Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аялдардын ЖӨБгө катышуусу
Жергиликтүү кеңештердеги гендердик квота: эл колдогону менен, маалыматтык өнөктүк керек болгон айрым аймактар бар
Надежда ДОБРЕЦОВА, "МУНИЦИПАЛИТЕТ" журналынын башкы редактору, Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруучу төрайымы
Калк арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо көрсөткөндөй, Кыргызстандын жарандарынын 80 пайызга жакыны жергиликтүү кеңештерде гендердик квотаны колдошот, бирок райондор боюнча карай келгенде кыйла айырмачылыктар байкалат. Ошол эле маалда квотага карата позициялардын айырмасы аял депутаттардын ишинин сапатына байланыштуу эмес – ага жарандардын басымдуу бөлүгү “мыкты” деген баа беришкен. Аялдардын саясий лидерлигин кеңейтүү үчүн шарттар үй-бүлөдөн көз каранды, ал эми Кыргызстандагы көпчүлүк үй-бүлөлөрдө жыныстардын ортосундагы мамиле ата-бабадан калган түшүнүктөргө негизделет, ошондуктан айрым аймактарда “келин” статусу аялдардын саясий укуктарын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүнө таасирин тийгизүүдө. Башкаруу органдары аялдардын саясий укуктарын кеңейтүү үчүн шарттарды жакшыртууга жардам берүү менен кырдаалга таасир эте алышат, ал эми активисттер жана жарандык коом аялдардын экономикалык жана социалдык өнүгүүгө кошкон салымын кеңири таануу менен аларды колдоо үчүн натыйжалуу “башат чекитин” колдонушу керек. Бул – социологиялык изилдөөнүн негизги тыянактары. Изилдөөнү Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын буйрутмасы менен “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн атынан Өнүктүрүү саясат институту 2024-жылдын жайында өткөргөн. 2024-жылдын күз мезгилинде өтөөрү пландалып жаткан алдыдагы жергиликтүү шайлоолорго катышуу маанисинен алып караганда, аялдардын саясий укуктарын кеңейтүү маселелерине коомчулуктун мамилесин баалоо изилдөөнүн1 максаттарынын бири болду. Респонденттердин жалпы саны 2637 адамды түздү, анын 1660ы аял жана 977си эркек. Бардыгы болуп Кыргыз Республикасынын 39 району тандалып алынган (Чоң-Алай районунун бир району техникалык себептерден улам тандоодон чыгып калды). Маалыматтарды “Эрфольг Консалт” чогултуп чыкты.
КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНДАРЫНЫН 80 ПАЙЫЗГА ЖАКЫНЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРДЕ ГЕНДЕРДИК КВОТАНЫ КОЛДОШОТ, БИРОК РАЙОНДОР БОЮНЧА КАРАЙ КЕЛГЕНДЕ КЫЙЛА АЙЫРМАЧЫЛЫКТАР БАЙКАЛАТ
Жалпысынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 30 пайыздык гендердик квотага карата пикирлери эки ача болду, бирок көпчүлүгү (79%) квотаны тигил же бул түрүндө колдойт. Жарымынан көбү (56%) 30 (18,5%) жана 50 пайыздык квотаны (38%) колдойт. Дээрлик төрттөн бири (23%) квота керек, бирок 30 пайыздан аз көлөмдө болуш керек деп эсептешет. Сурамжылоого катышкан ар бир онунчу респондент квотага каршы болгон (“бардык нерсе адамдын өзүнөн көз каранды”).
Ар кандай курактагы топтордун арасында бул маселеде олуттуу айырмачылыктар бар.
Аялдар саясий укуктарын кеңейтүүнү эркектерге караганда үчтөн бир эсе көбүрөөк колдошот – сурамжылоого катышкан аялдардын 63% 30 жана 50 пайыздык квотаны колдошот. Эркектер арасындагы ушундай эле көрсөткүч үчтөн бирине аз жана 40 пайызды түзөт. Ушундан улам “квота 30 пайыздан аз болушу керек” деп эсептеген же квотаны такыр колдобогон аялдардын үлүшү 28,2%, эркектердин үлүшү 44,5% болду.
Ошол эле маалда 20 жашка чыга элек жаштар поляризацияланган: аялдардын өкүлчүлүгү үчүн максималдуу жооптор жана квотага каршы максималдуу жооптор. Жаштар арасындагы пикирлердин мындай болушу жалпы калктын арасында квотага болгон мамиледе айырмачылык болгонун көрсөтүп турат, бирок жаш муундун максималисттик маанайын кыйла баса белгилөөдө.
Облустар боюнча алып караганда олуттуу айырмачылыктар байкалбайт,
бирок райондор боюнча айырма өтө чоң.
Квота 30 пайыздан аз болушу керек деп эсептеген жарандарга карата райондор боюнча он эсе олуттуу айырмачылыктар байкалды. Алсак, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын эки районунда мындай жарандардын үлүшү 4-5 пайызды гана түзөт, ал эми республиканын башка беш районунда мындай жооптордун үлүшү 40 пайызга чейин жетиши мүмкүн же андан ашат (максимум – 46%).
Квотага каршылардын үлүшүнө карата (“баары адамдын өзүнөн көз каранды болот”) райондордун эли топторго (квартилдерге) бөлүнөт. Биринчи топто (11 район) квотага каршы болгондордун үлүшү 5 пайыздан ашпайт. Экинчи топто (10 район) квотага каршы болгондордун үлүшү 5тен 10 пайызга чейин болду. Үчүнчү топто (9 район) квотага каршы болгондордун үлүшү 10- 20 пайызды түзөт. Ал эми төртүнчү топто дээрлик ар бир төртүнчү тургун квотаны колдобойт (8 район). Ошол эле учурда топторго бөлүнүү облустардын чек аралары менен эч дал келбейт – бир эле облуста жашоочулары квотаны жигердүү колдогон райондор бар, ошондой эле көпчүлүгү квотаны колдобогон башка райондор да бар.
Анкетага жергиликтүү кеңештеги жыныстардын бирдей өкүлчүлүгүнө болгон мамилени мүнөздөөгө мүмкүндүк берген суроо кошулган. Калктын жарымына жакыны жана жарымынан көбү жергиликтүү кеңештин курамында аялдар да, эркектер да бирдей болушу керек деген идеяны колдогон райондор бар (50 пайыздык квотаны колдогондор). Алар: Чүй, Талас, Бакай-Ата, Чоң-Алай, Ноокат, Кочкор, Ак-Талаа, Нарын, Тоң, Тогуз-Торо, Ала-Бука, Лейлек. Лидер болуп Тоң району саналат, мында калктын 71% жергиликтүү кеңеште жыныстардын теңдигин жактайт.
Жооптордун варианттарынын арасында респондентке квотаны четке кагууга мүмкүндүк берген жооп да болду (“бардык нерсе адамдын өзүнөн көз каранды болот”). 8 райондун тургундарынын арасында респонденттердин 20дан 25 пайызга чейини квотаны кыйыр түрдө четке кагышат; дагы 8 райондо – мындай жооптор 27ден 31 пайызга чейин болду; 10 райондо 34 пайыздан 41 пайызга чейин; 8 райондо 42 пайыздан 47 пайызга чейин болду.
2 райондо квотага каршы чыккандардын саны өтө көп болду – 50 жана 55 пайыз. Дагы эки райондо квотага каршы чыккандардын өтө төмөн саны – 16 пайыз, бул райондордо ошондой эле квотаны жактагандардын саны 50 пайыздан ашат. Экстремалдуу маани өлкөнүн ар кайсы райондорунда квотаны колдоо деңгээли үч эсе айырмаланарын көрсөтүп турат.
КВОТАГА КАРАТА ПОЗИЦИЯЛАРДЫН АЙЫРМАСЫ АЯЛ ДЕПУТАТТАРДЫН ИШИНИН САПАТЫНА БАЙЛАНЫШТУУ ЭМЕС – АГА ЖАРАНДАРДЫН БАСЫМДУУ БӨЛҮГҮ “МЫКТЫ” ДЕП БААЛАШКАН
Квотага карата мамилени аял депутаттардын ишине берилген баа менен салыштыруу көрсөткөндөй, квотага карата терс мамиле депутат ролундагы аялдардын ишкердик жана саясий сапаттары менен анча деле байланышы жок.
Респонденттерге аял депутаттардын ишинин сапатына эркек депутаттардын ишине салыштырып баа берүү сунушталды, бирок суроо бейтарап формада берилди: “Аял депутаттар депутаттык кызматта өз милдеттерин аткарып жатат деп ойлойсузбу?”.
Жалпысынан жарандардын басымдуу бөлүгү – 62,1% – аял депутаттар өз милдеттерин мыкты аткарып жатат деп эсептешет. Аял депутаттардын ишинин сапатына карата аялдар менен эркектердин пикиринде айырма бар, бирок көп деле эмес (тиешелүүлүгүнө жараша 64,2% жана 58,6% аял депутаттардын ишин "эң мыкты" деп баалашты).
20 жашка чыга элек жаш жарандардын арасында “аял депутаттар эркек депутаттарга караганда начар иштейт” дегенге макул болгондор жок. Ал эми 31 жаштан 55 жашка чейинки курактагы топто Кыргызстандын дээрлик ар бир бешинчи жашоочусу ушундай пикирди карманат (жооптордун 18,2%).
Төмөндөгү 1-диаграммадан көрүнүп тургандай, квотага болгон мамиле аял депутаттардын ишинин сапатына карата пикир менен көп деле байланышта эмес. Ушундан улам квотага карата терс мамиленин депутаттардын ролундагы аялдардын ишкердик жана саясий сапаттары менен эч кандай байланышы жок деген тыянак чыгарууга болот.
Аял депутаттар эркек депутаттарга караганда начар иштешет деп эсептеген респонденттерге бул айырмачылыкка эмне себеп болуп жатканы боюнча жооптордун кеңири тизмеси сунушталган.
1-диаграмма. Квотага карата терс мамиленин деңгээлин райондор боюнча аял депутаттардын ишмердүүлүгүнө карата терс баанын деңгээли менен салыштырылышы
Эң популярдуу жооп – аялдар бардык иштерди жасап үлгүрүп калуу үчүн убакытты туура эмес башкарышат – респонденттердин дээрлик 45% ушундай пикирди карманышат (56 жаштан жогору курактагылардын тобунда 50 пайыздан ашыгы). Жооптордун 20 пайыздан ашыгын ээлеп, аял депутаттардын лидерлик жөндөмү (ынандыруу жөндөмү), чечендик өнөрү жана адамдар менен баарлашуу жөндөмү чабал деген версиялар экинчи орунду алды. Үчүнчү орунда – жооптордун 20 пайызга жакыны – жалпы билимдин жетишсиздиги жана мыйзамдарды көп жакшы билбегендик. Калган варианттар жооптордун олуттуу үлүшүн ала алышкан жок, башкача айтканда, финансылык жана бюджеттик сабаттуулуктун деңгээли; компьютердик көндүмдөр, “керектүү” адамдар менен байланыштар, жамааттык лидерлик, аялдардын активдүүлүгүнө терс мамиле аял депутаттардын ишинин сапатына таасир этпейт. Ошентип, аял депутаттар эркек депутаттарга караганда начар иштешет деп эсептеген респонденттер мунун себептерин айлана-чөйрөгө жана мүмкүнчүлүктөргө караганда аялдардын өзүнөн издешет (билим, убакытты башкаруу). Ал эми эң жаш топ гана – 20 жашка чыга электер – төмөнкүдөй жооптордун олуттуу үлүшүн (10-20%) тандап, тышкы факторлордун таасирин көбүрөөк көрүшөт:
- демилгени колго алууга, көйгөйлөрдү айтып чыгууга кайраттуулугу жетпейт;
- аялдар топторго жакшы бириге алышпайт, чогуу иш алып барганды билишпейт;
- эркек депутаттар тоскоолдук кылышат/тирешишет;
- аялдардын активдүүлүгүнө “жакын чөйрөнүн”: кошуналардын, туугандардын, айылдаштардын терс мамилеси тоскоол болууда;
- мамлекет жана жергиликтүү бийлик – айыл өкмөтү же мэрия тарабынан колдоонун жоктугу жолтоо болууда.
АЯЛДАРДЫН САЯСИЙ ЛИДЕРЛИГИН КЕҢЕЙТҮҮ ҮЧҮН ШАРТТАР ҮЙ-БҮЛӨГӨ КӨЗ КАРАНДЫ
Гендердик квота жана жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын ишинин сапаты жөнүндө түз суроолордон тышкары, респонденттерге аялдардын саясий лидерлигине себепчи болгон шарттар жөнүндө пикирди калыптандырууга мүмкүндүк берген суроолор да узатылды. Кеңири мааниде бинардык көп муундуу үй-бүлө жана салттуу баалуулуктар аялдардын саясий лидерлигине үстөмдүк кылуучу таасирге ээ экени аныкталды жана чыр-чатактан алыс болуп, бул үстөмдүк кылуучу факторго коркунуч келтирбөө үчүн колдоонун жана таасирдин кандай формалары өзгөчө натыйжалуу болот деген суроого жооп табуу керек.
Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер болуу чечимин аял өзү кабыл алышы керек деп эсептеген Кыргызстандын жарандарынын үлүшү жарымына да жете албай, 44,9 пайызды түздү (1-таблицаны караңыз). Өлкөнүн ар бир үчүнчү тургуну аялдын шайлоого катышуусу үчүн чечимди күйөөсү же улуу эркек туугандары (33,5%) кабыл алышы керек деп эсептейт. Дагы 12% бул укукту коңшуларга, жергиликтүү жамаатка, шайлоочуларга берүүгө даяр. Бул маселеде эркектер менен аялдардын пикирлери бир аз айырмаланат. Мындай көрсөткүч жалгыз гана эркектердин умтулуусу эмес, бул жалпы коомдук пикир болгонунан кабар берип турат.
Бирок 20 жашка чыга элек жаштар аялдын өз алдынча чечим чыгаруу укугун көбүрөөк таанышат. Бул топто жооп бергендердин 60 пайыздан ашыгы аял жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюуну өз алдынча чечиши керек деп эсептешет (массив боюнча жалпысынан 44,9 пайызга каршы) жана ар бир бешинчи адам гана – 22% – бул укукту күйөөсүнө же улуу эркек туугандарына берет. Эң улуу (“советтик”) курактагылардын тобунда да кырдаал өлкө боюнча орточо көрсөткүчтөн жакшыраак, бирок эң жаш топко караганда начар.
Эң консервативдүү курактык топ – 20 жаштан 55 жашка чейинкилер, бул жерде аялдын өз алдынча чечим кабыл алуу укугун тааныгандардын үлүшү эң төмөн – 42-43% жана эркек туугандарына бул укукту бергендердин үлүшү эң жогору – 36-37% түзөт (1-таблицаны караңыз).
Сегиз эсе чоңдукка жеткен райондор боюнча чоң айырмачылыктар байкалды. Алсак, лидер райондо респонденттердин дээрлик 80% шайлоого катышуу тууралуу чечимди аял өзү кабыл алышы керек деп эсептешет, ал эми антилидер райондо 10% гана ушундай пикирде (2-диаграмманы караңыз).
2-диаграмма. Шайлоого катышуу жөнүндө чечимди аял өзү кабыл алат деп эсептеген респонденттердин үлүшү, район боюнча
АЯЛДЫН САЯСИЙ УКУКТАРЫ ЖӨНҮНДӨ ИДЕЯ АТА-БАБАЛАРДАН КАЛГАН ТҮШҮНҮКТӨРГӨ НЕГИЗДЕЛЕТ
Аялдын жергиликтүү шайлоого катышуу тууралуу чечимди кабыл алуусу үчүн шарттар үй-бүлөдөн башталат жана үй-бүлө мүчөлөрү мамилелерди түзүүдө эмнелерди жетекчиликке алганына, үй-бүлө кандай моделди колдогонуна, ошол институтта кандай эрежелер жана баалуулуктар үстөмдүк кылаарына көз каранды болот.
2-таблицадан көрүнүп тургандай, жалпысынан жооп берген жарандардын көпчүлүгү – 62,2% үй-бүлөдө мамилелерди курууда ата-бабалардан калган каада-салттарды жана үрп-адаттарды жетекчиликке алышат. Эркектер арасында мындай жооптор аялдарга караганда 7 пайызга көп болду.
Адамдар канчалык улуу болсо, ошончолук алар үй-бүлөдө мамилелерди курууда ата-бабаларынан калган каада-салттарды жетекчиликке алышат. Алсак, 56 жаштан ашкан респонденттердин жаш курактык тобунда 73,5% ушундай жооп кайтарышкан. Ал эми 20 жашка чыга электердин тобунан 47,6% гана улуулардын бул пикирине кошулушат. Социалдык тармактардын күчү жөнүндө кеңири тараган пикир да өзүн актаган жок, аз гана жарандар – 5 пайызга жетпегени үй-бүлөдө мамилелерди куруу үчүн социалдык тармакты кеңештердин булагы катары таанышат.
3-диаграмма. “Келин” статусун шайлоонун контекстинде маанилүү деп эсептеген респонденттердин үлүшү
Ошентип, ата-бабадан калган салт-санаанын негизинде курулган кыргызстандыктардын көпчүлүк үй-бүлөлөрүндө аялдардын саясий карьерасы четке кагылбайт (тарыхый жактан алганда аялдар кыргыз мамлекетинин саясатында маанилүү ролду ойной алышкан), бирок ошол эле маалда жигердүү колдоого да алынбайт.
Шаардыктардын үй-бүлөлүк моделдери элеттиктерге караганда кыйла консервативдүү болушу мүмкүн экени байкалды. Мисалы, шаарларда үй-бүлөдө диний ченемдерди жетекчиликке алгандардын үлүшү жогору – мындай тандоону шаардагы ар бир үчүнчү респондент, ал эми айылда ар бир төртүнчү респондент жасайт. Шаарларда үй-бүлөдөгү мамилелердин моделин өз алдынча түзгөндөр 10 пайызга аз.
“КЕЛИН” СТАТУСУ АЯЛДАРДЫН САЯСИЙ УКУКТАРЫН КЕҢЕЙТҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮНӨ ТААСИРИН ТИЙГИЗҮҮДӨ
2021-жылдагы шайлоо өнөктүгү маалында “келин” статусундагы аялдарга ошол аймакта төрөлүп, өскөн аялдарга караганда саясий лидерлигин ишке ашыруу кыйыныраак экени тууралуу эмпирикалык байкоолор жасалган. Жалпысынан алганда, гипотеза тастыкталды: респонденттердин дээрлик 40% башка айылдан келген келинди эмес, биринчи кезекте өз жердешин колдоп, ага добуш берүүгө даяр. Ошол эле маалда башка суроолордон айырмаланып, ар кандай курактагы топтор берген жооптордун арасында олуттуу айырмачылыктар деле болгон жок.
Шайлоонун контекстинде “келин” статусуна карата чоң айырмачылыктар райондор боюнча аныкталган, айырмачылыктар 15 эселик көлөмгө чейин жетиши мүмкүн. Алсак, райондордун бириндеги респонденттердин 4% гана “келин” статусуна маани беришет, ал эми башка райондо мындай жооптордун саны 65 пайызга жетет (3-диаграмманы караңыз).
Макаланын уландысын “Муниципалитет” журналынын кийинки санынан окуй аласыз.
__________
1 Бул бөлүк аялдардын лидерлигине жана аялдардын башкарууга саясий катышуусун кеңейтүүгө арналган. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин буйрутмасы боюнча жүргүзүлгөн, жарандардын ЖӨБ органдарынын ишин жана жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү кабылдоосуна арналган изилдөөнүн экинчи бөлүгү бар.
Окшош материалы:
-
№2 (148) / 2024-02-13 Большевиктин “Карлыгачы”: айылдагы алгачкы бала бакча
-
№1 (147) / 2024-01-31 Жергиликтүү өнүгүүгө салым кошуп жаткан “Локомотив аял”
-
№5 (139) / 2023-06-22 Ишкер аялдар элеттин районун өнүктүрүүнүн фактору катары
-
№5 (139) / 2023-06-22 Аялдардын жамааттык аракеттери элет жергесиндеги социалдык жана экономикалык кырдаалды өзгөртүүдө
-
№3 (137) / 2023-04-27 Эркектер менен аялдар – жамааттын бирдиктүү күчү: эркектер менен аялдардын өз ара мамилесин кантип жакшыртып, аларга үй-бүлөлөрүн жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө кантип жардам берсе болот?
-
№10 (132) / 2022-10-16 Борбор азиялык гендердик контекст: өкмөттөргө жана жергиликтүү башкаруу органдарына сунуштар
-
№10 (132) / 2022-10-16 Аял депутат суу менен жабдуу маселесин кантип чечүүдө?
-
№8-9 / 2022-09-19 «Чай сүйлөшүү»: аялдардын муктаждыктары жана ийгилигине салым кошкон жеке көндүмдөрү жөнүндө баарлашуу