Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү өнүгүүгө салым кошуп жаткан “Локомотив аял”

2024-01-31 / Аялдардын ЖӨБгө катышуусу
Жергиликтүү өнүгүүгө салым кошуп жаткан “Локомотив аял”

Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин жана БАЖБАнын коммуникация боюнча консультанты

Жалал-Абад облусунун Тогуз- Торо районунун Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы Винара ЭПЭЭВА бир нече жылдан бери аялдардын экономикалык укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу багытында иштеп келатат. Винаранын практикасынын сүрөттөлүшүн Мыкты тажрыйбалар порталынан QR-кодду басып окуй аласыз.

Сары-Булуң айылдык аймагында жашаган аялдардын көбү негизинен үй тиричилиги менен алектенет. Аймакта 1617 аял жашайт (калктын жалпы саны 3065 адамды түзөт). Бирок сан жагынан алып караганда аялдар эркектерден көп болгонуна карабастан, алардын коомдук турмушка катышуу деңгээли өтө төмөн. Мындан тышкары, изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, аялдар зомбулуктун ар кандай түрлөрүнө кабылары белгилүү болду. “2021-жылга чейин биздин аймакта Аялдар кеңешинин төрайымы болуп иштегем, ал эми акыркы эки жылдан бери райондук Аялдар кеңешинин төрайымымын. Өз ишимдин алкагында ар кандай багыттар боюнча аялдардын арасында изилдөө жүргүзүүнү (сурамжылоо жолу менен) демилгеледим. Атап айтканда, аялдардын биздин муниципалитеттин коомдук турмушуна катышуусунун деңгээли жана эмне себептен катышпай жатканы, алар ишкердик менен алектенсе, мүмкүнчүлүктөрү жана бул жолдо туш болгон тоскоолдуктары, алар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу жана кеңейтүү жолдору жөнүндө сурадым. Изилдөө ишине мониторинг жана баалоо тобунун мүчөлөрү катышты, анын курамына мектептердин социалдык педагогдору, айыл өкмөтүнүн соцкызматкери, Аялдар кеңешинин мүчөлөрү жана биздин кеңештин аял депутаттары кирди. Сурамжылоого катышкан аялдардын басымдуу бөлүгү өндүргөн продукциясын сатууда чоң кыйынчылыктарга туш болушаарын белгилешти. Биз бул маселени чечүү жолдорун биргелешип издедик. Дал ошондо биз аялдардын 57% экономикалык, 20% социалдык жана 15% үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болорун аныктадык”, – деди Винара ЭПЭЭВА.

Аялдар ЖӨБ органдарынын жергиликтүү бюджетти аткарып жатканы жөнүндө маалыматтарга дээрлик кызыкчу эмес, алардын коомдук иш-чараларга катышуу деңгээли өтө төмөн болчу. Өз колу менен жасаган продукцияны сатууга шарт болбогондуктан, аялдардын көбү үй- бүлөсүн жана балдарын таштап, 2-3 айга Бишкекке же райондун борборуна кетүүгө аргасыз болушчу. Натыйжада, аларда коомдук иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес, айылдын жашоосуна тиешелүү актуалдуу маселелерден кабардар эмес эле. Буга кошумча социалдык- экономикалык мүмкүнчүлүктөрдөн ажыраган аялдар үй-бүлөлүк зомбулукка кабылышкан.

Кырдаалды терең изилдеп, анын себептерин аныктоо максатында жергиликтүү жамааттагы бардык жигердүү аялдардын катышуусу менен комплекстүү иштер жүргүзүлдү. Айыл өкмөтүнүн токтому менен Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБТ) түзүлгөн, анын курамына айыл өкмөтүнүн соцкызматкерлери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү депутаттар кирген. Жалпынын күч-аракети менен жергиликтүү билим берүү жана мектепке чейинки мекемелердин жана ФАПтын катышуусу менен биргелешкен иш планы түзүлдү. Ал эми башкы маселе – үй-бүлөлүк зомбулук Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга Социалдык- экономикалык өнүктүрүү планына киргизилди.

“Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында жергиликтүү бюджеттен 70 000 (жетимиш миң) сом бөлүнүп, анын эсебинен биз төмөнкү темаларда семинарлар жана тренингдер форматында бир катар иш-чараларды өткөрдүк. Алар: “Зомбулук деген эмне?”, “Мен үй-бүлөм менен бактылуумун”, “Китеп – жашоонун күзгүсү”, “Аял – коомдун күчү”, “Биздин укугубуз бар”. Биз ошондой эле спорттун эненин жана баланын ден соолугу үчүн мааниси темасында аялдар арасында спорттук мелдеш өткөрдүк”, – деп сөзүн улантты депутат.

Активисттер Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги уюштурган мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу боюнча долбоорлордун конкурсуна катышууну чечишкен. Жыйынтыгында алардын “Эл ичи – өнөр кенчи” долбоору жеңүүчү деп табылып, 480 000 сом өлчөмүндөгү гранттык каражат утуп алышты. Бул акчага алар аймакта жашаган 60 аялга окууларды өткөрүштү.

Аялдар кеңешинин суроо-талабы боюнча БУУ- нун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы айылдагы аялдар үчүн колдо болгон материалдардан сувенирлерди даярдоо боюнча курстарды уюштуруп, муну менен аталган аймакта туризмди өнүктүрүүгө салым кошту. Билим алган, аярлуу үй- бүлөдө жашаган 40 аялга жардам иретинде 3 кап ун жана 15 литр өсүмдүк майы таратылып берилди. Ал эми окуудан өткөн алты аялдын эмгектери Энелер күнүнө арналган райондук конкурска катышты. Акыры экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү колдоо жана кеңейтүү максатында облустук деңгээлде Туристтик форум уюштурулду. Форумдун алкагында кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө өткөрүлүп, кол өнөрчү эки аял катышты.

“Натыйжасы кандай болду? Биздин күч- аракетибиздин жыйынтыгында жергиликтүү бюджетке жеңилдетилген салыктык түшүүлөрдүн көлөмү көбөйдү. Биздин аялдарыбыздын арасында кол өнөрчүлүктү жана туризмди өнүктүрүү боюнча иштер кызый баштаганы бизди өзгөчө кубандырып жатат – ар кандай конкурстарды, жарманкелерди өткөрүү үчүн шарттар түзүлдү, аялдар өз колдору менен жасаган буюмдарын ушул жерлерде сата алышат. Чакан тигүү цехтери бар, анда 25 аял жумуш менен камсыз болгон, алардын ар бири ай сайын 15 000-20 000 сом өлчөмүндө акы алып турушат. Элет жери үчүн бул кыйла жакшы эле көмөк”.

Кара-Суу жана Табылгыты айылдарынын аялдары айылдын коомдук жашоосуна жигердүү тартылып жатышат, алардын спортко, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана киреше булактарына болгон кызыгуусу артууда. Аялдарды сергек жашоого үндөө максатында айылдын башкы көчөлөрүндө аллеялар жана скверлер уюштурулган. Аймактын бардык активисттерин аракетке түрткөн зомбулуктун баштапкы көрсөткүчтөрү төмөндөдү: экономикалык зомбулук 40%, социалдык зомбулук 10%, үй- бүлөлүк зомбулук 7 пайызды түзүп калды. Аялдарды муниципалитеттин коомдук турмушуна тартуу көрсөткүчтөрү 55-60 пайызга жетти. Спортко өзгөчө кызыккан кыз-келиндер үчүн райондук деңгээлде волейбол жана футбол боюнча мелдештер уюштурулду. Спорт оюндарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо үчүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатка 25 000-30 000 сом өлчөмүндө байге фонду түзүлдү.

Ошондой эле жергиликтүү кеңеште аялдардын өкүлчүлүгүнүн деңгээлинин жогорулашы менен аялдардын жалпысынан эле коомдогу абалы оңолгонун аялдар өздөрү да моюнга алышууда – алар ар кандай коомдук долбоорлорго барган сайын жигердүү тартылып, фокус-топторго, семинарларга жана тренингдерге катышып, муну менен өздөрүнүн дараметин, кесиптик билимин жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга багытталган көндүмдөрүн жогорулатып жатышат. Аялдардын сунушу боюнча аллея ачылып, тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу маселеси чечилгенден кийин алар коомдук иштерге катышуусу эмне үчүн маанилүү болгонуна көзү жетти.

“Биз айылдын борборуна анча жакын эмес жерде жашайбыз, ошондуктан айылдык аймакта болуп жаткан иштер тууралуу маалыматтардын көбү бизге жете бербейт. Мал багабыз. Адатта биздин аялдар койду кырккандан кийин чогулган жүн менен эмне кылыш керектигин билишпейт. Винара ЭПЭЭВАдай биздин “кыймылдаткыч күчүбүздүн” жардамы менен жүндү кайра иштеткенди жана андан ар кандай сувенирлерди жасаганды үйрөндүк: кийиз панносун жана жаныбарларды, үйгө кийип жүргөнгө бут кийим жасайбыз, курак техникасынын айрым сырларын үйрөндүк: кездемелерден жана көп жылдар бою үйдө керексиз жаткан буюмдардын кесимдеринен жаңы буюмдарды тигип жатабыз. Мунун баары, албетте, үй-бүлөлүк бюджетти толуктоонун дагы бир мүмкүнчүлүгү болуп бермекчи”, – деди айыл тургуну Жакшыбү СЕМЕЕВА.

Окуунун жардамы менен эми үй-бүлөлүк бюджетти кошумча киреше менен толуктап жатканын Майрам АБДЫЖАПАРОВА да айтты: “Мен кыйла дурус тигем. Бирок бул өнөрүмдү кантип киреше алып келген бизнеске айландырарымды билбей жүргөн болчумун. Семинарларда жана тренингдерде жаңы билим алгандан кийин мен 100 000 сомдук социалдык келишимди түзүп, үйдө

тигүү бизнесин ачып, учурда 5 аялды иш менен камсыз кылып жатам. Ушул тапта “Шырдак” аттуу кийиз буюмдарынын облустук кароо- сынагына катышууга даярданып жаткан кезим”.

Винара ЭПЭЭВА жергиликтүү маселелердин арасынан үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо сыяктуу багытты тандап, ар кандай себептерден улам кыйынчылыктарга туш болгонун моюнга алат. Мисалы, эң башында маалымдуулуктун аздыгынан улам аялдарды тартуу оңой болгон эмес; жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражат тартыш болгондуктан, алар чакан изилдөөнү өз алдынча жүргүзүүгө аргасыз болушкан.

“Ооба, биз бул иштин баарын жасап, конкреттүү жетишкендиктерди көрүп жатабыз, бирок муну менен гана чектелип калгыбыз келген жок. Биз чогуу иштешкенди, бири-бирибизди угуп, акылдашып иш жасаганды үйрөндүк. Ушул жолду басып өткөндөн кийин бизде аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана бекемдөөгө бардык шарттар бар экендигине бекем ишеним пайда болду”, деди Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы жана Тогуз-Торо районунун Аялдар кеңешинин төрайымы Винара ЭПЭЭВА.

 

Окшош материалы: