарын облусунун (Нарын, Жумгал жана Кочкор райондору жана Нарын шаары) ЖӨБ органдарынын жана кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн алтымыштан ашык өкүлү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча тренингге катышты. Иш-чараны Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) уюштуруп, ага Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору колдоо көрсөткөн.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана башкаруу системасын жөнгө салуучу мыйзамдык негиздер боюнча билим алышты жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен иштөө боюнча өздөрүнүн практикалык көндүмдөрүн жакшырта алышты. Ошондой эле катышуучуларга ЖӨБ органдары тарабынан жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлүүчү кызматтардын шарттуу классификациясы берилди, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген базалык реестри, ошондой эле муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин түзүү боюнча принциптер жана кадамдар каралып чыкты. Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууну башкаруунун ыкмалары – түз башкаруу, аутсорсинг, муниципалдык заказ, муниципалдык-жеке өнөктөштүк жана муниципалитеттер оросундагы кызматташтык тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоонун укуктук негиздери каралды.

Тренингдин практикалык бөлүгүндө катышуучулар чакан топторго бөлүнүп, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүндө ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдарынын компетенцияларын аныктоо боюнча практикалык тапшырмаларды аткарышты. Аткарылган тапшырмалардын жыйынтыгы боюнча ар бир топ даярдаган ишин кесиптештерине жана өнөктөштөргө көрсөтүп берди.

Катышуучулардын айтымында, тренингге өтө аз убакыт бөлүнгөнүнө карабастан, алар көп нерсени үйрөнүштү: жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүү маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдар менен иштегенди, жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн (муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу кызмат көрсөтүүлөр жана коомдук кызмат көрсөтүүлөр) ажыратканды; кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнө жана көрсөтүүчүлөргө (муниципалдык мекемелер, муниципалдык ишканалар, КЭУ, жеке сектор) жараша жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун жана башкаруунун моделдерин үйрөнүштү; каржылоо усулдарын (түз сметалык каржылоо, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерге ылайык кызмат көрсөтүүлөрдөн (жумуштардан) түшкөн кирешелерди алуу аркылуу муниципалдык ишканалардын ишин каржылоо, ошондой эле келишимдер боюнча чарбалык иштен же муниципалдык заказды аткаруудан түшкөн кирешелер) билип калышты.

МУКАНБЕТОВ Эрнист, айыл башчысы: “Мен мурда бардык кызматтарды айыл өкмөтү көрсөтүшү керек деп ойлочумун, бирок тренингде мен кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруунун көптөгөн башка ыкмалары да бар экенин билдим, кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсингге берүү ыкмасы мага абдан кызыктуу болду”.

Тренингдин соңунда катышуучуларга БАЖБАнын сертификаттары тапшырылды.

Окшош материалы: