Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жашоо шартты жакшыртып, өнүктүрүү үчүн каражаттарды тартуу

2022-02-14 / Жашоо шартты жакшыртып, өнүктүрүү үчүн каражаттарды тартуу

ЖӨБ органдарынын жарандардын муктаждыктарына жооп кайтаруу жөндөмдүүлүгү көбөйдү

Долбоордун гранттык программасынын таасири менен ЖӨБ органдары инвестицияларды тартуу жана башкаруу көндүмдөрүн жакшырта алышты; 129 жергиликтүү көйгөй чечилип, 530 миң адамдын жашоо шарты оңолуп, 129 жумушчу орун түзүлдү. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору биргелешкен иш-аракеттер пландарын киргизүү жолу менен ЖӨБдүн ишинин даректүүлүгүн олуттуу күчөтүүгө жардам берди, себеби мындай пландардын жардамы менен ЖӨБ органдары иш-чараларды конкреттүү топторго, көчөлөргө ж.б. жүйөлүү негизде байлай башташты. Жарандардын жана ЖӨБдүн биргелешкен күч-аракети менен бул пландар аркылуу жыл сайын жергиликтүү жамааттын 100-150 курч көйгөйү чечилип келди. Пландар ошондой эле ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин пландоо жөндөмдүүлүгүн жакшырта алды. Чоң-Алай АӨнүн башчысы Тайырбек ЖАЙЧИБЕКОВ буларды белгиледи: “Биргелешкен иш-аракеттер планы ЖӨБ органдарына жергиликтүү бюджетти башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берди, биргелешип пландаштыруу практикасына чейин планга кирбеген, бирок өтө чукул тапшырмаларды аткарууга каражат кетип калчу, азыр андай эмес. План орто мөөнөттүү пландаштырууга көмөктөшөт, ал эми эл менен чогуу артыкчылыктуу маселелерди тандап алуунун натыйжасында алдыдагы бир нече жылга маселелерди бөлүштүрүп алса болот. Кызматкерлер өздөрүнүн түпкү максаттарын көрүп тургандыктан, айыл өкмөттүн ичиндеги иштер да иретке келтирилди”. Жамаатты биргелешип пландаштырууга катыштыруу ЖӨБ органдарынын инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгүн олуттуу күчөттү, мисалы, 2018-жылы Чүй облусунда ЖӨБ органдарынын жана жамааттын биргелешкен күч-аракети менен 129 миллион сом же башка булактардан биргелешкен планды каржылоо үчүн зарыл болгон каражаттардын 74% тартылып келген. ЖӨБ органдарынын жарандардын муктаждыктарына жооп берүү жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашы алардын жашоо сапатына канааттануу деңгээлин да көтөрдү. Айталы, 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан улам түзүлгөн кырдаалдан кийин берилген баа төмөндөгөнүнө карабастан, жалпысынан өз шаарынын же айылынын жашоосунда оң өзгөрүүлөрдү көргөн адамдардын саны дээрлик эки эсе көбөйгөн.

2-диаграмма. Жарандардын өткөн жылга салыштырмалуу аймактагы же шаардагы жашоонун жалпы деңгээлине берген баасынын динамикасы, 2012-2021-ж.ж.

Жарандар ЖӨБ органдары бир кыйла ачык болуп калганын, максаттуу ЖӨБдө коррупция азайганын айтышат

Натыйжада, 2012-жылдан бери ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун максаттуу муниципалитеттеринде ЖӨБ органдарында коррупция жок деп эсептеген жарандардын үлүшү 14 пайызга өстү (ошол эле учурда ушундай эле динамика өнөктөш ЖӨБ органдарында да байкалган, бирок 2020-жылдан кийин өнөктөш ЖӨБ органдарындагы коррупцияга карата пикир начарлап кеткен).

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун колдоосу менен ЖӨБ органдарынын ишинин айкындуулугу бюджеттик маалыматты ачыкка чыгарууда гана эмес, жалпы ишке карата дагы жогорулады. Айталы, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун максаттуу ЖӨБ органдарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишмердүүлүгүндө ачык деп эсептеген жарандардын үлүшү дээрлик үч эсе өстү.

3-диаграмма. ЖӨБ органдары өз ишинде толугу менен ачык деп эсептеген жарандардын үлүшүндөгү динамика, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун максаттуу жана өнөктөш ЖӨБ органдарынын алкагынан алып караганда, 2012-2021-ж.ж.

4-диаграмма. ЖӨБ органдарында коррупция жок деп эсептеген жарандардын үлүшүндөгү динамика, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун максаттуу жана өнөктөш ЖӨБ органдарынын алкагынан алып караганда, 2012-2021-ж.ж.