Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аялдардын ЖӨБгө катышуусу
Аял депутат суу менен жабдуу маселесин кантип чечүүдө?
Автор: Гузеля ЖАНАЛИЕВА, ӨСИнин байланыш боюнча консультанты
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ырыс айыл аймагынын Ладан-Кара жана Кайнар айылдарынын жашоочулары көп жылдар бою ичүүчү суунун жоктугунан абдан кыйналып келишкен. 1650 үй-бүлөнүн мүчөлөрү ичүүчү сууну күн сайын ар кайсы жерден ташып келүүгө муктаж болчу: башка айылдарда жашаган кошуналарынан тамчы суу менен бөлүшүнүү өтүнүшчү, скважинадан кол менен насостон сордуруп алышчу. Бир кыйла күч жумшап, эптеп алып чыккан сууга кум жана башка нерселер да кошулуп, аялдар сууну тундуруп, кайнатып алууга мажбур болчу. Бирок эң жаманы – кудукта суу агымы азайганда, насостор да жардам бербей калчу. Айылдарда адатта суу ташуу милдети кичинекей балдарга жүктөлгөндүктөн, алар сууну скважинадан өйдө көтөрө албай абдан кыйналышаар эле.
Бул көйгөй активист Алтынай ТОКТОСУНОВАны көптөн бери тынчсыздандырып келген. Ал үй жумуштарынын негизги жүгүн көтөргөн аялдардын жашоосун ого бетер татаалдаштырган ыңгайсыздыктарды жеңүү канчалык оор экендигин жакшы билет.
Айылдыктарга суу тартыштыгына байланышкан маселени биротоло чечип берүүгө кол кабыш кылуу үчүн чечим кабыл алгандардын көңүлүн ушул көйгөйгө буруш керектигин Алтынай жакшы түшүнгөн. Ошондуктан Алтынай шайлоого катышууну чечип, өзүнүн талапкерлигин көрсөттү. Айылдыктар да ага ишеним артып, колдоп беришти. Ошентип, ал соңку чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин депутаты болуп калды.
Албетте, жаңы келген депутат катары ишти эмнеден башташ керектигин көп жакшы билген эмес, бирок Алтынайдын көздөгөн максаттары так болуп, биргелешкен күч-аракет менен суу көйгөйүн гана чечпестен, башка көптөгөн пайдалуу иштерди жасоого да болот деген ишеними бекем эле.
- Жергиликтүү кеңешке аялдар социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн келишет дешет, чынында эле ушундай да, - деди Алтынай ТОКТОСУНОВА. – Мен жергиликтүү кеңешке айылымдын өнүгүүсүнө өз салымымды кошуу үчүн келдим, элди таза суу менен камсыз кылгандан тышкары, таштандыларды тазалоо иштерин уюштуруп, балдар бакчасын ачуу максатым бар. Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү сыяктуу маанилүү социалдык маселе да бар эмеспи.
Бирок, мен ишти суу көйгөйүн чечүү менен баштоону көздөп жатам. Бул үчүн биринчи кезекте 65 кожолуктан ичүүчү сууга өтүнмөлөрдү чогултуп, жергиликтүү кеңештин сессиясында маселени көтөрүп чыктым. Айыл өкмөтүнүн башчысы мени колдоп, ичүүчү суу маселеси иш планга киргизилгендигин жана жергиликтүү бийлик керектүү жабдуулар менен камсыз кылып, жардам берээрин түшүндүрдү.
Ар кандай жумуштарды аткарууну талап кылган таза сууну өткөрүү боюнча иш-чаралар ушундан башталды. Алтынай бул иш кыйын экенин жашырбайт: жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишинин негиздери боюнча билим жетишсиз эле, ченемдик-укуктук актыларды терип, окуп чыгыш керек, жарандардын кайрылуулары менен иштегенди да үйрөнүш керек болчу.
- Калк менен иштөөдө эл алдында сөз сүйлөө, коммуникация көндүмдөрүм болбогонун түшүндүм. Дагы жакшы, депутаттык карьерамдын башында “Жигердүү жарандар” программасынын алкагында “Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарына карата позитивдүү мамилени калыптандыруу” долбоору иштей баштаган эле. Бул жерде биз депутаттардын статусу, жергиликтүү бюджетти бөлүштүрүү принциптери ж.б. жөнүндө билим алдык, ал эми окуудан кийин долбоордун эксперттери бизге онлайн режиминде кеңеш берип турушту. Ушундай насаатчылыктан кийин өзүмдүн иш планымды даярдап, элге жеткире алдым, алардын колдоосуна ээ болуп, тургундарды ичүүчү суу менен камсыз кылууда өзүмдүн шериктериме айландыра алдым, - деди “Муниципалитет” журналына берген маегинде Ырыс жергиликтүү кеңешинин депутаты Алтынай ТОКТОСУНОВА.
Алтынай жакшы жыйынтыктарга жете алды: бүгүнкү күндө биргелешкен күч-аракеттердин натыйжасында 65 кожолук таза ичүүчү суу менен камсыз болду. Айыл өкмөтү керектүү адистерди тартып, жабдуулар менен камсыздады, зарыл болгон шлангдарды, түтүктөрдү сатып алып, техникаларды, күйүүчү майды берди. Финансылык чыгымдар 400 миң сомду түздү, анын 90 миңи – бул калктын салымы, калган сумманы айыл өкмөтү бөлүп берген.
Бул иштер уланып жатат, учурда таза ичүүчү суу 200 айылдыктын үйүнө үзгүлтүксүз келүүдө. Айыл өкмөтүнүн планы боюнча Ладан-Кара жана Кайнар айылдарынан кийин Ырыс жана Жар Кыштак айылдары кезекте турушат. Муну Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы Таалайбек Жалалович ХАЛИЛОВ да тастыктады.
Маселени чечүү ыйгарым укугун алып, жердештеринин ишенимине ээ болгон элеттик аял көп нерсени жасай алат. Мунун үлгүсү – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт аймагынын Жерге-Тал айылында төрөлгөн депутат, төрт баланын энеси Алтынай Абылкасымовна ТОКТОСУНОВА.
Окшош материалы:
-
№9 (155) / 2024-09-19 Жергиликтүү кеңештердеги гендердик квота: эл колдогону менен, маалыматтык өнөктүк керек болгон айрым аймактар бар
-
№2 (148) / 2024-02-13 Большевиктин “Карлыгачы”: айылдагы алгачкы бала бакча
-
№1 (147) / 2024-01-31 Жергиликтүү өнүгүүгө салым кошуп жаткан “Локомотив аял”
-
№5 (139) / 2023-06-22 Ишкер аялдар элеттин районун өнүктүрүүнүн фактору катары
-
№5 (139) / 2023-06-22 Аялдардын жамааттык аракеттери элет жергесиндеги социалдык жана экономикалык кырдаалды өзгөртүүдө
-
№3 (137) / 2023-04-27 Эркектер менен аялдар – жамааттын бирдиктүү күчү: эркектер менен аялдардын өз ара мамилесин кантип жакшыртып, аларга үй-бүлөлөрүн жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө кантип жардам берсе болот?
-
№10 (132) / 2022-10-16 Борбор азиялык гендердик контекст: өкмөттөргө жана жергиликтүү башкаруу органдарына сунуштар
-
№8-9 / 2022-09-19 «Чай сүйлөшүү»: аялдардын муктаждыктары жана ийгилигине салым кошкон жеке көндүмдөрү жөнүндө баарлашуу